Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашообуздун бардык тармагында Кудайдын жетекчилигин издейли

Жашообуздун бардык тармагында Кудайдын жетекчилигин издейли

Жашообуздун бардык тармагында Кудайдын жетекчилигин издейли

«Бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот» (ЗАБ. 47:15).

1, 2. Эмне үчүн өз акылыбызга эмес, Жахабанын жетекчилигине таянышыбыз керек жана бул макалада кандай суроолорго жооп алабыз?

АДАМ баласы пайдасыз же зыяндуу нерселерге оңой тартылат (Накыл 12:11). Маселен, Кудайдын талабына ылайык келбеген кайсы бир ишти жасоону чындап эле каалап жатсак, аны жасоого жүрөгүбүздө ар кыл шылтоолорду таба беришибиз мүмкүн (Жер. 17:5, 9). Ошондуктан Дөөт Жахабага: «Өз жарыгың менен чындыгыңды жибер. Алар мени жетектесин»,— деп тиленип акылдуулук көрсөткөн (Заб. 42:3). Ал өзүнүн чектелүү акылына эмес, Жахабага таянган. Дөөт Жахабанын жетекчилигинен өтөр жетекчилик жок экенин билген. Ага окшоп, биз да Кудайдын жетекчилигин издегенибиз абзел.

2 Эмне үчүн биз баарынан мурун Жахабанын жетекчилигине таянышыбыз зарыл? Кайсы учурларда анын жетекчилигин издөө кажет? Кудайдын кеңешине кармануу үчүн эмне талап кылынат? Жахаба азыркы учурда бизди кандайча жетектейт? Бул макалада ушул маанилүү суроолор талкууланат.

Жахабанын жетекчилигине эмне үчүн таяна алабыз?

3—5. Жахабанын жетекчилигине толук таянууга кандай негиздер бар?

3 Жахаба — биздин асмандагы Атабыз (1 Кор. 8:6). Ал ар бирибиз тууралуу баарын билет жана жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сырларыбыз да ага маалым (1 Шем. 16:7; Накыл 21:2). Дөөт падыша Кудайга: «Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң... Мен айта электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң»,— деген (Заб. 138:2, 4). Ооба, Жахаба бизди беш колдой билет. Анда анын бизге эмне пайда алып келерин жакшы билерине шек саноого негиз барбы? Анын үстүнө, Жахабанын акылмандыгы чексиз. Ал баарын көрө билет, эч бир адам көрө албаган нерсени да көрөт. Ага кайсы бир окуянын аягы эмне болуп бүтөрү башынан эле белгилүү (Ыш. 46:9—11; Рим. 11:33). Ал — «жалгыз акылман Кудай» (Рим. 14:26).

4 Анын үстүнө, Жахаба бизди жакшы көрөт жана ар дайым биздин пайдабызды көздөйт (Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:8). Сүйүүнүн Кудайы болгондуктан, ал бизден эч нерсесин аябайт. Шакирт Жакып: «Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет»,— деп жазган (Жкп. 1:17). Жахабанын канчалык март Кудай экенин анын жетекчилигине баш ийгендер өз тажрыйбасынан улам көрө алышат.

5 Ошондой эле Жахабанын кудурети чексиз. Бул тууралуу забурчу: «Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашаган, кудуреттүү Кудайды далдаа кылган адам Теңирге: „Мен таянган Кудай менин баш калкалар жайым, менин чебим!“ — дейт»,— деп жазган (Заб. 90:1, 2). Жахабанын жетекчилигине кармансак, ишеничтүү Кудайдан далдаа издеген болобуз. Каршылыктарга дуушар болгон күнү да ал бизге калканч болот. Ал эч качан өкүттө калтырбайт (Заб. 70:4, 5; оку: Накыл сөздөр 3:19—26). Ооба, Жахаба бизге эмне пайда алып келерин жакшы билет жана эң жакшысын каалайт. Ошол эң жакшысы менен камсыз кылууга да кудурети жетет. Андыктан анын жетекчилигине баш ийбей коюу кандай гана акылсыздык болор эле! Биз кайсы учурларда анын жетекчилигине муктажбыз?

Кайсы учурларда жетекчиликке муктажбыз?

6, 7. Кайсы учурларда Жахабанын жетекчилигине муктажбыз?

6 Чынында эле, биз бүт өмүрүбүз өткөнчө, жаш кезибизден карыганга чейин, Кудайдын жетекчилигине муктажбыз. Забурчу: «Бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот»,— деп жазган (Заб. 47:15). Забурчуга окшоп, Ыйсанын акылдуу жолдоочусу Кудайдан жетекчилик издөөнү эч качан токтотпойт.

