Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы аркылуу куткарылууга аз калды!

Кудайдын Падышалыгы аркылуу куткарылууга аз калды!

Кудайдын Падышалыгы аркылуу куткарылууга аз калды!

«Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (МТ. 6:10).

1. Ыйса, негизинен, эмне жөнүндө окуткан?

ЫЙСА МАШАЙАК Тоодогу насаатында айткан үлгү иретиндеги тиленүүдө негизги окутуусун баса белгилеген. Ал шакирттерин: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:9—13). Ал «шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүрчү» (Лк. 8:1). Ыйса жолдоочуларын «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издөөгө» чакырган (Мт. 6:33). Бул макаланы изилдеп жатып андагы маалыматты кызматта кантип колдонсо болоруна көңүл бургула. Мисалы, төмөнкү суроолорго кантип жооп берүүгө болорун ойлонуп көрсөңөр болот: «Падышалык жөнүндөгү кабар канчалык маанилүү? Адамзат эмнеден куткарылууга муктаж? Кудайдын Падышалыгы адамдарды кандайча куткарат?»

2. Падышалык жөнүндөгү кабар канчалык маанилүү?

2 Ыйса: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деп алдын ала айткан (Мт. 24:14). Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар — адамзат тарыхындагы эң эле маанилүү кабар! Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү 100 000ден ашуун жыйналыштарында Кудайдын жети миллионго жакын кызматчылары мурда болуп көрбөгөндөй масштабда жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишине катышып, башкаларга Падышалыктын орнотулганы жөнүндө жарыялашууда. Падышалыктын орнотулушу, чынында эле, жакшы кабар болуп эсептелет, себеби бул Кудайдын жердеги иштерди толугу менен көзөмөлгө алуу үчүн асманда өкмөт орнотконун билдирет. Падышалыктын башкаруусу алдында Жахабанын эрки асмандагыдай эле, жерде да аткарылат.

3, 4. Жерде Кудайдын эрки аткарылганда жашоо кандай болот?

3 Кудайдын эркинин жерде аткарылышы адамдарга кандай таасир этет? Жахаба «алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт» (Аян 21:4). Тукум кууп өткөн күнөөнүн, жеткилеңсиздиктин айынан эч ким ооруга же өлүмгө дуушар болбойт. Кудайдын эстутумундагы өлүм уйкусунда жаткан адамдар түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат, анткени Ыйык Китепте: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет»,— деп айтылган (Элч. 24:15). Ал учурда эч кандай согуш, оору же ачарчылык болбойт жана жер жүзү бейишке айланат. Атүгүл азыр бизге коркунуч туудурган жаныбарлар да адам баласы менен жана өз ара тынчтыкта болушат (Заб. 45:10; 71:16; Ыш. 11:6—9; 33:24; Лк. 23:43).

4 Падышалыктын башкаруусу ушундай кереметтүү баталарды алып келгендиктен, Ыйык Китепте ал убактагы жашоо жөнүндө мындай деп айтылганы таң калыштуу эмес: «Момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат». Ал эми жамандык кылгандар жөнүндө эмне айтууга болот? Жазмада: «Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың»,— деп айтылган. Бирок «Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат» (Заб. 36:9—11).

5. Азыркы дүйнө жакында эмне болот?

5 Булардын баары ишке ашышы үчүн азыркы дүйнө өз ара касташкан өкмөттөрү, диндери, коммерциялык түзүлүштөрү менен кошо жок кылынышы керек. Асмандагы өкмөт дал ушуну ишке ашырат. Бул тууралуу Даниел пайгамбар мындай деп алдын ала айткан: «Ошол падышачылыктардын убагында [азыр башкарып жаткан өкмөттөрдүн убагында] асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты [асманда] орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал [учурдагы] бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Дан. 2:44). Кудайдын Падышалыгы — асмандагы жаңы өкмөт — жаңы адамзат коомунун үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ошондо «жаңы асман менен жаңы жерде» адилеттик гана өкүм сүрөт (2 Пет. 3:13).

Адамзат куткарылууга азыр өзгөчө муктаж

6. Ыйык Китепте дүйнөнүн бузулгандыгы жөнүндө эмне делет?

