Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Себилгенди Кудай өстүрөт!

Себилгенди Кудай өстүрөт!

Себилгенди Кудай өстүрөт!

«Себүүчүнүн да, сугаруучунун да иши маанилүү эмес, себилгенди өстүрүүчү Кудайдын иши маанилүү» (1 КОР. 3:7).

1. Биз кайсы иште Кудай менен кызматташабыз?

«КУДАЙДЫН кызматташтары»... Элчи Пабыл Кудай менен бирге өзгөчө бир ишти аткаргандарды дал ушинтип атаган (Оку: 1 Корунттуктарга 3:5—9). Ал иш — шакирт даярдоо иши. Пабыл аны үрөн себүүгө жана сугарууга салыштырган. Бул маанилүү ишти ийгиликтүү аткарыш үчүн Жахабанын жардамы зарыл. Себеби «себилгенди өстүрүүчү» — Кудай.

2. Себилгенди Кудай өстүрөрүн эске алуу кызматыбызга туура көзкарашта болууга кандайча жардам берет?

2 Жогоруда айтылгандар бизге кызматыбызга карата туура көзкараш өрчүтүп, момун болууга жардам берет. Албетте, биз башкаларга кабар айтууда жана аларды окутууда колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Бирок алар рухий жактан өссө, биринчи кезекте, Жахаба даңкталууга тийиш. Себеби биз адамдын рухий жактан өсүшүн жөнгө сала да албайбыз, анын өсүшүнө эмне таасир этип жатканын толук түшүнө да албайбыз. Сулайман падыша буга байланыштуу: «Бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин... билбейсиң»,— деп таамай айткан (Нас. 11:5).

3. Шакирт даярдоо иши үрөн себүү ишине эмнеси менен окшош?

3 Бирок адамдын рухий жактан өсүшүнө эмне таасир этип жатканын толук түшүнө албаганыбыз ындыныбызды суутабы? Жок. Тескерисинче, кызмат кылууга болгон кызыгуубузду ого бетер арттырып, шык-дем берет. Сулайман падыша: «Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң»,— деген (Нас. 11:6). Чынында эле, кадимки үрөн себилгенде деле анын кайсынысы кайсы жерден өсүп чыгарын же деги эле өсүп чыгабы, билбейбиз: көп нерсе бизден көзкаранды эмес. Шакирт даярдоо иши тууралуу да ушундай дешке болот. Бул ой Марктын Инжилинин 4-бөлүмүндөгү эки мисалда да белгиленет. Келгиле эмесе, Ыйсанын ошол эки мисалынан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

Жердин ар кандай түрү

4, 5. Ыйсанын үрөн себүүчү жөнүндөгү мисалын кыскача айтып бер.

4 Марк 4:1—9-аяттарда Ыйса себүүчүнүн үрөнү ар кандай жерге түшкөнүн айткан. Ал мындай деген: «Кулак салгыла! Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты. Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Ошондо канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти. Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты. Бирок күн чыгары менен соолуп, терең тамырлай албай куурап калды. Кээ бир үрөндөр тикенектердин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды, ошондуктан алар түшүм берген жок. Кээ бир үрөндөр болсо жакшы топуракка түштү. Өнүп чыгып, өсүп, түшүм берди. Кээ бири отуз эсе, кээ бири алтымыш эсе, кээ бири жүз эсе түшүм берди».

5 Байыркы убактарда үрөндү, адатта, кол менен себишчү. Себүүчү чапанынын бүктөп алган жерине же баштыгына салынган үрөндү уучтап, алыс-алыс чаччу. Мисалдагы себүүчү да үрөндү жер тандап сепкен эмес. Ошондуктан үрөн ар кандай жерге түшкөн.

6. Ыйса себүүчү жөнүндөгү мисалды кантип чечмелеп берген?

6 Бул мисалдын мааниси биз үчүн табышмак эмес. Анткени аны Ыйса өзү чечмелеп берген. Марк 4:14—20-аяттарда мындай деп жазылган: «Себүүчү сөз себет. Кээ бир адамдар жол боюна түшкөн үрөнгө окшош: алардын жүрөгүнө сөз себилет, бирок алар угар замат шайтан келип, алардын жүрөгүнө себилген сөздү уурдап кетет. Кээ бир адамдар таштак жерге түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угар замат кубанып кабыл алышат. Бирок терең тамырлай албагандыктан, туруксуз болушат. Сөз үчүн кысымга алып, куугунтукташканда, дароо баш тартып кетишет. Сөздү уккан адамдар тикенектин арасына түшкөн үрөнгө окшош. Бирок бул дүйнөнүн түйшүгү, байлыкка азгырылуу жана башка каалоолор алардын жүрөктөрүн ээлеп алып, сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат. Кээ бир адамдар жакшы топуракка түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угуп, кабыл алышат, кээ бири отуз эсе, кээ бири алтымыш эсе, кээ бири жүз эсе түшүм берет».

