Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга кандай мамиле жасашыбыз керек?

Башкаларга кандай мамиле жасашыбыз керек?

Башкаларга кандай мамиле жасашыбыз керек?

«Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (ЛК. 6:31).

1, 2. а) Тоодогу насаат деген эмне? б) Ушу жана кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

ЫЙСА МАШАЙАК, чынында эле, Улуу Окутуучу болгон. Бир жолу диний каршылаштары аны кармап келүүгө сакчыларды жиберишет. Бирок алар Ыйсаны кармабай, өздөрү эле келип: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес»,— деп айтышкан (Жкн. 7:32, 45, 46). Ооба, Ыйсанын жүрөктү козгогон окутууларынын бири — Тоодогу насааты. Ал насаат Матайдын Инжилинин 5—7-бөлүмдөрүндө баяндалган жана ушу сыяктуу маалымат Лука 6:20—49-аяттарда да жазылган *.

2 Ал насаатта айтылган билдирүүлөрдүн эң эле белгилүүсү «алтын эреже» болсо керек. Бул эрежеде башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектиги көрсөтүлгөн. «Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген Ыйса (Лк. 6:31). Ал адамдарга канчалаган жакшылыктарды кылган! Оорулууларды айыктырган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен. Бирок адамдар анын айткан жакшы кабарын кабыл алганда гана өзгөчө батага ээ болушкан (Оку: Лука 7:20—22). Биз да Жахабанын Күбөлөрү катары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар айтуу ишине катышуудан кубаныч алабыз (Мт. 24:14; 28:19, 20). Бул жана кийинки макалада Ыйсанын ушул иш жөнүндө айткандарын, ошондой эле башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектигине байланыштуу Тоодогу насааттагы айрым ойлорду карап чыгабыз.

Момун бол

3. Момундукка кандай аныктама берет элең?

3 Ыйса: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп айткан (Мт. 5:5). Ыйык Жазмага ылайык, момун болуу алсыздыкты билдирбейт. Ал — сөзүбүздө жана ишибизде чагылдырылган, Кудайдын талаптарына шайкеш келген жумшактык. Бул сапат башкаларга кылган мамилебизден айкын көрүнөт. Мисалы, биз «жамандыкка жамандык менен жооп бербейбиз» (Рим. 12:17—19).

4. Момундар эмне үчүн бактылуу?

4 Момундар бактылуу, анткени «алар жерди мурасташат». Ыйса жоош жана момун болгондуктан, «баарына мураскор болуп дайындалган». Ошондуктан ал — башкаруучу катары жердин башкы Мураскору (Мт. 11:29; Эвр. 1:2; Заб. 2:8). «Адам Уулунун», Машайактын, асмандагы Падышалыкта кошо башкаруучулары болору алдын ала айтылган (Дан. 7:13, 14, 21, 22, 27). Ошентип, «Машайак менен мурасташ» болгон момун 144 000 майланган Ыйса менен чогуу жерди мураска алышат (Рим. 8:16, 17; Аян 14:1). Башка момун адамдар да батага ээ болуп, Падышалыктын башкаруусу алдында жерде түбөлүк өмүр сүрүшөт (Заб. 36:11).

5. Ыйсаны туурап, момун болгонубуз кулк-мүнөзүбүзгө кандай таасир этет?

5 Эгер орой болсок, башкаларга биз менен мамилелешүү кыйынга турушу жана алар бизден алысташы мүмкүн. Бирок, Ыйсаны туурап, момундукту чагылдырсак, жыйналыштагыларга биз менен пикирлешүү жагымдуу, рухий жактан сергитерлик болот. Эгер биз «рухтун жетеги менен жашасак», Кудайдын иш-аракеттүү күчү рухтун жемиши болгон момундукту өрчүтүүгө жардам берет (Оку: Галатиялыктарга 5:22—25). Биз, албетте, Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен жашаган момун адамдардан болгубуз келет.

Ырайымдуулар бактылуу

6. «Ырайымдуу» болуу өз ичине кайсы сапаттарды камтыйт?

