Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсы сапаттарды өрчүтүүгө умтулушубуз керек?

Кайсы сапаттарды өрчүтүүгө умтулушубуз керек?

Кайсы сапаттарды өрчүтүүгө умтулушубуз керек?

«Адилдикке, Кудайга берилгендикке, ишенимге, сүйүүгө, туруктуулукка жана жумшак болууга умтул» (1 ТИМ. 6:11, «ЖД»).

1. Адамдар эмнелерге умтулушат?

БҮГҮНКҮ күндө адамдар эмнелерге умтулушат? Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, көптөр куру максаттарды көздөйт. Алсак, айрымдар «акчаны сүйүп», материалдык жыргалчылыкка жетүү менен бактылуу болом деп ойлойт. Дагы бирөөлөр «ыракатты сүйүп», көңүл ачууну жашоосунда биринчи орунга коёт (2 Тим. 3:2, 4). Адамдар буларга умтулууда көп күч жумшашса да, чынында, мунун баары — курулай убаракерчилик (Нас. 1:14).

2. а) Кудай Ыйсанын айрым жолдоочуларын кандай сыйлыкка умтулууга чакырган? б) Жахаба Ыйсанын жолдоочуларынын көбүнө эмнени сунуш кылууда?

2 Алардан айырмаланып, элчи Пабыл: «Максатыма — Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп жатам»,— деп жазып, Ыйсанын жолдоочулары умтулушу керек болгон арзырлык максатты баса белгилеген (Флп. 3:14). Ыйык Китепте Ыйсанын 144 000 майланган жолдоочусунун баары, алардын ичинде Пабыл да асманда жашоо сыйлыгына ээ болору айтылган. Алар Ыйса Машайактын Миң жылдык башкаруусунда аны менен бирге жер үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Кудай аларды кандай сонун максатка умтулууга чакырган! Бирок бүгүн Ыйсанын жолдоочуларынын көбүнүн үмүтү, умтулган максаты башка. Жахаба сүйүүсү менен аларга Адам ата менен Обо эне жоготкон нерсени, тагыраак айтканда, жер бетиндеги бейиште чың денсоолукта түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылууда (Аян 7:4, 9; 21:1—4).

3. Кудайдын улуу ырайымына канткенде ыраазычылык билдире алабыз?

3 Күнөөлүү, жеткилең эмес адамдар жакшы нерселерди кылууга канчалык аракет кылбасын, түбөлүк өмүргө татыктуу боло албайт (Ыш. 64:6). Түбөлүк өмүргө Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу сүйүү менен караштырган куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү менен гана жетүүгө болот. Кудайдын бул улуу ырайымына канткенде ыраазычылык билдире алабыз? Муну: «Адилдикке, Кудайга берилгендикке, ишенимге, сүйүүгө, туруктуулукка жана жумшак болууга умтул»,— деген буйрукка баш ийүү менен да көрсөтө алабыз (1 Тим. 6:11, «ЖД»). Бул сапаттарды карап чыгуу ар бирибизге аларды өрчүтүүгө умтулууда «ийгиликке жетүүгө» жардам берет (1 Тес. 4:1).

«Адилдикке... умтул»

4. «Адилдикке» умтулуу эмне үчүн маанилүү жана алгач эмне кылуу зарыл?

4 Элчи Пабыл Тиметейге жазган эки катында тең умтулушубуз керек болгон сапаттарды санап өтүп, экөөндө тең «адилдикти» биринчи атап өткөн (1 Тим. 6:11, «ЖД»; 2 Тим. 2:22, «ЖД»). Ыйык Китептеги башка аяттарда да акыйкаттыкка же адилдикке умтулуу керектиги бир нече ирет баса белгиленет (Накыл 11:19; 15:9; 21:21). Ан үчүн алгач жалгыз чыныгы Кудай жөнүндө жана ал жиберген Ыйса Машайак жөнүндө билим алуу зарыл (Жкн. 17:3). Адилдикке умтулуу адамды иш-аракет кылууга — мурда кетирген күнөөлөрү үчүн өкүнүүгө жана Кудайдын эркин аткаруу үчүн ага «кайрылууга» — түрткү берет (Элч. 3:19).

5. Кудайдын алдында адилдикке ээ болуп, адил бойдон калуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

5 Адилдикке умтулган миллиондогон адамдар өмүрүн Жахабага арнап, арналуусун чөмүлтүлүү менен көрсөтүүдө. Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочусу болсоң, жашооң адилдикке умтулуп жатканыңды айгинелеп турар-турбасы жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Жашооңдо маанилүү чечимдерди чыгарарда Ыйык Китептин негизинде «жаман-жакшыны» айырмалай билгениң адилдикке умтулуп жатканыңды көрсөтөт (Оку: Эврейлерге 5:14). Мисалы, Ыйсанын бойго жеткен, үйбүлө кура элек жолдоочусу болсоң, Жахабанын Күбөсү болбогон адам менен ынак мамиле өрчүтпөөгө чечкиндүүсүңбү? Адилдикке умтулсаң, ошондой кыларың шексиз (1 Кор. 7:39).

