Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Биринчи сүйүүңдү» сакта

«Биринчи сүйүүңдү» сакта

«Биринчи сүйүүңдү» сакта

«Эмнең бар болсо, ошону бекем карма» (АЯН 3:11).

1, 2. Жахаба жөнүндө билгендериң чындык экенине ынанганда кандай сезимде болдуң эле?

ЖАХАБАНЫН тилалчаак адамзат үчүн кандай сонун келечек караштырып койгонун биринчи жолу уккан күнүң эсиңдеби? Эгерде ага чейин кайсы бир динди тутуп жүрсөң, сага Кудайдын Ыйык Китепте жазылган ой-ниети тууралуу айтышканда же мурдатан түшүнбөй жүргөн кайсы бир окууларды түшүндүрүп беришкенде кандай сезимде болдуң эле? Балким, ошондо жаңылышып жүргөнүңдү түшүнүп, чындыкты билгениңе кубангандырсың. А эгер сен Жахабанын Күбөлөрүнүн үйбүлөсүндө чоңойсоңчу? Анда Жахаба жөнүндө билгендериң чындык экенине ынанганыңдагы жана ошого ылайык жашоону чечкениңдеги сезимдериң эсиңде чыгар (Рим. 12:2).

2 Жыйналыштагы рухий биртуугандарың да Жахабанын аларды чындык жолуна алып келип, аны менен жакын мамиле өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазы экенин айтып беришет (Жкн. 6:44). Андай сезимдер аларга кабар айтуу ишине катыша баштоого түрткү берген. Алар кубанычын ар бир адам менен бөлүшүүнү каалашкан. Сенде да ушундай сезимдер болду беле?

3. Ыйса Эфестеги жыйналышка кайрылганда, ал жакта кандай абал өкүм сүрүп турган?

3 Ыйса биринчи кылымдагы Эфестеги жыйналыштагыларга кайрылганда алардын «биринчи сүйүүсү» жөнүндө сөз кылган. Эфестиктер көптөгөн жакшы сапаттарга ээ болушканы менен, алардын Жахабага болгон баштапкы сүйүүсү бара-бара сууп калган. Ошондуктан Ыйса аларга мындай деген: «Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, чыдамкайлыгыңды, бузулгандарга чыдай албастыгыңды, элчи эмес болушса да, өздөрүн элчибиз деп эсептегендерди сынап көрүп, алардын жалганчы экенин аныктаганыңды билем. Сен көп нерсени башыңдан өткөрдүң, сенде чыдамкайлык бар, Менин ысымым үчүн иштедиң, чарчаган жоксуң. Бирок Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар: сен биринчи сүйүүңдү таштап койгонсуң» (Аян 2:2—4).

4. Ыйсанын эфестиктерге берген кеңеши эмне себептен биз үчүн да маанилүү?

4 Ыйсанын Аян китебиндеги эфестиктерге жана башка жыйналыштарга берген кеңеши майлангандардын арасында 1914-жылдан кийин өкүм сүргөн жагдайга да колдонорлук эле (Аян 1:10). Бүгүнкү күндө деле Ыйсанын айрым жолдоочулары Жахабага жана чындыкка болгон «биринчи сүйүүсүн» суутуп алышы толук ыктымал. Ошондуктан, келгиле, чындыкка кантип келгенибизди эстеп, ал тууралуу ой жүгүртөлү. Бул Кудайга жана чындыкка болгон алгачкы сүйүүбүздү жана жигердүүлүгүбүздү сактоого, жандандырууга, тереңдетүүгө жардам берет. Кандайча?

Бул жолдун чындык экенине эмнеден улам ынандың?

5, 6. а) Ыйсанын ар бир жолдоочусу эмнени таанып-билүүгө тийиш? б) Жахабанын Күбөлөрүнүн чындыкты окутарына сен эмнеден улам ынангансың? в) Биринчи сүйүүнү кантип жандандырууга болот?

