Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйдөн үйгө кабар айтуудагы кыйынчылыктарды жеңүү

Үйдөн үйгө кабар айтуудагы кыйынчылыктарды жеңүү

Үйдөн үйгө кабар айтуудагы кыйынчылыктарды жеңүү

«Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык» (1 ТЕС. 2:2).

1. Жеремия кандай кыйынчылыктарга туш болгон жана аларды кантип жеңген?

ЖЕРЕМИЯ биздикиндей эле сезимдери бар адам болгон. Жахаба аны элдерге пайгамбарлык кылуу үчүн дайындаарын айтканда, ал: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын»,— деп тынчсызданган. Бирок Жахабага таянып, ал тапшырманы аткарууга макул болгон (Жер. 1:4—10). Жеремия 40 жылдан ашуун убакыт бою кызмат кылып, кошкөңүлдүккө, каршылыктарга, шылдыңга, атүгүл зордук-зомбулукка чыдаган (Жер. 20:1, 2). Кээде тапшырмасын аягына чыгара албачудай сезген учурлары болгон. Ошондой болсо да, Жеремия көбүнесе тоң моюн келген элге кызыксыз сезилген кабарды жарыялай берген. Кудай күч-кайрат бербесе, Жеремия ал ишти өзү эч качан аткара алмак эмес (Оку: Жеремия 20:7—9).

2, 3. Жахабанын азыркы кызматчыларынын кыйынчылыктары Жеремияныкына эмнеси менен окшош?

2 Жахабанын азыркы кызматчыларынын көбү да Жеремияныкындай сезимде болушат. Айрымдарыбыз үйдөн үйгө кабар айтуу жөнүндө ойлогондо алгач: «Бул — менин колуман келбей турган иш»,— дегенбиз. Бирок жакшы кабарды жарыялоо менен Жахабанын эркин аткарарыбызды түшүнгөндө, коркуу сезимин жеңип, кабар айта баштаганбыз. Ошентсе да көптөрүбүздүн жашоодогу ар кандай кыйынчылыктардан улам кабар айтуу ишине жигердүү катыша албай калган учурларыбыз болот. Ооба, үйдөн үйгө кабар айтуу ишине катыша баштоо жана бул ишти акырына чейин аткаруу оңой иштерден эмес экени талашсыз (Мт. 24:13).

3 Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, бир топтон бери жыйналыштарга келип жүргөнүң менен, үйдөн үйгө кабар айтуу ишине катышуудан тартынасыңбы? Же чөмүлтүлгөн жарчы болсоң да, денсоолугуң жол берип турса да, үйдөн үйгө кабар айтуу сен үчүн опол тоодой сезилеби? Көптөр андай кыйынчылыктарды жеңип жатышат. Жахабанын жардамы менен сен да жеңе аласың.

Кайраттуулукка ээ болуу

4. Жакшы кабарды кайраттуулук менен айтууга Пабылга эмне жардам берген?

4 Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн кабар айтуу иши адамдын акылы же күчү менен эмес, Кудайдын руху аркылуу жүргүзүлүп жатканы шексиз (Зах. 4:6). Ыйсанын ар бир жолдоочусунун кызматы да ыйык рухтун жардамы менен аткарылат (2 Кор. 4:7). Мисалга элчи Пабылды алалы. Ал миссионердик кызматындагы шериги экөөнүн катаал мамилеге дуушар болгон учурун эстеп: «Буга чейин биздин Филипиде азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер. Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык»,— деп жазган (1 Тес. 2:2; Элч. 16:22—24). Пабылга окшогон ынталуу жарчы үчүн да кабар айтуу кээде оңойго турбаганын элестетүү кыйын. Ал жакшы кабарды кайраттуулук менен айтуу үчүн, баарыбызга окшоп эле, Жахабага таянган (Оку: Эфестиктерге 6:18—20). Биз Пабылдан канткенде үлгү ала алабыз?

5. Кабар айтууда кайраттуулукка канткенде ээ боло алабыз?

5 Кабар айтууда кайраттуулукка ээ болуунун бир жолу — тиленүү. Бир пионер мындай дейт: «Мен кабарды ишенимдүүлүк менен айтууну, адамдардын жүрөгүнө жеткире сүйлөөнү, ошондой эле кызматтан кубаныч алууну сурап тиленем. Бул — биздин эмес, Жахабанын иши. Ошондуктан анын жардамысыз эч нерсе кыла албайбыз» (1 Тес. 5:17). Кайраттуулук менен кабар айтышыбыз үчүн баарыбыз Жахабадан ар дайым ыйык рух сурап тиленишибиз керек (Лк. 11:9—13).

6, 7. а) Жезекиел кандай көрүнүш көргөн жана ал эмнени билдирген? б) Жезекиелдин көрүнүшүнөн биз кандай сабак алабыз?

