Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Жаратканыңарды эсиңерден чыгарбагыла

Жаштар, Жаратканыңарды эсиңерден чыгарбагыла

Жаштар, Жаратканыңарды эсиңерден чыгарбагыла

«Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (НАС. 12:1).

1. Жахаба өзүнүн жаш кызматчыларына ишеним артарын кантип көрсөткөн?

ЖАХАБА КУДАЙ Ыйсанын жолун жолдогон жаштарды жогору баалайт жана аларды жан сергиткен шүүдүрүмгө салыштырат. Ал Уулу өз аскерин согушка баштап барган күнү улан-кыздардын Машайакка кызмат кылууга «даяр турарын» алдын ала айткан (Заб. 109:3). Бул пайгамбарлык аткарылган учурда көптөр керт башынын кызыкчылыктарын гана ойлогон, акчаны сүйгөн, ыймансыз жана баш ийбес адамдардан болушмак. Бирок Жахаба өзүнө кызмат кылган жаштардын андай адамдардан кескин түрдө айырмаланарын билген. Жаштар, ал силерге кандай чоң ишеним артат!

2. Жахабаны эстен чыгарбоо деген эмнени билдирет?

2 Кудайды Жаратканы катары эсинен чыгарбаган жаштарды көргөндө анын кандай кубанарын элестетсең (Нас. 12:1). Албетте, Жахабаны эстен чыгарбоо деген аны ойлоп коюуну эле эмес, иш-аракет кылууну — ага жаккан иштерди кылып, күндөлүк жашоодо анын мыйзамдары менен принциптерин сактоону — билдирет. Ошондой эле буга Жахабага таянуу, анын биздин жыргалчылыгыбызга чындап кызыкдар экенин билүү да кирет (Заб. 36:3; Ыш. 48:17, 18). Жаратканга сен да ишеним артасыңбы?

«Бүт жүрөгүң менен» Жахабага таян

3, 4. Ыйса Жахабага таянарын кантип көрсөткөн жана азыр Жахабага таянуу эмне үчүн маанилүү?

3 Ыйса Машайак Кудайга таянуу жагынан мыкты үлгү калтырган. Ал Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттардагы: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деген сөздөргө ылайык жашаган. Ыйса чөмүлтүлгөндөн көп өтпөй Шайтан ага дүйнөдөгү бийликти жана бардык атак-даңкты сунуш кылып азгырган (Лк. 4:3—13). Бирок Ыйса ага алданган эмес. Ал Кудайга моюн сунуунун, андан коркуунун аркасында чыныгы «байлык, атак-даңк жана өмүр» келерин билген (Накыл 22:4).

4 Азыркы дүйнөнү ачкөздүк менен өзүмчүлдүк бийлеп турат. Мындай чөйрөдө Ыйсанын үлгүсү боюнча жашаганыбыз дурус. Ошондой эле Шайтан Жахабанын кызматчыларын өмүргө алпаруучу тар жолдон адаштыруу үчүн колунан келгенинин баарын жасаарын унутпашыбыз керек. Ал адамзаттын өлүмгө алпара турган кенен жолдо жүрүшүн каалайт. Ошондуктан ага азгырылбагыла! Тескерисинче, Жаратканыңарды эсиңерден чыгарбоого чечкиндүү болгула. Ага толугу менен таянып, жакын арада сөзсүз боло турган «түбөлүк өмүргө» бекем кармангыла (1 Тим. 6:19).

Жаштар, акылдуу болгула!

5. Дүйнөнүн келечеги тууралуу кандай ойдосуң?