5 Жахабага арналгандар адегенде Ага «жаккан» жана Анын «жеткилең эрки эмне экендигин» жакшы таанып-билүүгө тийиш (Рим. 12:1, 2). Ан үчүн Ыйык Китептеги чындыкты изилдөө керек. Бирок Ыйык Китепти изилдегендер Жахабанын Күбөлөрүнүн чындыкты окутарына ар башка жолдор менен ынанат. Айрымдардын көзкарашы Ыйык Китептен Кудайдын атын окуганда, башкалардыкы өлгөндөр жөнүндөгү чындыкты билгенде түп-тамыры менен өзгөргөн (Заб. 82:19; Нас. 9:5, 10). Дагы бирөөлөргө Жахабанын элинин арасындагы сүйүү чындыкка келүүгө түрткү берген (Жкн. 13:34, 35). Ал эми кээ бирөөлөрдү Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын «бул дүйнөдөн эмес» экени, башкача айтканда, саясий чыр-чатактарда, улут аралык жаңжалдарда бейтараптуулукту сактаары таасирленткен (Ыш. 2:4; Жкн. 6:15; 17:14—16).

6 Ооба, көптөрдүн Кудайга болгон биринчи сүйүүсү мына ушул же дагы башка себептерден улам пайда болгон. Ал эми сени бул жолдун чындык экенине эмне ынандырды эле? Эстеп көрчү... Сенин жагдай-шартың, кулк-мүнөзүң башка эч кимдикине окшошпогондуктан, Жахабага болгон сүйүүңдү ойготкон жана анын убадаларына болгон ишенимиңди өрчүткөн себептер да башкалардыкынан айырмаланары шексиз. Башында кайсы себептерден улам чындыкка келсең, ошол себептер азыркы күндө да сени таасирлентери күмөнсүз. Анткени чындык өзгөргөн жок. Андыктан алгачкы ой-сезимдерди эстөө адамдын чындыкка болгон баштапкы сүйүүсүн кандайдыр бир деңгээлде жандандырат (Оку: Забур 118:151, 152; 142:5).

Биринчи сүйүүңдү тереңдет

7. Чындыкка болгон алгачкы сүйүүбүздү эмне үчүн тереңдетишибиз керек жана кантип тереңдете алабыз?

7 Жахабага арналганыңдан бери жашооңдо бир топ өзгөрүүлөр, сыноолор болуп өткөндүр. Аларды көтөрүп кетиш үчүн, чындыкка болгон алгачкы сүйүүңдү тереңдетүү талап кылынган. Ошол учурларда Жахаба сага жөлөк-таяк болгон (1 Кор. 10:13). Андыктан башыңан өткөргөндөрдүн оң таасири да бар. Анткени алардын аркасында сенин алгачкы сүйүүң тереңдеп, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан эркин жакшыраак таанып билгенсиң (Жаш. 23:14; Заб. 33:9).

8. Жахаба өзүн Мусага кандайча ачып берген жана ысрайыл эли Жахабаны эмнеден улам жакшы биле алган?

8 Мисалы, ысрайыл элин Мисирдин кулчулугунан алып чыгарда Жахабанын өзүнүн кандай Кудай экенин ачып бергенине токтололу. Ал Мусага: «Мен ким болууну кааласам, ошол болом» — деген (Чыг. 3:7, 8, 13, 14, «ЖД»). Муну менен Жахаба өз элин куткарыш үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло аларын баса белгилеген. Андан кийин болуп өткөн окуялардан улам ысрайыл эли Жахабанын жагдай-шартка жараша Кудурети Күчтүү, Өкүмдар, Жолбашчы, Куткаруучу, Аскербашчы, Камкор Кудай боло аларын көрүшкөн (Чыг. 12:12; 13:21; 14:24—31; 16:4; Нек. 9:9—15).

9, 10. Кандай окуялар Кудайды жакшы билүүгө жардам берет жана алар тууралуу ой жүгүртүү эмне үчүн пайдалуу?

9 Албетте, сенин жагдайың байыркы ысрайыл элинин жагдайынан айырмаланат. Ошондой болсо да Кудайдын сага жеке кызыгуу көрсөтөрүнө ынандырган, ишенимиңди бекемдеген окуяларды башыңан өткөргөндүрсүң. Балким, кээ бир учурларда Жахабанын Кам көрүүчү, Сооротуучу же Окутуучу экенин сезгендирсиң (Оку: Ышайа 48:17). Же кайсы бир тиленүүңө ачык жооп алгандырсың. Же болбосо кандайдыр бир кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканда ишенимдештериң жардам бергендир. Өздүк изилдөөнүн аркасында да жагдайыңа ылайык келген аяттарды кезиктирип калган учурларың болгон чыгар.