6 Жезекиелдин китебинде кайраттуулук менен сүйлөөгө дагы эмне жардам берери айтылат. Жахаба көрүнүш аркылуу Жезекиелге ичи-сыртында «ый, онтоо, кайгы» деген жазуусу бар түрмөк китепти берип: «Адам уулу! Мен берип жаткан бул түрмөк китепке курсагыңды тойгуз жана ичиңди толтур»,— дейт. Бул көрүнүш эмнени билдирген? Жезекиел башкаларга айта турган кабарын адегенде өзү толугу менен кабыл алууга тийиш болчу. Ал кабар анын ички сезимдерине терең таасир этип, анын жан-дүйнөсүнүн бир бөлүгү болуп калышы керек эле. Пайгамбар: «Ошондо мен аны жедим, ал оозумдун ичинде балдай таттуу эле»,— деп айтат. Кудайдын кабарын жарыя кылуу Жезекиелге бал таткандай жагымдуу болгон. Ал Жахабанын өкүлү болууну жана анын тапшырмасын аткарууну чоң артыкчылык катары көргөн. Ошондуктан, көптөр кабыл албаса да, олуттуу кабарын жарыялай берген (Оку: Жезекиел 2:8—3:4, 7—9).

7 Ал көрүнүштө Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары үчүн маанилүү сабак камтылат. Биздин айткан олуттуу кабарыбызды да азыр көптөр уккусу келбейт, алар анын маанилүүлүгүн этибар алышпайт. Ал эми биз Кудайга кылган кызматыбызды, Жезекиелге окшоп, артыкчылык катары карашыбыз үчүн, рухий жактан жакшы тамактанышыбыз абзел. Себеби үстүртөдөн же анда-санда жүргүзүлгөн өздүк изилдөө Кудайдын Сөзүндө айтылгандарды толугу менен өздөштүрүү үчүн аздык кылат. Ошон үчүн Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай окуп, аны сапаттуураак изилдеп жатасыңбы? Окугандарың жөнүндө ой жүгүртөсүңбү? (Заб. 1:2, 3).

Ыйык Китептин негизинде сөз баштоо

8. Үймө-үй кабар айтууда жарчылардын кээсине Ыйык Китептин негизинде сөз баштоого эмне жардам берет?

8 Жарчылардын көбү үчүн үймө-үй кабар айтууда сөз баштоо кыйынга турат. Кээ бир аймактарда үй ээсин сөзгө тартуу, чынында эле, оңой эмес. Айрым жарчылардын байкоосу боюнча, баракча берер алдында кыскача сунуштоо даярдап алуу көп толкунданбай, ишенимдүү сүйлөөгө өбөлгө түзөт (кутучаны кара). Баракчанын аталышы жана андагы көркөм сүрөттөр да үй ээсинин көңүлүн тартып, келгенибиздин максатын кыскача түшүндүрүп берүүгө жана кайра жолугууга негиз болорлук суроо калтырууга мүмкүнчүлүк берет. Же үй ээсине үч-төрт баракчаны көрсөтүп, алардын ичинен кызыктырганын тандап алууну сунуш кылууга болот. Албетте, биз ар бир кишиге баракча таштап кетүүнү эле эмес, аны менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп, изилдөө баштоону көздөйбүз.

9. Жакшы даярдануу эмне үчүн маанилүү?

9 Кандай сунуштоо колдонбо, аны жакшылап даярдап алсаң, үйдөн үйгө кабар айтканда эркин, ошол эле учурда шыктануу менен сүйлөйсүң. Бир пионер мындай дейт: «Кабарга жакшы даярданып барсам, көбүрөөк кубаныч алам. Бул мага сунуштоомду да тартынбай айтууга түрткү берет». Дагы бир пионер: «Мен сунуштай турган адабиятты адегенде өзүм жакшы окуп чыксам, шыктануу менен таратам»,— дейт. Айта турганыбызды ичибизден кайталап алуу жакшы жардам берсе да, көптөрдүн ою боюнча, үн чыгарып кайталоо андан да натыйжалуу. Мына ушулардын аркасында алар Жахабага эң жакшысын берип келишет (Кол. 3:23; 2 Тим. 2:15).

10. Кабар айтуу жолугушуусун натыйжалуу жана пайда алып келгидей өткөрүү үчүн эмне кылууга болот?

