Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алсыздыктарыбызга карабай күчтүүбүз

Алсыздыктарыбызга карабай күчтүүбүз

Алсыздыктарыбызга карабай күчтүүбүз

АЛСЫЗДЫКТАРЫҢ көңүлүңдү чөгөрүшү мүмкүн. Алар чап кенедей жармашып алышы да этимал. Сен аларды эч качан жеңе албайм деп ойлошуң же өзүңдү татыксыз, башкалардан төмөн эсептешиң ыктымал. Же болбосо алдан-күчтөн тайдырган оору менен күрөшүп, жашоодон толук кубаныч ала албай жаткандырсың. Мындайда өзүңдү кишенделгендей сезишиң мүмкүн. Ошондой эле Кудайга: «Оо, каарың тарап кеткенче, Сен мени өлгөндөр жаткан жайга бекитип, жашырып турсаң кана! Анан мага мөөнөт берип, ошондон кийин гана мени эстесең кана!» — деп айткан Аюбдукундай сезимде болушуң ыктымал (Аюб 14:13).

Мындай ой-сезимдерден канткенде арылууга болот? Оңой эмес болсо да, кыйынчылыктарыңды бир азга унута турганың оң. Маселен, Жахабанын ишенимдүү кызматчысы Аюбга берген төмөнкү суроолору жөнүндө ойлонуп көрөттүрсүң. Ал: «Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең. Анын көлөмүн ким чектеди? Айт, эгер билсең. Аны ким жип менен ченеп чыкты?» — деп сураган (Аюб 38:4, 5). Эгер ушул суроолордун мааниси жөнүндө ойлонсок, Жахабанын чексиз акылдуу, кудурети күчтүү экенине ынанабыз. Ал олуттуу себептерден улам дүйнөдө азыркыдай абалдын өкүм сүрүшүнө жол берген.

Денедеги тикенек

Кудайдын дагы бир ишенимдүү кызматчысы Пабыл Жахабадан денесиндеги «тикенекти», жанына баткан кыйынчылыкты, алып салууну суранган. Кудайдан бул көйгөйдөн арылтууну ал үч ирет өтүнгөн. Пабылдын ал кыйынчылыгы кандай болбосун, денеге кирген тикенектей эле, Жахабага кылган кызматында кубанычынан ажыраткан. Пабыл муну тынымсыз чапкылап турган нерсеге салыштырган. Ал эми Жахаба ага мындай деп жооп берген: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот». Жахаба анын денесиндеги тикенекти алып салган эмес. Пабылга аны менен күрөшүүгө туура келсе да: «Мен алсыз болгондо күчтүүмүн»,— деп кошумчалаган (2 Кор. 12:7—10). Муну менен ал эмнени айткысы келген?

Албетте, Пабылдын көйгөйү керемет жолу менен чечилген эмес. Анткен менен бул ага Жахабага кызмат кылууда көп иштерди аткарууга тоскоолдук кылган эмес. Пабыл Жахабага таянып, дайыма андан жардам сураган (Флп. 4:6, 7). Жердеги жашоосунун акырында ал: «Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым»,— деп айта алган (2 Тим. 4:7).

Жахаба жеткилең эмес адамдарды, алардын кемчиликтерине, кыйынчылыктарына карабай, өзүнүн эркин аткарууда колдонот, ошондуктан бардык урмат-сый ага таандык. Жахаба аларга кыйынчылыктар менен күрөшүү, кызматта кубанычын жоготпоо үчүн жетекчилик жана акылмандык бере алат. Ооба, ал жеткилеңсиз адамдарды, алардын алсыздыктарына карабай, зор иштерди аткарууга колдонот.

Пабыл Кудайдын эмне себептен анын денесиндеги тикенекти алып салбаганын түшүндүрүп: «Менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар»,— деген (2 Кор. 12:7). Пабылдын денесиндеги «тикенек» ага мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эскертип турган жана момун болууга, өзү жөнүндө жогору ойлобоого жардам берген. Бул Ыйсанын: «Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт»,— деген сөздөрүнө дал келет (Мт. 23:12). Баштан өткөн сыноолордон Кудайдын кызматчысы момундукка үйрөнүп, ишенимдүү бойдон калуу үчүн Жахабага таянуунун маанилүүлүгүн түшүнөт. Ошентип, Пабылдай болуп, алар Жахаба менен мактана алышат (1 Кор. 1:31).

