Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка» умтулалы

«Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка» умтулалы

«Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка» умтулалы

«ТЕҢИР ыйык, ыйык, ыйык!» Ыйык Китептеги бул сөздөр менен Жахабанын теңде жок ыйыктыгы баса белгиленет (Ыш. 6:3; Аян 4:8). «Ыйыктык» деген эврей жана грек сөздөрү аруулукту же диний тазалыкты, арам нерселерден алыс болууну билдирет. Кудайдын ыйыктыгы анын адеп-ахлактык жактан кынтыксыз, жеткилең экенин көрсөтөт.

Жахаба ыйык Кудай болгондуктан, өзүнө сыйынгандардын да ыйык болушун, башкача айтканда, денелик, адеп-ахлактык жана рухий жактан таза болушун талап кылбайбы? Ыйык Китепте Жахабанын өз элинен ыйыктыкты талап кылары ачык-айкын айтылган. 1 Петир 1:16дан: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Жеткилеңсиз адамдар Жахабадай ыйык боло алышабы? Жахабанын өзүндөй жеткилең түрдө болбосо да, кандайдыр бир деңгээлде ыйык боло алышат. Эгер биз Кудайга сыйынууда рухий жактан таза болуп, аны менен тыгыз мамиледе болсок, анын алдында ыйык деп эсептелебиз.

Анда адеп-ахлактык жактан бузулган дүйнөдө өзүбүздү канткенде таза сактай алабыз? Кандай иштерден оолак болушубуз керек? Сүйлөгөн сөзүбүздө, жүрүм-турумубузда кандай өзгөрүүлөрдү жасоо талап кылынышы мүмкүн? Келгиле, буга карата Кудайдын б.з.ч. 537-жылы Бабылдан мекенине кайтып келген жүйүттөргө койгон талаптарынан эмнеге үйрөнүүгө болорун карап чыгалы.

«Ал жол ыйык жол деп аталат»

Жахаба Бабылда туткунда жүргөн элин мекенине кайрып келерин алдын ала айткан. Ал пайгамбарлыкта: «Ал жерде чоң жол болот, ал жол ыйык жол деп аталат»,— делген (Ыш. 35:8а). Бул сөздөр Жахабанын жүйүттөргө жол ачып эле койбостон, аларды жолду карай коргоп келерине да ынандырган.

Ошондой «ыйык жолду» Жахаба азыркы кызматчыларын Улуу Бабылдан — жалган диндин дүйнөлүк империясынан — алып чыгыш үчүн ачкан. Ал 1919-жылы Ыйсанын майланган жолдоочуларын жалган диндин рухий кулчулугунан бошоткондо, алар акырындык менен жалган окуулардын баарынан арылышкан. Андыктан биз, Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары, Жахабага сыйынууга, ошондой эле аны менен, ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болууга өбөлгө түзгөн, рухий жактан таза, бейкуттук өкүм сүргөн чөйрөдө жашап жатабыз.

Ыйсанын майланган жолдоочуларынан турган «кичинекей үйүрдүн» мүчөлөрү жана «башка койлорду» түзгөн, саны барган сайын өсүп бараткан «эбегейсиз көп адамдар» ошол ыйык жол менен жүрүүнү тандашып, башкаларды да өзүлөрүнө кошулууга чакырып жатышат (Лк. 12:32; Аян 7:9; Жкн. 10:16). Ал «ыйык жол» өз денесин «тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары берүүнү» каалагандардын баары үчүн ачык (Рим. 12:1).