10 Үйдөн үйгө кабарды натыйжалуу айтууга жана андан кубаныч алууга жакшы даярдалып өткөрүлгөн кабар айтуу жолугушуусу да шарт түзөт. Жолугушууну өткөрүп жаткан биртууган, маселен, күндөлүк аятта кабар айтуу кызматына байланыштуу ойлор камтылса, аны окуп, кыскача талкууласа болот. Ошол эле учурда аймакка ылайык келген жөнөкөй сунуштоону талкуулап же көрсөтүп берүүгө, же болбосо ошол күнү кызматта колдонорлук башка маалыматты талкуулоого жетиштүү убакыт бөлүү кажет. Ошондо жарчылар кабарды жакшы айтууга үйрөнөт. Жолугушууну өткөргөн аксакал же башка биртууган тийиштүү түрдө даярданып келсе, жолугушуу баарына пайда алып келип, өз убагында аяктайт (Рим. 12:8).

Уга билүүнүн таасири

11, 12. Түшүнүү менен уга билүү адамдардын жүрөгүнө жетүүгө кандайча жардам берет? Мисал келтиргиле.

11 Ооба, кабарда жолуккандар менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп, алардын жүрөгүн козгоо үчүн жакшы даярдануу керек. Бирок чын дилден кызыгуу көрсөтүү да маанилүү. Ан үчүн уга билүү зарыл. Бир кыдыруучу көзөмөлчү: «Чыдамдуу болуу жана кунт коюп угууга даяр экенибизди көрсөтүү маектешибизге зор таасир этип, алардын кабарга болгон кызыгуусун арттырат. Уга билүү — аларга чын ниеттен кызыгарыбыздын эң сонун далили»,— дейт. Боорукердик менен уга билүү үй ээсинин жүрөгүн ача турган «ачкыч» болуп саналат. Муну төмөндөгү окуя тастыктайт.

12 Сент-Этьен (Франция) шаарында жашаган бир келин «Прогрэ» гезитине үйүнө келип кеткен эки аял тууралуу кат жазып жиберген. Ошол убакта ал үч айлык кызы чарчап калып, күйүт тартып жүргөн экен. Ал минтип жазган: «Мен алардын Жахабанын Күбөлөрү экенин дароо эле түшүндүм. Ошон үчүн сылыктык менен жолуна салып коёюн дегем, бирок сунуштап жаткан китепчеси көзүмө урунуп калды. Карасам — китепче Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө экен. Айткандарын төгүнгө чыгарайын деген ой менен аларды үйүмө киргиздим... Күбөлөр меникинде бир сааттан ашуун убак болушту. Алар кайгымды кошо бөлүшүп, мени түшүнүү менен уккандыктан, кадимкидей жеңилдеп калдым. Ошон үчүн кийинки жолу да келип кетишине макул болдум» (Рим. 12:15). Кийинчерээк ал аял Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ага биртуугандарыбыздын айткан сөздөрү эмес, кунт коюп укканы таасир эткен.

13. Кызматта жолуктурган адамдарга сунуштообузду кантип ылайыкташтыра алабыз?

13 Кабарда жолуктурган адамдарды түшүнүү менен уга билсек, алар Падышалыкка эмне үчүн муктаж болуп жатканын өзүлөрү эле айтып берип коюшат. Натыйжада бизге жакшы кабарды алардын муктаждыгына ылайыкташтырып айтып берүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балким, сен жакшы уга билген жарчылардын жакшы ийгиликтерге жетерин байкаган чыгарсың (Накыл 20:5). Алар башкаларга чын дилден кызыгуу көрсөтүшөт. Ошондой эле аймагындагылардын аты-жөнүн, дарегин эле эмес, аларды эмне кызыктырарын, эмне тынчсыздантарын жазып алышат. Эгер кимдир бирөө жүрөгүн өйүтүп жүргөн көйгөйү жөнүндө айтып берсе, ал тууралуу маалымат таап, көп создуктурбай кайра барышат. Алар, элчи Пабылдай болуп, сунуштоосун ар бир адамга ылайыкташтыра билишет (Оку: 1 Корунттуктарга 9:19—23). Ооба, чын жүрөктөн көрсөткөн кызыгуубуз башкаларды жакшы кабарга тартат. Натыйжада алар Кудайдын «улуу боорукердигин» көрүшөт (Лк. 1:78).

Оң маанай сактоо

14. Кызматта Жахабанын сапаттарын кантип чагылдыра алабыз?

14 Жахаба адам баласын өз алдынча чечим чыгара алгыдай кылып жаратышы менен анын инсандык кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн. Кудуреттүү Кудай болсо да, ал эч кимди өзүнө кызмат кылууга мажбурлабайт. Ал баарына сүйүү менен кайрылат жана караштырган кереметтүү чараларын баалагандарга батасын берет (Рим. 2:4). Биз да анын кызматчылары болгондуктан жакшы кабарды боорукер Кудайыбыздан үлгү алып айтышыбыз керек (2 Кор. 5:20, 21; 6:3—6, 8). Ан үчүн аймагыбыздагыларга карата оң маанай сактоого тийишпиз. Бул максатка жетүүгө эмне жардам берет?

