Пайдасыз нерселерди четке каккыла
Пайдасыз нерселерди четке каккыла
«Бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган [«пайдасыз нерселердин артынан түшкөн», «ЖД»] адам кем акыл» (НАКЫЛ 12:11).
1. Биздеги баалуу нерселер кайсылар жана аларды колдонуунун эң жакшы жолу кайсы?
БААРЫБЫЗДА эле кандайдыр бир баалуу нерселер бар. Аларга, мисалы, денсоолук, күч-кубат, тубаса шык-жөндөм же мүлк-каражат кириши мүмкүн. Биз Жахабага болгон сүйүүбүздөн улам ошол баалуу нерселерибизди ага кылган кызматыбызга жумшап, Ыйык Китептеги: «Теңириңе мал-мүлкүң менен... урмат көрсөт»,— деген чакырыкка ылайык иш кылуудан кубаныч алабыз (Накыл 3:9).
2. Ыйык Китепте пайдасыз нерселерге байланыштуу кандай кеңеш берилген жана аны түзмө-түз кантип түшүнүүгө болот?
2 Ошол эле учурда Ыйык Китепте пайдасыз нерселер жөнүндө да айтылып, алардын артынан сая түшүү кооптуу экени эскертилет. Ошондуктан Накыл сөздөр 12:11де: «Өз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган [«пайдасыз нерселердин артынан түшкөн», «ЖД»] адам кем акыл»,— делген. Бул аяттагы айтылгандардын түзмө-түз маанисин түшүнүү кыйын эмес. Эгер адам бардык убактысын, күчүн үйбүлөсүн камсыз кылуу үчүн жумшаса, эмгегинин үзүрүн көрүп, кандайдыр бир деңгээлде коопсуз жашайт (1 Тим. 5:8). Ал эми мүлкүн пайдасыз нерселерге кетирсе, «кем акылдыгын», башкача айтканда, теңсалмактуу ой жүгүртпөөрүн жана тетири ой-максатты көздөөрүн көрсөтөт. Андай адам, акыры жүрүп, жардылыктын торуна түшөрү бышык.
3. «Пайдасыз нерселер» жөнүндөгү эскертүүгө сыйынуубузда кантип көңүл бурабыз?
3 Ошол накыл сөздүн принцибин Кудайга болгон сыйынуубузда колдонуп көрөлү. Жахабага чын жүрөктөн, ишенимдүүлүк менен кызмат кылган адам чыныгы коопсуздукка ээ. Ал Кудайдан азыртадан бата алып жатканын билет жана келечекке негиздүү үмүт менен карайт (Мт. 6:33; 1 Тим. 4:10). Ал эми пайдасы жок нерселерге азгырылып кетсе, анын Кудай менен болгон мамилесине жана келечектеги түбөлүк жашоосуна коркунуч туулат. Андай болушун каалабасак, жашообуздагы «пайдасыз нерселерди» байкай билип, аларды четке кагууга чечкиндүү болушубуз керек (Оку: Титке 2:11, 12).
4. Пайдасыз нерселерге, жалпы жонунан, эмнелер кирет?
4 «Пайдасыз нерселерге» эмнелер кирет? Жалпы жонунан алганда, Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылуудан алаксыткан нерселердин же иш-аракеттердин баары. Ага, мисалы, эс алуунун айрым түрлөрү кириши мүмкүн. Албетте, кез-кез эс алып туруу керек дечи. Бирок убактыбыздын баары ошого кетип, Кудайга болгон сыйынуубузга көңүл бурулбай калса, ал рухий саламаттыгыбызга зыян келтире турган пайдасыз иш болуп калат (Нас. 2:24; 4:6). Андан оолак болгусу келген Кудайдын кызматчысы теңсалмактуулукка үйрөнүп, баалуу убактысын эмнеге кетирип жатканын аңдай билиши керек (Оку: Колосалыктарга 4:5). Бирок эс алуудан да коркунучтуу пайдасыз нерселер бар. Алардын бири — жалган кудайларга сыйынуу.
Пайдасыз кудайларды четке каккыла
5. Түпнускада «пайдасыз» деген сөз көбүнчө эмнеге байланыштуу колдонулган?
5 Кызыктуусу, Ыйык Китептин түпнускасындагы «пайдасыз» деген сөз кездешкен аяттардын көбү жалган кудайларга байланыштуу айтылган. Алсак, ысрайыл элине Жахаба: «Табыныш үчүн жасалма [«пайдасыз», «ЖД»] кудайларды, балбалдарды, мамыларды, сүрөт чегилген таштарды жашаган жериңерге орнотпогула»,— деген (Леб. 26:1). Дөөт падыша болсо: «Теңир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу. Анткени башка элдердин кудайлары — болбогон нерсе. Ал эми Теңир асманды жараткан»,— деп жазган (1 Жылн. 16:25, 26).
