Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тапкычтык кылышкан

Тапкычтык кылышкан

Тапкычтык кылышкан

БОРБОРДУК АФРИКАДА жашаган үч жигит өздөрүнүн өлкөсүндө өткөрүлө турган облустук жыйынга барууну каалашкан. Ал жерге кантип барышмак? Алар өңгүл-дөңгүл, чаң жол менен 90 километрдей жол жүрүшү керек эле, анын үстүнө, унаасы да жок болчу. Ошон үчүн кимдир бирөөдөн үч велосипед суроону чечишкен, бирок ылайыктуусун таба алышкан эмес.

Жыйналышындагы бир аксакал алардын кыйынчылыгын көрүп, өзүнүн эски, бирок алыскы жолго жарай турган велосипедин берет. Ал мурун өзүнүн жана башкалардын жыйынга кантип барганын айтып берип, үчөөнө бир велосипед менен барууну сунуш кылат. Бул маселе жөнөкөй жол менен чечилсе да, алардан жакшы уюшкандык талап кылынган. Үчөө кантип бир велосипед менен жол жүрө алышкан?

Күндүн аптабынан качуу үчүн ал үчөө таң атпай жолугат да, велосипедке жүгүн артып, жолго чыгышат. Бири велосипед менен алдыга кете берсе, берки экөө тез басып, анын артынан жөнөйт. Велосипед менен баратканы 500 метрдей жол жүргөндөн кийин токтоп, жүк артылган велосипедди бакка жөлөп коёт. Бирок ал велосипедди чоочун бирөө уурдап кетпеш үчүн, артында келаткан экөөнө көрүнгүдөй жерге калтырат. Анан жөө басып, жолун улай берет.

Арттагы экөө велосипедге жеткенде, бири аны тепсе, экинчиси өз кезеги келгиче дагы 500 метрдей баскан. Ошентип, жакшы пландаштыруунун жана чечкиндүүлүктүн аркасында ал үчөө 90 километр баса турган жолдун болжол менен 60 километрин гана басышкан. Алардын жумшаган күч-аракетинин акыбети кайткан. Анткени алар жыйындан ишенимдештерине жолугуп, рухий тойдон кубаныч алышкан (Мыйз. 31:12). Бул жылы өз жериңерде өткөрүлө турган облустук жыйынга катышуу үчүн колуңардан келгендин баарын кыласыңарбы?