Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Жахабага кызмат кылууну тандагыла!

Жаштар, Жахабага кызмат кылууну тандагыла!

Жаштар, Жахабага кызмат кылууну тандагыла!

«Эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сакта» (2 ТИМ. 3:14).

1. Жахаба жаштардын кызматына кандай карайт?

ЖАШТАР, силердин ыйык кызматыңар Жахаба үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан ал забурчу аркылуу мындай пайгамбарлык жаздырган: «Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет» (Заб. 109:3). Ооба, Жахаба өзүнө даярдуулук менен кызмат кылган жаштарды жогору баалайт.

2. Келечекке жол тандоодо дүйнө тарабынан жаштарга кандай кысым көрсөтүлөт?

2 Жыйналышка келип жүргөн жаштар, өзүңөрдү Жахабага арнадыңарбы? Көптөр үчүн Кудайга өзүн арноону чечүү оңой эмес. Себеби жаштар ар кыл ишкерлер, мугалимдер, жакындары жана курбу-курдаштары тарабынан байлыкка умтулууга үндөлүшөт. Ал эми рухий максаттарды көздөшкөндөрү жек көрүндү болушат. Бирок, чын-чынында, чыныгы Кудайга кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол (Заб. 26:4). Эмесе, төмөндөгү үч суроого токтололу: сен эмне себептен Кудайга кызмат кылышың керек? Башкалардын ой-пикири, мамилеси кандай болбосун, сен канткенде арналууңа ылайык жашай аласың? Ыйык кызмат кылууда сен үчүн кандай артыкчылыктарга жол ачылат?

Эң туура чечим — Жахабага кызмат кылуу

3. Жахабанын жаратуулары тууралуу ой жүгүрткөндө бизде кандай сезимдер пайда болот?

3 Эмне себептен сен чыныгы, тирүү Кудайга кызмат кылышың керек? Анын негизги себеби Аян 4:11де мындай деп түшүндүрүлөт: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат». Ооба, бардык нерсенин теңдешсиз Жаратманы — Жахаба. Биздин Жер, андагы бак-дарактар, гүлдөр, айбанаттар, океандар, тоолор жана шаркыратмалар кандай гана керемет жаратылган! Чынында эле, Жер Кудай «жараткан нерселерге толгон» (Заб. 103:24). Ал эми ошонун баарына баа берип, алардан ырахат алышыбыз үчүн Жахаба биздин денебиз менен мээбизди укмуштуудай кылып жаратып койгон. Ушулардын баары тууралуу ой жүгүртүү ыраазычылык сезимин туудуруп, Жаратканыбызга кызмат кылууга түрткү бербейби?

4, 5. Жашыяга Жахабага жакындоого эмне түрткү берген?

4 Жахабага эмне себептен кызмат кылуу керектигин байыркы ысрайыл элинин жолбашчысы Жашыянын сөздөрүнөн да байкоого болот. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ал Кудайдын элине кайрылып: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деген. Жашыя эмнеден улам ушинтип айта алган? (Жаш. 23:14).

5 Ал Мисирде өсүп-чоңойгондуктан, Жахабанын ысрайыл элине берген, «сүт менен бал аккан» жерге алпарам деген убадасын билсе керек (Башт. 12:7; 50:24, 25; Чыг. 3:8). Кийин Жахаба ошол убадасын Мисир жерине он жаза жиберип, тоң моюн фараонду ысрайылдыктарды коё берүүгө аргасыз кылуу менен аткара баштаган. Андан соң элин Кызыл деңизден аман алып өтүп, фараон менен анын аскерлерин деңиз түбүнө калтырган. Ошондой эле ысрайыл эли узак убакыт бою Синайдын «коркунучтуу ээн кара чөлүндө» жүргөндө, Жахаба мээримдүүлүк менен кам көрүп, алардын бардык муктаждыктарын канааттандырган. Ошон үчүн тамактын же суунун жетишсиздигинен өлгөн бир да киши болгон эмес (Мыйз. 8:3—5, 14—16; Жаш. 24:5—7). Ал эми Убадаланган жерди ээлөөгө убакыт келип жеткенде, ысрайылдыктар Жахабанын жардамы менен Канаандагы кубаттуу элдерди кууп чыгышкан. Жашыя ушул окуялардын баарына өзү күбө болгон (Жаш. 10:14, 42).

6. Кудайга кызмат кылуу каалоосун өрчүтүүгө сага эмне жардам берет?