5 Жаратканын эсинен чыгарбаган жаштар жаштыгына карабай акылдуу болушат (Оку: Забур 118:99, 100). Себеби алар Кудайдын көзкарашына ээ, ошондой эле бул дүйнөнүн келечеги жок экенин билишет. Силер, жаштар, салыштырмалуу аз жашаган болсоңор да, адамдардын эртеңки күндү ойлоп тынчсызданганын, коркуп жашаганын көрүп жатканыңар шексиз. Эгер сен мектепте окусаң, айлана-чөйрөнүн булганышы, дүйнөдөгү жылуулуктун жогорулашы, токойлордун кыйылышы жана ушу сыяктуу көйгөйлөр жөнүндө уккан чыгарсың. Мындай кыйынчылыктардын көбөйүшү көптөрдү тынчсыздандырат. Бирок ал окуялар Шайтандын дүйнөсү бүтүп баратканын көрсөткөн белгинин бир бөлүгү экенин Жахабанын Күбөлөрү жакшы түшүнөт (Аян 11:18).

6. Жаштардын айрымдары кандайча алданышкан?

6 Тилекке каршы, Жахабанын жаш кызматчыларынын айрымдары бул дүйнөгө бөлүнгөн убакыттын бүтүп баратканын унутуп, сергек болбой калышкан (2 Пет. 3:3, 4). Башкалары болсо жаман чөйрөнүн жана порнографиянын айынан олуттуу күнөө кетиришкен (Накыл 13:20). Бул дүйнөнүн акыры аябай жакындап калганда, Кудайдын жактыруусунан айрылып калганыбыз кандай гана өкүнүчтүү болмок! Келгиле, б.з.ч. 1473-жылы Маап түздүгүндө жайланышкан ысрайылдыктар Убадаланган жердин босогосунда турганда эмне болгонун билели. Ал жерде кандай окуялар болуп өткөн?

Максатына жеткени калганда кулаган

7, 8. а) Шайтан Маап түздүгүндө кандай ыкманы колдонгон? б) Шайтан азыр кандай ыкманы колдонууда?

7 Шайтан ошондо ысрайылдыктарды убадаланган мурастан кол жуудургусу келгени шексиз. Билам аркылуу аларды каргата албай койгон соң, Шайтан андан да амалдуу ыкма менен элди Жахабанын ырайымынан айрылтууну көздөгөн. Ан үчүн ал адеп-ахлаксыз Маап кыздарын колдонуп, ысрайылдыктарды азгырган жана бул ыкмасы кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуу болгон. Ысрайылдыктар Маап кыздары менен бузуктук кылып, атүгүл Баал-Пейорго сыйына башташкан. Алардын баалуу мурасына — Убадаланган жерге — бир карыш калса да, болжол менен 24 000 киши өмүрүнөн айрылган. Жыйынтыгы кандай гана каргашалуу болгон! (Сан. 25:1—3, 9).

8 Бүгүн биз тездик менен жакындап келаткан, андан да жакшы убадаланган жердин — жаңы дүйнөнүн — босогосунда турабыз. Шайтан көнгөн адаты боюнча Кудайдын элин бузуу үчүн азыр да жыныстык адеп-ахлаксыздыкты колдонууда. Дүйнөдөгү адеп-ахлактык нормалар ушунчалык төмөндөп кеткендиктен, ойноштук боло жүргөн нерсе катары, ал эми гомосексуализм ар бир кишинин жеке чечими катары каралып калды. Ыйсаны жолдогон бир эже: «Балдарым гомосексуализм менен никеден сырткаркы жыныстык байланыштын Кудайдын көз алдында күнөө экенине үйдөн жана Падышалык залдан гана үйрөнүшөт»,— деп айткан.

9. «Бойго жеткен» маалда эмне болушу мүмкүн жана жаштар муну менен кантип күрөшө алышат?

