Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгыз калышса да, кароосуз калбагандар

Жалгыз калышса да, кароосуз калбагандар

Жалгыз калышса да, кароосуз калбагандар

ЭЛЧИ Пабыл ишенимдештерин: «Бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы»,— деп чакырган (Гал. 6:10). Кудайдын руху менен жазылган бул чакырыкка биз да баш иебиз жана ишенимдештерибизге жакшылык кылуунун жолдорун табууга умтулабыз. Ар бир жыйналышта сүйүүгө жана көңүл бурууга муктаж да, татыктуу да биртуугандарыбыз бар. Алардын кээси — карылар үйүндө жашаган улгайган биртуугандар.

Айрым өлкөлөрдө, адатта, карыган ата-эне бала-бакырасынын колунда болот. Бирок кээ бир өлкөлөрдө атайы кароого муктаж болгондуктан, карылар үйүндө жашаган кары адамдар көп. Ошондой рухий биртуугандарыбыз тууралуу эмне дешке болот? Алар кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Жакындары тарабынан такыр кароосуз калгандарга кантип жардам бере алабыз? Жыйналыштагылар андай карыларга кандай жардам көрсөтө алышат? Аларга барып туруудан өзүбүз кандай пайда алабыз?

Карылар үйүндөгү кыйынчылыктар

Башка жыйналыштын аймагында жайгашкан карылар үйүнө көчүп барган биртуугандар ал жактагы биртуугандарды көп тааныбашы ыктымал. Ошол себептүү ал жыйналыштагы биртуугандар да аларга көп барбашы мүмкүн. Андан тышкары, карылар үйүндө дини ар башка адамдар жашагандыктан, алар кээде оңтойсуз жагдайларга туш болушат.

Маселен, кээ бир өлкөлөрдөгү карылар үйүндө ар кандай диний каадалар өткөрүлүп турат. Бир медайым мындай дейт: «Сүйлөө жөндөмү начар Күбөлөрдүн кээсин майыптар коляскасына отургузуп, макулдугун сурабай туруп эле чиркөөнүн каадалары өткөрүлгөн жерге алып барып коюшат». Ошондой эле карылардын көңүлүн ачуу максатында туулган күн жана башка ушу сыяктуу майрамдар өткөрүлүп турат. Күбөлөргө ал жерде жегенге абийири жол бербеген тамактар берилиши мүмкүн (Элч. 15:29). Ошондуктан карылар үйүндөгү улгайган биртуугандарыбызга барып туруу менен аларга ошол өңдүү кыйынчылыктарга туруштук берүүгө көмөктөшө алабыз.

Жыйналыштын жардамы

Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары каралаша турган бирөө-жарымы жок карыларга кам көрүүгө жооптуу карашкан (1 Тим. 5:9, 10). Ошол сыңары, бүгүн да жыйналыштагы көзөмөлчүлөр алардын аймагында жайгашкан карылар үйүндөгү биртуугандар кароосуз калбашы үчүн көз салып турушат *. Роберт аттуу аксакал мындай дейт: «Аксакалдар карыларга өздөрү барып, жашоо-шартын байкап, алар менен чогуу тиленип турса, жакшы болор эле. Жыйналыштагылар да карыларга кам көрүүдө көптү кыла алышат». Карыларга баруу үчүн атайы убакыт бөлсөк, муктаж болгондорго жардам берүүгө Жахабанын канчалык олуттуу караарын түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз (Жкп. 1:27).

Зарыл болгондо, аксакалдар жыйналышынын аймагына караштуу карылар үйүндө жашаган биртуугандарга иш жүзүндө жардам берүүгө чара көрүшөт. Ал тууралуу Роберт мындай дейт: «Биз кары биртуугандарыбызды, эгер алар жыйналышка келе алса, жыйналышка келүүгө үндөшүбүз керек». Ал эми Падышалык залына келе албагандар үчүн аксакалдар башкача чара көрө алат. Жашы 80ден ашып калган Жаклин аттуу биртууганыбыз остеоартрит менен ооругандыктан жыйналыштын программасын телефон аркылуу угат. «Мен үчүн рухий ойлорду жыйналыш болуп жаткан учурда угуудан өтөрү жок,— дейт Жаклин.— Ошон үчүн жыйналышты эч бир нерсеге алмаштыргым келбейт».

