Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Сага «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Анда төмөнкү суроолорго жооп бере алар-албасыңды текшерип көр.

• Астрологдор Ыйсага качан барышкан?

Ыйык китептик бир эмгекте мындай делет: «Койчулардан айырмаланып, көзбоочулар акырда жаткан Ыйсага ал төрөлгөн түнү эмес, бир нече ай өткөндөн кийин барышкан». Ал учурда наристе Ыйса ата-энеси менен үйдө жашачу (Мт. 2:7—11). Ойлонуп көрсөңөр, Ыйса төрөлгөн түнү ага алтын жана баалуу белектер берилсе, Мариям 40 күндөн кийин ийбадатканага барганда болгону эки канаттууну тартуу кылат беле? (январь—март, 31-б.).

• Көптөр жашоосун маңыздуураак кылуу үчүн эмне кыла алышат?

Кимдир бирөө: «Кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасап, жашоомду жөнөкөйлөтө аламбы?» — деп сурашы мүмкүн. Эмми да ошенткен. Ал бай жашаган, бирок өзүн бактылуу сезген эмес. Ошондой эле карьерага умтулуу менен ишенимден четтеп кала жаздаганын түшүнгөн. Андыктан ал Падышалыктын кызыкчылыктарын башкы орунга коюуну чечип, пионер болуп кызмат кыла баштаган. Эмми: «Азыр өзүмдү аябай бактылуу сезем. Мындай сезимге дүйнөлүк ишке убактымдын көбүн короткон күндө да ээ болгон эмесмин»,— дейт (15.1. 19-б.).

• Кээ бир энелерге терең канааттануу алууга эмне жардам бериши мүмкүн?

Көптөгөн энелерге жумушка орношууга туура келет. Алардын айрымдары үйбүлөсүн эң зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн, башкалары материалдык жактан көзкаранды болбош үчүн же ыңгайлуу жашоо өткөрүү үчүн иштешет. Дагы бирөөлөрү жумушунан кубаныч алгандыктан иштегиси келет. Өзгөчө, баласы кичине кезинде Ыйсаны жолдогон энелердин үйдөгү ролу чоң. Ошондуктан кээ бири жумуш убактысын кыскартууну же жумуштан чыгууну чечет. Бул үйбүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзүп, аларга терең канааттануу тартуулайт (апрель—июнь, 28—31-бб.).

• Ыйса Матай 24:34тө кайсы «муун» жөнүндө сөз кылган?

Ыйса «муун» деген сөздү көбүнчө ыймансыз адамдарга карата терс мааниде колдончу. Бирок ал бул сөздү ыйык рух менен майлана турган шакирттерине карата андай мааниде колдонгон эмес. Анткени анын шакирттери гана Матай 24:32, 33-аяттардагы сөздөрдүн маанисин түшүнүп, туура жыйынтык чыгара алышмак. Ошондуктан Ыйса «муун» деген сөздү биринчи кылымдагы да, биздин күндөрдөгү да майланган жолдоочуларына карата айткан деген тыянакка келүүгө болот (15.2. 23, 24-б.).

Жакып 3:17ге ылайык, кайсы сапаттарды чагылдырышыбыз керек?

«Таза» болуш үчүн жамандыкты дароо четке кагышыбыз кажет (Башт. 39:7—9). Ошондой эле тынчтыкты сүйүүчү болуп, каардануудан же тынчтыкты буза турган жүрүм-турумдан алыс болушубуз зарыл. Андыктан өзүбүздөн: «Мени тынчтыкка умтулуучу катары билишеби же тынчтыкты бузуучу катарыбы? Менде башкалар менен келишпестиктер көп болобу? Бат эле таарынып каламбы же башкаларды көп таарынтамбы? Кечиргенге даярмынбы же өзүмдүкүн таңуулоого жакынмынбы?» — деп сурап көргөнүбүз дурус (15.3. 24, 25-б.).