9 Жаратканын эсинен чыгарбаган жаштар жыныстык мамиленин өмүр менен байланышы бар, тукум улоо максатында караштырылган ыйык белек экенин билишет. Ошондуктан алар, Кудайдын көрсөтмөсү боюнча, жыныстык мамиле мыйзамдуу никеде гана болушу керектигин түшүнүшөт (Эвр. 13:4). Анткен менен «бойго жеткен» маалда — жыныстык каалоолор күчтүү болуп, ой жүгүртүү бурмаланышы мүмкүн болгон куракта — жаштар үчүн адептүүлүктү сактоо кыйынга турат (1 Кор. 7:36, «Инжил»). Андыктан туура эмес ойлор пайда болгондо эмне кылсаң болот? Жакшы нерселер тууралуу ой жүгүртүү үчүн жардам сурап, Жахабага жалындуу тилен. Ал чын жүрөктөн кайрылгандарды дайым угат (Оку: Лука 11:9—13). Бекемдээрлик пикир алышуу да акылыбызды таза сактоого жардам берет.

Туура максаттарды кой

10. Кандай маанайдан оолак болгубуз келет жана өзүбүзгө кандай суроолорду берсек болот?

10 Дүйнөдөгү көп жаштар «аяндын», башкача айтканда, Кудайдын жетекчилигинин же келечекке болгон жаркын үмүттүн жоктугунан улам өздөрүн кармай албай, дене кумарына берилип жашашат (Накыл 29:18). Алардын маанайы Ышайанын күндөрүндөгү «шаттык жана кубаныч» менен «эт жеп, шарап ичкен» ишенимсиз ысрайылдыктардыкына окшош (Ыш. 22:13). Аларга көз артуудан көрө, Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына берген баа жеткис үмүт жөнүндө ой жүгүртүүдөсүңбү? Эгер сен Кудайдын жаш кызматчысы болсоң, жаңы дүйнөнү чыдамсыздык менен күтүүдөсүңбү? Жахаба тартуулаган «кереметтүү үмүттүн ишке ашышын» күтүүдө «акыл-эстүүлүк» менен жашоо үчүн бардык күч-аракетиңди жумшап жатасыңбы? (Тит 2:12, 13, «ЖД»). Берген жоопторуң койгон максаттарыңа таасир этип, биринчи кезекте эмнелерге умтулушуң керектигин аныктоого жардам берет.

11. Мектепте окуган жаштар эмне үчүн тырышчаактык менен билим алышы керек?

11 Дүйнө жаштарды күч-кубатын дүйнөлүк максаттарга жумшоого үндөйт. Мектепте окуп жаткан болсоң, жакшы орто билим алууга тырышчаактык менен умтулушуң керек. Ошондой эле максатың ылайыктуу жумуш табуу эле эмес, жыйналышка салым кошуу, Падышалыктын жигердүү жарчыларынан болуу экенин да унутпа. Ан үчүн жакшы пикир алыша билүүгө, логикалуу ой жүгүртүүгө жана башкаларга бир нерсени түшүндүрүүдө сылык, токтоо болууга үйрөнүшүң керек. Анткен менен Ыйык Китепти изилдеп, андагы принциптерди жашоосунда колдонгон жаштар мыкты билим алган болушат жана түбөлүктүү бактылуу келечекке бекем негиз курушат (Оку: Забур 1:1—3) *.

12. Ыйсаны жолдогон үйбүлөлөр кимдерден үлгү алышы зарыл?

12 Ысрайылда ата-энелер балдарын окутуп-үйрөтүүгө олуттуу мамиле кылышкан. Буга жашоонун бардык тармагына үйрөтүү, өзгөчө, рухий билим берүү кирген (Мыйз. 6:6, 7). Натыйжада балдар ата-энесин жана Кудайдан корккон улуу кишилерди угуу менен билимге эле эмес, акылмандыкка, кыраакылыкка, зээндүүлүккө жана эстүүлүккө — Кудай жана анын мыйзамы жөнүндө билүүнүн аркасында өрчүтүүгө мүмкүн болгон сапаттарга — ээ болушкан (Накыл 1:2—4; 2:1—5, 11—15). Ошо сыяктуу эле, бүгүн да Ыйсаны жолдогон үйбүлөлөр билимге олуттуу карашы керек.

