Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсынысы өсүп чыгарын билбейсиң

Кайсынысы өсүп чыгарын билбейсиң

Кайсынысы өсүп чыгарын билбейсиң

«Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун... билбейсиң» (НАС. 11:6).

1. Эгиндин өсүшү эмнеси менен керемет жана момун болууга кандайча түрткү берет?

ДЫЙКАНДАН чыдамдуу болуу талап кылынат (Жкп. 5:7). Анткени себилген үрөн дароо эле түшүм бере койбойт. Эгер абарайы ойдогудай болуп турса, көп күттүрбөй жерден буудайдын жаш майсаны чыгат. Андан соң баш алып, машагы данга толот. Акыры, эгин бышып, орууга даяр болот. Чын эле, дандын өсүп-жетилиши — өзүнчө бир керемет! Аны ким өстүрүп жатканын ойлогондо, момун болууга түрткү албай койбойсуң. Ооба, биз үрөндү сээп, сугараттырбыз, бирок аны, акыры, Кудай өзү өстүрөт (Салыштыр: 1 Корунттуктарга 3:6).

2. Ыйсанын мындан мурунку макаладагы мисалдарынан рухий өсүү жөнүндө эмнени билдик?

2 Мындан мурунку макалада белгиленгендей, Ыйса Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин үрөн себүүгө салыштырган. Жердин ар кандай түрү жөнүндөгү мисалда дыйкан жакшы үрөн сепсе да, анын өсүп чыгар-чыкпасы ар бир адамдын жүрөгүнүн абалынан көзкаранды экени көрсөтүлгөн (Мр. 4:3—9). Ал эми уктап жаткан себүүчү жөнүндөгү мисалда себүүчүнүн үрөндүн кандайча өсүп жатканын толук билбээри түшүндүрүлгөн. Ошондой эле өсүү адамдын иш-аракети менен эмес, Кудайдын күчү менен болору каралган (Мр. 4:26—29). Эми Ыйсанын дагы башка: сары кычы даны, ачыткы жана балык тор жөнүндөгү мисалдарын талдап чыгалы.

Сары кычы даны жөнүндөгү мисал

3, 4. Сары кычы жөнүндөгү мисалда Падышалык жөнүндөгү кабардын кайсы жактары баса белгиленет?

3 Марктын Инжилинин 4-бөлүмүндөгү сары кычы даны жөнүндөгү мисалда эки нерсе белгиленет. Биринчиси — Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алгандардын санынын укмуштуудай өсүшү, экинчиси — кабарды кабыл алгандардын баш калкалар жай табышы. Ыйса мындай дейт: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсак болот? Же аны кандай үлгү-насаат аңгеме менен сүрөттөсөк болот? Кудайдын Падышачылыгы сары кычы данына окшош. Ал жерге себилгенде, жер бетиндеги уруктардын эң кичинекейи болсо да, өсүп чыкканда, бардык дан өсүмдүктөрүнөн чоң болуп, бутактарын кенен жаят. Анын көлөкөсүнө канаттуу куштар корголой алышат» (Мр. 4:30—32).

4 Бул мисалда «Кудайдын Падышачылыгынын» өсүшү сүрөттөлгөн. Ал өсүш б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан башталган. Ошондон тартып Падышалык жөнүндөгү кабар кеңири таратылып, Ыйсанын жолдоочулары көбөйгөн. Сары кычынын даны эң эле кичинекей болгондуктан, ал, адатта, кандайдыр бир кичинекей нерсени сыпаттоо үчүн колдонулчу (Салыштыр: Лука 17:6). Бирок өсүп чыкканда сары кычынын айрым түрлөрүнүн бийиктиги 3—5 метрге чейин барат. Анын сөңгөгү кишинин билегинчелик жоон болуп, бутакчалары катуу келет. Ошон үчүн ал, бир караганда, бак өңдөнүп кетет (Мт. 13:31, 32).

5. Биринчи кылымдагы жыйналыш канчалык өскөн?

5 Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы б.з. 33-жылы 120га жакын шакирт ыйык рух менен майланганда өсө баштаган. Салыштырмалуу кыска мөөнөт ичинде шакирттердин ошол чакан жыйналышына жүрөгү таза миңдеген кишилер кошулган (Оку: Элчилер 2:41; 4:4; 5:28; 6:7; 12:24; 19:20). Отуз жылдын ичинде рухий түшүм жыйноочулардын саны болуп көрбөгөндөй өскөндүктөн, Пабыл Колостогу жыйналыштагыларга жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» айткан (Кол. 1:23). Чынында эле, ал кандай гана зор өсүш болгон!

6, 7. а) 1914-жылдан тартып кандай өсүш болууда? б) Келечекте дагы кандай өсүш күтүлүүдө?