10 Булар жөнүндө башкаларга айтып берсең, алар анча деле таасирленбеши ыктымал. Ал окуялар аларга боло жүргөн эле нерседей көрүнсө да, сен үчүн зор мааниге ээ. Жахаба ал учурларда сен үчүн ким болуш керек болсо, ошол болуп берген. Чындыкта өткөргөн жылдарың тууралуу ойлонуп көрсөң. Жахабанын сага өзгөчө колдоо көрсөткөн учурларын эстей аласыңбы? Ошол сыяктуу окуяларды жана ошондогу сезимдериңди унутпоо, алар жөнүндө ой жүгүртүү Жахабага болгон мурунку сүйүүңдү жандандырат. Ошондой учурларда Жахаба сага жеке кызыгуу көрсөткөн эмес деп эч ким ырастай албайт.

Өзүңдү текшер

11, 12. Чындыкка болгон сүйүүбүздүн сууп калышына эмне себеп болушу мүмкүн жана буга карата Ыйса кандай кеңеш берген?

11 Эгер Жахабага жана чындыкка болгон сүйүүңдүн сууп баратканын байкасаң, бул Жахабанын сага болгон мамилесинин өзгөрүп кеткенин билдиреби? Жок. Себеби Ал эч качан өзгөрбөйт (Мал. 3:6; Жкп. 1:17). Жахаба сени мурда кандай бааласа, азыр да дал ошондой баалайт. Анда аны менен болгон мамилеңдин мурдагыдай болбой калганына эмне себеп болушу мүмкүн? Балким, мурдагыдан көбүрөөк убайым тартып, түйшүккө малынып жатканың себеп болуп жүрбөсүн? Же мурункудай жалындуу тиленбей, терең изилдөө жүргүзбөй, көп ой жүгүртпөй калгандырсың. Же болбосо кабар айтуу кызматына көп катышпай, жыйналыштарды көп калтырып жаткандырсың (2 Кор. 13:5).

12 Балким, жогоруда айтылгандардын сага тиешеси жоктур. Эгер тиешеси бар болсо, ойлонуп көргөнүң дурус. Үйбүлөңө же денсоолугуңа тийиштүү түрдө кам көрүүдөн жана башка ушул сыяктуу кадимки тынчсыздануулардан улам Жахабанын күнүнүн жакындап келатканын этибар албай калган жоксуңбу? Ыйса элчилерине мындай деген: «Өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын. Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат. Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!» (Лк. 21:34—36).

13. Жакып Кудайдын Сөзүн эмнеге салыштырган?

13 Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакып ишенимдештерин өзүлөрүн Кудай Сөзүнүн негизинде чынчылдык менен текшерип көрүүгө чакырган. Ал мындай кеңеш берген: «Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула. Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот. Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат» (Жкп. 1:22—25).

14, 15. а) Рухий жактан өсүүгө Ыйык Китеп кандайча жардам берет? б) Кандай суроолор тууралуу ой жүгүртүп көрүүгө болот?

14 Адатта, адам күзгүгө сырткы көрүнүшүн оңдош үчүн каранат. Алсак, эркек киши күзгүгө каранып жатып галстугунун кыйшыйып калганын көрсө, түздөп коёт. Же аял киши чачынын тыкан эмес экенин байкаса — тарайт. Ошол сыңары, Ыйык Жазма — биздин каймана күзгүбүз. Анда Кудайдын талаптары айкын жазылгандыктан, ага «каранып», өзүбүздү текшере алабыз. Кадимки күзгүдөн сырткы көрүнүшүбүздүн оңдоочу жактарын байкаганда, оңдобой койбойбуз. Ошол сыяктуу эле, Кудайдын «жеткилең мыйзамына» ылайык келбеген кемчиликтерибизди көргөндө аларды оңдоо үчүн иш-аракет кылсак, акылмандык көрсөтүп, Кудайдын мыйзамын «аткаруучулардан» болобуз. Жахабага жана чындыкка болгон биринчи сүйүүсүнүн сууп баратканын байкагандар минтип ойлонуп көргөнү абзел: «Жашоомдо кандай кыйынчылыктар болуп жатат? Аларды кандай көтөрүп жатам? Мурда кандай көтөрчү элем? Эмнем өзгөрдү?» Өзүңдү ушинтип текшерип көрүп, кайсы бир жактардан оңолуу керектигин байкасаң, аларга кол шилтеп койбой, дароо чара көр (Эвр. 12:12, 13).

