Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнелерден качышыбыз керек?

Эмнелерден качышыбыз керек?

Эмнелерден качышыбыз керек?

«Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты?» (МТ. 3:7).

1. Ыйык Китепте качууга байланыштуу кандай мисалдар бар?

«КАЧУУ» деген сөздү укканда эмнелер эсиңе түшөт? Кээ бирөөлөр келбеттүү жаш Жусуптун Потипардын аялынын адеп-ахлаксыз сунушун четке кагып, качып баратканын элестетиши мүмкүн (Башт. 39:7—12). Башкалар болсо Ыйсанын: «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр... Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин»,— деген эскертүүсүнө кулак кагып, б.з. 66-жылы Иерусалимден качып чыккан Ыйсанын жолдоочуларын эстеши ыктымал (Лк. 21:20, 21).

2, 3. а) Чөмүлдүрүүчү Жакандын диний жетекчилерди айыптаган сөздөрүнүн мааниси эмнеде эле? б) Ыйса Жакандын айткан эскертүүсүн кандайча баса белгилеген?

2 Жогорудагы мисалдарда айтылгандар сөздүн түз маанисинде качышкан. Ал эми бүгүн Ыйсанын дүйнө жүзүндөгү чыныгы жолдоочуларына каймана мааниде качуу абдан зарыл болуп турат. Чөмүлдүрүүчү Жакан «качуу» деген сөздү дал ушу мааниде колдонгон. Жаканды көргөнү келгендердин арасында өкүнүүнүн зарылдыгын көрбөгөн экижүздүү жүйүт диний жетекчилери да болгон. Алар өкүнгөнүн билдирип чөмүлтүлүп жаткан жөнөкөй адамдарды теңине алышчу эмес. Жакан кайраттуулук менен ал экижүздүү диний жетекчилерди ашкерелеп: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты? Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө!» — деген (Мт. 3:7, 8).

3 Жакан түзмө-түз качуу жөнүндө айткан эмес. Ал келе турган сот күнү, Кудайдын каары төгүлө турган күн, жөнүндө эскертип, диний жетекчилерге ошол күндөн качып кутулуу үчүн өкүнгөнүн көрсөткөн иштерди кылышы керектигин айткан. Кийинчерээк Ыйса диний жетекчилерди алардын киши өлтүрүүчү атасы Шайтандын маанайын чагылдырганы үчүн эржүрөктүк менен ашкерелеген (Жкн. 8:44). Жакандын жогорудагы эскертүүсүн баса белгилеп, Ыйса аларды «жылан тукумдары» деп атаган жана алардан: «Гээнага ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?» — деп сураган (Мт. 23:33, «ЖД»). Ыйса «гээна» деген сөз менен эмнени айткысы келген?

4. Ыйса «гээна» деген сөз менен эмнени айткысы келген?

4 Гээна Иерусалимдин дубалынын сыртындагы таштандылар жана жаныбарлардын өлүктөрү өрттөлө турган өрөөн эле. Ыйса гээнаны түбөлүк жок болуунун символу катары колдонгон (27-бетти карагыла). Анын жогорудагы гээна жөнүндөгү суроосу диний жетекчилердин тобу менен түбөлүк жок болууга татыктуу экенин көрсөтүп турган (Мт. 5:22, 29).

5. Жакан менен Ыйсанын айткандары кандайча аткарылган?

5 Жүйүт диний жетекчилери Ыйсаны жана анын жолдоочуларын куугунтукташы менен көбүрөөк күнөөгө батышкан. Кийинчерээк, Жакан менен Ыйса эскерткендей, Кудайдын каары төгүлө турган күн келген. Ал учурда «Кудайдын келечектеги каары» белгилүү бир аймакка, Иерусалим менен Жүйүт жерине, төгүлө тургандыктан, ал жактагылар сөздүн түз маанисинде эле качышы керек болгон. Каар төгүлө турган күн б.з. 70-жылы Иерусалим жана андагы ийбадаткана Рим аскерлери тарабынан талкаланганда келген. Ал убакка чейин Иерусалимде андай чоң «алаамат» болгон эмес; көптөр өлтүрүлгөн же кулчулукка алынган. Ал эми биздин күндөрдө Ыйсанын жолдоочусу болуп аталымыш болгондорду жана башка диндегилерди андан да чоң кыйратуу күтүп турат (Мт. 24:21).

Кудайдын каарынан качып кутулуу

6. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышында эмне пайда болгон?