6 Жашыя Жахабанын өз убадаларына бек туруп, айткандарын аткарып келгенин жакшы билгендиктен: «Мен жана менин үй-бүлөм болсо Теңирге кызмат кылабыз»,— деп чечкиндүү айткан (Жаш. 24:15). Ал эми сен тууралуу эмне дешке болот? Чыныгы Кудайдын мурда аткарган жана келечекте аткара турган убадалары жөнүндө ой жүгүрткөндө, сен да ага, Жашыядай болуп, кызмат кылууга түрткү аласыңбы?

7. Чөмүлтүлүү эмне үчүн маанилүү кадам?

7 Жахабанын жаратуулары жана анын сөзсүз ишке аша турган кереметтүү убадалары тууралуу ой жүгүртүү сага өзүңдү Жахабага арноого, ошондой эле арналганыңды сууга чөмүлтүлүү менен көрсөтүүгө түрткү берери шексиз. Чөмүлтүлүү — Кудайга кызмат кылууну каалаган адам жасоого тийиш болгон маанилүү кадам. Муну Ыйсанын үлгүсүнөн айкын көрүүгө болот. Ыйса эмне үчүн чөмүлтүлүшү керек эле? Ал: «Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм»,— деген (Жкн. 6:38). Чөмүлтүлүүсү менен Ыйса өзүн Атасынын эркин аткарууга арнаганын көрсөткөн. Ал Чөмүлдүрүүчү Жаканга барып чөмүлтүлгөндөн кийин гана Машайак болуп, кызматын баштаган (Мт. 3:13—17).

8. Тиметей эмне себептен Кудайга кызмат кылууну чечкен, сенден да эмне кылуу талап кылынышы мүмкүн?

8 Жахабанын жаш кызматчысы Тиметейдин да үлгүсүнө көңүл буралы. Жахаба ага кийин чоң иштерди тапшырып, көп артыкчылыктарды берген. Тиметей эмне себептен Кудайга кызмат кылууну чечти эле? Себеби ал «үйрөнгөндөрүнө» бекем ишенген (2 Тим. 3:14). Эгер сен Ыйык Китепти изилдеп, андагы окуулардын чындык экенине ынансаң, сенден да Тиметейдей болгон жакшы биртууган чыгат. Ан үчүн сага чечим чыгаруу зарыл. Чечимиң тууралуу ата-энең менен сүйлөш. Алар жыйналыштагы аксакалдар менен бирге чөмүлтүлүү үчүн коюлган ыйык китептик талаптарды түшүндүрүп беришет (Оку: Элчилер 8:12).

9. Чөмүлтүлсөң, башкалар кандай сезимде болот?

9 Чөмүлтүлүү Кудайга кызмат кылууга жол ачат. Бул кадамды шилтөө менен сен узак жарышка түшкөн болосуң. Ал жарышка катышкандар, акыры, түбөлүк өмүргө ээ болушат. Ал эми азыр болсо Кудайдын эркин аткаруудан чоң кубаныч ала алышат (Эвр. 12:2, 3). Сенин чөмүлтүлүүң ал жарышка сенден мурун түшкөн туугандарыңды жана жыйналыштагы досторуңду кубантат. Баарынан маанилүүсү, Жахабаны сүйүнтөт (Оку: Накыл сөздөр 23:15). Анткен менен айрымдар сенин эмне себептен Жахабага кызмат кылууну чечкениңди түшүнбөй, ар кандай суроолорду бериши мүмкүн. Атүгүл каршы чыгышы ыктымал. Бирок андай кыйынчылыктарды оңой эле жеңүүгө болот.

Суроолор жана каршылыктар

10, 11. а) Башкалар сага кандай суроолорду бериши мүмкүн? б) Ыйсанын суроолорго кантип жооп бергенинен эмнеге үйрөнө аласың?

10 Кудайга кызмат кылууну чечкениң классташтарыңдын, кошуналарыңдын же туугандарыңдын кээсин таң калтырары шексиз. Алар сенин чындык жолуна эмне себептен түшкөнүңдү билгиси келип, ишенимиң тууралуу ар кандай суроолорду бериши ыктымал. Андайда эмне кылышың керек? Тийиштүү түрдө жооп бериш үчүн ой-сезимдериңди, ниетиңди текшерип көрүп, эмне үчүн Кудайга кызмат кылууну чечкениңди аныктап алышың абзел. Суроолорго жооп берип жатканда Ыйсанын үлгүсүнө карман.