Байкалбаган алсыздыктар

Айрымдардын өздөрү билбеген алсыздыктары болушу мүмкүн же алар аны мойнуна алгысы келбеши ыктымал. Мисалы, адам эрдемсинип, өзүнө эле таянышы этимал (1 Кор. 10:12). Адамдык алсыздыктын кеңири таралган дагы бир түрү — көрүнүктүү абалга умтулуу.

Дөөт падышанын аскер башчысы Жойап кайраттуу, чечкиндүү жана көйгөйлөрдү чече билген киши болгон. Бирок ал өзүнүн текебердигин, менменсингендигин айгинелеген олуттуу күнөө кетирген. Ал мыкаачылык менен эки аскер башчыны өлтүргөн. Алгач ал өч алуу үчүн Абенердин көзүн тазалаган. Кийинчерээк тууганы Амаса менен учурашымыш болуп, өбүш үчүн оң колу менен сакалынан кармап, сол колундагы кылычы менен аны сайып таштаган (2 Шем. 17:25; 20:8—10). Амаса Жойаптын ордуна аскер башчы болуп дайындалган эле. Ошо себептен Жойап, кыязы, мурдагы ордун ээлеш үчүн атаандашы Амасадан арылууну көздөгөн. Мындан Жойаптын өзүн башкара албаганы, өзүмчүлдүгүн ооздуктабаганы айкын көрүнүп турат. Ал ырайымсыздык менен кылган ишине кымындай да өкүнгөн эмес. Дөөт падыша өмүрүнүн акырында уулу Сулайманга жаман иштери үчүн Жойапты жазалоону тапшырган (1 Пад. 2:5, 6, 29—35).

Албетте, туура эмес каалоолорго алдырбашыбыз керек; биз алсыздыктарыбызды жеңе алабыз. Ан үчүн адегенде аларды аныктап-билип, моюнга алышыбыз кажет. Анан алар менен күрөшүү үчүн иш-аракет кылуу зарыл. Биз мындай алсыздыктарды жеңүү үчүн Жахабадан жардам сурап, үзгүлтүксүз тилене алабыз жана анын Сөзүн кылдат изилдөө менен ал ийкемдүүлүктөрүбүздү башкара билүүгө үйрөнөбүз (Эвр. 4:12). Кемчиликтерибиздин үстүнөн иштөөнү улантууга туура келет, ошон үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек. Бул күрөш атүгүл жеткилеңдикке жеткиче созулушу мүмкүн. Муну өз тажрыйбасынан билген Пабыл минтип жазган: «Мен өзүм каалаганды эмес, өзүм жек көргөндү кылып жатам». Бирок, бизге белгилүү болгондой, Пабыл алсыздыктарга, аларды башкаруу мүмкүн эместей болгонсуп, моюн сунуп берген эмес. Тескерисинче, ал Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу берген жардамына таянып, алсыздыктары менен күрөшө берген (Рим. 7:15—25). Дагы бир учурда Пабыл: «Башкаларга насаат айтып жүрүп, өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди зордоп кулга айландырып жатам»,— деп айткан (1 Кор. 9:27).

Адамдар өздөрүн актоого жакын келет. Бирок бул алсыздыгыбыздын үстүнөн иштей алабыз. Ан үчүн Жахабаныкындай көзкараш өрчүтүү жана Пабылдын: «Жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула»,— деген кеңешине ылайык иш кылуу зарыл (Рим. 12:9). Алсыздыктарыбыз менен күрөшүүдө жеңишке ээ болуу үчүн чынчыл, тырышчаак болушубуз жана өзүбүздү башкара билишибиз керек. Дөөт Жахабадан: «Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит»,— деп суранган (Заб. 25:2). Ал Кудайдын жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү каалоо-ниеттерди так-даана аныктай аларын жана зарыл учурда жардам берерин билген. Жахабанын Сөзү жана ыйык руху аркылуу берген жетекчилигине ылайык иш кылсак, кемчиликтерибиз менен күрөшүүдө ийгиликке жете алабыз.

Кээ бирлер көйгөйлөрүн өздөрү жалгыз чече албайм деп ойлоп, тынчсызданышы мүмкүн. Жыйналыш аксакалдары мындай биртуугандарга сүйүү менен жардам көрсөтүп, бекемдей алары шексиз (Ыш. 32:1, 2). Бирок күткөнүбүз акылга сыярлык болушу керек. Кай бир кыйынчылыктар азыркы дүйнөдө толугу менен чечилбейт. Анткен менен көптөр кыйынчылыктарын жеңүүгө үйрөнүшкөн жана бул аларга жашоодон кубаныч табууга өбөлгө түзүүдө.