6 Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы асманда орнотулгандан бери сары кычы «багынын» бутактары укмуштуудай кулач жайды. Кудайдын эли Ышайа аркылуу айтылган: «Аздан миң, эң начардан күчтүү эл чыгат»,— деген пайгамбарлыктын аткарылганын өз көзү менен көрүп келатат (Ыш. 60:22). Жыйырманчы кылымдын башында Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялаган майлангандардын чакан тобу кабар айтуу ишине 2008-жылы 230дан ашуун өлкөдө жети миллионго жакын киши катышат деп элестеткен да эмес. Ошон үчүн бул өсүштүн Ыйсанын мисалындагы сары кычы данынын өсүшүнө салыштырылганы кандай гана жөндүү!

7 Өсүш ушуну менен эле чектелеби? Жок. Кудайдын Падышалыгына баш ийгендер келечекте бүткүл жер жүзүн ээлейт. Падышалыкка каршы чыккандардын баары жок кылынат. Бирок бул адам баласынын иш-аракети менен эмес, Эгедер Теңир Жахабанын адамзат коомунун иштерине кийлигишүүсү менен ишке ашат (Оку: Даниел 2:34, 35). Ошондо Ышайанын: «Деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот»,— деген дагы бир пайгамбарлыгынын аткарылышына күбө болобуз (Ыш. 11:9).

8. а) Ыйсанын мисалындагы канаттуулар кимдерди билдирет? б) Жыйналыш аларды эмнелерден коргоп жатат?

8 Ыйса сары кычы «багынын» — Падышалыктын — көлөкөсүндө «канаттуу куштар корголошорун» айткан. Бул канаттуулар, жердин ар кандай түрү жөнүндөгү мисалдагы канаттуулардан айырмаланып, жакшы үрөндү терип жеп кетишпейт, ошондуктан алар Падышалыктын душмандарын билдирбейт (Мр. 4:4). Бул мисалдагы канаттуулар Кудайдын элинин жыйналышынан коргоо издеген жүрөгү таза адамдарды билдирет. Алар үчүн жыйналыш — бузулган дүйнөнүн рухий жактан арамдай турган адаттарынан жана ыпылас иштеринен коргогон баш калкалоочу жай (Салыштыр: Ышайа 32:1, 2). Жахаба өзү да Машайак башкарган Падышалыкты бакка салыштырып: «Аны Ысрайылдын бийик тоосуна отургузам, ошондо ал бутак жайып, мөмө берет, эң сонун кедр болот, анын түбүнө ар кыл куштар уялашат, анын бутактарынын көлөкөсүнө ар кыл канаттуулар уялашат»,— деп алдын ала айткан (Жез. 17:23).

Ачыткы жөнүндөгү мисал

9, 10. а) Ачыткы жөнүндөгү мисалында Ыйса эмнени баса белгилеген? б) Ыйык Китепте ачыткы көбүнчө эмнеге салыштырылат жана буга байланыштуу кандай суроо каралат?

9 Өсүштүн кандайча жүрүп жатканы биздин көзүбүзгө дайым эле көрүнө бербейт. Муну Ыйса кийинки мисалында баса белгилеген. Ал: «Асман Падышачылыгы камыр ачытыш үчүн, үч ченем унга салынган ачыткыга окшош»,— деген (Мт. 13:33). Ачыткы эмнени билдирет? Бул мисалдын Падышалыктын өсүшү менен кандай байланышы бар?

10 Ыйык Китепте ачыткы көбүнчө күнөөгө салыштырылат. Мисалы, элчи Пабыл байыркы Корунт шаарындагы жыйналыштагы күнөө кылып жүргөн бир кишинин зыяндуу таасирине карата «ачыткы» деген сөздү колдонгон (1 Кор. 5:6—8). Анда Ыйсанын мисалындагы ачыткы да жаман бир нерсенин жайылышын туюнтабы?

11. Байыркы Ысрайылда ачыткы кандай учурларда колдонулган?

11 Бул суроого жооп алыш үчүн төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл. Биринчиден, Жахаба Пасах маалында ачыткы колдонууга тыюу салганы менен, башка учурларда ачыткы кошулган курмандыктарды кабыл алган. Андай тынчтык курмандыктарын эл өз каалоосу менен, Жахабанын берген көптөгөн баталары үчүн ыраазы болгондуктан алып келчү. Мындай курмандык чалуу маалындагы тамак ичүү ысрайылдыктар үчүн кубанычтуу учурлардын бири болгон (Леб. 7:11—15).

12. Ыйык Китепте айрым сөздөр кандайча колдонулат?