6. Адилдикке чындап умтулуу эмнени билдирет?

6 Адил болуу өзүнүкүн туура деп эсептөөнү же өзүн «өтө адил адам кылып көрсөтүүнү» билдирбейт (Нас. 7:16). Ыйса башкалардын алдында адил болуп көрүнүүдөн сак болууну эскерткен (Мт. 6:1). Чындап адилдикке умтулуу жүрөктүн түпкүрүндөгү туура эмес ойлорду, көзкараштарды, ниеттерди, каалоолорду оңдоп-тууралоону билдирет. Эгер ушунун үстүнөн иштесек, олуттуу күнөөлөрдү жасабайбыз (Оку: Накыл сөздөр 4:23; салыштыргыла: Жакып 1:14, 15). Ошондой эле Жахабанын жактыруусуна ээ болобуз. Ал бизге Ыйсанын жолдоочусуна керек болгон башка сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет.

«Кудайга берилгендикке... умтул»

7. «Кудайга берилгендик» деген эмне?

7 Берилгендик өзүн бир нерсеге арноону, ишенимдүү болууну билдирет. Ыйык китептик бир сөздүккө ылайык, «Кудайга берилгендик» деп которулган грек сөзү «Кудайдан коркууну, ага карата кастарлоо сезимин туюуну» билдирет. Ысрайылдыктар көп учурда андай берилгендик көрсөтүшкөн эмес. Бул, Кудай Мисирден куткаргандан кийин деле, алардын тилалбастык көрсөткөнүнөн айкын болуп турат.

8. а) Адам ата күнөө кетиргенден кийин кандай суроо туулган? б) «Ыйык сырдын» жообу кандайча ачылып берилген?

8 Жеткилең киши, Адам ата, күнөө кетиргенден миңдеген жылдар өткөндөн кийин: «Адамдар Кудайга берилгендикти жеткилең түрдө көрсөтө алышабы?» — деген суроо туулган. Кылымдар бою күнөөлүү адамдардын эч кимиси Кудайга толугу менен берилгендик көрсөтө алышкан эмес. Бирок Жахаба өз убагы келгенде бул «ыйык сырдын» жообун ачып берген. Ал асмандагы тун Уулунун өмүрүн жеткилең адам болуп төрөлгүдөй кылып Мариямдын жатынына көчүргөн. Ыйса өзүнүн жердеги жашоосу менен, шылдыңдуу өлүм менен өлгөндө да, Кудайга арналуу, ага толук берилүү деген эмне экенин даана көрсөтүп кеткен. Анын тиленүүсү асмандагы мээримдүү Атасын терең урматтаарын чагылдырып турат (Мт. 11:25; Жкн. 12:27, 28). Ошондуктан Жахаба Пабылды Ыйсанын үлгүлүү жашоосун сүрөттөөдө «Кудайга берилгендик» жөнүндө жазууга шыктандырган (Оку: 1 Тиметейге 3:16 *).

9. Кудайга берилгендикке кантип умтулсак болот?

9 Биз күнөөлүү болгондуктан, Кудайга берилгендикти жеткилең түрдө чагылдыра албайбыз. Бирок ошого умтулсак болот. Бул бизден Ыйсанын үлгүсүнө мүмкүн болушунча бекем карманууну талап кылат (1 Пет. 2:21). Ошондо биз «такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан» экижүздүүлөрдөй болбойбуз (2 Тим. 3:5). Ошол эле учурда Кудайга берилгендик көрсөтүү сырткы көрүнүшүбүзгө маани бербөө керек дегенди билдирбейт. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүнө кийүүчү кийим тандоодобу же дүкөнгө барардабы, сырткы көрүнүшүбүздөн дайыма Кудайды урматтаарыбыз көрүнүп турушу керек (1 Тим. 2:9, 10). Ооба, Кудайга берилгендикке умтулуу күндөлүк жашообузда анын адил нормаларына карманууну билдирет.

