Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Римдиктерге жазылган каттагы урунттуу ойлор

Римдиктерге жазылган каттагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Римдиктерге жазылган каттагы урунттуу ойлор

БОЛЖОЛ МЕНЕН б.з. 56-жылы, үчүнчү миссионердик сапарында жүргөндө элчи Пабыл Корунт шаарына келет. Ал Ыйсанын Римдеги жүйүт жана бутпарас элдерден чыккан жолдоочуларынын ортосунда кайчылаш пикирлер пайда болгонун угат. Ишенимдештеринин арасында биримдик өкүм сүрүшүн каалагандыктан Пабыл аларга кат жазууну туура көрөт.

Ал катта Пабыл адамдын эмненин негизинде акталарын же адил деп жарыяланарын жана ошого жараша кантип жашоо керектигин түшүндүрөт. Ошондой эле Кудайдын ырайымдуулугун жана биздин куткарылуубуздагы Машайактын ролун баса белгилейт. Аны окуу менен биз да Кудай жана анын Сөзү жөнүндөгү билимибизди тереңдетебиз (Эвр. 4:12).

АДАМ КАНДАЙЧА АКТАЛАТ?

(Рим. 1:1—11:36)

«Бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан. Бирок бардыгы Анын [Кудайдын] ырайымы менен, Машайак Ыйсанын кун төлөп куткаруусу аркылуу бекер акталышты... Адам мыйзамды аткаруу менен эмес, ишеним менен акталат»,— дейт Пабыл (Рим. 3:23, 24, 28). Ыйсанын майланган жолдоочулары менен эбегейсиз көп адамдарды түзгөн башка койлор Ыйсага болгон ишениминин негизинде «акталышат» же адил деп жарыяланышат. Мунун аркасында майлангандар Ыйсанын мурасташы болуп асманда жашашат, ал эми башка койлор Кудай менен тыгыз мамиле өрчүткөндүктөн, «улуу кайгыдан» аман өтүшөт (Рим. 5:18; Аян 7:9, 14; Жкн. 10:16; Жкп. 2:21—24; Мт. 25:46).

«Биз мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз, ырайымдын астындабыз деп, күнөө кыла берелиби?» — деп сурайт Пабыл. Кайра өзү: «Албетте, жок!» — деп жооп берет. Анан: «Силер өлүмгө дуушар кыла турган күнөөнүн же адилдикке жеткире турган тил алчаактыктын кулдары болоруңарды билбейсиңерби?» — дейт (Рим. 6:15, 16). «Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар»,— деп айтат ал (Рим. 8:13).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Рим. 1:24—32 — Бул аяттарда айтылган бузуктукка баткандар кимдер: жүйүттөрбү же бутпарастарбы? Мындай сүрөттөө эки топко тең ылайыктуу болсо да, Пабыл бул жерде Жахабадан баш тарткан байыркы ысрайыл эли жөнүндө айткан. Алар Кудайдын адил мыйзамдарын билгени менен, «Кудайды таанып билүүнүн кажети жок деп» эсептешкен. Ошондуктан алар адилеттүү түрдө ашкереленген.

Рим. 3:24, 25 — «Мурунку кылынган күнөөлөр» «Машайак Ыйсанын куну» төлөнө электе эле кандайча кечирилген? Башталыш 3:15те айтылган, Машайак жөнүндөгү эң алгачкы пайгамбарлык б.з. 33-жылы Ыйса кыйноо мамысында өлтүрүлгөндө аткарылган (Гал. 3:14, 16). Анткен менен Жахаба ал пайгамбарлык айтылгандан тартып эле кун төлөндү деп эсептеген. Себеби ал өзүнүн ой-ниеттеринин аткарылышына эч ким тоскоолдук кыла албай турганын билген. Андыктан Ыйса Машайактын келечекте бере турган курмандыгынын негизинде Адам атанын ал пайгамбарлыктагы убадага ишенген урпактарынын күнөөлөрүн кечире алган. Андан тышкары, Ыйсага чейин өлгөн адамдар үчүн да кундун негизинде тирилүүгө жол ачылган (Элч. 24:15).