15 Жогорудагы суроолор тууралуу ой жүгүртүү акылга сыярлык максаттарды коюп, рухий жактан өсүүгө түрткү берет. Элчи Пабыл жаш кызматташы Тиметейге кызматын жакшыртууну кеңеш кылып: «Ошол үчүн кам көр [«ушулар тууралуу ой жүгүрт», «ЖД»], ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун»,— деген. Биз да кайсы жактардан жакшыра аларыбыз жөнүндө Кудай Сөзүнүн негизинде ой жүгүртүшүбүз кажет (1 Тим. 4:15).

16. Өзүңдү текшерип жатканда эмнеден сак болушуң керек?

16 Чынчылдык менен өзүңдү текшерип көргөндө алсыз жактарыңды байкайсың. Ошондон улам көңүлүң чөгүшү мүмкүн, бирок ал сезимге жеңилип бербе. Себеби өзүбүздү текшерип көрүүнүн максаты — кайсы жактан жакшырууга болорун аныктоо. Биздин жеткилеңсиздигибиздин айынан татыксызмын деп ойлошубузду, чынында, Шайтан каалайт. Ал бизди Кудайга кызмат кылууда жасаган бардык аракетибиз куру бекер деген ойго ишендиргиси келет (Аюб 15:15, 16; 22:3). Андай жалган ойду Ыйса чечкиндүү түрдө четке каккан. Анткени Кудай үчүн ар бирибиз кымбатпыз (Оку: Матай 10:29—31). Алсыз жактарыбызды момундук менен моюнга алуу, тескерисинче, Жахабанын жардамы менен оңолууга түрткү бериши керек (2 Кор. 12:7—10). Ал эми оорунун же карылыктын айынан көп нерсе жасай албай жатсаң, акылга сыярлык максаттарды кой. Эң негизгиси, сүйүүңдүн сууп калышына жол бербе.

Ыраазычылыгыңды арттыра бер

17, 18. Баштапкы сүйүүнү тереңдетүүнүн кандай пайдасы бар?

17 Баштапкы сүйүүнү тереңдете берүүнүн пайдасы чоң. Сенде Кудай жөнүндөгү билимиңди жана анын сүйүү менен берип жаткан жетекчилигине болгон ыраазычылыгыңды арттырууга толук негиз бар (Оку: Накыл сөздөр 2:1—9; 3:5, 6). Забур китебинде мындай делет: «Аларды [Жахабанын мыйзамдарын] сактагандарга чоң сыйлык!» «Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат». «Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу» (Заб. 18:8, 12; 118:1).

18 Ооба, ыраазы болууга көптөгөн себептер бар. Мисалы, дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын чыныгы себебин билесиң. Кудайдын өз эли үчүн караштырган рухий чараларынан пайда алып жатасың. Жахабанын сени бүткүл дүйнөлүк уюмуна кошуп, өзүнүн Күбөсү болууга мүмкүнчүлүк бергенине ыраазы экениң да күмөнсүз. Алып жаткан баталарыңды баалай бил. Аларды санап, жазып чыга турган болсоң, узун тизме болору шексиз. Кудайдын берген ошол баталары жөнүндө кез-кези менен ой жүгүртүп туруу: «Эмнең бар болсо, ошону бекем карма»,— деген кеңешке ылайык иш кылууга түрткү берет (Аян 3:11).

19. Рухий саламаттыгыңды сактоо үчүн Кудай менен болгон мамилең тууралуу ой жүгүртүүдөн тышкары эмне талап кылынат?

19 «Эмнең бар болсо, ошону бекем кармоо» үчүн ишенимиңдин жылдан жылга кандайча өрчүп келгени жөнүндө ой жүгүртүү менен эле чектелбе. Бул журналда рухий саламаттыгыбызды сактоонун дагы башка жолдору кайра-кайра баса белгиленип турат. Аларга, мисалы, тиленүү, жыйналыштарга үзгүлтүксүз баруу, жакшы кабарды жигердүүлүк менен айтуу кирет. Булар Кудайга болгон алгачкы сүйүүңдү жандандырып, тереңдете берүүгө көмөк кылат (Эф. 5:10; 1 Пет. 3:15; Жүй. 20, 21).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага болгон биринчи сүйүүңдү ойготкон себептер сага азыр кандай таасир этет?

• Башыңан өткөргөндөрдү эстөө сени эмнеге ынандырышы мүмкүн?

• Кудайга болгон сүйүүңдү эмне үчүн текшерип турушуң абзел?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Чындыкка келүүгө сага эмне таасир этти жана эмнеден улам анын чындык экенине ынандың?

[25-беттеги сүрөт]

Жакшырышың керек болгон жактарыңды байкайсыңбы?