«Ишенимге... умтул»

10. Ишенимибизди бекем бойдон сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Оку: Римдиктерге 10:17. Бекем ишеним өрчүтүп, аны сактоо үчүн Ыйсанын жолдоочусу Кудайдын Сөзүндөгү баалуу чындыктар жөнүндө ой жүгүртүшү керек. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» көптөгөн сонун адабияттар менен камсыз кылат. Алсак, «Тарыхтагы эң улуу адам», «Улуу Окутуучудан үйрөн» (ор.), «Мени ээрчи» (ор.) деген китептер бизге Ыйса жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана аны тууроого жардам берүү максатында чыгарылган (Мт. 24:45—47). Ошондой эле кул тобу жыйналыш жолугушууларынын, райондук жана облустук жыйындардын өткөрүлүшүнө кам көрөт. Алардын көбүндө Машайак жөнүндө талкууланат. Кудай караштырган бул чараларга «өзгөчө маани берип», алардан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алууга аракет кылып жатасыңбы? (Эвр. 2:1).

11. Ишенимге умтулууда тиленүү жана баш ийүү кандай роль ойнойт?

11 Ишенимди бекемдөөгө тиленүү да жардам берет. Бир жолу Ыйсанын жолдоочулары андан: «Ишенимибизди арттыр»,— деп суранышкан. Биз да Кудайдан момундук менен ошентип сурансак болот (Лк. 17:5). «Рухтун жемишине» ишеним да киргендиктен, ишенимибизди арттыруу үчүн Кудайдан ыйык рух сурап тиленишибиз керек (Гал. 5:22). Ошондой эле Кудайдын буйруктарына баш ийүү ишенимибизди бекемдейт. Мисалы, кабар айтуу ишине көбүрөөк катышсак болот. Мындан зор кубаныч аларыбыз шексиз. «Кудайдын Падышачылыгын жана [Анын] адилеттигин издөөнүн» аркасында келген баталар жөнүндө ой жүгүрткөндө, ишенимибиз өсөт (Мт. 6:33).

«Сүйүүгө... умтул»

12, 13. а) Ыйса кандай жаңы осуят берген? б) Кандай жолдор менен Ыйсаныкындай сүйүү көрсөтүүгө умтулушубуз керек?

12 Оку: 1 Тиметейге 5:1, 2. Пабыл Ыйсанын жолдоочуларынын бири-бирине кантип сүйүү көрсөтсө болоруна байланыштуу кеңеш берген. Кудайга берилгендик көрсөтүү Ыйсанын: «Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген жаңы осуятына ылайык иш кылууну камтыйт (Жкн. 13:34). Элчи Жакан мындай деген: «Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын көрүп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сүйүүсү болсун?» (1 Жкн. 3:17). Башкаларга иш жүзүндө сүйүү көрсөткөн учурларыңды эстей аласыңбы?

13 Сүйүүгө умтулуунун дагы бир жолу — кечиримдүү болуп, биртуугандарыбызга кек сактабоо (Оку: 1 Жакан 4:20). Тескерисинче, биз Кудайдын: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле»,— деген кеңешине карманууну каалайбыз (Кол. 3:13). Жыйналыштан кимдир бирөөгө карата ушул кеңешти колдоно аласыңбы? Аны кечиресиңби?

«Туруктуулукка... умтул»

14. Филаделфиядагы жыйналыштагы биртуугандардан эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Анча чоң эмес максаттарга жетүү — башка, ал эми ишке ашырууга кыйын болгон же жакын арада жете албаган максаттарга жетүү такыр башка нерсе. Анын сыңарындай, максатыбызга — түбөлүк өмүргө — жетүү үчүн туруктуулук талап кылынат. Филаделфиядагы жыйналышка Ыйса мындай деген: «Сен Менин чыдамкайлык жөнүндөгү сөзүмдү сактадың, ошондуктан Мен да сени... сыноо убагынан сактап калам» (Аян 3:10). Ооба, Ыйса чыдамкайлыктын же туруктуулуктун, сыноолорго жана азгырыктарга дуушар болгондо багынбоого жардам берген сапаттын, зарылдыгын баса белгилеген. Биринчи кылымда Филаделфиядагы жыйналышта кызмат кылган биртуугандар көптөгөн сыноолорго карабай ишенимдүүлүгүн бекем сакташса керек. Ошондуктан Ыйса аларды алдыда боло турган чоң сыноо учурунда жардам берерине ынандырган (Лк. 16:10).

15. Ыйса чыдамдуулук жөнүндө эмнени айткан?

15 Ыйса өз жолдоочуларынын ишенбеген туугандарына жана бүт дүйнөгө жек көрүндү болорун билген. Ошондуктан аларды, бери дегенде, эки жолу бекемдеп: «Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деген (Мт. 10:22; 24:13). Ошондой эле Ыйса шакирттеринин сыноо учурунда чыдоого күчтү кайдан ала алышарын көрсөткөн. Ал бир мисалында Кудайдын сөзүн «кубанып кабыл алган», бирок ишеними сыналганда, четтеп кеткендерди таштак жерге салыштырган. Ал эми Кудайдын сөзүн «сактап, чыдамдуулук менен жемиш берген» ишенимдүү жолдоочуларын жакшы жерге окшоштурган (Лк. 8:13, 15).

