Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Корунттуктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Корунттуктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Корунттуктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

ЭЛЧИ Пабыл Корунттагы жыйналышта өкүм сүргөн жагдайга абдан тынчсызданган. Себеби ал жактагы биртуугандардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгондон тышкары, адеп-ахлаксыздыкка көзжумду мамиле кылынып жаткан эле. Анын үстүнө, ал жыйналыштагылар айрым маселелер боюнча кеңеш сурап Пабылга кат жиберишкен. Ушуларды эске алып, Пабыл, болжолу, б.з. 55-жылы Эфесте — үчүнчү миссионердик сапарында — жүргөндө корунттуктарга биринчи катын жазат.

Пабыл корунттуктарга бир нече айдан кийин эле экинчи катын жазган көрүнөт. Ал катта биринчи каттагы ойлор уланат. Биринчи кылымдагы Корунт шаарындагы жана жыйналыштагы абал көп жагынан азыркы маалдагы абалга окшош болгондуктан, Пабылдын корунттуктарга жазган каты бизге да абдан пайдалуу (Эвр. 4:12).

«СЕРГЕК БОЛГУЛА... БЕКЕМ БОЛГУЛА, КАЙРАТТУУ БОЛГУЛА»

(1 Кор. 1:1—16:24)

Пабыл: «Баарыңардын сөзүңөр бир болсун»,— деп үндөйт (1 Кор. 1:10). Анткени Ыйсанын жолдоочулары сапаттарын Ыйса Машайактан башка «пайдубалга» курушпайт (1 Кор. 3:10—13). Ал эми ойноштук кылган адам тууралуу Пабыл: «Бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла»,— дейт (1 Кор. 5:13). Ошондой эле «дене ойноштук кылуу үчүн эмес, Теңир үчүн» экенин түшүндүрөт (1 Кор. 6:13).

Корунттуктардын жазып жиберген катына жооп кылып Пабыл никеге жана бойдоктукка тиешелүү жакшы кеңеш берет (1 Кор. 7:1). Андан соң ал башчылык жөнүндө жана Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышындагы тартип жөнүндө айтып өтөт. Ошондой эле тирилүүнүн сөзсүз болоруна көңүл бурат. Анан: «Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула, бекем болгула, кайраттуу болгула»,— деген чакырык менен кайрылат (1 Кор. 16:13).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Кор. 1:21 — Жахаба ишенгендерди куткаруу үчүн чынында эле «акылга сыйбаган сөздү» колдонуп жатабы? Жок. Бирок Кудайдын адамдарды куткарыш үчүн колдонуп жаткан чарасын «өзүн акылман санаган бул дүйнө» Кудайды тааныбагандыктан «акылга сыйбаган» нерсе катары карайт (Жкн. 17:25).

1 Кор. 5:5 — «Адамдын жаны [«жыйналыштын руху», «ЖД»] куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла»,— деген эмнени билдирет? Олуттуу күнөө жасап, өкүнбөгөнү үчүн жыйналыштан чыгарылган адам кайрадан Шайтандын бузулган дүйнөсүнө таандык болуп калат (1 Жкн. 5:19). Андыктан аны «шайтанга берилди» деп айтууга болот. Анын жыйналыштан чыгарылышы жыйналыштагыларды зыяндуу, бузуку таасирден коргоп, алардын арасындагы таза рухтун же маанайдын сакталышына өбөлгө түзөт (2 Тим. 4:22).

1 Кор. 7:33, 34 — Үйлөнгөндөр кандай мааниде «дүйнөнүкүн ойлойт»? Пабыл бул жерде никедегилердин аткарышы керек болгон, турмуш-тиричиликке байланыштуу милдеттери жөнүндө айткан. Аларга Ыйсанын жолдоочулары оолак болушу керек болгон дүйнөнүн жаман иштери эмес, үйбүлөнү тамак-аш, кийим-кечек, үй-жай менен камсыз кылуу үчүн жасаган иш-аракеттер кирет (1 Жкн. 2:15—17).

1 Кор. 11:26 — Ыйсанын өлгөн күнү канча жолу жана качанкыга чейин белгилениши керек? Пабыл Ыйсанын өлгөн күнүн бат-баттан белгилеп туруу керек экенин айткан эмес. Майлангандар жылына бир эле жолу, 14-нисанда, Эскерүү кечесин белгилеген «сайын» символдордон ооз тийип, Ыйсанын «өлүмү жөнүндө жарыялашат». Ал күндү алар Ыйса «келгенге чейин», башкача айтканда, аларды тирилтип, асманга алып кеткенге чейин белгилешет (1 Тес. 4:14—17).