6. Жалган кудайлар эмне үчүн пайдасыз?
6 Дөөт белгилегендей, ай-аалам Жахабанын улуктугун көрсөткөн далилдерге жык толгон (Заб. 138:14; 148:1—10, 13). Демек, Кудай менен өзгөчө келишимдин негизинде жакын мамиледе болуу ысрайыл эли үчүн чоң артыкчылык эле. Алардын Жахабадан жүзүн буруп, жасалма сөлөкөттөргө, мамыларга таазим кылышы барып турган акылсыздык болгон. Жалган кудайлардын чынында эле пайдасыз экени элдин башына кыйынчылык түшкөндө көрүнгөн: алар сыйынуучуларын куткармак тургай, өзүлөрүн да куткара алган эмес (Башк. 10:14, 15; Ыш. 46:5—7).
7, 8. «Байлык» канткенде кудай болуп калат?
7 Көптөгөн өлкөлөрдө эл ушул күнгө чейин адам баласынын колунан жаралган, мурункудай эле пайдасыз сөлөкөт-кудайларга тизе бүгүп келишет (1 Жкн. 5:21). Бирок Ыйык Китепте кудай тутулган башка нерселер тууралуу да айтылган. Мисалы, Ыйсанын төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал: «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар»,— деген (Мт. 6:24).
8 Канткенде «байлык» кудайга айланып калышы ыктымал? Аны түшүнүш үчүн байыркы Ысрайылдын талааларынын биринде жаткан кадимки эле ташты мисалга алалы. Ал таштан там же дубал салса, пайдасы тиймек. Ал эми андан «балбалдарды» же «сүрөт чегилген таштарды» жасаса, Жахабанын элине азгырык болмок (Леб. 26:1). Мына, ушул сыяктуу эле, акча — туура колдонулса, керектүү нерсе: ансыз азыр тиричиликтин өтүшү кыйын. Андан тышкары, аны Жахабага кылган кызматыбызда да колдонобуз (Нас. 7:12; Лк. 16:9). Бирок акча табууну Кудайга кылган кызматыбыздан жогору койсок, ал биз үчүн, чынында, кудай болуп калат (Оку: 1 Тиметейге 6:9, 10). Дүнүйө-мүлк баарынан маанилүү эсептелген азыркы дүйнөдө биз ага карата теңсалмактуу көзкарашта болууга тийишпиз (1 Тим. 6:17—19).
9, 10. а) Кудайдын кызматчылары билим алууга кандай карашат? б) Жогорку билим алуунун кандай коркунучу бар?
9 Билим алуу да маанилүү нерседен «пайдасыз нерсеге» айланып кетиши ыктымал. Албетте, ар бир ата-эне балдарынын билим алып, жашоодо өз жолун таап кетишин каалайт. Андан да маанилүүсү, Кудайга кызмат кылган адам сабаттуу болсо, Ыйык Китепти жакшы окуп-түшүнөт жана андагы принциптерди күндөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө кантип колдонууга болорун аңдап, Кудайдын көзкарашына дал келген чечимдерди чыгара алат. Ошондой эле Ыйык Китептеги чындыктарды айкын, ынанымдуу түшүндүрүп бере алат. Ырас, сапаттуу билим алууга убакыт кетсе да, анын акыбети кайтпай койбойт.
10 Ал эми жогорку окуу жайларынан, университеттен билим алуу тууралуу эмне дешке болот? Андай билим, көпчүлүктүн ою боюнча, ийгиликке жетүүгө жол ачат. Бирок жогорку билимге ээ болгондордун көбүнүн акылы дүйнөнүн зыяндуу акылмандыгына сугарылат. Андан тышкары, андай билимди алууга жаштыктын баалуу, Жахабага кызмат кылууга жумшаса боло турган жылдары кетет (Нас. 12:1). Балким, калкынын басымдуу бөлүгү жогорку билимге ээ өлкөлөрдө Кудайга ишенгендердин саны ошол себептен улам төмөндүр. Азыркы дүйнөнүн жогорку окуу жайларын коопсуздуктун булагы катары эсептөөнүн ордуна, биз Жахабага таянабыз (Накыл 3:5).
Денелик каалоолорду кудай кылып албагыла
11, 12. Пабыл эмне себептен: «Алардын кудайы — курсак»,— деп айткан?
11 Филипиликтерге жазган катында элчи Пабыл дагы бир нерсе кудай тутулуп калышы мүмкүн экенин айткан. Бир кездерде ишенимдештери болуп жүргөндөр тууралуу ал мындай деген: «Машайактын айкаш жыгачынын душмандары катары жашагандар көп. Алар жөнүндө мен силерге мурун да көп айткам, азыр да көз жаш менен айтып жатам. Алардын акыры — өлүм, алардын кудайы — курсак... алар жердеги жөнүндө ойлошот» (Флп. 3:18, 19). Адамдын курсагы кандай мааниде кудай болуп калышы мүмкүн?
