Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоону эмне маңыздуу кылат?

Жашоону эмне маңыздуу кылат?

Жашоону эмне маңыздуу кылат?

«Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар» (НАС. 12:13).

1, 2. Насаатчы китебин карап чыгуудан кандай пайда алабыз?

ТЕЛЕГЕЙИ тегиз жашоо өткөрүп, каалаган нерсесине ээ боло алган бай кишини элестетсең. Ал — белгилүү мамлекеттик ишмер, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири жана замандаштарынын эң акылдуусу. Ошентсе да ал бардык жетишкендиктерине карабай: «Жашоону эмне маңыздуу кылат?» — деген суроого жооп издеп келет.

2 Мындай киши, чынында эле, 3 000 жылдай мурун жашап өткөн. Анын ысмы — Сулайман. Насаатчы китебинде анын кантип жашоонун маңызын издегени баяндалат (Нас. 1:13). Биз Сулаймандын тажрыйбасынан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ырас, Насаатчы китебинде камтылган акылмандык жашообузду чындап маңыздуу кыла турган максаттарды коюуга жардам берет.

«Шамалды кармоого аракет кылуу»

3. Баарыбыз адамдын өмүрүнө байланыштуу кандай ойлондурарлык чындыкты моюнга алабыз?

3 Сулайман Жахабанын жер бетин ажайып кооз жаратууларга толтурганын жана адам баласынын кызыгуусун туудуруп, дайым кубаныч тартуулаган укмуштуу нерселерди жаратканын айткан. Тилекке каршы, өмүрүбүз абдан кыска болгондуктан, Кудайдын жаратууларынын четин да изилдеп бүтө албайбыз (Нас. 3:11; 8:17). Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, өмүр күнүбүз аз жана зуулдап тез өтөт (Аюб 14:1, 2; Нас. 6:12). Бул ойлондурарлык чындыкты билүү туура жашоо өткөрүүгө түрткү бериши керек. Бирок антүү оңой эмес, себеби Шайтандын дүйнөсү бизди туура эмес жакка багытташы мүмкүн.

4. а) «Курулай убаракерчилик» деген сөздүн мааниси кандай? б) Адамдардын кайсы максаттарга умтуларын карап чыгабыз?

4 Өмүрүбүздү текке кетирүү залакалуу экенин баса белгилөө үчүн Сулайман Насаатчы китебинде «курулай убаракерчилик», «түйшүктүн түйшүгү» деген сөз айкаштарын 30дай жолу колдонот. «Курулай убаракерчилик», «түйшүк» деп которулган эврей сөзү боштук, пайдасыз, маңызсыз, баалуулугу жок деген сыяктуу маанини берет (Нас. 1:2, 3). Кээ бир жерлерде Сулайман «курулай убаракерчилик» деген сөздөр менен бирге «шамалды кармоого аракет кылуу» деген сөз айкашын да колдонот (Нас. 1:14; 2:11, «ЖД»). Албетте, шамалды кармоого аракет кылуудан пайда жок. Ошондуктан андай кылууга умтулган киши акыры эч нерсеге жетпейт. Анын сыңарындай, туура эмес максаттарга умтулуу да куру бекер. Ансыз да кыска өмүрүбүздү куру кол калтыра турган нерселерге короткубуз келбейт. Ошондуктан жаңылбаш үчүн, келгиле, Сулаймандын айтканы боюнча, адамдар адатта эмнелерге умтуларын билели. Адегенде жашоодон ырахат алууну көздөө жана байлыкка умтулуу жөнүндө сөз кылабыз. Анан кайсы иш чыныгы канааттануу тартуулаарын карап чыгабыз.

Жашоодон ырахат алууга умтулуу бакыт алып келеби?

5. Сулайман эмнелерден канааттануу алууга умтулган?

5 Сулайман, азыркы учурдагы көп адамдардай эле, жашоодон канааттануу алуу үчүн жыргал менен күн өткөрүүгө умтулган. «Жүрөгүм каалаган кубанычты тыйган жокмун»,— деген ал (Нас. 2:10). Сулайман ырахатты эмнеден издеген? Насаатчы китебинин 2-бөлүмүнө ылайык, ал ченеми менен шарап ичип ыракаттанган, сейил бактарды өстүргөн, заңгыраган имараттарды курган, жагымдуу музыка уккан жана даамдуу тамак-аштан кубаныч алган.

6. а) Жашоодон кубаныч алуунун эмне үчүн туура эмес эч нерсеси жок? б) Көңүл ачууда кандайча теңсалмактуу болуу керек?

