Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба биз менен болгондуктан, корккон эмеспиз

Жахаба биз менен болгондуктан, корккон эмеспиз

Жахаба биз менен болгондуктан, корккон эмеспиз

Айтып берген Эгиптия Петриду

1972-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишин көп убакыттан бери жетектеп жүргөн Нейтан Норрдун атайын баяндамасын угуу максатында Никосияга Кипрдин булуң-бурчунан көп эл агылып келген эле. Мен Норр биртууганга ким экенимди айткыча болбой, ал мени тааный коюп: «Египетте кандай жаңылыктар болуп жатат?» — деп сурай калды. Мен аны биринчи жолу андан 20 жыл мурун өз шаарым Александриядан (Египет) көргөн элем.

МЕН Александрия шаарында 1914-жылы 23-январда төрт баланын улуусу болуп төрөлүп, деңиз жээгинен бир таш ыргытым жерде чоңоюп өстүм. Ал кезде Александрия эң бир кооз, көп улуттуу, архитектурасы менен атагы чыккан тарыхый шаар эле. Ал шаарда арабдар менен европалыктар аралаш жашагандыктан, биз бала кезибизден грек тили менен бирге араб, англис, француз жана италян тилдеринде сүйлөгөндү үйрөндүк.

Мектепти бүтүргөндөн кийин Француз мода үйүндө иштеп калдым. Ал жерден коомдун көрүнүктүү айымдарына ар кандай азем-кечелерге кие турган кийимдерди жасалгалап-тигип берчүмүн. Ал кесибим мага абдан жакчу. Мен башынан эле туткан диниме бек карманчумун, анча түшүнө бербесем да, Ыйык Китепти окуганды жакшы көрчүмүн.

Ошол жылдары, 1930-жылдардын орто ченинде, Теодотос Петридес аттуу кипрлик жылдыздуу бир жигит менен тааныштым. Ал күрөш боюнча дасыккан спортсмен болчу. Бирок кондитер азыктарын жасоо кесибин окугандыктан, шаарыбыздагы белгилүү кондитер дүкөнүндө иштечү. Мен өзүм кара каш, кара көз, тыпырайган кыз элем. Теодотос мага ашык болуп калган экен. Ал тереземдин алдына келип, грекче махабат ырларын ырдап берип жүрдү. Экөөбүз 1940-жылы 30-июнда баш коштук. Ал күндөр эстен кеткис бактылуу күндөр эле. Биз апам жашаган батирдин ылдыйкы кабатында жашачубуз. Бир жылдан кийин Жон аттуу уулдуу болдук.

Чындыкты табышыбыз

Теодотос туткан динибизге нааразы болуп, Ыйык Китепке байланыштуу суроолорду берип калчу болду. Көрсө, ал мага билгизбей Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрүптүр. Бир күнү мен бала менен үйдө отурсам, бирөө эшик чертип калды. Ачсам — бир аял ыйык китептик кабарды камтыган баракча сунуш кылды. Мен анын шагын сындырбайын деген эле ой менен берген баракчасын окуп чыктым. Анан ал Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сунуш кылды. Так ошондой китептерди Теодотос да үйгө алып келип жүргөн.

Мен ал китептерди көрө коюп: «Ооба, ооба, бул китептер менде да бар, кириңиз үйгө»,— дедим. Ал Элени Николоу аттуу Жахабанын Күбөсү экен. Үйгө кирер замат, ага суроо жаадыра баштадым. Анын суроомдун баарына Ыйык Китептин жардамы менен жооп берип жатканына абдан баа бердим. Бир кезде Ыйык Китептин кабарынын маанисин түшүнө баштадым. Бир азга унчугушпай отуруп калганда Элени жолдошумдун сүрөтүн көрүп калып: «Мен бул кишини тааныйм»,— деди. Ошондо Теодотостун жашырып жүргөнү ачыкка чыкты. Мен таң кала түштүм. Тео Күбөлөрдүн жыйналышына мага айтпай, өзү эле барып жүрүптүр! Ошо күнү ал үйгө келгенде: «Өткөн жекшемби күнү барган жагыңа бу жумада мен да барам»,— дедим.