6 Ыйса Тоодогу насаатында: «Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат»,— деп да айткан (Мт. 5:7). «Ырайымдуу» болуу колунда жокторго кайрымдуулук, боорукердик көрсөтүүнү, атүгүл жан ачууну билдирет. Ыйса «боору ооругандыктан», азап тарткандарды керемет жолу менен сакайткан (Мт. 14:14; 20:34). Башкаларды аёо, аларга боор ооруу бизге да ырайымдуу болууга түрткү берет (Жкп. 2:13).

7. Боор ооруу Ыйсага эмне кылууга түрткү берген?

7 Ыйса бир аз эс алганы баратканда көп элди көрүп, аларга боору ооруган. «Анткени алар койчусу жок койлордой эле». Ошон үчүн «Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштаган» (Мр. 6:34). Ошо сыяктуу эле, биз да башкаларга Кудайдын Падышалыгы жана Анын зор ырайымы жөнүндө айтуудан чоң кубаныч алабыз!

8. Ырайымдууларды эмне үчүн бактылуу десе болот?

8 Ырайымдуулар бактылуу, себеби аларга «ырайым кылынат». Башкаларга ырайымдуу мамиле кылганыбызда, көп учурда алар да бизге ошондой мамиле кылышат (Лк. 6:38). Анын үстүнө, Ыйса: «Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет»,— деп айткан (Мт. 6:14). Ооба, ырайымдуулардын гана күнөөлөрү кечирилип, алар Кудайдын жактыруусуна ээ болушат. Бул болсо алардын бактылуу болушуна өбөлгө түзөт.

«Тынчтык орнотуучулар» бактылуу

9. Тынчтыкка умтулсак, кандай иш кылабыз?

9 Бактылуу болууга дагы эмне өбөлгө түзөрүн айтып, Ыйса мындай деген: «Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар „Кудайдын уулдары“ деп аталышат» (Мт. 5:9). Эгер биз тынчтык орнотуучулардан болсок, «досторду ажырата» турган иштерге барбайбыз, мисалы, ушак айтпайбыз жана ушак тараткандарды да колдобойбуз (Накыл 16:28). Биз сөзүбүз менен да, ишибиз менен да ишенимдештерибиз жана башка адамдар менен тынчтыкта болууга умтулабыз (Эвр. 12:14). Өзгөчө, Жахаба Кудай менен тынчтыкта болуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз (Оку: 1 Петир 3:10—12).

10. «Тынчтык орнотуучулар» эмне үчүн бактылуу?

10 Ыйса «тынчтык орнотуучуларды» бактылуу деген, «анткени алар „Кудайдын уулдары“ деп аталышмак». Ыйса Машайакка ишеним көрсөткөндүктөн, анын майланган жолдоочулары «Кудайдын балдары болуу» укугуна ээ болушкан (Жкн. 1:12; 1 Пет. 2:24). Тынчтыкка умтулган башка койлор жөнүндө эмне айтууга болот? Мурасташтары менен миң жыл башкарган убакта Ыйса башка койлордун Түбөлүк Атасы болот (Жкн. 10:14, 16; Ыш. 9:6; Аян 20:6). Ал эми Миң жылдык башкаруунун соңунда тынчтык орнотуучулар толук мааниде Кудайдын жердеги балдары болушат (1 Кор. 15:27, 28).

11. «Асмандан келген акылмандыкка» жетектелсек, башкаларга кандай мамиле кылабыз?

11 «Тынчтыктын Кудайы» Жахаба менен ынак мамиледе болуш үчүн тынчтыкка умтулуп, анын сапаттарын чагылдырышыбыз зарыл (Флп. 4:9, «ЖД»). Эгер «асмандан келген акылмандыкка» жетектелсек, башкалар менен тынчтыкта болобуз (Жкп. 3:17). Ооба, тынчтыкка умтулуу бактылуу кылат.

«Силердин жарыгыңар... жаркырап турсун»

12. а) Ыйса рухий жарык жөнүндө эмне деген? б) Жарыгыбыз жаркыраш үчүн эмне кылсак болот?

12 Биз адамдарга Кудайдан келген рухий жарыкты кабыл алууга жардам берүү менен аларга эң жакшы мамиле кылган болобуз (Заб. 42:3). Ыйса шакирттерине алар «дүйнөнүн жарыгы» экенин айткан жана «жакшы иштери» башкаларга көрүнгүдөй болушу үчүн аларды жарыгынын жаркырашына үндөгөн. Натыйжада «адамдардын алдында» же адамзаттын пайдасы үчүн рухий чындык ачылып берилмек (Оку: Матай 5:14—16). Бүгүн жакындарыбызга жакшылык кылуунун жана дүйнөнүн булуң-бурчуна, «бардык элдерге» жакшы кабар таратуунун аркасында биздин жарыгыбыз жаркырайт (Мт. 26:13; Мр. 13:10). Бул ишти аткаруу кандай чоң сыймык!