6 Ыйык Китепте достор менен көңүл ачып, чогуу убакыт өткөрүү айыпталабы? Албетте, жок. Сулайман белгилегендей, эмгектенгенден кийин жагымдуу чөйрөдө тамактанып, кубаныч алуу — Кудайдын белеги (Оку: Насаатчы 2:24; 3:12, 13). Жахаба өзү да жаштарды жоопкерчиликти сезүү менен бирге жаш күнүндө кубанычтын даамын татууга чакырат (Нас. 11:9). Ооба, биз эс алууга, жакшы көңүл ачууга муктажбыз (Салыштыргыла: Марк 6:31). Анткен менен көңүл ачуу жашообузда негизги орунду ээлеп албашы керек. Ал ысык тамактай эмес, тамактан кийин берилүүчү десерттей болушу абзел. Таттууну канчалык жакшы көрбө, ошону эле жей берсең, бат эле көңүлүң калат, анын үстүнө, анын денсоолукка да пайдасы аз. Ошо сыяктуу эле, Сулайман жашоону ырахат алууга гана багыттоо «шамалды кармоого аракет кылууга» окшош экенин баамдаган (Нас. 2:10, 11, «ЖД»).

7. Көңүл ачууну тандоодо эмне үчүн сак болушубуз зарыл?

7 Андан сырткары, эс алуунун бардык эле түрү пайда алып келе бербейт. Алардын көбү рухий, адеп-ахлактык жактан чоң зыян келтирет. Канчалагандар «көңүл ачууну каалап», баңгизатты, ичимдикти кыянат колдонуу, кумар оюндарына берилүү менен өздөрүн көңүл чөгөттүккө дуушар кылышкан. Жүрөгүбүздүн же көзүбүздүн каалоолоруна жетектелүү жаман иштерди жасоого алып келерин жана кесепетин өзүбүз тартарыбызды Жахаба боорукердик менен эскертип келет (Гал. 6:7).

8. Кандай жашоо өткөрүп жатканыбыз жөнүндө ой жүгүртүү эмне үчүн акылдуулукка жатат?

8 Теңсалмактуулукту жоготуп көңүл ачууга умтулуу бизди маанилүү иштерден алаксытат. Өмүрүбүздүн тез өтөрүн, дайым эле денсоолугубуз чың боло бербээрин жана кыйынчылыктар бизди кыя өтпөөрүн эсибизден чыгарбайлы. Ошон үчүн Сулайман андан ары белгилегендей, «көңүл ачкандардын үйүнө» баргандан көрө, «өлгөн кишини жоктоп ыйлап жаткан үйгө», өзгөчө, берилгендигин сактаган ишенимдешибиздин сөөгүн коюуга барганыбыз дурус (Оку: Насаатчы 7:2, 4). Эмне үчүн? Анткени сөөк коюуда айтылуучу сөздү угуу жана Жахабанын көз жумган ишенимдүү кызматчысынын өмүр жолу жөнүндө ой жүгүртүү өзүбүздүн кандай жашоо өткөрүп жатканыбызды текшерүүгө түрткү берет. Натыйжада калган өмүрүбүздү акылдуулук менен өткөрүү үчүн рухий максаттарга умтулуу керек деген жыйынтыкка келишибиз мүмкүн (Нас. 12:1).

Байлыкка жетүү канааттануу береби?

9. Сулайман байлыкка байланыштуу эмнени түшүнгөн?

9 Насаатчы китебин жазганда Сулайман жер жүзүндөгү эң бай кишилердин бири эле (2 Жылн. 9:22). Ошондуктан ал каалаган нерсесине ээ боло алган. «Көзүмдүн бир да каалоосун четке каккан жокмун»,— деп жазган ал (Нас. 2:10). Ошентсе да байлыкка, мал-мүлккө ээ болуунун өзү эле канааттануу алып келбээрин түшүнүп: «Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт»,— деген тыянакка келген (Нас. 5:9).

10. Канааттануу менен чыныгы байлыкка канткенде ээ болобуз?

10 Байлык колдун кири болсо да, кызыктырып, өзүнө тартып турат. Жакында Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, университетте окуган биринчи курстагы студенттердин 75 пайызынын негизги максаты — «байып, жетишкендикте жашоо». Алар максатына жеткен күндө да, чындап бактылуу боло алышабы? Сөзсүз эле эмес. Изилдөөчүлөр байлыкка жетүүнү эле көздөө бактылуу болууга, жашоодон канааттануу алууга тоскоолдук кыларын байкашкан. Мындай жыйынтыкка Сулайман көптөгөн жылдар мурун эле келген. Ал «падышалардан... алтын, күмүш, кымбат баалуу таштарды чогултканын», бирок анын «бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу» экенин түшүнгөн * (Нас. 2:8, 11). Эгер биз Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылуу менен анын батасына ээ болсок, чыныгы байлыкка жеткен болобуз (Оку: Накыл сөздөр 10:22).