Рим. 6:3—5 — «Машайак Ыйсага чөмүлдүрүлүү» жана «Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлүү» деген эмнени билдирет? Жахаба Ыйсанын жолдоочуларын ыйык рух менен майлаганда, алар Башчысы Ыйса болгон жана анын денеси болуп эсептелген жыйналыштын мүчөлөрү катары Ыйса менен биригишкен (1 Кор. 12:12, 13, 27; Кол. 1:18). Бул майлангандардын Машайак Ыйсага чөмүлдүрүлгөнүн билдирет. Ал эми «Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлүүсү» алардын жашоосу көптөгөн курмандыктар менен коштолорун жана алардын жерде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнөн баш тартарын көрсөтөт. Ошол себептүү алардын өлүмү Ыйсаныкындай куткаруу күчүнө ээ болбосо да, курмандык болуп саналат. Ыйсанын майланган жолдоочусу өлүп, кайра асмандагы жашоого тирилгенде, анын Машайактын өлүмүнө болгон чөмүлдүрүлүүсү аяктайт.

Рим. 7:8—11 — Күнөө кандай мааниде «осуятты себеп кылган»? Мыйзам адамдарга күнөөнүн толук маанисин ачып берип, алардын канчалык деңгээлде күнөөкөр экенин көрсөткөн. Натыйжада алар көп жактан күнөө кетирерин жана өзүлөрү ойлогондон да күнөөкөр экенин түшүнүшкөн. Мына ушундай мааниде күнөө «осуятты себеп кылган».

Биз алчу сабактар:

Рим. 1:14, 15. Бизде жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялоого бир катар себептер бар. Мисалы, биз Ыйсанын каны менен сатып алынган элдерге карызбыз, башкача айтканда, аларга рухий жактан жардам берүүгө милдеттүүбүз.

Рим. 1:18—20. Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты, касиет-сапаттары анын жаратуулары аркылуу айкын көрүнүп тургандыктан, кудайсыз жана адилетсиз адамдар «актана алышпайт».

Рим. 2:28; 3:1, 2; 7:6, 7. Пабыл жүйүттөрдү басмырлашы мүмкүн болгон ойлорду жумшартып айткан. Биз да Пабылдан үлгү алып, кимдир бирөөлөргө катуу тийиши мүмкүн болгон нерселерди айтууда алардын сезимин эске алып, туура сүйлөй билгенибиз маанилүү.

Рим. 3:4. Адамдын сөзү Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга каршы келген учурларда, биз «Кудай ишенимдүү» экенин унутпай, Ыйык Китепке таянып, Кудайдын эркине ылайык иш кылууну токтотпойбуз. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жигердүү катышуу менен башкаларга Кудайдын ишенимдүү экенине ынанууга жардам беребиз.

Рим. 4:9—12. Ыбрайым 99 жашка чыгып, сүннөткө отургузулганга чейин эле ишениминин негизинде адил болуп эсептелген (Башт. 12:4; 15:6; 16:3; 17:1, 9, 10). Муну менен Кудай адам, чынында, эмненин негизинде адил болорун айкын көрсөткөн.

Рим. 4:18. Үмүт — ишенимдин ажыратылгыс бөлүгү, анткени ишеним үмүткө негизделет (Эвр. 11:1).

Рим. 5:18, 19. Пабыл Ыйсаны Адам атага салыштыруу менен бир адамдын кантип «Өз жанын берип, көптөрдү куткара» алганын кыска, бирок нуска түшүндүрүп берген (Мт. 20:28). Биз да башкаларды окутуп жатканда, Пабылдан үлгү алып, чындыкты кыска, ошол эле учурда таамай түшүндүрө билишибиз керек (1 Кор. 4:17).

Рим. 7:23. Кол, бут жана тил сыяктуу дене мүчөлөрүбүздү туура колдонбосок, алар бизди «күнөөнүн мыйзамына туткун кылып» коюшу ыктымал.

Рим. 8:26, 27. Туюкка камалып калгандай жагдайга туш болгондо эмне жөнүндө тиленүүнү билбей жатсак, бизге рух «арачылык кылат». Ошондо Ыйык Китепте жазылган ылайыктуу тиленүүнү айтсак, тиленүүнү угуучу Жахаба аны биздин жүрөгүбүздөн чыккан тиленүүдөй кабыл алат (Заб. 64:3).

Рим. 8:38, 39. Кайгы-капалар да, каардуу рухий жаратуулар да, бийлик башындагылар да Жахабанын бизге болгон сүйүүсүнө бөгөт коё албайт. Биз да Жахабага болгон сүйүүбүздү суутууга эч кимге, эч нерсеге жол бербешибиз керек.