«Ал жол менен таза эместер басышпайт»

Биздин заманга чейинки 537-жылы туткундан кайтып келген жүйүттөргө олуттуу талаптар коюлган. «Ыйык жолдо» жүрө алыш үчүн алар Ышайанын төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурууга тийиш эле: «Ал жол менен таза эместер басышпайт, ал жол менен алар гана басышат. Ал жол менен бара жаткан адамдар, атүгүл, тажрыйбасыз адамдар да адашпайт» (Ыш. 35:8б). Жүйүттөрдүн Иерусалимге кайтып келишинин максаты таза сыйынууну калыбына келтирүү болгондуктан, эл ичинде өзүмчүл, ыйык нерселерди баалабаган же рухий жактан таза эмес адамдарга орун жок болчу. Ошондуктан туткундан кайтып келгендер Жахабанын адеп-ахлактык бийик нормаларына карманышы керек эле. Бүгүнкү күндө да Жахабанын ырайымына ээ болгусу келгендер ошондой эле талаптарга жооп берүүгө тийиш. Алар «Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулушу» зарыл (2 Кор. 7:1). Ан үчүн кайсы ыпылас иштерден качуу керек?

Элчи Пабыл: «Күнөөкөр дененин иштери болсо белгилүү: алар — бузуктук, ыпыластык, бузуку жүрүм-турум»,— деп жазган (Гал. 5:19, «ЖД»). «Бузуктукка» никеде турбаган адамдардын жыныстык мүчөлөрдү колдонуу менен жасаган бардык иш-аракеттери кирет. Ал эми «бузуку жүрүм-турумга» кумаржандуулук, абийирсиздик, адепсиздик жана уятсыздык кирет. «Бузуктук» да, «бузуку жүрүм-турум» да Жахабанын ыйык талаптарына каршы келет. Андыктан ушундай иштерди таштабаган адамдарга Ыйсанын жолдоочусу болууга жол берилбейт. Ал эми ошондой иштерди Ыйсанын жолдоочусу жасаса, жыйналыштан чыгарылат. Бул айтылгандар одоно ыпыластыкка иришип жүргөндөргө, тактап айтканда, «ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасагандарга» да тиешелүү (Эф. 4:19).

«Ыпыластыкка» болсо күнөөнүн көп түрү кирет. «Ыпыластык» деп которулган грек сөзү жүрүм-турумдагы, сүйлөгөн сөздөгү ыпыластыкты билдиргенден сырткары, диний тазалыкты бузууну да билдирет. Ыпыластык кеңири түшүнүктү камтыйт. Кээде ал укуктук чараларды колдонууга негиз берерлик деңгээлде жасалбашы мүмкүн *. Бирок андай ыпылас иштерди жасап жаткандарды, чынында, Кудай алдында ыйык бойдон калат деп айтышка болобу?

Маселен, бир биртууган порнографияны жашыруун көрө баштады дейли. Бара-бара анда бузуку каалоолор өрчүп, Жахабанын алдында таза бойдон калууга болгон чечкиндүүлүгү солгундай баштайт. Балким, анын кылган иши одоно ыпыластыкка жатпайттыр, бирок аны «таза», «адептүүлүккө жаткан», «мактоого арзырлык» нерселер жөнүндө ойлонуп жатат деп айтууга болобу? (Флп. 4:8). Порнография бул — ыпыластык, андыктан Жахаба менен болгон мамилебизге залакасын тийгизбей койбойт. Ошондуктан биздин арабызда ыпыластыктын эч бир түрү жөнүндө сөз да болбошу керек (Эф. 5:3).

Дагы бир мисалга токтололу. Алсак, Ыйсанын бир жолдоочусунун порнография көрүппү же ансыз элеби, өзүн өзү мастурбациялоо — жыныстык органдарын атайылап дүүлүктүрүүнүн аркасында жыныстык каалоосун канааттандыруу — адаты бар дейли. Ыйык Китепте «мастурбация» деген сөз кездешпесе эле, андай адат адамдын ой жүгүртүүсүнүн, сезимдеринин аруулугун булгабайт дешке болобу? Андай ыпылас адатын таштабаган адам Жахаба менен болгон мамилесине олуттуу зыян келтирбейби? Анын көз алдында таза деп эсептелеби? Элчи Пабыл: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы»,— деген. Ошондой эле: «Дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду... жок кылгыла»,— деп чакырган. Келгиле анда, ушул кеңештерге олуттуу карайлы (2 Кор. 7:1; Кол. 3:5).