Кайсы иш чыныгы канааттануу тартуулайт?

11. Ыйык Жазмада эмгектин жогору бааланары кандайча көрсөтүлөт?

11 Ыйса: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам»,— деген (Жкн. 5:17). Жахаба менен Ыйсанын эмгектенүүдөн канааттануу алары шексиз. Ыйык Китептеги: «Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү»,— деген сөздөрдөн Жахабанын жаратуу ишинен канааттануу алганын байкоого болот (Башт. 1:31). Периштелер да Кудайдын жасаган иштеринин баарын көрүп, кубанычка батышкан (Аюб 38:4—7). Ошондой эле Сулайман да үзүрлүү эмгектин жогору бааланарын баса белгилеген (Нас. 3:13).

12, 13. а) Эки киши жумуштан алган канааттануусу жөнүндө эмне деген? б) Дүйнөлүк жумуш эмне үчүн кээде көңүл кайттыкка алып келиши мүмкүн?

12 Көптөргө күжүрмөндүк менен эмгектенүүдөн алган канааттануу сезими тааныш. Алсак, чебер сүрөтчү Хосе: «Оюңда жаралган сүрөттү кагаз бетине түшүрө алганыңда, өзүңдү бийик тоону багындыргандай сезесиң»,— дейт. Ал эми Мигель * аттуу бизнесмен мындай деп ой бөлүшөт: «Жумуштан канааттануу алам, себеби ал үйбүлөмдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле эмгегимдин үзүрүн көрүү мага чоң кубаныч тартуулайт».

13 Бирок жумуштардын көбү кызыксыз, жадатма келет жана аларды чыгармачылык менен аткарууга да мүмкүнчүлүк аз. Дал ушул иштеген жеринен адам кээде көңүл кайттыкка, адилетсиздикке кабылат. Сулайман белгилегендей, жалкоо киши колунда бийлиги бар тааныштарын колдонуп, күжүрмөн эмгектенген бирөөнүн маңдай тери менен тапканын өзүнө ыйгарып алышы этимал (Нас. 2:21). Мындан башка себептер да көңүл чөгөттүккө алып келиши ыктымал. Мисалы, башында ийгиликтүү, кирешелүүдөй көрүнгөн иш экономиканын төмөндөшүнөн же күтүлбөгөн жагдайлардан улам оңунан чыкпай калышы мүмкүн (Оку: Насаатчы 9:11). Ийгиликке жетүү үчүн узак убакыт бою жан үрөп иштеген киши эмгегинин баары «текке кеткенин» билгенде, көңүлү чөгүп, катуу кайгырат (Нас. 5:15).

14. Кайсы иштен чыныгы канааттануу алууга болот?

14 Көңүлдү чөктүрбөй турган иш дегеле барбы? Жогоруда айтылып өткөн сүрөтчү Хосе мындай дейт: «Тартылган сүрөттөр убакыттын өтүшү менен жарабай калышы же жоголуп кетиши да мүмкүн. Ал эми рухий иштер жөнүндө минтип айтууга болбойт. Жакшы кабар айтууда Жахабага баш ийүү менен мен эч качан бузулбай турган нерсени куруп жатам, тактап айтканда, башкаларга пайдасы түбөлүккө созулган Кудай менен болгон достукту өрчүтүүгө жардам берип келем. Чынында баалуу иш деп мына ушуну айт!» (1 Кор. 3:9—11). Мигель да Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши ага кадимки жумушуна караганда көбүрөөк кубаныч тартуулаарын айтат. Ал: «Ыйык китептик чындыкты кимдир бирөөгө айтуудан жана чындык анын жүрөгүн козгогонун көрүүдөн өтөр кубаныч жок»,— дейт.

«Наныңды сууга агыз»

15. Жашоону чынында эмне маңыздуу кылат?

15 Анда жашоону чынында эмне маңыздуу кылат? Жакында жок боло турган дүйнөдө бардык убактыбызды жакшылык кылууга жумшап, Жахабага жагууга умтулсак, жашоодон чыныгы канааттануу алабыз. Биз Кудай менен ынак мамиле өрчүтсөк, балдарыбызга рухий тарбия берсек, башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө көмөк кылсак жана ишенимдештерибиз менен бекем достук өрчүтсөк болот (Гал. 6:10). Аталган максаттардын баары эч качан баалуулугун жоготпойт жана аларга жеткендер мол батага ээ болот. Сулайман жакшы иштерди кылуу кандай пайда алып келерин көрсөтүп, мындай деген: «Наныңды сууга агыз, аны анткени көп күн өткөндөн кийин кайрадан таап аласың» (Нас. 11:1). Ал эми Ыйса шакирттерин: «Бергиле, ошондо силерге да берилет»,— деп үндөгөн (Лк. 6:38). Андан тышкары, Жахаба башкаларга жакшылык кылгандарга сыйлык берерин убадалайт (Накыл 19:17; оку: Эврейлерге 6:10).

