Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Элчи Пабыл: «Бүт Ысрайыл эли куткарылат»,— деген (Рим. 11:26). Анын бул сөздөрү жүйүттөрдүн баары эртели-кеч Ыйсаны жолдоп калат дегенди билдиргенби?

Жок. Ыбрайымдын урпактарынан турган элдин басымдуу бөлүгү Ыйсаны Машайак катары кабыл алган эмес. Ыйсанын өлгөнүнөн кийинки жылдары жүйүттөрдүн баары аны түп көтөрө жолдоп кетпегени да маалым. Ошентсе да Пабылдын: «Бүт Ысрайыл эли куткарылат»,— деген сөздөрү сөзсүз аткарылмак. Кандайча?

Ыйса жүйүттөрдүн диний жетекчилерине: «Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет»,— деген (Мт. 21:43). Анткени ысрайыл элинин көпчүлүгү Ыйсаны четке каккан. Ошондуктан Жахаба өзүнө рух менен майланган, жаңы эл тандап алууну чечкен. Ал элди Пабыл «Кудайдын Ысрайылы» деп атаган (Гал. 6:16).

Грек Жазмаларынын башка аяттарында «Кудайдын Ысрайылы» Ыйсанын рух менен майланган 144 000 жолдоочусунан турары көрсөтүлөт (Рим. 8:15—17; Аян 7:4). Аларга, Аян 5:9, 10-аяттарга ылайык, «ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан» келген жүйүт эместер да кирмек. Ал рухий Ысрайылдын мүчөлөрү «падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар» катары жер үстүнөн башкарууга тандалып алынган. Ысрайылдыктар Жахабанын эли катары эсептелбей калса да, алардын айрымдары аны менен элдеше алышмак. Буга элчилер жана Ыйсанын башка көптөгөн алгачкы жолдоочулары далил. Албетте, ал жүйүттөр, башка элдерден чыккан адамдардай эле, Ыйса Машайактын каны менен сатылып алынууга тийиш болчу (1 Тим. 2:5, 6; Эвр. 2:9; 1 Пет. 1:17—19).

Биринчи кылымдагы жүйүттөрдүн көбүнүн Ыйсанын жанында кошо башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калгандыгы Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына бөгөт боло алган эмес, бөгөт боло албайт да болчу. Себеби ал өзүнүн пайгамбары аркылуу: «Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деген (Ыш. 55:11).

Андыктан Жахабанын Уулу менен кошо асманда башкарууга 144 000 кишини дайындоого байланыштуу ой-ниети да аткарылбай калмак эмес. Ыйык Китепте айкын көрсөтүлгөндөй, Кудай 144 000 кишини толугу менен майлайт. Бири да унутта калбайт (Аян 14:1—5).

Демек, Пабылдын: «Бүт Ысрайыл эли куткарылат»,— дегени жүйүттөрдүн баары Ыйсаны жолдоп кетерин билдирген эмес. Ал, Кудайдын ой-ниети ишке ашып, 144 000дин — рухий Ысрайылдын — Ыйса Машайак менен асманда башкарарын көрсөткөн. Андыктан өз убагы келгенде «бүт Ысрайыл эли» толугу менен куткарылып, акыры, Машайак башкарган Падышалыкта аны менен кошо падыша жана ыйык кызмат кылуучу катары бийлик жүргүзөт (Эф. 2:8).

[28-беттеги сүрөт]

Майлангандар «ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан» чыгат