12 Экинчиден, Ыйык Китепте кайсы бир сөздөр терс да, оң да мааниде колдонулат. Маселен, 1 Петир 5:8де Шайтандын канчалык каардуу экени көрсөтүлүп, ал аркыраган арстанга салыштырылган. Бирок Аян 5:5те Ыйса «Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан» экени айтылат. Бул учурда «арстан» деген сөз адилеттүүлүктү тайманбастык менен коргогон Ыйсаны сүрөттөө үчүн колдонулган.

13. Ачыткы жөнүндөгү мисалда шакирттердин рухий жактан өсүшү жөнүндө кандай өзгөчөлүк баса белгиленген?

13 Үчүнчүдөн, Ыйса ачыткынын айынан камырдын жарабай калганын айткан эмес. Ал, болгону, нандын кантип жасаларын айткан. Көрсөтмөлүү мисалда аял нан жабыш үчүн чоң өлчөмдөгү унга ачыткы кошуп, камыр жууруган. Бирок ал камырдын кантип ачып жатканын көргөн эмес. Бул мисал күндүзү үрөн сээп, түнкүсүн уктаган адам жөнүндөгү мисалды эске салат. Ыйса ал адамдын «үрөндүн кантип өнүп-өскөнүн билбей» турганын айткан (Мр. 4:27). Муну менен биздин кимдир бирөөнүн рухий жактан кандайча өсүп жатканын толук түшүнбөй турганыбыз таамай сүрөттөлгөн. Ал өсүштү адегенде байкабасак да, акыры, анын жемишин көрөбүз.

14. Ачыткынын бүт камырды ачытканы эмнени билдирет?

14 Ачыткы жөнүндөгү мисалда Падышалыктын өсүшүнүн дагы бир жагы — бүт дүйнө жүзүнө кулач жаяры  көрсөтүлгөн. Ачыткы чоң өлчөмдөгү унга кошулуп, бүт камырды ачыткан (Лк. 13:21). Анын сыңарындай, Падышалык тууралуу жакшы кабар айтуу иши аркылуу шакирттердин саны аябагандай өсүп, ал кабар «бүт дүйнө жүзүнө» таралууда (Элч. 1:8; Мт. 24:14). Кабар айтуу ишине катышуу менен Падышалыктын иштерин алдыга илгерилетүүгө өз салымыбызды кошуу — биз үчүн чоң артыкчылык!

Балык тор жөнүндөгү мисал

15, 16. а) Тор жөнүндөгү мисалды кыскача айтып бер. б) Тор эмнени билдирет жана ал мисал менен Падышалыктын өсүшүнүн кайсы жагы көрсөтүлгөн?

15 Бирок Ыйса Машайакты жолдогондордун санынан да, сапаты маанилүүрөөк. Падышалыктын өсүшүнүн ушул өзгөчөлүгүн баса белгилеп, Ыйса балык тор жөнүндө мисал келтирген. Ал: «Асман Падышачылыгы ар кандай балыктарды кармаган чоң торго да окшош»,— деген (Мт. 13:47).

16 Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишин билдирген ал торго түрлүү «балык» түшөт. Ыйса мындай дейт: «Тор балыкка толгондо, аны жээкке тартып чыгарышат да, отуруп алып, жакшы балыктарды идиштерге салып алышат, ал эми жамандарын ыргытып жиберишет. Дүйнөнүн акырында да ушундай болот: периштелер келип, адилетсиздерди адилеттүүлөрдөн бөлүп алып, жалындап күйүп турган отко ыргытышат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот» (Мт. 13:48—50).

17. Тор жөнүндөгү мисалдагы бөлүү иши кайсы учурга тиешелүү?

17 Бул аяттарда Ыйсанын даңк менен келип, койлорду эчкилерден бөлгөндө жүргүзө турган акыркы соту жөнүндө сөз жүрүп жатабы? (Мт. 25:31—33). Жок. Ыйса ал сотту улуу кайгы маалында жүргүзөт. Ал эми тор жөнүндөгү мисалда айтылган бөлүү иши «дүйнөнүн акырында» болот *. Башкача айтканда, улуу кайгынын алдында — азыр биз жашап жаткан учурда — болуп жатат. Бөлүү иши учурда кандайча жүргүзүлүүдө?

18, 19. а) Бөлүү иши учурда кандайча жүргүзүлүп жатат? б) Жүрөгү таза кишилер кандай кадам жасоого тийиш? (21-беттеги шилтемени да карагыла.)