6 Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдары чындыктан четтеп, башкаларды да ээрчитип кетишкен (Элч. 20:29, 30). Элчилер тирүү кезде чындыктан четтөөчүлүктү «токтотуп» турушкан, бирок алардын көзү өткөндөн кийин христиан дининин көптөгөн секталары пайда болгон. Бүгүн христиан дүйнөсүндө өз ара карама-каршы келген диндер жүздөп саналат. Ыйык Китепте христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери пайда болору алдын ала айтылган жана алар «Теңир Ыйса... Өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кыла» турган «күнөөнүн адамы», «өлүм уулу» катары сүрөттөлүшкөн (2 Тес. 2:3, 6—8).

7. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилерин эмне себептен «күнөөнүн адамы» деп атоого болот?

7 Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери Ыйык Китепке карама-каршы келген окуулары, жүрүм-туруму жана майрамдары менен миллиондогондорду адаштырып, күнөөгө батууда. Ыйса айыптаган диний жетекчилердей эле, «өлүм уулуна» кирген азыркы жалган диндегилер биротоло жок кылынат (2 Тес. 1:6—9). Ал эми христиан дүйнөсүнүн жана башка жалган диндердин жетекчилери адаштырган адамдар менен эмне болот? Бул суроого жооп алуу үчүн Иерусалимдин б.з.ч. 607-жылы талкаланышынан кийин болгон окуяларды карап көрөлү.

«Бабыл чөйрөсүнөн качкыла»

8, 9. а) Жеремия Бабылда туткундалган жүйүттөргө кандай маанилүү кабар айткан? б) Мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды басып алгандан кийин жүйүттөр кандай мааниде качкан?

8 Жеремия пайгамбар Иерусалимдин талкаланарын алдын ала айткан; бул б.з.ч. 607-жылы аткарылган. Ал Кудайдын элинин туткунга алынарын, бирок 70 жылдан кийин мекенине кайтып келерин билдирген (Жер. 29:4, 10). Жеремия Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө маанилүү кабарды, ал жерде кеңири таралган жалган диндер менен арамдалбоо керектигин, айткан. Ошондо алар убактысы келгенде Иерусалимге кайтып барууга жана чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө даяр болушмак. Бул б.з.ч. 539-жылы мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды басып алгандан көп өтпөй ишке ашкан. Персия падышасы Кореш II жүйүттөрдүн мекенине кайтып барышы жана Жахабанын Иерусалимдеги ийбадатканасын калыбына келтириши жөнүндө буйрук чыгарган (Эзра 1:1—4).

9 Миңдеген жүйүттөр ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, кайтып барышкан (Эзра 2:64—67). Ошентүү менен алар бир жерден экинчи жерге кетип, кандайдыр бир мааниде качып, Жеремиянын пайгамбарлык буйругун аткарышкан (Оку: Жеремия 51:6, 45, 50). Анткен менен бардык эле жүйүттөр Иерусалимге жана Жүйүт аймагына кайтып баруу үчүн узак жол жүрө алышкан эмес. Бабылда калгандар, мисалы, улгайып калган Даниел пайгамбарга окшогон жүйүттөр борбору Иерусалимде болгон таза сыйынууну чын жүрөктөн колдошсо жана өздөрүн Бабылдагы жалган сыйынуудан оолак кармашса, Жахабанын батасына ээ боло алышмак.

10. «Улуу Бабыл» кандай «жийиркеничтүү нерселерге» жооптуу?

10 Биздин күндөрдө миллиарддаган адамдар байыркы Бабылдан тараган ар кандай жалган диндерди тутушат (Башт. 11:6—9). Ал диндердин баары «жер үстүндөгү бузулган аялдардын жана жийиркеничтүү нерселердин энеси» «Улуу Бабыл» деп аталат (Аян 17:5). Жалган дин көптөгөн жылдар бою бул дүйнөнүн саясий башкаруучуларын колдоп келет. Анын «жийиркеничтүү нерселерине» ал себепкер болгон, жүз миллиондогондордун каны төгүлгөн согуштар кирет (Аян 18:24). Андан тышкары, «жийиркеничтүү нерселерге» диний жетекчилердин жаш балдарды бузганы, жыныстык адеп-ахлаксыздыктын башка түрлөрүн жасаганы жана чиркөө башындагылардын буга жол бериши кирет. Андыктан Жахаба Кудайдын жакында жерди жалган динден тазалаары таң калыштуу эмес (Аян 18:8).

11. Улуу Бабыл жок кылына электе Ыйсанын чыныгы жолдоочулары эмне кылууга милдеттүү?