7. Үрөн жана жердин ар кандай түрү эмнени билдирет?

7 Ыйсанын мисалында себүүчүнүн ар кандай үрөн сепкени айтылган жок. Ал үрөндүн бир эле түрүн себет, бирок ошол үрөн жердин ар кандай түрүнө түшөт. Биринчиси — тапталган катуу жерге, экинчиси — топурагы аз, таштак жерге, үчүнчүсү — тикенек басып кеткен жерге, ал эми төртүнчүсү топурагы жакшы, семиз жерге түшөт (Лк. 8:8). Мисалдагы үрөн эмнени түшүндүрөт? Ал — Кудай Сөзүндө камтылган Падышалык жөнүндөгү кабар (Мт. 13:19). Ал эми жердин ар кайсы түрлөрүчү? Ал адамдардын жүрөгүнүн ар кандай абалын билдирет (Оку: Лука 8:12, 15).

8. а) Себүүчү кимди билдирет? б) Эмне себептен Падышалык жөнүндөгү кабарды ар ким ар кандай кабыл алат?

8 Себүүчү кимди билдирет? Ал — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаган Кудайдын кызматташтары. Пабыл менен Аполоско окшоп, алар үрөндү сээп, сугарышат. Бирок күжүрмөн эмгектенишсе да, жыйынтыгы дайыма эле алар каалагандай боло бербейт. Эмне үчүн? Себеби кабарды уккан адамдардын жүрөгүнүн абалы ар башка келет. Мисалдан айкын болгондой, себүүчү үрөндүн өсүшүн жөнгө сала албайт. Бул ой бир нече жылдан, атүгүл ондогон жылдардан бери кызмат кылып, бирок кызматынан, бир караганда, эч майнап чыкпагандай көрүнгөн ишенимдүү биртуугандарыбызды кандай гана жубатат! *

9. Элчи Пабыл да, Ыйса да жубатарлык кандай ойду баса белгилешкен?

9 Себүүчүнүн канчалык ишенимдүү экени эмгегинин натыйжасы менен аныкталбайт. Пабыл: «Ар бири өз эмгегине жараша акысын алат»,— деген (1 Кор. 3:8). Демек, сыйлык эмгектин натыйжасына жараша эмес, эмгектин өзүнө жараша берилет. Ыйса да, шакирттери кабар айтуу сапарынан кайтып келгенде, ушул ойду баса белгилеген. Шакирттери жиндердин баш ийгенине кубанып келишкенде, Ыйсанын айткандары аларды таң калдырса керек. Ал шакирттерине: «Жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла»,— деген (Лк. 10:17—20). Андыктан себүүчүнүн эмгеги үзүрсүз болуп жатса, аны кызматка башкаларга караганда азыраак катышат же Кудайга болгон ишеними аз деп айтууга болбойт. Чын-чынында, жыйынтыгы кандай болору көбүнесе кабарды уккан адамдын жүрөгүнөн көзкаранды болот. Анын үстүнө, себилген үрөндүн өсүшү жарчыдан эмес, Кудайдан.

Кабарды уккандар да жооптуу

10. Кабарды уккан адамдын «жакшы топурак» болору эмнеден көзкаранды?

10 Кабарды уккандар тууралуу эмне дешке болот? Алардын жакшы кабарды кабыл алар-албасын Кудай алдын ала чечип коёбу? Албетте, жок. «Жакшы топурак» болуу же болбоо — алардын жеке чечими. Жүрөктү жакшы жакка да, жаман жакка да өзгөртүүгө болот (Рим. 6:17). Ыйса көрсөтмөлүү мисалында айткандай, айрымдар сөздү «угар замат», алардын жүрөгүндөгүнү Шайтан уурдап кетет. Бирок ага жол бербөө керек. Жакып 4:7де: «Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— делет. Башкалары болсо сөздү адегенде кубанып кабыл алышат, бирок «терең тамырлай албагандыктан, туруксуз болушат». Ошондуктан Кудайдын кызматчылары «сүйүүгө тамырланууга» жана «негизделүүгө» чакырылат. Анткени ошондо «Машайактын сүйүүсүнүн кеңдиги менен узундугу, тереңдиги менен бийиктиги эмне экенин түшүнүп», «акыл жеткис... сүйүүнү таанып билишет» (Эф. 3:17—19; Кол. 2:6, 7).