Рим. 9:22—28; 11:1, 5, 17—26. Ысрайылдыктарды өз эли катары калыбына келтирүү жөнүндөгү пайгамбарлыктардын көбү «жүйүттөрдүн арасынан эле эмес, бутпарастардын арасынан да чакырылып алынган» майлангандардын жыйналышына тийиштүү аткарылган.

Рим. 10:10, 13, 14. Жахаба Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүү, ошондой эле Кудайдын убадаларына болгон бекем ишеним кабар айтуу кызматына ынталуу катышууга түрткү берет.

Рим. 11:16—24, 33. Кудайдын «ырайымдуулугу» менен «катаалдыгы» өз ара эң сонун тең салмакташтырылган. Ооба, «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең... Ал акыйкат» (Мыйз. 32:4).

АКТАЛУУГА ЫЛАЙЫК ЖАШОО

(Рим. 12:1—16:24)

«Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле»,— дейт Пабыл (Рим. 12:1). Ыйсанын жолдоочулары «ошондуктан», тактап айтканда, ишениминин негизинде акталышкандыктан, Пабылдын кийинки айткандарына ылайык, өзүлөрүнө, башкаларга жана бийлик башындагыларга карата туура көзкараш өрчүтүүгө тийиш эле.

Пабыл: «Ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула... Сүйүүңөр жалган болбосун»,— деп чакырган (Рим. 12:3, 9). «Ар бир адам жогорку бийликтегилерге баш ийсин»,— деген (Рим. 13:1). Ал эми абийирге байланыштуу маселелерде «бири-бирибизди соттобоого» үндөгөн (Рим. 14:13).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Рим. 12:20 — Душмандын «башына чок үйүү» деген эмнени билдирет? Байыркы маалда темир кенин эритиш үчүн аны мештин ичине салып, анын үстүнө да, астына да чок үйүшчү. Үстүнө үйүлгөн чоктун табы күчтүү болгондуктан, кен эрип, андагы кереги жок аралашмалар бөлүнүп калчу. Ошо сыяктуу эле, касташкан адамга жакшы мамиле кылуу менен биз анын «башына чок үйгөн» болобуз. Натыйжада анын жүрөгүндөгү «музду» эритип, жакшы сапаттарын көрсөтө баштоого өбөлгө түзөбүз.

Рим. 12:21 — «Жамандыкты жакшылык менен» кантип жеңе алабыз? Анын бир жолу — Жахаба тарабынан берилген Падышалык тууралуу кабар айтуу тапшырмасын Кудай өзү токтотмоюнча тайманбай айта берүү (Мр. 13:10).

Рим. 13:1 — Кандай мааниде жогорку бийликтерди «Кудай орноткон»? Дүйнөдөгү бийликтерге бийлик жүргүзүүгө Кудай жол берип жаткандыктан, аларды «Кудай орноткон» деп айтууга болот. Айрым учурларда Кудай алардын башкаруусун алдын ала айткан. Бул Ыйык Китептеги кээ бир бийликтер жөнүндөгү пайгамбарлыктардан айкын көрүнүп турат.

Биз алчу сабактар:

Рим. 12:17, 19. Жамандык жасагандардан өч алган адам Жахабага тапшырыш керек болгон ишти өз колуна алган болот. Ошол себептүү «жамандыкка жамандык менен жооп» берүү өз күчүбүзгө таянууга жатат.

Рим. 14:14, 15. Биз сунуш кылган кандайдыр бир тамагыбыз же ичимдигибиз менен биртууганыбызга кедерги болбошубуз керек.

Рим. 14:17. Кудай менен жакшы мамиледе болуу адамдын кайсы бир тамакты ичип-жегенинен же ичпей-жебей койгонунан эле эмес, «адилеттикке», «тынчтыкка» жана «кубанычка» умтулуудан көзкаранды.

Рим. 15:7. Биз чындыкты чын ниеттен издеп жыйналышка келгендердин баарын бирдей «кабыл алышыбыз» жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жолуккан адамдардын баарына жарыялашыбыз керек.

[31-беттеги сүрөт]

Мурунку кылынган күнөөлөр кун төлөнө электе эле кандайча кечирилген?