6 Шайтан, ошондой эле Адам ата менен Обо эне эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү каалап, Кудайга каршы козголоң чыгарышканда, адамзат каргашалуу жолго түшкөн. Андан 1 600дөн ашуун жыл өткөндөн кийин Топон суунун алдында жер бетиндеги адамдар абдан бузулган жана «алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык» болуп калган (Башт. 6:5). Ошондон 1 300 жылдай өткөн соң, Сулайман адамзаттын кейиштүү абалда экенин көрсөтүп мындай деген: «Мен ушул күнгө чейин жашап жаткан тирүүлөргө караганда небак өлгөндөр бактылуу деп эсептедим. Ал эми бул экөөнө караганда төрөлбөгөндөр — күн астында болуп жаткан кыянат иштерди көрбөгөндөр бактылуу» (Нас. 4:2, 3). Андан бери 3 000 жылдай өттү, бирок жамандык көбөйгөндөн көбөйүүдө.

7. Кудайдын куткаруусуна эмне үчүн азыр өзгөчө муктажбыз?

7 Дүйнөдө жамандык көптөн бери өкүм сүрүп келсе да, учурда адамзат Кудайдын Падышалыгы аркылуу куткарылууга болуп көрбөгөндөй муктаж. Дүйнөдөгү абал акыркы 100 жылдын ичинде өзгөчө бузулду жана заман күндөн-күнгө оордоп баратат. Мисалы, «Уорлдуотч» институтунун билдирүүсүндө: «Жыйырманчы кылымдагы согуштарда каза тапкан кишилердин саны б.з. 1-кылымынан берки согуштардын баарында курман болгондордун санынан үч эсе ашып түштү»,— деп белгиленет. 1914-жылдан бери болгон согуштарда 100 миллиондон көп кишинин өмүрү кыйылган! Бир энциклопедияга ылайык, Экинчи дүйнөлүк согушта 60 миллион киши набыт болгон. Азыр айрым өлкөлөр ядролук курал менен куралдангандыктан, адамдардын жер калкынын басымдуу бөлүгүн жок кылууга кудурети жетет. Атүгүл илим, медицина тармагында албан жетишкендиктер болгону менен, жыл сайын беш миллиондой бала ачарчылыктан каза табат. («Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 9-бөлүмүн кара.)

8. Адам баласынын миңдеген жылдар бою башкарганы эмнени тастыктоодо?

8 Адам баласы кеңири кулач жайган жамандыкка бөгөт коё алган жок. Дүйнөнүн саясий, коммерциялык, диний түзүлүштөрү адамдарды муктаж болгон эң негизги нерселер менен — тынчтык, денсоолук, бакубат жашоо менен — камсыз кыла алган жок. Алар адамзат туш болуп жаткан олуттуу көйгөйлөрдү чечмек турсун, дагы башкаларын пайда кылууда. Адам баласынын миңдеген жылдар бою башкарганы төмөнкү сөздөрдүн калетсиздигин тастыктоодо: «Адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес... өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес» (Жер. 10:23). Ооба, «адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет» (Нас. 8:9). Андан тышкары, «жаратылгандын бардыгы... чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатат» (Рим. 8:22).

9. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары «акыркы убакта» эмнелердин болорун билишет?

9 Биздин убакка карата Ыйык Китепте: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил»,— деп жазылган. Акыркы күндөрдөгү адамдар башкарган маал сүрөттөлгөндөн кийин пайгамбарлыкта: «Кара ниет жана алдамчы адамдар... мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат»,— делген (Оку: 2 Тиметейге 3:1—5, 13). Бул Ыйсанын жолдоочуларын таң калтырбайт, себеби «бүт дүйнө амалкөйдүн [Шайтандын] бийлиги астында» (1 Жкн. 5:19). Ошентсе да Кудай аны сүйгөндөрдү жакында куткарат. Ошондо алар барган сайын кыйындап бараткан бул каардуу дүйнөдөн куткарылышат.

Ал гана куткара алат

10. Эмне үчүн Жахаба гана куткара алат?

10 Жакшы кабар таратып жүргөнүңдө куткарылуу Жахабадан гана келерин баса белгиле. Кызматчыларын бардык жамандыктан куткарып алууга анын күчү да, каалоосу да бар (Элч. 4:24, 31; Аян 4:11). Жахабанын өз элин дайыма куткарарына жана ой-ниеттерин аткарарына шектенбесек болот. Анткени ал: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот»,— деп ант берген. Анын сөзү аткарылмайынча, кайра өзүнө «кайрылып келбейт» (Оку: Ышайа 14:24, 25; 55:10, 11).