18 Биздин күндөрдө миллиондогон кишилер — адамзат «деңизинен» чыккан каймана балыктар — Жахабанын элинин жыйналыштарына агылып келүүдө. Алардын кээси Эскерүү кечесине келишсе, башкалары жыйналыштарга келишет, айрымдары Ыйык Китепти изилдөөгө макул болушат. Бирок ошолордун баары эле Ыйсанын жолун жолдоп жатабы? Алар «жээкке» чыгарылып жатышкандыр, бирок, Ыйсанын айтуусу боюнча, «жакшы балыктар» гана Кудайдын элинин жыйналыштарын билдирген «идиштерге» салынууда. Ал эми жаман «балыктар», акыр-аягы, келечекте түбөлүк жок болууну билдирген «жалындап күйүп турган отко» түшүшөт.

19 Жахабанын эли менен бир кездерде Ыйык Китепти изилдеп жүргөндөр кийинчерээк изилдөөсүн токтотуп коюшкан. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүнүн үйбүлөсүндө чоңоюп-өссө да, Жахабанын Күбөсү болгусу келген эмес. Ал эми башкалары башында Жахабанын Күбөсү болуп жүрүп, кийин чындыктан четтеп кетишкен * (Жез. 33:32, 33). Мындан көрүнүп тургандай, жүрөгү таза адамдардын баары жыйналыштарды билдирген «идиштерге» акыркы сот башталганга чейин чогулуп, ошол коопсуз жайда болууга тийиш.

20, 21. а) Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдарынан рухий өсүүгө байланыштуу эмнелер айкын болду? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Эмесе, Падышалыктын өсүшү жөнүндөгү Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдарын кыскача талкуулап чыгуу менен эмнелерди билдик? Биринчиден, сары кычы даны өскөн сымал, азыр жер жүзүндө Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алгандардын саны укмуштуудай өсүүдө. Ооба, Жахабанын ишине эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албайт! (Ыш. 54:17). Андан тышкары, сары кычы «багынын» көлөкөсү көптөр үчүн рухий жактан баш калкалоочу жай болууда. Экинчиден, себилгенди Жахаба өстүрөт. Ачыткы бүт камырды ачыткан өңдүү, Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу иши көп сандагы адамдардын рухий жактан өсүшүнө шарт түзүүдө. Бул өсүштүн жүрүшү дайыма эле байкала бербегени менен, анын жыйынтыгын көрбөй калуу мүмкүн эмес. Үчүнчүдөн, Падышалык жөнүндөгү кабарга кулак каккандардын баары эле «жакшы балык» боло бербейт. Айрымдар, Ыйсанын мисалында айтылгандай, жаман «балык» болуп чыгышат.

21 Ошентсе да Жахабанын өз уюмуна көп «жакшы балык» алып келип жатканы кандай гана кубантат! (Жкн. 6:44). Өзүбүз күбө болгондой, учурда улам бир өлкөдө чоң өсүш болуп жатат. Ушунун баары үчүн даңкталууга Жахаба гана татыктуу. Ошол өсүшкө байкоо салуу менен бирге баарыбыз Кудайдын Сөзүндөгү: «Эртең менен үрөнүңдү сеп... анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң»,— деген чакырыкка ылайык иш кылууга умтула берели (Нас. 11:6).

[Шилтемелер]

^ 17-абз. Матай 13:39—43-аяттарда Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишинин башка өзгөчөлүгүнө көңүл бурулса да, ал аяттарда айтылган окуялар тор жөнүндөгү мисалда сүрөттөлгөн окуялар боло турган убакка — «дүйнөнүн акырына» — дал келет. Себүү жана түшүм жыйноо иши бир канча убакка созулган сыяктуу эле, каймана балыкты бөлүү иши да белгилүү бир мөөнөткө созулат («Күзөт мунарасы» 2000-жыл, 15-октябрь, 25, 26-беттер, ор.; «Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла» 178—180-беттер, 8—11-абзацтар).

^ 19-абз. Бирок бул Ыйык Китепти изилдебей же Жахабанын эли менен пикирлешпей калган адамды периштелер жаман балык катары ыргытып жиберишкен дегенди билдиреби? Жок! Жахаба чын ниеттен кайтып келгиси келгендерди кабыл алууга ар дайым даяр (Мал. 3:7).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдан Падышалыктын өсүшү менен рухий коргоо тууралуу эмнени билдик?

• Ачыткы эмнени билдирет жана ал мисалда Падышалыктын өсүшү жөнүндө эмне баса белгиленген?

• Балык тор жөнүндөгү мисалда Падышалыктын өсүшүнүн кайсы өзгөчөлүгүнө көңүл бурулган?

• «Идиштерге» салынгандардын арасында жүрөбүзбү, жокпу, кантип аныктай алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Сары кычы даны жөнүндөгү мисалдан Падышалыктын өсүшү тууралуу эмнени билдик?

[19-беттеги сүрөт]

Ачыткы жөнүндөгү мисалдан эмнени билдик?

[21-беттеги сүрөт]

Жакшы балыктан жаман балыкты бөлүү эмнени билдирет?