Сени жакшы көргөндөрдү ук

13. Айрым жаштарга кандай кеңештер берилет жана алар эмне себептен сак болушу керек?

13 Жаштарга ар кандай адамдар, анын ичинде бул дүйнөдө ийгиликке жетүүгө үндөгөн мектеп мугалимдери кеңеш беришет. Андай кеңештердин баарын Кудай Сөзүнүн, ишенимдүү жана акылдуу кул берген адабияттардын негизинде тиленүү менен таразалап көргөнүң жакшы. Сен Ыйык Китептен жаштар менен тажрыйбасыздар Шайтандын негизги бутасы экенин билесиң. Алсак, Эйден багында тажрыйбасыз Обо Шайтандын, анын жыргалчылыгына такыр кызыкпаган чоочундун, тилин алган. Обо ага болгон сүйүүсүн көп жолу далилдеген Жахабанын тилин алса, жыйынтыгы таптакыр башкача болбойт беле?! (Башт. 3:1—6).

14. Жахабаны да, чындык жолунда жүргөн ата-энеңди да эмне үчүн угушуң керек?

14 Жаратканың сени да чын жүрөктөн сүйөт. Ал сенин азыр эле эмес, түбөлүккө бактылуу болушуңду каалайт. Ошондуктан ал камкор ата сыңары мээримдүүлүк менен сага жана бардык кызматчыларына: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— дейт (Ыш. 30:21). Ата-энең чындыкта болуп, Жахабаны чындап сүйсө, бул сен үчүн дагы бир бата. Алдыга максаттарды коюуда жана жашооңдо эмнелер биринчи орунда турушу керектигин чечүүдө алардын берген кеңешин урмат-сый менен кабыл ал (Накыл 1:8, 9). Анткени алар сенин бул дүйнө тартуулаган байлыктан же көрүнүктүү абалдан алда канча баалуу нерсени — түбөлүк өмүр — алышыңды каалайт (Мт. 16:26).

15, 16. а) Жахабага кандай ишеним арта алабыз? б) Барух менен болгон окуядан кандай маанилүү сабак алабыз?

15 Жаратканын эсинен чыгарбаган жаштар Жахабанын аларды эч качан калтырбаарына, эч убакта таштабаарына ишенип, жөнөкөй жашоо өткөрүшөт (Оку: Эврейлерге 13:5). Мындай туура маанай дүйнөдөгүлөрдүн ой жүгүртүүсүнөн кескин айырмаланат. Андыктан дүйнөнүн руху бизге таасир этишине жол бербөө үчүн сак болушубуз керек (Эф. 2:2). Буга байланыштуу б.з.ч. 607-жылы Иерусалимдин кыйратылышына алып келген оор күндөрдө жашаган Жеремиянын катчысы Барухтун мисалын карап көрөлү.

16 Барух жашоосун материалдык жактан жакшыртууну каалаган көрүнөт. Жахаба муну байкап, аны өзүнө «чоң нерсени» сурабашы керектигин боорукердик менен эскерткен. Барух Жахабаны угуу менен момун, акылдуу экенин көрсөткөн жана Иерусалим талкаланганда аман калган (Жер. 45:2—5). Ал эми каздимдер (бабылдыктар) шаарды басып алганда, материалдык жактан «чоң нерсеге» ээ болуп, Жахабага сыйынууну экинчи орунга койгон Барухтун замандаштары колунда болгон нерселеринин баарынан кол жуушкан. Көптөрү атүгүл өмүрүнөн айрылган (2 Жылн. 36:15—18). Демек, Барухтун окуясынан Кудай менен болгон ынак мамиле дүйнөдөгү көрүнүктүү абалдан жана байлыктан алда канча маанилүү экенин көрүп турабыз.

Жаштар үчүн мыкты үлгү

17. Эмне себептен Ыйса, Пабыл жана Тиметей Жахабанын бүгүнкү кызматчылары үчүн мыкты үлгү болуп саналат?