11 Жүйүт диний жетекчилери тирилүүгө байланыштуу суроо беришкенде, Ыйса алардын көңүлүн өздөрү билген, бирок эске алышпаган аятка бурган (Чыг. 3:6; Мт. 22:23, 31—33). Бир мыйзам окутуучу кайсы осуят баарынан маанилүү экенин сураганда да ал ылайыктуу аяттарды колдонуп жооп берген. Мыйзам окутуучу алган жообуна канааттанып калган (Леб. 19:18; Мыйз. 6:5; Мр. 12:28—34). Ошондой эле Ыйса Жазманы жакшы колдонуп, туура сүйлөй билгендиктен, анын сөзүн уккан эл кээде ич ара бөлүнүп кетчү. Натыйжада ниети бузуктар ага кол көтөрө албай калышчу (Жкн. 7:32—46). Сен да суроолорго Ыйык Китепти колдонуп, «момундук жана кичи пейилдик менен жооп бер» (1 Пет. 3:15, «ҮН», 2001). Эгер кайсы бир суроого жооп бере албай калсаң, жообун билбээриңди ачык айтып, ал тууралуу изилдеп келүүнү убада кыл. Анан сен түшүнгөн тилдеги «Күзөт Мунарасынын адабияттар индексинен» же «Күзөт Мунарасынын электрондук китепканасынан» маалымат таап, даярданып бар. Ошондо берген жообуң туура болот (Кол. 4:6).

12. Куугунтуктарга карабай эмне үчүн көңүлүңдү чөгөрбөсөң болот?

12 Кээде ишенимиң жөнүндөгү суроолорго жооп берүүдөн да бөлөк жагдайларга туш болушуң мүмкүн. Бул дүйнөнү Кудайдын душманы Шайтан башкарып жатат (Оку: 1 Жакан 5:19). Андыктан чындык жолуна түшкөнүңө баары эле кубана бербээри, ал турсун, айрымдар каршы чыгары түшүнүктүү. Алар сени, качан болсун, жамандай бериши мүмкүн (1 Пет. 4:4). Бирок чочулаба. Себеби ошондой мамилеге Ыйса Машайак да кабылган. Андайды элчи Петир да башынан өткөргөн. Ошого карабастан ал: «Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө. Тескерисинче, Машайак тарткан азапка ортоктош болуп жаткандыгыңар үчүн кубангыла»,— деп жазган (1 Пет. 4:12, 13).

13. Ыйсанын жолдоочулары куугунтукталганда эмне үчүн кубанышат?

13 Эгер сен да Ыйсанын жолдоочусу катары куугунтукка же каршылыктарга дуушар болуп жатсаң, кубанууга негиз бар. Себеби бул дүйнөнүн жактыруусуна ээ болсоң, Кудайдын эмес, Шайтандын талаптары боюнча жашап жаткан болмоксуң. Ыйса: «Эгерде силерди элдин баары мактаса, силерге кайгы! Анткени алардын ата-бабалары жалган пайгамбарларга ушундай мамиле кылышкан»,— деп эскерткен (Лк. 6:26). Куугунтуктар Шайтандын жана анын дүйнөсүнүн сенин Жахабага кызмат кылганыңды жактырбай жатканынын көрсөтөт (Оку: Матай 5:11, 12). Андыктан «Машайактын ысымы үчүн кордолуп» жатканың үчүн кубансаң болот (1 Пет. 4:14).

14. Куугунтук маалында ишенимдүү бойдон калуунун жыйынтыгы кандай болот?

14 Каршылыктарга карабай Жахабага болгон берилгендигиңди сактасаң, жакшы жыйынтыктарга жетесиң. Айталы, Кудай менен анын Уулу жөнүндө күбөлөндүрөсүң. Кыйынчылыктарды ишенимдүүлүк менен көтөрүп жатканыңды көргөн ишенимдештериңди кайраттандырасың. Жахабаны билбегендердин кээсине аны таанып-билүүгө түрткү бересиң (Оку: Филипиликтерге 1:12—14). Сен өзүң да кыйынчылыктарды көтөрүүгө Жахабанын кантип күч берип жатканын байкаган сайын, аны мурдагыдан да жакшы көрө баштайсың.

Сен үчүн «эшик кенен ачык»

15. Пабыл үчүн кандай «эшик» кенен ачылган?

15 Элчи Пабыл Эфестеги кызматы жөнүндө: «Мен үчүн эшик кенен ачылды»,— деп жазган (1 Кор. 16:8, 9). Башкача айтканда, Пабылга ал шаарда жакшы кабарды таратып, шакирт даярдоо ишине көбүрөөк катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол «эшик» аркылуу кирүү менен Пабыл көптөргө Жахаба жөнүндө билүүгө жана Ага сыйына баштоого жардам берген.

16. 1919-жылы «эшик» ачылганда майланган калдык эмне кыла баштаган?