1 Кор. 13:13 — Сүйүү кандай мааниде ишеним менен үмүттөн жогору? «Үмүттөнүп күтүп жаткан нерселерибиздин» баары ишке ашканда, алардын аткарыларына болгон ишенимдин жана үмүттүн зарылчылыгы болбой калат (Эвр. 11:1). Ал эми сүйүү, ишеним менен үмүттөн айырмаланып, түбөлүк калат.

1 Кор. 15:29 — «Өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүү» эмнени билдирет? Бул жерде чөмүлтүлбөй өлгөндөр үчүн тирүү жүргөндөр чөмүлтүлүшү керек экени айтылган эмес. Пабыл Ыйсанын майланган жолдоочуларынын өмүрүнүн аягына чейин актыгын сактоону талап кылган жана рухий жаратуу катары тирилүүгө алып бара турган жашоого каймана мааниде чөмүлтүлөрүн айткан.

Биз алчу сабактар:

1 Кор. 1:26—31; 3:3—9; 4:7. Өзүбүз менен эмес, Жахаба менен мактансак, момундук көрсөтүп, жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөбүз.

1 Кор. 2:3—5. Пабыл грек философиясынын жана окууларынын борбору болгон Корунт шаарында күбөлөндүрүп жүргөндө ал жактын тургундарына жакшы кабарды ынанымдуу айта аламбы, жокпу, деп тынчсызданышы мүмкүн эле. Ошентсе да ал андай тынчсызданууга же коркуу сезимине алдырып, Кудай тапшырган ишти аткарбай койгон эмес. Биз да күтүлбөгөн жагдайларга туш болгонубузда Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айтпай койбошубуз керек. Биз, Пабылдай болуп, Жахабанын күч берерине шектенбесек болот.

1 Кор. 2:16. «Машайактын акылына» ээ болуу үчүн биз анын кандай ой жүгүрткөнүн жана анын кулк-мүнөзүн, сапаттарын жакшы билип, андан үлгү алышыбыз керек (1 Пет. 2:21; 4:1). Демек, Ыйсанын жашоосу менен кызматын кылдат изилдөө абдан маанилүү.

1 Кор. 3:10—15; 4:17. Шакирт даярдоо ишинде кандай окутуп жатканыбызга көңүл буруп, окутуу жөндөмүбүздү жакшыртууга тийишпиз (Мт. 28:19, 20). Жакшы окута билбесек, кызыгуучуларыбыз ишеними сыналган учурларда туруштук бере албаганы үчүн куткарылбай калышы мүмкүн. Ал эми өзүбүз куткарылсак да, жоготууга учурагандыктан, «оттон чыккандай» кыйналышыбыз ыктымал.

1 Кор. 6:18. «Ойноштук кылуудан качууга» порниага кирген иштерден оолак болуу эле эмес, ойноштукка алып баруучу иш-аракеттерден да, маселен, порнография көрүүдөн, ыпылас жүрүм-турумдан, адепсиз кыялдарга батуудан, башка жыныстагы адамдын сезими менен ойноодон алыс болуу да кирет (Мт. 5:28; Жкп. 3:17).

1 Кор. 7:29. Жубайлар бири-бири менен эле алек болуп жатып, Кудайга кылган кызматын экинчи орунга жылдырып койбошу керек.

1 Кор. 10:8—11. Ысрайылдыктар Муса менен Арунга наалып, Жахабанын каарына калышкан. Биз андай маанайды өрчүтүүдөн сак бололу.

1 Кор. 16:2. Падышалыкка байланыштуу иштерге ыктыярдуу тартууларды үзгүлтүксүз бергибиз келсе, каражатыбызды алдын ала бөлүштүрүп коюу туура.

«ЖЕТКИЛЕҢ БОЛУУГА УМТУЛГУЛА»

(2 Кор. 1:1—13:13)

Пабыл корунттуктарды жаза алган адамды өкүнгөнү үчүн кечирип, сооротууга чакырат. Анын биринчи каты аларды капалантса да, ал мындай дейт: «Күнөөңөрдү сезип өкүнүп, кайгырганыңар үчүн кубанып жатам» (2 Кор. 2:6, 7; 7:8, 9).