11, 12. Кудай кызматчыларын эмнеге ынандырат?

11 Жахаба кудайсыздарды жазалаган учурда өзүнүн кызматчыларын сөзсүз куткарарына ынандырат. Кудай Жеремия пайгамбарды олуттуу күнөө жасагандарды ашкерелөө үчүн жиберип жатып: «Алардан коркпо»,— деген. Ал эмне үчүн коркпошу керек эле? Себеби Кудай: «Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин»,— деп айткан (Жер. 1:8). Ошо сыяктуу эле, Жахаба бузукулукка толгон Содом менен Амор шаарларын талкалаардын алдында Лотту үйбүлөсү менен кошо коопсуз жайга алып чыгуу үчүн эки периштесин жиберген. Периштелер аларды шаардан алып чыккандан кийин гана, Жахаба «Содом менен Аморго... күкүрт менен отту жамгыр кылып төккөн» (Башт. 19:15, 24, 25).

12 Жахаба дүйнө жүзүндө анын эркин аткарып жаткандардын бардыгын аман алып калууга кудуреттүү. Байыркы кудайсыз дүйнөнү Топон сууда жок кылганда, ал «сегиз адамды — адилдикти жар салган Нухту үй-бүлөсү менен сактап» калган (2 Пет. 2:5). Жахаба азыркы каардуу дүйнөнү жок кылганда да адил адамдарды куткарат. Ошондуктан анын Сөзүндө: «Жердеги бардык момундар... Теңирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман каларсыңар»,— делген (Сеп. 2:3). Дүйнө жүзү боюнча боло турган кыйратылуунун натыйжасында жерде адил адамдар калышат. «Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат» (Накыл 2:21, 22).

13. Өмүрүнөн айрылган кызматчыларын Жахаба кандайча куткарат?

13 Бирок Кудайдын көптөгөн кызматчылары оорудан, куугунтуктан жана башка себептерден улам каза болушкан (Мт. 24:9). Алардын баары кандайча куткарылат? Жогоруда айтылгандай, «адилеттүүлөр... тирилет» (Элч. 24:15). Жахабага кызматчыларын куткарууга эч нерсе тоскоол кыла албаарын билүү бизди кандай гана сооротот!

Адилеттүү өкмөт

14. Кудайдын Падышалыгы адилеттүү өкмөт экенине эмне себептен шектенбейбиз?

14 Кызматта жүргөндө Жахабанын асмандагы Падышалыгы адилеттүү өкмөт экенин түшүндүрүүгө аракет кыл. Себеби ал өкмөт Кудайдын адилеттүүлүк, адилдик жана сүйүү сыяктуу сонун сапаттарын чагылдырат (Мыйз. 32:4; 1 Жкн. 4:8). Кудай Падышалыкты жер үстүнөн бийлик жүргүзүүгө эң эле жөндөмдүү бирөөгө — Ыйса Машайакка — тапшырган. Ошондой эле Жахаба Ыйсанын 144 000 майланган жолдоочусунун жерден алынып, Машайактын кошо башкаруучулары катары жер үстүнөн башкаруу үчүн асмандагы жашоого тирилтилишин ниет кылган (Аян 14:1—5).

15. Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

15 Ыйса менен анын 144 000 кошо башкаруучусунун бийлиги жеткилеңсиз адамдардыкынан кандай гана айырмаланат! Дүйнөдөгү бийлик башындагылар көп учурда ырайымсыз келишет жана өз жарандарын согуштарга катыштырып, миллиондогондордун канынын төгүлүшүнө себепкер болушат. Ошон үчүн Жазма бизди «жардам бере албаган» адам баласына таянбоого чакырганы таң калыштуу эмес (Заб. 145:3). Бирок Машайактын башкаруусу сүйүү менен өзгөчөлөнөт. Ал өзү мындай деп айткан: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил» (Мт. 11:28—30).

Акыркы күндөрдүн аяктаарына аз калды!

16. Азыркы акыркы күндөрдүн аягында эмне болот?

16 1914-жылдан тартып бул «дүйнөнүн акыркы» күндөрү башталган (Мт. 24:3). Жакында болсо Ыйса айткан «чоң алаамат» же улуу кайгы башталат (Оку: Матай 24:21). Үрөйдү учурган бул алаамат Шайтандын дүйнөсүнүн толугу менен жок болушуна апкелет. Бирок чоң алаамат кантип башталат жана ал эмне менен аяктайт?