16 Майланган калдык үчүн да асман даңкына бөлөнгөн Ыйса Машайак аркылуу 1919-жылы «эшик» ачылган (Аян 3:8). Алар ошол «эшик» аркылуу кирип, жакшы кабарды таратуу жана Ыйык Китептеги чындыкты окутуу ишине болуп көрбөгөндөй жигердүүлүк менен катыша баштаган. Алардын кызматы кандай жемиш берүүдө? Учурда жакшы кабар жердин булуң-бурчуна жетип, жети миллионго жакын киши Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болушту.

17. «Эшик» кенен ачылып турганда сен эмне кылсаң болот?

17 Азыр да Жахабанын Күбөлөрүнүн баары үчүн ал «эшик» кенен ачылып турат. Ал «эшик» аркылуу кирип, жакшы кабарды таратууга көбүрөөк катышкандар зор кубаныч алышууда. Силер, Жахабанын жаш кызматчылары, башкаларга «Жакшы Кабарга ишенүүгө» жардам берүү артыкчылыгын жогору баалайсыңарбы? (Мр. 1:14, 15). Жалпы же көмөкчү пионердик кызмат тууралуу ойлонуп көрдүңөр беле? Падышалык залын куруу ишине катышуу, Бейтелде кызмат кылуу, атайын пионер же миссионер болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөчү? Шайтандын бузулган дүйнөсүнө берилген мөөнөт аяктап баратат. Андыктан кызматка көбүрөөк катышуу азыр өзгөчө маанилүү. Сен да, «эшик» кенен ачылып турганда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгың келеби?

Жахабанын «жакшы экенин» татып көргүлө!

18, 19. а) Дөөт эмнеден улам Жахабага кызмат кылгысы келген? б) Дөөттүн Кудайга кызмат кылганы үчүн өкүнбөгөнүн эмнеден билүүгө болот?

18 Дөөт: «Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр!» — деген (Заб. 33:9). Дөөттү, кийин Ысрайылдын падышасы болгон койчу баланы, Жахаба жырткычтардан бир канча ирет коргогон. Ошондой эле Голийат менен болгон беттешүүдө колдогон. Ал гана эмес, дагы башка көптөгөн кырсык-балаадан сактаган (1 Шем. 17:32—51; Заб. 17:1). Кудайдын улуу сүйүүсү менен боорукердигин жакшы билгендиктен, Дөөт: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат? Сага ким тең келе алат!» — деп жазган (Заб. 39:6).

19 Дөөт Жахабаны абдан сүйгөндүктөн, аны бүт жүрөгү, жан-дили менен даңктагысы келген (Оку: Забур 39:9—11). Ал өмүрү өткөнчө чыныгы Кудайга кызмат кылганы үчүн эч өкүнгөн эмес. Кудай алдында актыгын сактап жашоо ал үчүн кубанычтын булагы эле эмес, эч нерсеге алмаштыргыс кенч болгон. Дөөт карыганда: «Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери Сен менин таянычымсың!.. Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба»,— деген (Заб. 70:5, 18). Карылыктын айынан алдан-күчтөн тайса да, ал Жахабага болгон ишенимин, аны менен болгон достугун бекем бойдон сактаган.

20. Кудайга кызмат кылууну эмне себептен жашоодогу эң мыкты жол дешке болот?

20 Жашыя, Дөөт, Тиметейлердин жашоосунан Жахабага кызмат кылуунун жашоодогу эң мыкты жол экени айкын көрүнүп турат. Бул дүйнөдөгү мансап, убактылуу байлык Жахабага чын жүрөктөн, жан-дилден кызмат кылуунун аркасында ала турган түбөлүктүү баталарга тең келбейт (Жаш. 22:5). Эгер өзүңдү тиленүү аркылуу Жахабага арнай элек болсоң: «Мага Жахабанын Күбөсү болууга эмне тоскоолдук кылып жатат?» — деп ойлонуп көргөнүң дурус. Ал эми Жахабанын чөмүлтүлгөн кызматчысы болсоң, жашооңдун мындан да кызыктуу болушун каалайсыңбы? Анда кызматыңды кеңейтип, рухий жактан өсүүгө умтула бер. Кийинки макалада элчи Пабылдан үлгү алуу менен рухий жактан кантип өсүүгө болору каралат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кайсы эки себептен улам Кудайга кызмат кылышыбыз керек?

• Тиметей эмне себептен Кудайга кызмат кылууну чечкен?

• Куугунтукка кабылганда бекем бойдон калуу кандай натыйжа берет?

• Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга сен үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Жахабага кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол

[19-беттеги сүрөт]

Ишенимиңе байланыштуу суроолорго жооп бере аласыңбы?