7 Албетте, кээде жардамга өзгөчө муктаж болгон учурлар болот. Мисалы, куугунтукка туш болгондо, катуу оорууга чалдыкканда же күтүлбөгөн жерден жумушсуз калганда «кайгыга малынышыбыз» мүмкүн (Заб. 68:17, 18). Ошол учурларда Жахабага кайрылуу жубатуу берет. Анткени анын кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч берерине жана туура чечим чыгарууга көмөк кыларына шектенбейбиз (Оку: Забур 101:18). Бирок биз анын жардамына башка учурларда да муктажбыз. Мисалы, кошуналарга кабар айтууну чечсек, аларга жакшы күбөлөндүрүү берүү үчүн бизге Жахабанын жетекчилиги керек болот. Бардык жактардан: эс алуу, кийим-кече, дос тандоо, жумуш, билим алуу же дагы башка нерселерге байланыштуу чечим чыгарууга туура келсе, Жахабанын жетекчилигине баш ийүү менен гана акылдуу иш кыла алабыз. Чындыгында, биз жашообуздун бардык тармактарында жетекчиликке муктажбыз.

Кудайдын жетекчилигин издебөөнүн кесепети

8. Обонун тыюу салынган жемиштен жегендиги эмнени көрсөткөн?

8 Жахабанын жетекчилигине баш ийүүнү өзүбүз каалабасак, ал бизди мажбурлабайт. Демек, жетекчиликти издөөгө өзүбүз да умтулушубуз керек. Жахабанын жетекчилигине карманбоону биринчилерден болуп Обо чечкен. Бирок, аны менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, андай чечимдин аягы жаман болуп бүтөт. Обонун ал чечими чын-чынында эмнени көрсөткөн? Ал тыюу салынган жемиштен жеп, «жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болгусу» келгенин көрсөткөн (Башт. 3:5). Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылуунун ордуна ал эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечип, өзүн Кудай ордуна койгон. Өзүн өзү билгиси келгендиктен, ал Жахабанын башкаруусун четке каккан. Күйөөсү Адам да ошол эле жолду тандаган (Рим. 5:12).

9. Жахабанын жетекчилигин четке кагуу эмне кылганга тете жана ал эмне үчүн жеткен акылсыздык?

9 Эгер Жахабанын жетекчилигине баш ийбесек, биз да анын бийлигин четке каккан болобуз. Маселен, порнография көрүп жүргөн бирөөнү элестетели. Эгер ал жыйналыштын мүчөсү болсо, анда буга карата Жахаба кандай көрсөтмө берерин билет. Ыйык Китепке ылайык, уятсыз нерселерди көрүү мындай турсун, алар жөнүндө сөз кылуу да адепсиздикке жатат (Эф. 5:3). Жахабанын көрсөтмөлөрүн четке кагуу анын башчылыгын четке какканга барабар (1 Кор. 11:3). Бул — жеткен акылсыздык, анткени Жеремия айткандай, «өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес» (Жер. 10:23).

10. Өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин колдонууга эмне үчүн жоопкерчиликтүү карашыбыз керек?

10 Айрымдар Жахаба бизге өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген, ошондуктан аны колдонгонубуз үчүн бизди айыптабайт деген ойдо Жеремиянын сөздөрүнүн тууралыгына шек санашы мүмкүн. Бирок өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги белек эле эмес, жоопкерчиликти да артарын унутпашыбыз керек. Биз сүйлөгөн сөздөрүбүз, кылган иштерибиз үчүн жооптубуз (Рим. 14:10). Ыйса: «Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат»,— деген. Ошондой эле: «Жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот»,— деп айткан (Мт. 12:34; 15:19). Демек, жүрөгүбүз кандай болсо, сүйлөгөн сөздөрүбүз да, кылган иштерибиз да ошондой болот. Ушулардан улам биздин чынында ким экенибиз билинет. Ошондуктан Ыйсанын акылдуу жолдоочусу бардык нерсеге карата Кудайдын жетекчилигин издейт. Андай адамды Жахаба «жүрөгү таза» адам деп эсептеп, ага «жакшылык кылат» (Заб. 124:4).

11. Ысрайылдын тарыхынан кандай сабак алабыз?

11 Ысрайыл элинин тарыхына токтололу. Алар тил алып, туура чечим чыгарганда, Жахаба коргогон (Жаш. 24:15, 21, 31). Бирок көп учурда алар чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонушкан. Жеремиянын убагында Жахаба ысрайылдыктар жөнүндө: «Алар укпай коюшту, кулактарын төшөбөй коюшту, өздөрүнүн түшүнүгү боюнча, бузулган жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашты. Менден жүздөрүн буруп, артын салышты»,— деген (Жер. 7:24—26). Кандай өкүнүчтүү! Биз да, аларга окшоп, тоң моюндугубуздун же өзүмчүлдүгүбүздүн айынан Жахабанын жетекчилигин четке кагып, өз акылыбызга таянып калбайлы. Кудайдан жүзүбүздү буруп, ага артыбызды салбайлы!