Корунттуктардын башка жактардан ынталуу болгонун баса белгилегенден кийин Пабыл аларга «кайрымдуулук ишинде да ынталуулук көрсөтүүнү» кеңеш кылат. Өзүнө каршы чыккандарга жооп кайтарган соң ал баарын: «Кубангыла. Жеткилең болууга умтулгула. Кайраттуу болгула, бир ойдо болгула, тынчтыкты сактагыла!» — деп чакырат (2 Кор. 8:7; 13:11).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Кор. 2:15, 16 — Биз кандай мааниде «Машайактын жагымдуу жытыбыз»? Бул биздин Ыйык Китепке бекем карманып, андагы кабарды таратканыбызды билдирет. Айткан кабарыбыз адилетсиздер үчүн жагымсыз жыт сыяктуу сезилсе, Жахабага жана жүрөгү таза адамдарга жыпар жыттай жагымдуу.

2 Кор. 5:16 — Ыйсанын майланган жолдоочулары кандайча «эч кимди сырткы көрүнүшү боюнча баалабайт»? Алар эч кимге адамдык көзкараш менен карабайт, тагыраак айтканда, башкалардын байлыгына, расасына, улутуна жана уруусуна карап мамиле кылбайт. Алар үчүн ишенимдештер менен болгон мамилеси маанилүү.

2 Кор. 11:1, 16; 12:11 — Пабыл эмнеден улам корунттуктарга акылсыз болуп көрүнүшү мүмкүн эле? Пабылдын өзүнүн элчи экенин тастыкташ үчүн айткан сөздөрү аны айрымдарга мактанчаак жана акылсыз кылып көрсөтүшү мүмкүн эле.

2 Кор. 12:1—4 — «Бейишке көтөрүлгөн» ким эле? Бул аян тууралуу да, аны ким көргөнү тууралуу да Ыйык Китептин башка бир да жеринде айтылбайт. Пабыл ал жөнүндө элчи атын коргоп жаткан маалында айткан. Ошондуктан ал өзүнүн «бейишке көтөрүлгөнүн» айткан көрүнөт. Пабыл аян аркылуу Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында «акыркы мезгилде» өкүм сүрө турган рухий бейишти көрсө керек (Дан. 12:4).

Биз алчу сабактар:

2 Кор. 3:5. Бул аятта Кудай өзүнүн кызматчыларын Сөзү, ыйык руху жана уюмунун жердеги бөлүгү аркылуу кызматка жетиштүү деңгээлде даярдап жатканы айтылат (Жкн. 16:7; 2 Тим. 3:16, 17). Андыктан Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды тырышчаактык менен изилдөө, ыйык рух сурап ар дайым тиленүү жана жыйналыштарга үзгүлтүксүз катышуу абзел (Заб. 1:1—3; Лк. 11:10—13; Эвр. 10:24, 25).

2 Кор. 4:16. Жахабанын «ички адамыбызды» «күндөн-күнгө жаңылантыш» үчүн караштырган чараларынан пайда алып, бир да күнүбүздү рухий саламаттыгыбызга көңүл буруусуз өткөрбөйлү.

2 Кор. 4:17, 18. Башыбыздан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарыбыздын «убактылуу» жана «анча оор» эмес экенин эстен чыгарбоо сыноолордо Жахабага ишенимдүү бойдон калууга жардам берет.

2 Кор. 5:1—5. Пабыл Ыйсанын майланган жолдоочуларынын асмандагы жашоого карата болгон сезимдерин көркөм сүрөттөгөн.

2 Кор. 10:13. Муктаждык бар аймакта кабар айтууга байланыштуу атайын көрсөтмө берилбесе, өз жыйналышыбызга караштуу гана аймакта кабар айтканыбыз дурус.

2 Кор. 13:5. «Ишеним жолунда» экенибизди «текшерип көрүш» үчүн жүрүм-турумубузду Ыйык Китептин талаптары менен салыштырышыбыз керек. Ал эми өзүбүздү «сынап көрүш» үчүн рухий жактан канчалык жетилгенибиз жана «жаман-жакшыны айырмалай билүүгө» канчалык көнүккөнүбүз, ишенимибизди иш жүзүндө канчалык көрсөтүп жатканыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз кажет (Эвр. 5:14; Жкп. 1:22—25). Пабылдын кеңештерин жашообузда колдонсок, чындык жолунда туруктуу болобуз.

[26-беттеги сүрөт]

«Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын» деген сөздөр эмнени билдирет? (1 Кор. 11:26)