Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса тозок оту жөнүндө айтты беле?

Ыйса тозок оту жөнүндө айтты беле?

Ыйса тозок оту жөнүндө айтты беле?

ТОЗОК ОТУ жөнүндөгү окууга ишенгендер Ыйсанын Марк 9:48деги (же 44, 46-аяттардагы) сөздөрүнө таянышат. Ал аятта өлбөс курт жана өчпөс от жөнүндө сөз кылынган. Эгер кимдир бирөө сенден ошол аят тууралуу сураса, эмне деп жооп берет элең?

Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда үч аятта тең бирдей эле сөздөр кезигет. Ал эми башка котормолордо үчөөнүн бирин эле кездештирүүгө болот *. Мисалы, «Жаңы дүйнө котормосунда»: «Көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп сал. Эки көзүң менен гээннага ташталгандан көрө, бир көзүң менен Кудайдын падышалыгына киргениң жакшы. Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт»,— делет (Марк 9:47, 48).

Кандай болбосун, айрымдар Ыйсанын ошол сөздөрү күнөөкөр адамдардын жаны «тиги дүйнөдө» түбөлүк кыйналат деген түшүнүктү колдойт деп ырасташат. Мисалы, Наварра университети тарабынан которулган испан тилиндеги Ыйык Китептин түшүндүрмөсүндө мындай делген: «Эге [бул сөздөр менен] тозоктогу кыйналууну айткан. Адатта, өлбөс курт — тозоктогулардын түбөлүккө кыйнаган абийири, ал эми өчпөс от денелик жактан кыйналуусу деп түшүндүрүлөт» («Sagrada Biblia»).

Келгиле, Ыйсанын сөздөрүн Ышайа китебинин эң акыркы аяты менен салыштырып көрөлү *. Мындан Ыйсанын Ышайа китебинин 66-бөлүмүндөгү сөздөрдү айтканы айкын болууда. Бул жерде пайгамбардын «Иерусалимдин сыртында жайгашкан, бир кездерде кишилер курмандыкка чалынган (Жер. 7:31), кийинчерээк шаардын таштандылары ыргытылып калган жайга айланган Ином өрөөнү (гээнна)» тууралуу сөз кылганы шексиз («The Jerome Biblical Commentary»). Анын үстүнө, Ышайа 66:24төгү каймана мааниде айтылган сөздөр кыйналып жаткан тирүү кишилерге эмес, өлүктөргө тийиштүү. Ал эми «өлбөйт» деген сөз тирүү кишилерге же өлбөс жандарга эмес, курттарга карата айтылган. Анда Ыйсанын ал сөздөрү эмнени билдирет?

Бир католик эмгегинде Марк 9:48ге байланыштуу мындай деп айтылган: «Бул сөздөр Ышайадан (66, 24) алынган. Пайгамбар өлүк дененин жок болушунун эки жолун айтат: бири чирип, экинчиси өрттөлүп жок болуу... Бир эле аятта курт менен оттун чогуу айтылышы жок кылуу жөнүндөгү ойду күчөтүп берет... Бул эки жок кылуучу таасир (өлбөс „курт“ жана өчпөс „от“) түбөлүктүү, качып кутулууга мүмкүн эмес таасир катары сүрөттөлгөн. Бул сүрөттөөгө ылайык, адам эмес, курт менен от гана жок болуп кетпейт; ал эми экөөнүн „тузагына“ түшкөндөрдүн баарынан эч нерсе калбайт. Демек, бул түбөлүк кыйналууну эмес, толугу менен, кайра тирилгис болуп, биротоло жок болууну билдирет. [От] толугу менен жок кылууну символдоштурат» («El evangelio de Marcos. Análisis lingüístico y comentario exegético», II том).

Чыныгы Кудайдын ары мээримдүү, ары акыйкат экенин билгендер Ыйсанын сөздөрүн дал ушинтип түшүнүү акылга сыярлык экенине күмөн санашпайт. Ыйса күнөөкөрлөрдүн түбөлүк кыйналарын айткан эмес. Болгону, алардын тирилүү үмүтүнөн ажырап, толугу менен жок болуу коркунучу алдында турганын белгилеген.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу колжазмаларынын көбүндө 44чү жана 46чы аяттар кездешпейт. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын ырастоосу боюнча, ал эки аят, кыязы, кийин кошулган. Профессор Арчибалд Робертсон мындай деп жазат: «Өзгөрүүсүз сакталган байыркы колжазмаларда бул эки аят жолукпайт. Алар Батыш жана Сирия (Византия) колжазмаларында кезигет. Ал аяттарда 48-аяттагы эле сөздөр кайталанган. Ошондуктан биз 44, 46-аяттарды, түпнускада кездешпеген соң, кошпойбуз».

^ 5-абз. «Сыртка чыгып, Менден баш тарткан адамдардын өлүктөрүн көрүшөт, анткени алардын курту өлбөйт, алардын оту өчпөйт. Алар ар бир адам үчүн жийиркеничтүү болот» (Ыш. 66:24).