Жахаба сөзсүз жардам берет

Азыркы оор убакта кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, Жахабанын жетектээрине, колдоо көрсөтөрүнө шектенбесек болот. Ыйык Китепте: «Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт»,— деп айтылган (1 Пет. 5:6, 7).

Бейтелде көп жылдан бери кызмат кылып келаткан Кэти күйөөсүнүн Альцгеймер оорусуна чалдыкканын билгенде өзүн алдыда боло турган кыйынчылыктарга даяр эместей сезген. Ал жалынып-жалбарып, Жахабадан күнүгө акылмандык жана күч сурап тиленчү. Күйөөсүнүн абалы акырындык менен начарлаган сайын, эркек биртуугандар бул оору менен ооруган кишиге кантип жардам көрсөтүү керектигин билүүгө аракет кылышса, ал эми камкор эжелер ага эмоциялык жактан колдоо көрсөтүп турушкан. Жахаба Кэтиге ишенимдештери аркылуу жардам көрсөтүп тургандыктан, ал күйөөсү каза болгонго чейин ага 11 жыл бою кам көргөн. Кэти мындай дейт: «Көз жашымды төгүп, Жахабага бардык жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Анын колдоосу менен гана буларды көтөрүп кете алдым. Алдан-күчтөн тайып турсам да, ушунча көп убакыт бою милдеттеримди аткара алам деп ойлогон эмесмин».

Байкалбаган алсыздыктарды жеңүүгө эмне жардам берет?

Адам өзүн татыксыз сезгенде, кыйналып турган учурда Жахаба тилегимди укпайт деп ойлошу мүмкүн. Андайда Дөөттүн Бат-Шеба менен кетирген олуттуу күнөөсүнө өкүнгөндөгү: «Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң»,— деп айткан сөздөрү жөнүндө ой жүгүртүү дурус (Заб. 50:19). Дөөт чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн Кудайдын ырайым кыларына ишенип, ага тиленүү менен кайрыла алган. Ыйса Жахабанын камкордугун чагылдырат. Инжилди жазган Матай Ышайанын сөздөрүн Ыйсага карата колдонуп: «Чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт»,— деген (Мт. 12:20; Ыш. 42:3). Жерде жүргөндө Ыйса басынтылгандарга, мүңкүрөгөндөргө боорукердик менен мамиле кылган. Мындайча айтканда, ал өчөйүн деп калган чырактын билигиндей болгондордун өмүр шамын өчүрүп салган эмес. Тескерисинче, ал жерде жүргөндө азап тарткандарды назиктик менен окутуп, алардын өмүр шамын жандандырган. Ыйсанын азыр деле ошондой экенине жана алсыздыктарыңарга боор ооруй билерине ишенесиңерби? Эврейлерге 4:15те анын «алсыздыгыбызга боор» ооруй билери баса белгиленген.

Пабыл денесиндеги «тикенек» жөнүндө жазып, Машайактын күчү аны «чатыр сыяктуу» («ЖД») коргогонун айткан (2 Кор. 12:7—9). Абарайы бузулганда чатырдын ичиндеги киши өзүн коопсуз сезгендей эле, Пабыл да Кудайдын Машайак аркылуу берген коргоосу алдында өзүн коопсуз сезген. Биз да Пабылга окшоп, алсыздыктарыбызга жана кыйынчылыктарга багынбашыбыз керек. Рухий жактан бекем бойдон калуу үчүн биз Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү аркылуу караштырылган бардык чараларын колдонушубуз абзел. Колубуздан келгендин бардыгын жасаган соң Жахабанын жолубузга багыт берерине толук ишенип, ага таянабыз. Кудайдын күчү алсыздыктарыбыз менен күрөшүүгө жардам бергенин өз тажрыйбабыздан билгендиктен, биз Пабылдай болуп: «Мен алсыз болгондо күчтүүмүн»,— деп айта алабыз (2 Кор. 12:10).

[3-беттеги сүрөт]

Пабыл кызматын аягына чыгаруу үчүн Жахабадан жетекчилик сурап, кайра-кайра тиленген

[5-беттеги сүрөт]

Дөөт Жойапты аскер башчы кылып дайындаган

[5-беттеги сүрөт]

Жойап атаандашы Амасаны өлтүрүүгө батынган

[6-беттеги сүрөт]

Аксакалдар кыйынчылыктарыбызды жеңүүгө көмөк кылган ыйык китептик кеңештерди беришет