12 Пабыл кеп кылган адамдар өзүлөрүнүн денелик каалоолорун Жахабага Пабыл менен бирге кызмат кылуудан артык көргөн сыяктанат. Алардын кээси тамак-ашка ашыра тоюуну адатка айлантып, ичимдикке берилип кеткен көрүнөт (Накыл 23:20, 21; салыштыргыла: Мыйзамды кайталоо 21:18—21). Башкалары болсо, биринчи кылымдагы байып кетүүгө түзүлгөн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып калууну чечип, Жахабага кызмат кылбай калышкан шекилдүү. Биз да «эл катары» жашоону көздөп, Жахабага кылган кызматыбызда солгундап калуудан сактаналы (Кол. 3:23, 24).
13. а) Дүнүйөкорлук деген эмне жана Пабыл аны эмнеге салыштырган? б) Дүнүйөкорлуктан же ачкөздүктөн биз канткенде алыс болобуз?
13 Пабыл жалган сыйынуунун дагы бир түрүн атап өткөн. «Ошондуктан,— деген ал,— дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла» (Кол. 3:5). «Дүнүйөкордук» же ачкөздүк бул — колубузда жок нерсени көксөө. Адамдын көксөгөн нерсеси дүнүйө-мүлк болушу ыктымал. Ага бузуктук же ойноштук кылууга болгон каалоо да кириши мүмкүн (Чыг. 20:17). Бирок андай каалоолордун бурканга сыйынууга же жалган кудайга сыйынууга барабар экени сестентпейби? Ыйса ошол өңдүү туура эмес каалоолорду башкара билүүнүн маанилүү экенин айкын сүрөттөп берген (Оку: Марк 9:47; 1 Жкн. 2:16).
Пайдасыз сөздөрдөн оолак болгула
14, 15. а) Жеремиянын күндөрүндө көптөр кандай «пайдасыз нерселерден» зыян тарткан? б) Мусанын сөздөрү эмне үчүн маңыздуу эле?
14 «Пайдасыз нерселерге» кээде сөздөр да кирет. Мисалы, Жахаба Жеремияга мындай деген: «Пайгамбарлар Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылып жатышат. Аларды Мен жиберген эмесмин, аларга Мен буйрук берген эмесмин, аларга Мен сүйлөгөн эмесмин. Алар силерге жалган аяндарды, төлгөлөрдү, жок нерселерди, өз жүрөктөрүнүн кыялдарын айтып жатышат» (Жер. 14:14). Ал жалган пайгамбарлар Жахабанын атынан сүйлөйбүз деп ырастаганы менен, өз кыялдарын, өз акылмандыгын айтышкан. Ошон үчүн алардын сөздөрү «жок нерсе» эле. Демек, ишенүүгө татыксыз болгон жана рухий саламаттыкка зыян келтирген. Ошондой жок сөздөргө ишеним арткандар б.з.ч. 607-жылы бабылдык аскерлердин колунан мезгилсиз набыт болгон.
15 Ал эми Муса ысрайыл элине: «Мен бүгүн силерге айткан сөздөрдүн баарын көңүлүңөргө түйгүлө»,— деген. «Анткени бул силерге Мыйз. 32:46, 47). Ооба, Муса Кудайдын сөздөрүн айткан. Ошондуктан анын айткандары «курулай сөз эмес» болчу, атүгүл, бүтүндөй элдин жыргалчылыгы үчүн зарыл эле. Аларга кулак салгандар узак, үзүрлүү өмүр сүргөн. Эмесе, биз да маңызсыз сөздөрдү четке кагып, чындыкка негизделген сөздөргө дит коёлу.
айтылган курулай сөз эмес, бул силердин өмүрүңөр. Силер ээлеп алыш үчүн Иордандан өтүп барган жерде бул аркылуу узак өмүр сүрөсүңөр» (16. Окумуштуулардын Кудай Сөзүнө кайчылаш келген ырастоолоруна биз кандай карайбыз?
16 Бүгүнкү күндө да пайдасыз сөздөр айтылып жатабы? Ооба. Мисалы, айрым окумуштуулар: «Эволюциялык теория менен кайсы бир тармактагы илимий ачылыштар Кудайга ишенүүнүн түркөйлүккө жатарын далилдейт, бары-жокту табигый жол менен түшүндүрүп берүүгө болот»,— деген сыяктуу ырастоолорду айтышат. Бирок андай текебер ырастоолор көңүл бурууга татыйбы? Жок! Себеби адамдын акылмандыгы Кудайдын акылмандыгына тең келбейт (1 Кор. 2:6, 7). Адамдардын окуусу Кудайдын ачып бергендерине кайчылаш келген учурларда адамдык окуулар ар дайым туура эмес болуп чыгары маалым (Оку: Римдиктерге 3:4). Чын-чынында, окумуштуулар кандай гана жетишкендиктерге жетпесин, Ыйык Китептеги: «Бул дүйнөнүн акылмандыгы — Кудай алдында акылсыздык»,— деген сөздөр калетсиз бойдон кала берет. Кудайдын чексиз акылмандыгына салыштыра келгенде, адамдардын ой жоруулары эч нерсеге арзыбайт (1 Кор. 3:18—20).
17. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери менен чындыктан четтегендердин ырастоолору тууралуу эмне дешке болот?
17 Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилеринин ырастоолорун да мисалга алсак болот. Алар Кудайдын атынан сүйлөйбүз дегени менен, айткандары көбүнесе Жазмага негизделбейт жана жалпы жонунан, пайдасыз. Чындыктан четтегендер да ошондой сөздөрдү сүйлөшөт: алар өзүлөрүн дайындалган «ишенимдүү жана акылдуу кулдан» да акылман эсептешет (Мт. 24:45—47). Бирок алар өз акылмандыгын айтышкандыктан, сөздөрү пайдасыз жана аларга кулак каккандар үчүн — азгырык (Лк. 17:1, 2). Андай азгырыктарга алданбоо үчүн эмне кылуу зарыл?
Пайдасыз сөздөрдү четке кагуу
18. Жакан 4:1деги кеңешти кандайча колдонсок болот?
18 Жашы өр тарткан элчи Жакан буга карата сонун кеңеш берген (Оку: 1 Жакан 4:1). Ал кеңешке ылайык, биз кабарда жолуктурган адамдарды мурунку билимин Ыйык Китепте айтылгандар менен салыштырып, текшерип көрүүгө чакырабыз. Ошол эле ыкманы өзүбүз да колдонсок болот. Эгер чындык же жыйналыш тууралуу сын пикир, кайсы бир аксакал же башка биртууган жөнүндө ушак уксак, аныгын текшербей туруп ишене берүү туура эмес болор эле. Тескерисинче, биз: «Бул окуяны айтып жаткан адам Ыйык Китепке ылайык иш кылып жатабы? Бул ырастоолор Жахабанын ниетинин ишке ашышына өбөлгө түзөбү? Алар жыйналыштын биримдигин бекемдейби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Ооба, биртуугандык биримдигибизди бекемдебей, кайра бузган сөздөрдүн баары пайдасыз (2 Кор. 13:10, 11).
19. Аксакалдардын сөздөрү канткенде пайдасыз болбойт?
19 Пайдасыз сөздөргө байланыштуу айтылгандардан аксакалдар да маанилүү сабак ала алышат. Аксакалдар кимдир бирөөгө кеңеш берүүгө туура келгенде өзүлөрүнүн жеткилеңсиздигин эске алып, берген кеңештерин жеке тажрыйбасына негиздебей, ар дайым Ыйык Китепке таянышы керек. Элчи Пабыл «Ыйык Жазуудан четтебөөнү» кеңеш кылган (1 Кор. 4:6). Андыктан аксакалдар Ыйык Китепте жазылгандардан четтебейт. Алар Ыйык Китепке негизделген, ишенимдүү жана акылдуу кулдун адабияттар аркылуу берген кеңешине бекем карманат.
20. «Пайдасыз нерселерди» четке кагууга бизге эмне жардам берет?
20 «Пайдасыз нерселердин» — жалган кудайлардын, сөздөрдүн жана башка ушу сыяктуу нерселердин — зыяны күчтүү. Ошол себептүү биз дайыма Жахабага тиленип, пайдасыз нерселерди жазбай таанууга жардам сурайбыз жана аларды четке кагуу үчүн Кудайдын жетекчилигин издейбиз. Ошондо биз: «Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер»,— деген забурчудай болобуз (Заб. 118:37). Эмки макалада Жахабанын жетекчилигин кабыл алуу канчалык баалуу экени талкууланат.
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Кайсы «пайдасыз нерселерден» сактануу керек?
• Канткенде акчаны кудай тутуудан качкан болобуз?
• Денелик каалоолор канткенде кудай болуп калышы ыктымал?
• Пайдасыз сөздөрдөн кантип оолак боло алабыз?
[Изилдөө суроолору]
[3-беттеги сүрөт]
Ысрайыл эли пайдасыз нерселердин артынан түшпөй, «өз жерин иштетүүгө» чакырылган
[5-беттеги сүрөт]
Байлыкка азгырылып, Жахабага кылган кызматыбызда солгундап калуудан сактаналы
[6-беттеги сүрөт]
Аксакалдардын сөздөрү биз үчүн абдан пайдалуу