Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?

Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?

Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНҮН Жетектөөчү Кеңеши Кудайдын арналган кызматчыларынан, майланган эркектерден турат. Алар ишенимдүү жана акылдуу кул тобунун өкүлү катары Кудайдын элин рухий тамак менен камсыз кылуу жоопкерчилигине ээ, ошондой эле Падышалык тууралуу кабар айтуу ишинин бүткүл дүйнө жүзүндө жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт (Мт. 24:14, 45—47).

Жетектөөчү Кеңеш жума сайын, адатта, шаршембиде жолугушуу өткөрүп турат. Мындай жолугушуулар ал биртуугандардын чогуу, биримдикте иштешине өбөлгө түзөт (Заб. 132:1). Ошондой эле Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү түрдүү комитеттерде кызмат кылышат. Ар бир комитет Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууда кабар айтуу ишине байланыштуу өзүнө караштуу кайсы бир жактарды көзөмөлдөйт. Алар төмөндө кыскача көрсөтүлдү.

▪ КООРДИНАТОРЛОР КОМИТЕТИ. Бул комитет Жетектөөчү Кеңештин башка комитеттеринин координаторлорунан жана Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон катчыдан турат. Бул бардык комитеттердин эриш-аркак жана натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөт. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга, куугунтуктарга, табигый кырсыктарга кабылган дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө кам көрүп, Кудайдын элине тиешелүү башка зарыл маселелерди чечет.

▪ КАДРЛАР КОМИТЕТИ. Бул комитеттеги биртуугандар дүйнө жүзүндөгү Бейтелдерде кызмат кылгандарга денелик, рухий жактан кам көрүлүшүнө жана башка жардам көрсөтүлүшүнө көзөмөлдүк кылат. Алардын милдетине Бейтелге жаңыларды чакыруу жана бейтелдик кызматка байланыштуу суроолорду чечүү кирет.

▪ БАСМА КОМИТЕТИ. Бул комитет ыйык китептик адабияттарды басып чыгаруу жана дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирүү жагын көзөмөлгө алат. Ал Жахабанын Күбөлөрү колдонгон ар кандай корпорациялар аркылуу менчик типографияларга жана бардык мүлккө көз салат. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу иши үчүн тартууланган акча-каражаттарынын эң жакшы жол менен сарпталышын көзөмөлдөйт.

▪ КЫЗМАТ КОМИТЕТИ. Бул комитеттегилер кабар айтуу ишин жетектеп, жыйналыштарга, пионерлерге, аксакалдарга жана кыдыруучу көзөмөлчүлөргө тиешелүү маселелерди чечет. Андан тышкары, «Падышалык кызматыбыздын» даярдалышына көз салат жана Гилат мектебине, Кызматка окутуу мектебине студенттерди чакырып, кийин алардын дайындалышына кам көрөт.

▪ ОКУТУУ КОМИТЕТИ. Бул комитет бардык жыйындарды, жыйналыш жолугушууларын окутуу материалы менен камсыз кылат. Ал Бейтел үйбүлөсү үчүн рухий программаны уюштурат жана ар кандай мектептерге, мисалы, Гилат мектебине, Пионердик кызмат мектебине, ошондой эле аудио/видео программалардын даярдалышына көзөмөл жүргүзөт.

▪ ЖАЗУУ КОМИТЕТИ. Бул комитеттин жоопкерчилигине рухий тамактын адабият катары чыгып келиши жана ишенимдештерибизге, жалпы окурмандарга жеткирилиши кирет. Ал ыйык китептик суроолорго жооп берип, драмалардын сценарийи, баяндамалардын планы сыяктуу материалдарды бекитет. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча аткарылып жаткан которуу ишин көзөмөлдөйт.

Элчи Пабыл майланган жолдоочулардын жыйналышын денеге салыштырган. Ал андагы ар бир мүчөнүн маанилүү роль ойноорун, бири-биринен көзкаранды экенин жана Кудайдын ишин аткарууда бири-бирин сүйүп, өз ара кызматташа билиши зарыл экенин баса белгилеген (Рим. 12:4, 5; 1 Кор. 12:12—31). Башчыбыз Ыйса Машайак дене мүчөлөрүнүн жакшы кызматташышы, эриш-аркак иш алпарышы, рухий жактан азыктанышы үчүн зарыл нерселердин баары менен камсыз кылууда (Эф. 4:15, 16; Кол. 2:19). Ооба, Жетектөөчү Кеңеш Жахаба ыйык руху менен көрсөткөндөй жетекчилик кылуу үчүн уюшулган.