11 Муну билген Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Улуу Бабылга мүчө болгондорду эскертүүгө милдеттүү. Анын бир жолу — Ыйык Китепти жана Ыйса рухий тамакты «өз убагында берип турууга» дайындаган «ишенимдүү жана акылдуу кул» чыгарган адабияттарды таратуу (Мт. 24:45). Адамдар Ыйык Китептеги кабарга кызыкканда, аларга ыйык китептик изилдөө аркылуу жардам көрсөтүлөт. Биз алардын өтө кеч болуп кала электе «Бабыл чөйрөсүнөн качуу» керектигин түшүнөрүнө үмүттөнөбүз (Аян 18:4).

Бурканга табынуучулуктан качуу

12. Кудай сөлөкөттөргө жана буркандарга табынууга кандай карайт?

12 Улуу Бабылда кеңири таралган жийиркеничтүү нерселердин дагы бири — сөлөкөттөр менен буркандарга табынуу. Кудай буларды «жийиркеничтүү иштер» деп атайт (Мыйз. 29:17). Кудайга жагууну каалагандардын баары, анын төмөнкү сөздөрүнө ылайык, буркандарга сыйынуудан оолак болушу керек. Ал мындай дейт: «Мен Теңирмин [Жахабамын], бул Менин ысымым, Мен Өз даңкымды башка бирөөгө бербейм, Өз даңкымды буркандарга бербейм» (Ыш. 42:8).

13. Бурканга табынуучулуктун анча байкалбаган кайсы түрлөрүнөн качышыбыз керек?

13 Кудайдын Сөзүндө бурканга табынуунун анча байкалбаган түрлөрү да ачылып берилет. Мисалы, анда дүнүйөкордук же ачкөздүк «бутка табынуучулук» деп эсептелет (Кол. 3:5). Ачкөздүк башка бирөөнүн буюмун каалоону же тыюу салынган нерсени самоону билдирет (Чыг. 20:17). Кийинчерээк Шайтан Ибилис болуп калган периште ачкөздүк менен Эң Жогоркудай, Кудайдай, болууну жана башкалардын ага сыйынуусун көксөгөн (Лк. 4:5—7). Бул аны Жахабага каршы козголоң чыгарууга жана Обону Кудай тыюу салган нерсени жасоого азгырууга түрткөн. Аялы менен болгон мамилесин асмандагы сүйүктүү Атасына баш ийүүдөн артык көрүп, Адам атанын өзүмчүлдүк көрсөткөнү кандайдыр бир мааниде бурканга табынуучулукка жаткан. Бирок Кудайдын каары төгүлө турган күндөн качып кутулууну каалагандардын баары ага толук берилгендик көрсөтүшү жана ачкөздүктүн кайсы түрүнөн болбосун качышы зарыл.

«Ойноштук кылуудан качкыла»

14—16. а) Эмне үчүн Жусуп адеп-ахлактык жактан мыкты үлгү болуп саналат? б) Туура эмес жыныстык каалоолор пайда болсо, эмне кылышыбыз керек? в) Ойноштуктан канткенде кача алабыз?

14 Оку: 1 Корунттуктарга 6:18. Потипардын аялы Жусупту азгырууга аракет кылганда, ал андан жаа бою качкан. Жусуп Ыйсанын бойдок да, үйлөнгөн да жолдоочуларына кандай сонун үлгү калтырган! Кудайдын бузуктукка болгон көзкарашын көрсөткөн окуяларды билгендиктен, анын абийири ошого жараша калыптанган. «Ойноштук кылуудан качкыла» деген буйрукка баш ийүүнү кааласак, жубайыбыздан башка бирөөгө жыныстык каалообузду ойгото турган иштерден качабыз. Анткени Ыйык Китепте: «Дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла. Ушундай иштерди кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат»,— деп айтылган (Кол. 3:5, 6).

15 Бул аяттарда «Кудайдын каарына калышат» делгенине көңүл бурсаңар. Дүйнөдө көптөр туура эмес жыныстык каалоолорду өрчүтүп, аларга жетеленишет. Ошондуктан бизди ыпылас жыныстык каалоолор ээлеп албашы үчүн, Кудайдан жардам, ыйык рух сурап тиленишибиз керек. Андан тышкары, Ыйык Китепти изилдөө, жыйналыш жолугушууларына катышуу жана башкаларга жакшы кабар айтуу бизге «Ыйык Рухтун жетеги менен жашоого» жардам берет. Ошондо биз денебиздин «күнөөлүү каалоолорун аткарбайбыз» (Гал. 5:16).

16 Эгер порнография көрсөк, «Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган» болбойбуз. Ошондой эле Ыйсанын ар бир жолдоочусу жыныстык каалоолорду ойготкон маалыматты окуудан, көрүүдөн же угуудан алыс болушу керек. Кудайдын «ыйыктарына» көңүл ачуу үчүн ушу сыяктуу темада тамашалоо же өз ара талкуулашуу туура эмес (Эф. 5:3, 4). Мындай нерселерден оолак болуу менен биз асмандагы мээримдүү Атабызга анын каарынан качууну жана адил жаңы дүйнөсүндө жашоону каалаарыбызды көрсөтөбүз.