Жолугушууга биринчи жолу барганда он чакты кишиден турган топ Ыйык Китептеги Михей китебин изилдеп жатыптыр. Мен ал жерде айтылган ар бир сөздү кулагыман кыя өткөрбөй уктум. Ошондон тартып Жорж жана Катерини Петракилер жума сайын биз менен Ыйык Китеп изилдөө үчүн үйүбүзгө келе башташты. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенибизге атам менен биртуугандарымдын көбү каршы болуп жүрүштү. Бирок сиңдим, өзү чындыкка келбесе да, каршы эмес болчу. Ал эми апам чындыкты кабыл алып, 1942-жылы өзүн Жахабага арнап, Жер ортолук деңиздин Александрия тарабындагы жээгинде сууга чөмүлтүлдү. Теодотос экөөбүз да апам менен чогуу чөмүлтүлдүк.

Жашообуздагы оош-кыйыштар

1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, улам күч ала берди. Ошол жылдын аяк ченинде немис генералы Эрвин Роммель жетектеген танкалуу аскерлер Эль-Аламейнге кирип келген. Ал эми Александриянын көчөлөрү Британия аскерлерине толуп калган эле. Биз болсо, дагы эмне болуп кетет деп, кургак азык-түлүктөрдү камдап алдык. Ал ортодо Теодотостун жумуш берүүчүсү Суэцке жакын жайгашкан Порт-Тауфиктеги жаңы ачылган кондитер дүкөнүн иштетип турууну суранганынан, ошол жакка көчүп бардык. Ал жерден Жахабанын грек тилинде сүйлөгөн эки Күбөсүн жолуктурдук. Алар биздин кай жерде жашаарыбызды билишпесе да, үймө-үй кыдырып кабар айтып жүрүп, акыры, таап келишкен экен.

Порт-Тауфикте жүргөндө Ставрос жана Гуло, алардын балдары Тотос жана Жоржия Кипрайостор менен Ыйык Китепти изилдеп, жакын дос болуп кеттик. Ставрос Ыйык Китепти изилдегенди ушунчалык жакшы көргөндүктөн, биздин акыркы поездден кечигип, алардыкына конуп калышыбыз үчүн, үйүндөгү сааттардын баарын бир саатка артка жылдырып коё турган. Ал күндөрү баарыбыз түн бир оокумга чейин баарлашып отурчубуз.

Порт-Тауфикте бир жарым жыл жашаган соң апамдын ооруп калганына байланыштуу кайрадан Александрияга көчүп бардык. Ал Жахабага болгон ишенимдүүлүгүн сактап, 1947-жылы көз жумду. Жыйналыштагы рухий жактан жетилген досторубуз ошол учурда бизге жөлөк-таяк болушту. Мындан Жахабанын бизге көрсөткөн камкордугун дагы бир ирет сездик. Ал жактан көптөгөн миссионерлер менен да таанышууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Алар башка өлкөлөргө дайындоо алып, жол тартып бара жатканда кемеси Александрияда тыныгып туруп калар эле. Ошондо алар биздикине келип конок болуп кетишчү.

Кубаныч жана күйүт

1952-жылы экинчи уулум Жеймсти төрөдүм. Биз балдарыбызды рухий жактан өсүүгө шарт түзө турган чөйрөдө чоңойтуунун маанилүү экенин түшүнчүбүз. Андыктан үйүбүздө жыйналыш жолугушууларынын өтүлүшүнүнө, толук убакыттуу кызмат кылган биртуугандардын конок болуп кетишине шарт түзчүбүз. Анын аркасында улуу балабыз Жондун Ыйык Китептеги чындыкка болгон сүйүүсү өсүп, ал өспүрүм кезинде эле пионер болуп кызмат кыла баштады. Ошол эле учурда окуусун бүтүрүп алыш үчүн кечки мектепке да барып жүрдү.

Көп өтпөй Теодотостун жүрөгү оорулуу экени аныкталып, ал жумушун таштоого аргасыз болду. Ал кезде уулубуз Жеймс, болгону, төрттө эле. Эми көрөр күнүбүз эмне болот?.. Бирок Жахабанын: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин»,— деген убадасын эстедик (Ыш. 41:10). Бактыга жараша, 1956-жылы бизге Суэц каналынын жээгинде жайгашкан Исмаилияда пионер болуп кызмат кылууну сунуш кылып калышты. Буга, бир чети, таң калсак, бир чети, аябай кубандык! Ал жылдары Египетте коогалаңдуу кырдаал өкүм сүргөндүктөн, ишенимдештерибиз бекемдөөгө муктаж болуп жаткан.

1960-жылы биз бирден чемодан көтөрүп алып, Египеттен күйөөмдүн мекенине, Кипрге, көчүп келдик. Ошол учурда Теодотостун оорусу күчөп, жумушка жарабай калган эле. Ал жактан жыйналыштагы бир үйбүлө өзүлөрүнүн үйүндө чогуу жашап турууну сунуш кылышты. Арадан эки жыл өтүп-өтпөй жолдошумдан айрылдым. Ошентип, Жеймс менен жалгыз калдым. Жон болсо — ал да Кипрге келген — үйлөнүп, өзүнчө бөлүнүп кеткен.