Ал эми кары биртуугандардын жыйналыштын программасын телефон аркылуу угууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, аксакалдар аны кассетага жаздырып берүүгө кам көрө алат. Кассетаны жеткирген биртууган да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, карылар үйүндөгү ишенимдешин кубаттандырып, пикирлешсе болот. «Жыйналыштагы биртуугандар жөнүндө кабардар болуу улгайган биртуугандарга рухий үйбүлөнүн мүчөсүмүн деген сезимин жоготпоого жардам берет»,— дейт бир көзөмөлчү.

Байланышыңарды үзбөгүлө

Кары-картаңдардын карылар үйүнө көчүп барганда алгач жаңы шарттарга көнө албай, кыйналышары айтпаса да түшүнүктүү. Натыйжада айрымдар чүнчүп кетиши мүмкүн. Бирок аларга карылар үйүндө жашай баштагандан тартып эле барып, тынымсыз колдоо көрсөтүп турсак, көңүлүн көтөрүп, кайрадан жандүйнө бейкуттугуна ээ болууга жардам беребиз (Накыл 17:22).

Жашы өр тарткан биртуугандардын ой жүгүртүүсү, угуу жөндөмү начарлагандыктан же башка бир себептерден улам алар менен пикир алышуу кыйын болсо, айрым биртуугандар аларга баруудан пайда жок деген тыянакка келиши ыктымал. Бирок, ошол кыйынчылыктарга карабай, аларга барып туруу менен аларды «озунуп урматтап» жатканыбызды далилдейбиз (Рим. 12:10). Эгер кайсы бир кары биртуугандын эстутумунун кыска мезгилге эстөө жөндөмү — жакын арада болуп өткөн окуяларды эсине тутуп калуу жөндөмү — жабыркай баштаса, мурда болуп өткөндөрүн, балким, бала кезиндегилерин, же болбосо чындыкты кантип тааныганын айтып берүүнү сурансак болот. Ал эми биртууганыбыз айтайын деген оюн таппай калып жатсачы? Андайда чыдамдуулук менен угуп, мүмкүн болсо, анын оюн бир-эки сөз менен улап кой, же болбосо айткандарын кыскача жыйынтыктап, сөзүн уланта берүүгө чакыр. А эгер анын айткандарын такыр түшүнө албасаң, анда анын үнүнүн тонун тыңшап, эмне дегиси келип жатканын түшүнүүгө аракет кыл.

Сүйлөшүү жолу менен пикир алмашуу мүмкүн болбосо, башка жолдорду колдонууга болот. Лоренс аттуу пионер сүйлөй албай калган 80 жаштагы Маделина деген биртууганга дайыма барып турат. Экөөнүн кандайча пикир алмашарын айтып, Лоренс: «Тиленерде Маделинанын колун кармайм. Ал да колумду акырын кысып, көзүн жумуп, ушундай сонун учурлар үчүн ыраазычылыгын билдирет»,— дейт. Кары биртуугандарыбыздын колунан кармоо менен же назик кучактоо менен аларды баалаарыбызды көрсөтөбүз.

Аларга барып туруу маанилүү

Карыларга ар дайым барып туруунун аркасында аларды карап-баккандардын мамилесин жакшыртууга болот. Карылар үйлөрүндөгү ишенимдештерине жыйырма жылдан бери барып жүргөн Даниел: «Карылар үйүнүн кызматкерлери кимдир бирөөнө жакындары же тааныштары бат-баттан келип турганын байкашса, алар да ага жакшы кам көрө башташат»,— деп байкаганын айтат. Жогоруда айтылган Роберт дагы: «Карылар үйүндө иштегендер ошол жакта жашаган кимдир бирөөнө дайыма келип жүргөндөрдү жакшы угушат. Ал эми анда-санда келгендерге көп деле сылык мамиле кыла беришпейт»,— дейт. Ал жакта иштеген медайымдарга кары-картаңдардын туугандары тарабынан көбүнчө нааразылык айтылат. Ошон үчүн биз ыраазычылык билдирсек, алардын көңүлү көтөрүлөрү шексиз. Андан тышкары, медайымдар менен жакшы мамиледе болсок, алар да ал жактагы биртуугандарыбыздын көзкарашын, ишенимин сыйлашат.

Карылар үйүнүн кызматкерлерине майда-барат иштерди жасап берүүнү сунуштоо менен да, алар менен жакшы мамиледе боло алабыз. Айрым жерлерде адистердин жетишсиздигинен улам көп карылар жакшы каралбай калышат. Ребекка аттуу медайым: «Баарынан да, тамактануу маалы оор. Ошол убакта жакындары келип жардам берсе, жакшы болор эле»,— дейт. Андыктан карылар үйүндө иштегендерге жардамыбызды сунуш кылуудан тартынбашыбыз керек.