11. Сөздү өстүрбөй, басып сала турган түйшүктөн жана байлыкка умтулуудан кантип качууга болот?

11 Ал эми кээ бирөөлөр «сөздү» өстүрбөй, басып сала турган «бул дүйнөнүн түйшүгүнө», байлыкка азгырылып кетишет (1 Тим. 6:9, 10). Андай азгырыктарга кантип каршы турууга болот? Элчи Пабыл мындай деген: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: „Сени калтырбайм жана таштабайм“,— деп айткан» (Эвр. 13:5).

12. Жакшы топуракка түшкөндөр эмне үчүн ар кандай түшүм бериши мүмкүн?

12 Мисалдын соңунда жакшы топуракка түшкөн үрөндүн «кээ бири отуз эсе, кээ бири алтымыш эсе, кээ бири жүз эсе түшүм берери» айтылган. Ырас, сөздү кабыл алгандар, жүрөгү жакшы болсо да, түшүмдү жагдай-шартына жараша, ар кандай өлчөмдө алып келет. Айрымдар, мисалы, карылыктын же катуу оорунун айынан кабар айтуу ишине көбүрөөк катыша албашы мүмкүн (Салыштыр: Марк 12:43, 44). Демек, жакшы топуракка түшкөн үрөндүн канча түшүм алып келери да себүүчүдөн көзкаранды эмес. Ошентсе да ал Жахабанын аны өстүрүп жатканын көрүп, абдан кубанат (Оку: Забур 125:5, 6).

Уктап жаткан себүүчү

13, 14. а) Ыйсанын үрөн сепкен адам жөнүндөгү мисалын кыскача айтып бер. б) Үрөн сепкен адам ким жана үрөн эмнени билдирет?

13 Марктын 4:26—29-аяттарында себүүчү жөнүндө дагы бир көрсөтмөлүү мисал жазылган. Ал жерде мындай делет: «Кудайдын Падышачылыгы бул нерсеге окшош: бир адам жерге үрөн себет. Түнкүсүн уктайт, күндүзү турат, үрөндүн кантип өнүп-өскөнүн билбейт. Анткени жер өзү түшүм берет: адегенде сабакты, андан кийин машакты өстүрүп чыгарып, акырында машакты данга толтурат. Эгин бышып, оруу-жыюу маалы келгенде, ал токтоосуз орок салат».

14 Үрөн сепкен адам ким? Христиан дүйнөсүндөгүлөр аны Ыйса деп эсептешет. Бирок Ыйсаны уктап жатат жана үрөндүн кантип өсүп жатканын билбейт деп айтууга болобу? Жок. Ыйса үрөндүн кантип өсүп жатканын, албетте, жакшы билет. Демек, үрөн сепкен ал адам, жогорудагы мисалдагыдай эле, кызматка тырышчаактык менен катышып жаткан жарчыларды, ал эми жерге себилген үрөн алардын айтып жүргөн кабарын билдирет.

15, 16. Ыйса кадимки жана рухий өсүү жөнүндө эмнени баса белгилеген?

15 Мисалда себүүчү жөнүндө: «Түнкүсүн уктайт, күндүзү турат»,— делет. Бул сөздөр себүүчүнүн камырабас жалкоо экенин билдирбейт. Болгону, анын эл катары эле өткөргөн күндөлүк турмушун сүрөттөйт. Андыктан аятта белгилүү бир убакыт аралыгына созулуп, алмашылып турган күндүзгү эмгек менен түнкү уйку жөнүндө сөз болууда. Ошол убакыт аралыгында, мисалда айтылгандай, үрөн өнүп-өсүп чыгат. Бирок сепкен адам анын кантип өсүп жатканын билбейт. Сөздүн төркүнү — «жер өзү түшүм берет», тактап айтканда, үрөн өзүнөн өзү, акырындык менен өсүп чыгат *.