16. Сүйүү менен көрүлгөн кайсы чара миллиондогондорго туруктуу бойдон калууга жардам берүүдө?

16 Туруктуу болуунун сыры эмнеде экенин байкадыңарбы? Биз Кудайдын Сөзүн жүрөгүбүздө, акылыбызда тирүү «сакташыбыз» керек. Буга барган сайын көп тилдерге которулуп жаткан «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» — Ыйык Китептин так, окууга жеңил котормосу — жардам берет. Күн сайын Кудайдын Сөзүнөн окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүүдөн «чыдамдуулук менен жемиш» алып келүү үчүн керектүү күч-кайрат ала алабыз (Заб. 1:1, 2).

«Жумшак болууга» жана тынчтыкка умтул

17. а) Жумшак болуу эмне үчүн маанилүү? б) Ыйса жумшактыгын кантип көрсөткөн?

17 Айтпаган же кылбаган нерсе үчүн күнөөлүү болууну эч ким каалабайт. Адамдар жөн жерден эле айыпталганда, адатта, ачуусу менен жооп кайтарышат. Бирок мындай учурда «жумшак болуу» кандай жакшы! (Оку: Накыл сөздөр 15:1 *). Адилетсиз түрдө айыпталганда жумшак болуу үчүн көп күч талап кылынат. Ыйса Машайак жумшак болуу жагынан жеткилең үлгү калтырган. «Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган» (1 Пет. 2:23). Бул жагынан Ыйсаны толугу менен туурай албасак да, жумшак болуу жагынан жакшыра алабызбы?

18. а) Жумшак болуунун кандай пайдасы бар? б) Дагы кайсы сапатты өрчүтүүгө чакырылабыз?

18 Келгиле, ишенимибизди жактоодо, Ыйсаны туурап, «жумшактык жана терең урмат-сый менен» жооп бере билүүгө «дайым даяр бололу» (1 Пет. 3:15, «ЖД»). Ооба, жумшак болсок, кызматта жолуктурган адамдар менен болобу же ишенимдештерибиз мененби, оюбуздун төп келишпегени талаш-тартышка айланып кетишине жол бербейбиз (2 Тим. 2:24, 25). Жумшактык башкалар менен тынчтыкта болууга өбөлгө түзөт. Балким, ушундан улам Пабыл Тиметейге жазган экинчи катында биз умтулушубуз керек болгон сапаттар менен чогуу «тынчтыкты» да айтып өткөн (2 Тим. 2:22; салыштыргыла: 1 Тиметейге 6:11). Демек, «тынчтык» — Ыйык Жазма бизди умтулууга үндөгөн сапаттардын дагы бири (Заб. 33:15; Эвр. 12:14).

19. Жети сапатты карап чыккандан кийин эмнеге умтулууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

19 Биз Ыйсанын жолдоочусу катары умтулушубуз керек болгон жети сапатты — адилдикти, Кудайга берилгендикти, ишенимди, сүйүүнү, туруктуулукту, жумшак болууну жана тынчтыкты — кыскача карап чыктык. Ар бир жыйналышта биртуугандардын бул баалуу сапаттарды толугураак чагылдырууга аракет кылганы кандай сонун! Бул Жахабага даңк алып келет жана ага мактоо алып келгидей болуп калыптанышыбызга жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. 1 Тиметейге 3:16 («ЖД»): «Кудайга берилгендиктин ыйык сыры улуу экени шексиз: „Ыйса адам болуп келди, рух катары адил деп жарыяланды, периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним менен кабыл алынды, асманга даңк менен алынды“».

^ 17-абз. Накыл сөздөр 15:1 («ЖД»): «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт».

Ой жүгүртүү үчүн

• Адилдикке жана Кудайга берилгендикке умтулуу эмнени билдирет?

• Бизге ишенимге жана туруктуулукка умтулууга эмне жардам берет?

• Сүйүү бири-бирибизге жасаган мамилебизге кандай таасир этиши керек?

• Эмне үчүн жумшак болууга жана тынчтыкка умтулушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Ыйса башкалардын алдында адил болуп көрүнүүдөн сак болууну эскерткен

[13-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзүндөгү чындыктар жөнүндө ой жүгүртүү менен ишенимибизди бекемдөөгө умтулабыз

[15-беттеги сүрөт]

Биз сүйүүгө жана жумшак болууга умтулабыз