Шайтан башкарып турган азыркы дүйнө ыпылас жүрүм-турумга көз жумду мамиле кылат. Атүгүл ошондой иштерди жасоого үндөйт. Андыктан ыпылас иштерге катышуу азгырыгына каршы туруу оңой болбошу мүмкүн. Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочулары «бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабоого» тийиш (Эф. 4:17). Жахаба өзүнүн «ыйык жолунда» жүрүүгө жашыруун же ачык ыпылас жүрүм-турумдан алыс болгондорго гана уруксат берет.

«Ал жерде арстан болбойт»

Ыйык Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн жүрүм-турумубузда жана сүйлөгөн сөзүбүздө чоң өзгөрүүлөрдү жасоо талап кылынышы мүмкүн. Ышайа 35:9да: «Ал жерде арстан болбойт, ал [ыйык] жолго жырткыч айбан чыкпайт»,— делген. Сүйлөгөн сөздөрү же кылган иштери менен зордук-зомбулук көрсөткөн адамдар бул аятта жырткыч айбандарга салыштырылган. Кудайдын адилеттүүлүк өкүм сүргөн жаңы дүйнөсүндө андай адамдарга орун болбоору шексиз (Ыш. 11:6; 65:25). Ошол себептүү Кудайдын жактыруусуна ээ болгусу келгендер жырткычтарга таандык мүнөздөн арылып, ыйыктыкка умтулушу кажет.

Ыйык Жазмада: «Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла»,— деген кеңеш берилет (Эф. 4:31). Колосалыктарга 3:8де да: «Азыр болсо силер мунун баарын: ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла»,— делген. Бул эки аятта кездешкен «заар тил» деген сөз айкашы, негизинен, кимдир бирөөнү жаралаган, басмырлаган же кимдир бирөөгө акарат келтирген сөздөргө карата колдонулат.

Бүгүнкү күндө жүрөктү жаралаган же уят сөздөр эл ичинде эле эмес, үйбүлөдө да жат нерсе болбой калды. Жубайлар бири-бирин да, балдарын да чучукка жеткен, орой, басынткан сөздөр менен тилдешет. Мындай көрүнүш Ыйсанын жолдоочуларынын үйүндө болбошу керек (1 Кор. 5:11).

«Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка» умтулуунун баталары

Ыйык Жахаба Кудайга кызмат кылуу кандай гана зор сыймык! (Жаш. 24:19). Жахабанын тартуулаган учурдагы рухий бейиши биз үчүн абдан баалуу. Ошол себептүү анын көз алдында ыйыктыгыбызды сактап жашоодон артык эмне бар?!

Кудайдын жер бетин бейишке айлантары жөнүндөгү убадасы аткарылар маал абдан чукул (Ыш. 35:1, 2, 5—7). Ошол маалды көксөп, Кудайдын жолунда жүргөндөр бейиштен орун алышат (Ыш. 65:17, 21). Андыктан Кудайга рухий тазалыкта сыйынып, аны менен болгон жакын мамилебизди сактоого чечкиндүү бололу!

[Шилтеме]

^ 12-абз. «Ыпыластыктын» жана «ыпылас иштерди тойбостук менен жасоонун» ортосунда кандай айырма бар экени «Күзөт мунарасынын» 2006-жылдын 15-июлундагы (ор.) санынын 29—31-беттеринде талкууланат.

[26-беттеги сүрөт]

«Ыйык жолдо» жүрүш үчүн жүйүттөрдөн эмне талап кылынган?

[27-беттеги сүрөт]

Порнография адамдын Жахаба менен болгон мамилесин бузат

[28-беттеги сүрөт]

«Кыйкырыктан, заар тилден... арылгыла»