16 Бул жерде Ыйса эмнени баса белгилеген? Үрөндүн өсүшүн жана анын өсүшү акырындык менен жүрөрүн. Ал: «Жер өзү түшүм берет: адегенде сабакты, андан кийин машакты өстүрүп чыгарып, акырында машакты данга толтурат»,— деген (Мр. 4:28). Өсүш бара-бара жана белгилүү бир тартипке ылайык жүрөт. Аны күчкө салып тездетүү мүмкүн эмес. Рухий жактан өсүү да ушундай болот. «Туура маанайдагы» адамдын жүрөгүндөгү чындык Жахабанын жардамы менен өсө баштаганда, ал рухий жактан алдыга илгерилей берет (Элч. 13:48, «ЖД»; Эвр. 6:1, 2).

17. Чындыктын үрөнү түшүм бергенде кимдер кубанат?

17 Үрөн сепкен адам «эгин бышканда» оруу-жыюуга кандайча катышат? Жахаба Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштагандардын жүрөгүндө Падышалык жөнүндөгү чындыкты өстүргөндө, алар рухий жактан өсүп, сүйүүсүнөн улам жашоосун Ага арноого түрткү алышат. Алар арналганын сууда чөмүлтүлүү аркылуу көрсөтүшөт. Рухий жактан өсүп, жетилген эркек биртуугандар бара-бара жыйналышта ар кандай жоопкерчиликтерге ээ болушат. Ошентип, арабызга жаңы шакирт кошулганда үрөндү сепкен жарчы да, аны себүүгө түзмө-түз катышпаган жарчылар да түшүм алганына кубанышат (Оку: Жакан 4:36—38).

Биз алчу сабактар

18, 19. а) Ыйсанын мисалдарын карап чыгуу сени эмнеси менен кайраттандырды? б) Кийинки макалада эмнелер каралат?

18 Марктын 4-бөлүмүндөгү эки мисалдан эмнелерди билдик? Бизге себүү иши тапшырылган. Андыктан ар кандай шылтоонун, көйгөй-кыйынчылыктардын айынан ал ишке катышпай калбашыбыз керек (Нас. 11:4). Андан тышкары, Кудайдын кызматташтары болуу сыймыгына ээбиз. Адамдын рухий жактан өсүшү биздин аракетибизге, ошондой эле кабарды кабыл алгандардын аракетине батасын берген Жахабадан көзкаранды. Биз эч кимди зордоп рухий жактан өстүрө албайбыз. Ошон үчүн кызыгуучу рухий жактан жай өсүп же таптакыр өспөй жатса, көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Биздин ийгилигибиз Жахабага болгон ишенимдүүлүгүбүздөн жана «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү... Жакшы Кабарды» бардык элдерге күбөлөндүрүү артыкчылыгын баалаганыбыздан көрүнөрүн билүү да кубантат (Мт. 24:14).

19 Ыйса жаңы шакирттердин жана Падышалык ишинин өсүшүнө байланыштуу дагы эмнелерди айткан? Бул суроого жооп алыш үчүн, Инжилде камтылган башка мисалдарды карап чыгуу зарыл. Ал мисалдардын кээсине эмки макалада токтолобуз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Ошондой биртуугандардын бири Исландияда кызмат кылган Георг Фьёльнир Линдал тууралуу 2005-жылдын «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинин» (ор.) 210, 211-беттеринде жазылган. Ошондой эле Ирландияга жиберилип, көп жылдар бою жакшы натыйжага жетишпесе да, ишенимдүү кызмат кыла берген биртуугандар тууралуу 1988-жылдын «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинин» (англ.) 82—99-беттеринен окууга болот.

^ 15-абз. Ушул сыяктуу сөз айкашы Элчилер 12:10до гана колдонулат. Ал аятта темир дарбазанын эч кимдин жардамысыз, «өзүнөн өзү» ачылганы айтылат.

Эсиңердеби?

• Үрөн себүү менен Падышалык жөнүндөгү кабарды таратуунун кандай жалпылыгы бар?

• Жахаба Падышалыктын жарчысын эмненин негизинде ишенимдүү деп эсептейт?

• Ыйса үрөндүн өсүшү менен кызыгуучунун рухий жактан өсүшүнүн ортосундагы кандай окшоштуктарды белгилеген?

• «Себүүчү да, орокчу да» эмне себептен кубанат?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Падышалыктын жарчысын Ыйса эмне себептен үрөн себүүчүгө салыштырган?

[15-беттеги сүрөт]

«Жакшы топуракка түшкөндөр» кабар айтуу ишине өз жагдайына жараша чын жүрөктөн катышууда

[16-беттеги сүрөт]

Себилгенди Кудай өстүрөт