Карылар үйүндөгү биртуугандарды калтырбай, барып туруунун аркасында алардын эмнеге муктаж болуп жатканын билүүгө болот. Ошондой эле, ал жакта иштегендер каршы болбосо, алардын кем-карчын толуктай алабыз. Мисалы, ал жерде жашаган биртуугандын бөлмөсүнө жакындарынын сүрөттөрүн же балдар тарткан сүрөттөрдү тагып берүүгө болоттур. Балким, жылуу кийим же дагы башка ага керектүү майда-чүйдө нерселерди алып барып береттирбиз. Ал эми сейилбак бар болсо, чогуу таза абага чыгып келүүгө эмне үчүн болбосун? Жогоруда сөз кылынган Лоренс мындай деп бөлүшөт: «Маделина жума сайын менин келеримди күтөт. Балдарды ээрчите келгенимде, жан-алы калбай кубанат». Ооба, ушул сыяктуу иш-аракеттер карылар үйүндө жашагандардын жашоосун кыйла жагымдуу кылары шексиз (Накыл 3:27).

Аларга да, бизге да пайда

Улгайган ишенимдештерибизге үзгүлтүксүз баруу менен сүйүүбүз сыналат (2 Кор. 8:8). Кандайча? Кары биртууганыбыздын карылыкка моюн сунуп, алдан тайып баратканын көрүү оңой эместир. Лоренс мындай дейт: «Башында Маделинага барып, анын бейкаруулугун көргөн сайын жүрөгүм ооруп ыйлап жүрдүм. Бирок Жахабага жалындуу тиленүү тынчсызданууларды жеңип, кайраттуу болууга жардам берерине ынандым». Паркинсон оорусунан (калтырама шалдан) жапа чеккен Ларри деген ишенимдешине көп жылдан бери барып жүргөн Роберт: «Оорусунун айынан Ларринин эмне деп жатканын түшүнүү кыйын. Бирок чогуу тиленгенибизде анын ишениминин дагы деле бекем экени байкалат»,— дейт.

Карыларга көңүл буруу аларга эле эмес, бизге да пайда алып келет. Алардын ар башка динди туткан адамдардын арасында жашаганына карабай, Жахаба менен тыгыз мамилесин сактап жатканын көрүп, биз ишенимибизди бекемдеп, эржүрөк болууга үйрөнө алабыз. Угуу жана көрүү жөндөмү начарласа да, алардын рухий тамакты жогору баалаганы: «Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин тастыктайт (Мт. 4:4). Алардын балдардын күлкүсүнөн же чогуу тамактануудан кубаныч тапканы жөнөкөй эле нерселерди баалай билүүгө үйрөтөт. Ошондой эле рухий нерселерге болгон сүйүүсү бизге жашообузда биринчи орунда эмне турушу керектигин унутпоого жардам берет.

Чынында эле, кары ишенимдештерибизге колдоо көрсөтүү бүтүндөй жыйналышка жакшы таасир этет. Кандайча? Маселен, бейкаруу биртуугандар биртуугандык сүйүүнүн көрсөтүлүшүнө муктаж. Ошол себептүү жыйналыштагылар үчүн боорукердик сапатын өрчүтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан бардыгыбыз кары-картаңдарга кам көрүүнү, ал канчага созулбасын, биртуугандарга кылган кызматыбыздын бир бөлүгү катары кароого тийишпиз (1 Пет. 4:10, 11). Аксакалдар бул жагынан үлгү көрсөтүү менен жыйналыштагы биртуугандарга карыларга кам көрүү маанилүү экенин түшүнүүгө жардам беришет (Жез. 34:15, 16). Даярдуулук жана сүйүү менен жөлөк-таяк болсок, жалгыз калган кары биртуугандарыбызды кароосуз калбаганына ишендиребиз!

[Шилтеме]

^ 8-абз. Жыйналыштын катчысы кайсы бир биртуугандын башка жыйналыштын аймагында жайгашкан карылар үйүнө көчүп барганын билери менен ал тууралуу ошол жыйналыштын аксакалына создуктурбай дароо билдирсе, сүйүү көрсөтүп, жардам кылган болот.

[28-беттеги сүрөт]

«Карылар үйүнүн кызматкерлери кимдир бирөөнө жакындары же тааныштары бат-баттан келип турганын байкашса, алар да ага жакшы кам көрө башташат»

[26-беттеги сүрөт]

Жалындуу тиленүү карыларга жандүйнө бейкуттугуна ээ болууга жардам берет

[26-беттеги сүрөт]

Сүйүүбүздү билдирүү карыларды кайраттандырат