17 Кудай Сөзүндө камтылган мыкты үлгүлөр бизге өмүр жолунда жүрүүгө жардам берет. Мисалы, Ыйса эч бир кишиде жок шык-жөндөмгө ээ болсо да, көңүлүн адамдарга түбөлүк пайда алып келе турган нерсеге — «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» айтууга — бурган (Лк. 4:43). Ал эми Пабыл Жахабага эң жакшысын берүү үчүн коомдо көрүнүктүү абалды ээлөө мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, убактысын, күчүн жакшы кабарды жарыялоого жумшаган. Пабылдын «ишеним жолундагы чыныгы уулу» Тиметей да аны туурап, ынталуу кызматчы болгон (1 Тим. 1:2). Ыйса, Пабыл жана Тиметей ошондой жашоо өткөргөнүнө өкүнүштү беле? Албетте, жок! Пабыл Кудайга кызмат кылуу сыймыгына салыштырмалуу бул дүйнө сунуштаган нерселерди «таштанды деп эсептеген» (Флп. 3:8—11).

18. Бир жаш ишенимдешибиз кандай чоң өзгөрүү жасаган жана буга эмне үчүн өкүнбөйт?

18 Бүгүнкү күндө Кудайга кызмат кылган көптөгөн жаштар Ыйсанын, Пабылдын жана Тиметейдин ишеним жолун жолдоп жатышат. Мисалы, мурда айлыгы көп жумушта иштеген бир жаш биртууган мындай деп жазган: «Ыйык китептик принциптерге карманып жашагандыктан, тез эле кызматымдан жогорулатылдым. Маянамдын көптүгүнө карабай жашоом маңызсыз, курулай өтүп жатканын сездим. Ишкананын жетекчилерине барып, толук убакытта кызмат кылууну каалаарымды айтканда, жумуштан кетпээриме үмүттөнүп, дароо эле чоң суммадагы акча сунуш кылышты. Бирок мен чечим чыгарып койгом. Көптөр эмне себептен кирешелүү жумушумду таштап, толук убакытта кызмат кыла баштаганымды түшүнүшпөйт. Мен, болгону, Кудайга арналуума ылайык жашагым келет. Азыр жашоомдо рухий иштер негизги орунда турат. Ошондуктан эч кандай акча же атак-даңк алып келе албаган зор бакытка бөлөнүп, канааттанууга ээ болуп жатам».

19. Жаштар кандай акылдуу чечим чыгарууга чакырылышат?

19 Бүткүл дүйнө жүзүндө миңдеген жаштар ошондой акылдуу чечим чыгарып жатышат. Андыктан, жаштар, келечегиңер жөнүндө ойлонуп жатканда Жахабанын күнүн эсиңерде бек сактагыла (2 Пет. 3:11, 12). Бул дүйнөдө баюуга, белгилүү болууга умтулуп жаткандарга көз артпагыла. Тескерисинче, силерди жакшы көргөндөрдү уккула. «Байлыкты асманга жыйноо» менен түбөлүк жыргалчылыкка жана коопсуз келечекке негиз курасыңар (Мт. 6:19, 20; оку: 1 Жакан 2:15—17). Ырас, Жаратканды эсиңерден чыгарбасаңар, анын батасына ээ болосуңар.

[Шилтеме]

^ 11-абз. Жогорку билим алууга жана жумушка байланыштуу маалымат алуу үчүн 2005-жылдын 1-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» 27—32-беттерин карагыла.

Эсиңердеби?

• Кудайга таянарыбызды кантип көрсөтөбүз?

• Кайсы билим эң мыкты билим?

• Барухтан эмнелерге үйрөнө алабыз?

• Кимдер биз үчүн мыкты үлгү болуп эсептелет жана эмне үчүн?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Жахаба эң мыкты билим берет

[15-беттеги сүрөт]

Барух Жахабаны угуп, Иерусалим талкаланганда аман калган. Андан эмнеге үйрөнө аласың?