13. Башкалар эмнени байкабай койбойт?

13 «Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт»,— деген Ыйса. Чынында эле, тоо үстүндө жайгашкан шаарды байкабай коюу мүмкүн эмес. Анын сыңарындай эле, Падышалыктын жарчылары катары кылган жакшы иштерибиз жана токтоолугубуз, адеп-ахлактуулугубуз байкалбай калбайт (Тит. 2:1—14).

14. а) Биринчи кылымдагы чыракты кандайча сүрөттөп берет элең? б) Канткенде рухий жарыкты «идиштин» алдына жашырып койгон болбойбуз?

14 Ыйса: «Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт»,— деген. Биринчи кылымда кеңири колдонулган чырак чоподон жасалчу. Шам анын ичиндеги суюктукка (адатта, зайтун майына) малынган билиги аркылуу жанып турчу. Чырак көп учурда жыгачтан же металлдан жасалган чыракпаяга коюлуп, «үйдөгүлөрдүн баарына жарык берчү». Адамдар чыракты жандырып туруп, үстүнө идишти көмкөрүп коюшмак эмес. Муну менен Ыйса анын шакирттери рухий жарыгын каймана маанидеги идиш менен жаап койбошу керектигин көрсөткөн. Ошондуктан биз каршылыктардын же куугунтуктардын айынан ыйык китептик чындыкты башкалардан эч качан жашырбайбыз же кайсы бир себептерден улам айтпай койбойбуз, тескерисинче, жарыгыбызды жаркырата берүүгө тийишпиз.

15. Биздин «жакшы иштерибиз» башкаларга кандай таасир этет?

15 Ыйса чырак жөнүндө айтып бергенден кийин шакирттерине мындай деген: «Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын». Биздин «жакшы иштерибиздин» аркасында кээ бирөөлөр Кудайдын кызматчысы болуп, Аны даңктап жатышат. Бул «дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушубузга» кандай сонун себеп! (Флп. 2:14, 15).

16. «Дүйнөнүн жарыгы» болуш үчүн эмнелер талап кылынат?

16 «Дүйнөнүн жарыгы» болуш үчүн Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу зарыл. Бизден дагы башка нерсе да талап кылынат. Элчи Пабыл: «Жарыктын балдары катары жашагыла. Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык»,— деп жазган (Эф. 5:8, 9). Ооба, биз Кудайдын бийик нормаларына ылайык жашашыбыз керек. Андыктан элчи Петирдин төмөнкү кеңешине кулак какканыбыз маанилүү: «Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын» (1 Пет. 2:12). Бирок ишенимдешибиз менен келишпестик пайда болсо, эмне кылышыбыз керек?

«Бир тууганың менен элдеш»

17—19. а) Матай 5:23, 24тө кандай курмандык жөнүндө айтылган? б) Биртууган менен элдешүү канчалык маанилүү жана муну Ыйса кантип көрсөткөн?

17 Тоодогу насаатында Ыйса шакирттерине биртууганына кек сактабашы жана аны жек көрбөшү керектигин эскерткен. Тескерисинче, алар таарынган биртууганы менен тез аранын ичинде жарашууга умтулушу керек эле (Оку: Матай 5:21—25). Ыйсанын кеңеши жөнүндө терең ой жүгүртүп көрсөң. Эгер тартууңду курмандык чалынуучу жайга алып келгенде, биртууганыңдын сага кандайдыр бир таарынычы бар экенин эстесең, эмне кылат элең? Анда тартууңду курмандык жайдын жанына калтырып, ал биртууган менен элдешүү үчүн бармаксың. Ошондон кийин гана кайрылып келип, тартууңду алып келет элең.