Оор убакта көрсөтүлгөн жардам

Кийинчерээк Ставрос менен Дора Каиристер өзүлөрүнүн үйүндө жашап турууга чакырды. Мен Жахабанын бул жолу да бизге кам көргөнү үчүн тизелеп алып ыраазычылыгымды билдирдим (Заб. 144:16). Кийинчерээк Ставрос менен Дора үйүн сатып, жаңы үй куруп, биринчи кабатын Падышалык залы катары колдонууга берүүнү чечишти. Ошондо алар, биз күтпөгөн жерден, Жеймс экөөбүзгө да чакан эки бөлмө куруп беришти.

Кийин Жеймс да үйлөнүп, жубайы экөө, уулдуу болгонго чейин, пионер болуп кызмат кылып жүрүштү. Экөө андан кийин дагы үч балалуу болду. Башында айтып кеткенимдей, Норр биртуугандын келип кеткенинен эки жыл өткөндөн кийин, 1974-жылы, Кипрде саясий башаламандыктар боло баштады *. Элдин көбү, алардын арасында Жахабанын Күбөлөрү да үйлөрүн таштап, башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушту. Уулум Жон да ошол кезде аялы, үч баласы менен Канадага көчүп кеткен. Бирок Кипрдеги кырдаалга карабай Падышалык жарчыларынын санынын өскөнүн көрүү бизди абдан кубантты.

Пенсияга чыкканда кабар айтуу кызматына көбүрөөк катыша баштадым. Бирок бир нече жылдан кийин инсульт болуп, кичүү уулумдун колунда туруп калдым. Кийинчерээк денсоолугум начарлап, бир нече жумага ооруканада жаттым. Ал жактан кары адамдарга такай медициналык жардам көрсөтүлүп турган дарылоочу жайга которулуп, азыр ошол жердемин. Ооруп турганыма карабай медициналык кызматкерлерге, оорулууларга жана келип-кеткендерге кабар айтам. Ыйык Китепти өз алдымча көп изилдейм. Камкор рухий биртуугандарымдын жардамы менен жакын жерде өтүлүүчү жыйналыштын китеп изилдөөсүнө да барып турам.

Өмүрүмдүн акырында алып жаткан кубанычым

Мен Теодотос экөөбүз рухий жактан жардам бергендерден кабар алганда кадимкидей сүйүнүп калам. Алардын балдарынын, неберелеринин көбү толук убакыттуу кызмат кылышат; айрымдары Австралияда, Канадада, Англияда, Грецияда жана Швейцарияда. Азыр уулум Жон аялы, баласы менен Канадада жашайт. Алардын улуу кызы жолдошу менен пионер болуп кызмат кылат. Алардын кичүү кызы жолдошу экөө, Линда жана Жошуа Снейптер, Гилат мектебинин 124-классын бүтүрдү.

Уулум Жеймс аялы экөө Германияда жашайт. Алардын эки уулу Бейтелде кызмат кылат: бирөө Афинде (Греция), экинчиси Зельтерсте (Германия). Алардын кенже уулу, ошондой эле кыз-күйөөсү Германияда пионер болуп кызмат кылышат.

Апам менен Теодотосум тирилип келишкенде, кандай гана сонун нерселерди айтып беребиз. Алар небере-чөбөрөлөрүнө ушундай баалуу мурас калтырып кеткенин көрүп аябай кубанар *.

[Шилтемелер]

^ 21-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 1974-жыл, 22-октябрь, 12—15-бб., англ.

^ 26-абз. Бул макала даярдалып жатканда Петриду биртууган 93 жашында көз жумду.

[24-беттеги кыстырма]

Жахабанын ишенимдештерибиз аркылуу көрсөткөн камкордугун дагы бир ирет сездик

КИПР

НИКОСИЯ

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ

ЕГИПЕТ

КАИР

Александрия

Эль-Аламейн

Исмаилия

Суэц

Порт-Тауфик

Суэц каналы

[23-беттеги сүрөт]

1938-жылы Теодотос менен

[24-беттеги сүрөт]

Based on NASA/Visible Earth imagery

[25-беттеги сүрөт]

Уулум Жон жубайы менен

[25-беттеги сүрөт]

Уулум Жеймс жубайы менен