Кудайдын кеңешине кармануу үчүн эмне талап кылынат?

12, 13. а) Жахабанын жетекчилигине баш ийүүгө эмне түрткү берет? б) Эмне үчүн ишеним абдан маанилүү?

12 Жахабага болгон сүйүүбүздөн улам анын жетекчилигине баш ийүүнү каалайбыз (1 Жкн. 5:3). Бирок Пабыл биз үчүн зарыл болгон дагы бир нерсеге көңүл бурган. Ал: «Биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз»,— деген (2 Кор. 5:6, 7). Эмне үчүн ишеним маанилүү? Жахаба бизди «чындык жолунда» алып жүрөт, бирок ал жолдо жүрүү бул дүйнөдөгү көрүнүктүү абалга же байлыкка жеткирбээрин билебиз (Заб. 22:3). Ошондуктан Жахабага кызмат кылуудан келген баа жеткис рухий баталарга ээ болорубузга бекем ишеним артышыбыз керек (Оку: 2 Корунттуктарга 4:17, 18). Ошондой эле ишенимге ээ болсок, колубузда болгонуна ыраазы болуп жашайбыз (1 Тим. 6:8).

13 Ыйса чыныгы сыйынууну жактагандардан жанаябастык руху талап кылынарын айткан. Ал эми ишеним болмоюн, ал рухту көрсөтүү кыйын (Лк. 9:23, 24). Жахабанын ишенимдүү айрым кызматчылары чоң курмандыктарга барып, жакырчылыкты, адилетсиз мамилени баштан кечирип, кысым көрүшкөн, атүгүл, катуу куугунтукка дуушар болушкан (2 Кор. 11:23—27; Аян 3:8—10). Ишеними бекем болгондуктан гана алар андай кыйынчылыктарды кубаныч менен көтөрүшкөн (Жкп. 1:2, 3). Ооба, бекем ишеним Жахабанын жетекчилигине баш ийүү ар дайым жакшы натыйжа берерине шектенбөөгө өбөлгө түзөт. Жахаба ар дайым биздин түбөлүктүү пайдабыз үчүн жетекчилик берет. Биз бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, ишенимин сактагандардын чоң баталарга ээ болоруна күмөн санабайбыз. Ошол баталар убактылуу кыйынчылыктардын баарын жаап кетет (Эвр. 11:6).

14. Эмне үчүн Ажар момун болушу керек эле?

14 Жахабанын жетекчилигине баш ийүүгө момундуктун да кандайча жардам берерин карап көрөлү. Ан үчүн Сааранын күңү Ажар менен болгон окуяны мисалга алалы. Саара өзүнүн балалуу боло албаарын көрүп, Ажарды Ыбрайымга берет. Ажар боюна бүткөнүн билгенде, согончогу канабаган мырзайымына текебер мамиле кыла баштайт. Ошондон улам Саара Ажарды «кысымга ала баштаганда», ал качып кетет. Бирок Жахабанын периштеси ага келип: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий»,— дейт (Башт. 16:2, 6, 8, 9). Балким, Ажар башкача жетекчилик алууну каалагандыр. Бирок периштенин айтканындай кылыш үчүн ал бойкөтөрүүчүлүктөн арылышы керек эле. Ажар момундук менен периштенин айтканындай кылганда, баласын — Ысмайылды — атасынын жайлуу кошуунунда аман-эсен төрөгөн.

15. Кайсы учурларда Жахабанын жетекчилигине баш ийүү үчүн момундук талап кылынышы мүмкүн?

15 Бизге да Жахабанын жетекчилигине баш ийүү үчүн момун болуу талап кылынат. Айрымдарыбызга Жахабага жакпаган эс алуунун түрүнө байланыштуу кеңешти кабыл алууга туура келиши мүмкүн. Башкаларыбыздан болсо кимдир бирөөнү таарынтып алсак, кечирим суроо талап кылынышы ыктымал. Же балким, өзүбүз ката кетирсек, катабызды моюнга алуу зарылдыр. Ал эми арабыздан кимдир бирөө олуттуу күнөө кетирсечи? Анда ал момундук көрсөтүп, күнөөсүн аксакалдарга ачык айтышы керек. Андайда ал атүгүл жыйналыштан да чыгарылып калышы ыктымал. Кайра кабыл алынуу үчүн ал момундук менен өкүнүп, оңолууга тийиш. Бул жана башка ушу сыяктуу жагдайларда Накыл сөздөр 29:23төгү: «Адамды өзүнүн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка ээ болот»,— деген сөздөр жубатуу берет.