18 Тартуу, адатта, Жахабанын ийбадатканасына алынып келинген курмандык болчу. Жаныбарларды курмандыкка чалууну Кудай өзү буйругандыктан жана бул Мусанын Мыйзамы боюнча жашаган ысрайылдыктардын сыйынуусунун бир бөлүгү болгондуктан, тартуу кылуу маанилүү эле. Бирок эгер биртууганыңдын сага каршы кандайдыр бир нааразычылыгы бар экенин эстесең, аны менен элдешүү курмандык чалуудан да маанилүү болчу. «Курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да,— деген Ыйса,— барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыңды алып кел». Демек, биртууган менен элдешүү Мыйзамдагы талапты аткаруудан да жогору турган.

19 Ыйса бул жерде белгилүү бир курмандык же конкреттүү бир нааразычылык жөнүндө айткан эмес. Ошондуктан кимдир бирөө биртууганынын кандайдыр бир таарынычы бар экенин эстесе, кандай курмандык болбосун, аны калтыра турмак. Эгер ал курмандыкка тирүү мал апкелсе, аны «курмандык чалынуучу жайдын алдына», ийбадатканадагы ыйык кызмат кылуучулардын ички короосуна, калтырышы керек эле. Келишпестик чечилгенден кийин таарынткан тарап келип, курмандыгын чала алмак.

20. Биртууганыбызга ачуулансак, келишпестикти эмне үчүн дароо чечишибиз керек?

20 Кудайдын көзкарашы боюнча, биртуугандар менен болгон мамилебиз чыныгы сыйынуунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Эгер кимдир бирөө биртууганына тийиштүү мамиле кылбаса, анын алып келген курмандыгы Жахабанын алдында эч нерсеге татычу эмес (Мих. 6:6—8). Ошондуктан Ыйса шакирттерин «элдешип алганга шашууга» үндөгөн (Мт. 5:25). Пабыл ушул сыяктуу эле ойду айтып: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле»,— деп жазган (Эф. 4:26, 27). Ачууланганыбыз негиздүү болгон күндө да, кыжырданып жаткан учурду пайдаланып, Шайтан бизди өз кызыкчылыгына колдонбошу үчүн, келишпестиктерди дароо чечишибиз зарыл (Лк. 17:3, 4).

Башкаларга дайыма урмат-сый менен мамиле кыл

21, 22. а) Ыйсанын биз карап чыккан кеңешин кантип колдоно алабыз? б) Кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

21 Ыйсанын Тоодогу насаатындагы айрым билдирүүлөрдү карап чыгуу бизге башкаларга боорукердик, урмат-сый менен мамиле кылууга жардам бериши керек. Баарыбыз жеткилеңсиз болсок да, Ыйсанын кеңешин колдоно алабыз, себеби ал да, асмандагы Атабыз да бизден колубуздан келбеген нерсени талап кылбайт. Тиленүүнүн, чын жүрөктөн аракет кылуунун аркасында жана Жахаба Кудайдын жардамы менен момун, ырайымдуу, тынчтыкка умтулган адамдардан боло алабыз. Ошондой эле Жахабага даңк алып келген рухий жарыкты чагылдыра алабыз жана биртуугандарыбыз менен болгон тынчтыкты сактайбыз.

22 Сыйынуубуз Жахабага жагышы үчүн жакыныбызга тийиштүү мамиле жасашыбыз керек (Мр. 12:31). Кийинки макалада башкаларга жакшылык кылууну улантууга жардам берген Тоодогу насаатта камтылган дагы башка билдирүүлөрдү карап чыгабыз. Ыйсанын жогоруда айтылган теңдешсиз насаатындагы ойлор жөнүндө ой жүгүрткөн соң өзүбүздөн: «Алтын эрежени кантип жакшыраак колдоно алам?» — деп сурап көрсөк болот.

[Шилтеме]

^ 1-абз. Бул жана кийинки макаланы карап чыгар алдында өздүк изилдөөңдө ушул үзүндүлөрдү окусаң, көп пайда аларың шексиз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Момун болуу эмнени билдирет?

• Ырайымдуулар эмне үчүн бактылуу?

• Жарыгыбызды канткенде жаркырата алабыз?

• Биртууганыбыз менен эмне үчүн дароо элдешишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды жарыялоо — жарыгыбызды жаркыратуунун мыкты жолу

[5-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочуларынын жүрүм-туруму үлгүлүү болушу керек

[6-беттеги сүрөт]

Биртууганың менен элдешүү үчүн колуңдан келгендин баарын кыл