Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимиңди коргоого даярсыңбы?

Ишенимиңди коргоого даярсыңбы?

Ишенимиңди коргоого даярсыңбы?

ИШЕНИМИҢДИ коргоого өзүңдү милдеттүү сезген учурларың болду беле? Парагвайдагы 16 жашар Сюзана менен болгон окуяны карап көрөлү. Бир жолу этика сабагынан анын классташтарынын бири: «Жахабанын Күбөлөрү „Байыркы Келишимди“ четке кагышат жана Ыйса Машайак менен Мариямга ишенишпейт»,— деген. Ошондой эле Күбөлөр медициналык жардам алуудан көрө, өлүүгө даяр фанаттар деген ырастоо да айтылган. Мындайда сен эмне кылат элең?

Сюзана Жахабага тиленип, колун көтөрөт. Сабак бүтөйүн деп калгандыктан, ал мугалимден эмкиде Жахабанын Күбөсү катары өзүнүн ишеними жөнүндө айтып берүүгө уруксат сурайт. Мугалими дароо макул болот. Кийинки эки жуманын ичинде Сюзана «Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер? Алар эмнеге ишенишет?» деген китепчени колдонуп, класстын алдында сөз сүйлөөгө даярданат.

Ошентип, сөз сүйлөй турган күн да келет. Сюзана алгач эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталарыбызды айтып берет. Ошондой эле келечекке болгон үмүтүбүздү жана эмне үчүн кан куйдурбай турганыбызды түшүндүрөт. Анан ал класстагыларды суроолору болсо, берүүгө чакырат. Классташтарынын көбү кол көтөрүп, суроолорун беришет. Мугалими жаш кыздын Ыйык Китептин негизинде берген жоопторуна таң калат.

Бир классташы: «Мен бир жолу Падышалык залына баргам, бирок ал жерден бир да сөлөкөт көргөн эмесмин»,— дейт. Мугалими мунун себебин билгиси келет. Сюзана Забур 113:12—16-аяттарды жана Чыгуу 20:4-аятты окуп берет. Мугалими таң калып: «Эгер сөлөкөттөргө сыйынуу Ыйык Китепте айыпталса, эмне үчүн биздин чиркөөлөр сөлөкөттөргө толгон?» — деп сурайт.

Суроо-жооп иретиндеги талкуу 40 мүнөткө созулат. Сюзана классындагыларга «Кансыз дарылоо. Медицина да колдоодо» деген видеотасманы чогуу көрүүнү сунуш кылганда, баары макул болот. Ошон үчүн мугалими талкуунун кийинки күнү да улантыларын айтат. Тасма көрсөтүлгөн соң, Сюзана Жахабанын Күбөлөрүнүн кээ бирлерине ылайыктуу болгон кансыз дарылоонун ыкмаларын түшүндүрүп берет. Мугалими буга карата оюн айтып: «Мен кансыз дарылоонун ыкмалары көп экенин жана кан куюусуз дарылоо алда канча пайдалуу экенин билген эмесмин»,— дейт. Анан: «Мындай дарылоо ыкмалары Жахабанын Күбөлөрү үчүн элеби?» — деп сурайт. Андай эмес экенин уккандан кийин ал: «Эмкиде Жахабанын Күбөлөрү үйүмө келгенде, алар менен сөзсүз сүйлөшүп көрөм»,— деп айтат.

Сюзананын 20 мүнөткө пландаштырган талкуусу үч саатка созулган. Бир жумадан кийин башка окуучулар да чиркөөнүн мүчөсү катары өз ишеними жөнүндө айтып беришкен. Натыйжада аларга көптөгөн суроолор берилген, бирок алар ишенимин жактай алышкан эмес. Мугалим алардан: «Жахабанын Күбөсү болгон классташыңардай болуп, өз ишенимиңерди коргой албаганыңар кандай?» — деп сураган.

Буга алар: «Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти кылдат изилдешет, ал эми биз антпейбиз»,— деп жооп беришкен.

Мугалими Сюзанага кайрылып: «Сен, чынында эле, Ыйык Китепти терең изилдеп, анда айтылгандарды колдонууга аракет кылат экенсиң. Сен мактоого татыктуусуң»,— деген.

Сюзана эмнеге ишенери жөнүндө айтпай деле коё алмак. Бирок ишенимин коргоо менен ал сириялыктар тарабынан туткундалган кичинекей ысрайылдык кыздын мыкты үлгүсүнө карманган. Аты аталбаган ал кыз жийиркеничтүү тери оорусуна чалдыккан сириялык аскербашы Наамандын үйүнө алынып келинген. Ысрайылдык кыз эржүрөктүк менен мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» — деп айткан. Ал кыз чыныгы Кудай жөнүндө айтуудан эч тартынган эмес. Натыйжада анын мырзасы Нааман Жахабанын кызматчысы болуп калган (2 Пад. 5:3, 17).

Сюзана да Жахаба жана анын эли жөнүндө күбөлөндүрүүдөн тартынган эмес. Ишеними сынга алынганда ал аны чечкиндүүлүк менен коргоп, Жазмадагы: «Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч [«терең урмат-сый», «ЖД»] менен жооп берүүгө дайым даяр болгула»,— деген буйрукка ылайык иш кылган (1 Пет. 3:15). Сен да мүмкүнчүлүк болгон сайын ишенимиңди тайманбастык менен коргоого даярсыңбы?

[17-беттеги сүрөт]

Бул куралдар ишенимиңди коргоого жардам берет