Жахаба бизди кандайча жетектейт?

16, 17. Кудайдын жетекчилигинин булагы болгон Ыйык Китептен канткенде толук пайда алабыз?

16 Ыйык Китеп — Кудайдын шыктандырылган Сөзү — асмандан келген жетекчиликтин бирден бир булагы болуп эсептелет (Оку: 2 Тиметейге 3:16, 17). Кудай Сөзүнөн көбүрөөк пайда алуу үчүн ага кандайдыр бир оор жагдайга туш болгондо гана кайрылбайбыз. Ыйык Китепти биз күн сайын окуйбуз (Заб. 1:1—3). Анын аркасында андагы маалыматтарды жакшы өздөштүрөбүз. Ал эми Кудайдын көзкарашына ээ болгон соң, күтүлбөгөн жерден пайда болгон көйгөйлөрдү да көтөрүп кетүүгө даяр болобуз.

17 Андан тышкары, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү жана ошого байланыштуу тиленүү да маанилүү. Ыйык китептик аяттар тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө аларды кайсы бир жагдайда кандайча колдонсо болорун түшүнөбүз (1 Тим. 4:15). Олуттуу көйгөйгө кабылганда Жахабага кайрылып, андан керектүү жетекчиликти табууга жардам сурап тиленебиз. Ошондо Жахабанын руху Ыйык Китептин өзүнөн же ага негизделген адабияттардан буга чейин окуган жардам болорлук принциптерди эсибизге салат (Оку: Забур 24:4, 5).

18. Жахаба бизге жетекчилик берүү үчүн рухий биртуугандарды кандайча колдонот?

18 Жахабанын жетекчилигин издөөдө рухий биртуугандарыбыздан да жардам ала алабыз. Ал биртуугандыктын негизги бөлүгүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» жана анын өкүлү болгон Жетектөөчү Кеңеш түзөт. Ал бизди рухий тамак — жыйналыш жана жыйындардын программалары жана адабияттар — менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда (Мт. 24:45—47; салыштыргыла: Элчилердин иштери 15:6, 22—31). Ошондой эле рухий биртуугандарыбыздын арасында жеке көмөк көрсөтүү менен бирге, ыйык китептик кеңеш берүүгө жөндөмдүү, рухий жактан жетилген кишилер, айрыкча, аксакалдар бар (Ыш. 32:1). Ыйсанын жолун жолдогон үйбүлөлөрдөгү жаштар да жакшы мүмкүнчүлүккө ээ. Кудай аларга, жетекчилик алып турушу үчүн, дагы бир чара караштырган. Ал — чындыктагы ата-энесинин жардамы (Эф. 6:1—3).

19. Жахабадан ар дайым жетекчилик издегенибиз үчүн кандай баталарды алабыз?

19 Ооба, Жахаба ар кандай жолдор менен жетекчилик берип келет; биз анын жетекчилигинен толук пайда алышыбыз абзел. Ысрайылдыктардын Кудайга ишенимдүү болгон учурлары жөнүндө Дөөт падыша: «Биздин ата-бабаларыбыз Сага таянышкан, алар Сага таянышкандыктан, Сен аларды куткарып тургансың. Алар Сени чакырышкан, ошон үчүн куткарылышкан. Алар Сага таянышкан, ошон үчүн уятка калышкан эмес»,— деген (Заб. 21:4—6). Эгер биз да ишенимдүүлүк менен Жахабанын жетекчилигине баш ийсек, «уятка» калбайбыз. Үмүтүбүз да кайт болбойт. Өз акылыбызга таянгандын ордуна, жолубузду Жахабага тапшырсак, азыр да мол баталарды алабыз (Заб. 36:5). Ошону менен бирге, ишенимдүү бойдон калсак, алган баталарыбыз түбөлүктүү болот. Падыша Дөөт: «Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат... Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— деп жазган (Заб. 36:28, 29).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Жахабанын жетекчилигине эмне үчүн таянабыз?

• Жахабанын жетекчилигин четке кагуу менен эмнени көрсөткөн болобуз?

• Ыйсанын жолдоочусу кайсы учурларда момундук көрсөтүүгө тийиш?

• Учурда Жахаба бизди кантип жетектейт?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Жашооңдун ар бир тармагында Жахабанын жетекчилигин издейсиңби?

[9-беттеги сүрөт]

Обо Жахабанын башкаруусун четке каккан

[10-беттеги сүрөт]

Периштенин жетекчилигине баш ийүү үчүн Ажарга кандай сапат талап кылынган?