Акча сүйүүчүлүктөн качуу

17, 18. Акча сүйүүчүлүктөн эмне үчүн качышыбыз керек?

17 Тиметейге жазган биринчи катында Пабыл Ыйсаны жолдогон кулдар жетектелиши керек болгон принциптерди баса белгилеген. Алардын айрымдары, кожоюну ишенимдеш болгондуктан, андан кандайдыр бир пайда көрүүгө умтулушу мүмкүн эле. Башкалары болсо жыйналыштагы биртуугандарды керт башынын кызыкчылыгына колдонууга аракет кылгандыр. Пабыл «такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлоодон» сак болууну эскерткен. Байга да, кедейге да жаман таасир тийгизе ала турган акча сүйүүчүлүктөн улам ушундай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн (1 Тим. 6:1, 2, 5, 9, 10).

18 Акчаны же ага келчү арзыбаган буюм-тайымдарды сүйгөндүктөн Кудай менен болгон мамилесин бузуп алган Ыйык Китептеги каармандарды эстей аласыңарбы? (Жаш. 7:11, 21; 2 Пад. 5:20, 25—27). Пабыл Тиметейди мындай деп үндөгөн: «Сен, Кудайдын адамы, ушунун бардыгынан кач, тескерисинче, ишенимиңди, сүйүүңдү өстүрүүгө, адилет, такыбаа, чыдамкай, момун болууга умтул» (1 Тим. 6:11). Кудайдын каары төгүлө турган күндөн аман өтүүнү каалагандардын баары бул кеңешке кулак кагышы керек.

«Жаштыктын кумарларынан качкыла»

19. Жаштардын баары эмнеге муктаж?

19 Оку: Накыл сөздөр 22:15. Жаштардын жүрөгүндөгү акылсыздык аларды оңой эле адаштырышы ыктымал. Мындайда Ыйык Китепке негизделген таалим-тарбия жакшы жардам берет. Ата-энеси Жахабанын Күбөсү болбогон чындыктагы жаштар Ыйык Китептеги принциптерге көңүл буруп, аларды колдонууга умтулушат. Башкалары болсо жыйналыштагы жетилген биртуугандардын даанышман кеңештеринен пайда алышат. Ыйык Китепке негизделген кеңештерди ким бергенине карабай аларга баш ийүү азыр да, келечекте да бактылуу болууга өбөлгө түзөт (Эвр. 12:8—11).

20. Жаштарга туура эмес каалоолордон качууга эмне жардам берет?

20 Оку: 2 Тиметейге 2:20—22. Көптөгөн жаштарга тарбия жетишпегендиктен, жаман жолго түшүп кетишет. Мисалы, алар атаандаштык рухун, ачкөздүктү, акчага болгон сүйүүнү өрчүтүшөт, бузуктукка барып, ырахатка умтулушат. Мунун баары качышыбыз керек болгон «жаштыктын кумарларына» кирет. Булардан качуу үчүн Ыйсаны жолдогон жаштардан зыяндуу таасирлерге алдырбоо талап кылынат. Бул жагынан «Теңирди чын жүрөктөн чакыруучулар менен бирге» Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүгө умтулуу жөнүндөгү ыйык китептик кеңеш өзгөчө жардам берет.

21. Ыйса Машайак кой мүнөздүү жолдоочуларына кандай убада берген?

21 Карыбызбы же жашпызбы, бизди адаштырууга аракет кылгандарды укпоо менен Ыйсанын чоочундардын үнүн укпаган кой мүнөздүү жолдоочуларынан экенибизди көрсөтөбүз (Жкн. 10:5). Бирок Кудайдын каары төгүлө турган күндөн качуу үчүн зыяндуу нерселерден качуу эле жетишсиз. Ан үчүн жакшы сапаттарды өрчүтүүгө да умтулушубуз керек. Кийинки макалада алардын жетөө каралат. Муну кененирээк карап чыкканыбыз дурус, анткени Ыйса: «Мен аларга [койлорума] түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт»,— деген убада берген (Жкн. 10:28).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйса диний жетекчилерге кандай эскертүү берген?

• Бүгүн миллиондогондор кандай коркунуч алдында турат?

• Бурканга табынуунун анча байкалбаган кайсы түрлөрүнөн качышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

«Качуу» деген сөздү укканда эмнелер эсиңе түшөт?