16. Өмүрүбүздү эмнеге арнаарыбызды качан чечип алганыбыз дурус?

16 Ыйык Китеп бизди жаш чагыбызда эле өмүрүбүздү эмнеге арнаарыбызды чечип алууга үндөйт. Ошондо биз кылган иштерибиз үчүн кийин өкүнүп калбайбыз (Нас. 12:1). Алтын жаштыкты бул дүйнө сунуштаган азгырыктарга коротуп, шамалды кармоого аракет кылып жүргөнүбүздү түшүнүү кандай гана өкүнүчтүү болмок!

17. Жашоодогу эң мыкты жолду тандоого сага эмне жардам берет?

17 Жахаба мээримдүү, камкор атадай эле, сенин кубанып жашашыңды, жакшы иштерди кылышыңды жана көңүл кайттыкка, кайгы-капага кабылбашыңды каалайт (Нас. 11:9, 10). Мындай кылууга эмне жардам берет? Рухий максаттарды кой жана аларга жетүүгө талыкпай аракеттен. Мындан 20 жылдай мурун Хавьерге карьера жасоого мүмкүндүк берген доктурлук кесипти же толук убактагы кызматты тандоого туура келген. «Кесибим канааттануу алып келсе да, аны башкаларга чындыкка келүүгө жардам берүүдөн алган кубанычым менен салыштырып болбойт,— дейт ал.— Толук убактагы кызмат мага жашоодон толугу менен ырахат алууга өбөлгө түздү. Мен бир нерсеге гана, кызматымды эртерээк баштабаганыма, өкүнөм».

18. Ыйсанын жердеги жашоосу эмне себептен маңыздуу болгон?

18 Биз кайсы баалуу нерсеге ээ болууга умтулушубуз керек? Насаатчы китебинде: «Жакшы ат кымбат баалуу, жыпар жыттуу майдан артык, өлгөн күн туулган күндөн артык»,— делет (Нас. 7:1). Бул сөздөрдүн калетсиздигин Ыйсанын өмүр жолу көрсөтүп турат. Ал Жахабанын алдында эң жакшы ысымга ээ болгону шексиз. Ыйса өлгөнгө чейин берилгендигин сактоо менен Атасынын эгедерлигин жактаган жана өзүн курмандыкка берип куткарылышыбызга жол ачкан (Мт. 20:28). Жерде аз эле убакыт жашаса да, ал чыныгы маңызга толгон жашоо өткөрүп, бизге жеткилең үлгү калтырган (1 Кор. 11:1; 1 Пет. 2:21).

19. Сулайман кандай акылман кеңеш берген?

19 Кудайдын алдында биз да жакшы ысымга ээ боло алабыз. Биз үчүн Жахабанын жактыруусуна ээ болуу дүйнөнүн бардык байлыгынан артык (Оку: Матай 6:19—21). Ооба, биз күн сайын Жахабага жаккан иштерди кылууга мүмкүнчүлүк таба алабыз жана мунун аркасында жашообуз байыйт. Мисалы, башкаларга жакшы кабар айта алабыз, нике түйүнүн, үйдөгүлөр менен болгон мамилебизди бекемдей алабыз, ошондой эле өздүк изилдөө, жыйналыш жолугушууларына катышуу аркылуу рухий жактан өсө алабыз (Нас. 11:6; Эвр. 13:16). Сен жашооңдун чыныгы маңызга толушун каалайсыңбы? Анда Сулаймандын: «Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек»,— деген кеңешине кулак как (Нас. 12:13).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Сулаймандын казынасына жылына 666 талант (22 000 килограммдан ашуун) алтын түшүп турган (2 Жылн. 9:13).

^ 12-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жашоодогу максаттарыбыз жөнүндө олуттуу ойлонууга эмне түрткү бериши керек?

• Ырахаттанып жашоого, байлыкка умтулууга кандай карашыбыз абзел?

• Кайсы иш чыныгы канааттануу берет?

• Кайсы баалуу нерсеге ээ болууга умтулушубуз зарыл?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Көңүл ачуу жашообузда кайсы орунда турушу керек?

[24-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу ишине катышуу эмне үчүн терең канааттануу берет?