17. Ыйык Китепке ылайык, чоң алааматтын башталышында эмне болот?

17 Чоң алаамат күтүлбөгөн жерден башталат. Ооба, Жахабанын күнү «„тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда», күтүүсүздөн келет (Оку: 1 Тесалоникалыктарга 5:2, 3). Алдын ала айтылган алаамат, элдер чоң көйгөйлөрдү чечтик деп ойлогондо, башталат. «Улуу Бабылдын», жалган диндин дүйнөлүк империясынын, күтүүсүздөн кыйратылышы дүйнө үчүн аябай эле таң калтырарлык окуя болот. Улуу Бабылдын үстүнөн сот өкүмү ишке ашканда, падышалар да, башкалар да айран таң болушат (Аян 17:1—6, 18; 18:9, 10, 15, 16, 19).

18. Жахаба Шайтандын анын элине кол салуусуна кандай жооп кайтарат?

18 Ал учурда «күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болот» жана «асмандан Адам Уулунун жышааны көрүнөт». Ошондо биз «өйдө тура» алабыз, анткени куткарылуубузга абдан аз калган болот (Лк. 21:25—28; Мт. 24:29, 30). Ал эми Шайтан же Гог бардык күчүн Кудайдын элин жок кылууга бурат. Бирок ким Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына кол салса, бул Анын «көзүнүн карегине тийгендей» болот (Зах. 2:8). Ошондуктан Шайтандын Кудайдын элин жок кылууга жумшаган аракетинен эч майнап чыкпайт. Эмне үчүн? Анткени Эгедер Теңир Жахаба кызматчыларын куткаруу үчүн тезинен иш-аракет кылат (Жез. 38:9, 18).

19. Кудайдын сот өкүмүн ишке ашыра тургандар Шайтандын дүйнөсүн жок кыларына эмне үчүн шектенбейбиз?

19 Кудай өз күчүн элдерге каршы колдонгондо, алар анын Жахаба экенин таанып-билишет (Жез. 36:23). Ал анын сот өкүмүн ишке ашыруучуларды — Ыйса Машайак жетектеген сансыз рухий жаратууларды — Шайтандын дүйнөсүн түп-тамыры менен жок кылууга жиберет (Аян 19:11—19). Бир эле периште бир түндүн ичинде Кудайдын душманы болгон жүз сексен беш миң адамды өлтүргөнүн эске алсак, чоң алааматтын туу чокусу Армагедондо асман аскерлери Шайтандын жердеги түзүлүшүн оңой эле тыптыйпыл кыла аларына күмөн санабай эле койсок болот (2 Пад. 19:35; Аян 16:14, 16). Шайтан менен анын жин-перилери миң жылга туңгуюкка камалып, акыры жок кылынышат (Аян 20:1—3).

20. Жахаба Падышалык аркылуу эмнелерди ишке ашырат?

20 Ошентип, бүтүндөй жер жүзү жамандыктан тазаланат жана адил адамдар анда түбөлүк жашашат. Жахаба өзүнүн Улуу Куткаруучу экенин далилдейт (Заб. 144:20). Ал Падышалык аркылуу эгедерлигин актап, ыйык ысмын ыйыктайт жана жерге байланыштуу улуу ниетин жүзөгө ашырат. Келгиле анда, жакшы кабарды кубаныч менен таратып, «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондорго» Кудайдын Падышалыгынын куткаруусуна аз калганын түшүнүүгө жардам берели! (Элч. 13:48, «ЖД»).

Эсиңердеби?

• Ыйса Падышалыктын маанилүүлүгүн кандайча көрсөткөн?

• Эмне үчүн азыр адамдар куткарылууга болуп көрбөгөндөй муктаж?

• Чоң алааматта кандай окуялар болот?

• Жахаба өзүнүн Улуу Куткаруучу экенин кандайча далилдейт?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзүндө жакшы кабар биздин күндөрдө бүткүл дүйнө жүзүндө жарыяланары алдын ала айтылган

[15-беттеги сүрөт]

Жахаба Нухту үйбүлөсү менен куткаргандай эле, бизди да куткара алат

[16-беттеги сүрөт]

«Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт» (Аян 21:4)