15. а) Кимдир бирөө кабар укпай койсо, Ыйсанын көрсөтмөсүнө ылайык, эмне кылуу керек эле? б) Татыктууларды табыш үчүн кандай максаттарды койсок болот?

15 Ыйса айткандай, кимдир бирөө кабарды укпай койсо, өтө эле тынчсыздана бербей, татыктууларды издөөгө дит буруу керек (Оку: Матай 10:11—15). Ан үчүн анча чоң эмес, ишке ашыра ала турган максаттарды коюуга болот. Бир биртууган өзүн алтын издөөчүгө салыштырып, мындай дейт: «Мен кабарга „бүгүн сөзсүз алтын табам“ деген маанай менен чыгам». Дагы бир ишенимдешибиз болсо «бир жуманын ичинде, жок дегенде, бир жакшы кишини жолуктуруп, кызыгуусу сууп калбаш үчүн, ага кайра бир нече күндүн ичинде барууну» максат коёт. Айрым жарчылар үй ээсине, мүмкүн болсо, бери дегенде, бир аят окуп берүүгө аракет кылышат. Ал эми сен алдыңа кандай максат койсоң болот?

16. Биз кандай себептерден улам кабар айтабыз?

16 Үйдөн үйгө кабар айтуудагы ийгилигибиз башкалардын кабарды кандай кабыл алганы менен гана аныкталбайт. Албетте, кабар айтуу иши жүрөгү таза адамдардын өмүрүн сактоо үчүн абдан маанилүү. Анткен менен анын дагы башка маанилүү себептери бар. Мисалы, кабар айтуу аркылуу Жахабага болгон сүйүүбүздү далилдейбиз (1 Жкн. 5:3). Башкалардын канына забын болбойбуз (Элч. 20:26, 27). Кудайды четке каккандарга «Анын [Кудайдын] соттой турган убагы келип» калганын эскертебиз (Аян 14:6, 7). Баарынан мурда, Жахабанын ысмынын жер жүзү боюнча даңазаланышына салым кошобуз (Заб. 112:3). Демек, Падышалык жөнүндөгү кабарды, көптөр кандай кабыл албасын, айта беришибиз керек. Анткени жакшы кабарды жарыялоо үчүн жасаган иш-аракетибиз Жахабанын көз алдында абдан баалуу (Рим. 10:13—15).

17. Жакында элдер эмнени түшүнүүгө аргасыз болушат?

17 Айткан кабарыбызды барк албагандар жакында ага башкача көзкараш менен кароого мажбур болушат (Мт. 24:37—39). Жезекиел жарыялаган өкүмдөр ишке ашканда, козголоңчул ысрайыл эли «өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишкен» (Жез. 2:5). Ошо сыяктуу эле, жакында Жахаба азыркы дүйнөгө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда, элдер Жахабанын Күбөлөрүнүн коомдук жайларда жана үйдөн үйгө айтып жүргөн кабары чыныгы Кудай Жахабадан экенин, ал эми Күбөлөрдүн чынында эле Анын атынан кабар айтышканын түшүнүүгө аргасыз болушат. Азыркы өзгөчө мааниге ээ убакта Кудайдын ысмы менен аталуу жана анын кабарын жар салуу биз үчүн кандай гана чоң сыймык! Андыктан үйдөн үйгө кабар айтуудагы кыйынчылыктарды мындан ары да Жахабанын күчү менен жеңе берели!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кабар айтууда кайраттуулукка канткенде ээ боло алабыз?

• Үйдөн үйгө кабар айтканда кантип сөз баштоого болот?

• Башкаларга канткенде чын дилден кызыгуу көрсөтө алабыз?

• Аймагыбыздагыларга карата оң маанай сактоого эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт/кутуча]

Сөз баштоо үчүн...

Сунуштоо:

▪ Үй ээси менен учурашкан соң баракчаны сунуп: «Сиз менен буга байланыштуу бир жакшы ой бөлүшөйүн дедим эле»,— десең болот.

▪ Же баракчаны сунуштап жатып: «Сиздин буга карата кандай ойдо экениңизди билейин дедим эле»,— деп айтсаң болот.

Баракчаны алса...

▪ Көп күттүрбөй, анын оюн билүү үчүн баракчанын аталышына байланыштуу жөнөкөй суроо бер.

▪ Кунт коюп угуп, үй ээсинин көзкарашын түшүнүүгө аракет кыл. Анан берген жообуна ыраазычылык билдирип, сөзүңдү анын айткандарын эске алып ула.

Маекти улантыш үчүн...

▪ Сунуштооңду адамдын кызыккан же тынчсызданткан нерселерине жараша өзгөртүп, бир (же бир нече) аят окуп бер да, аны түшүндүр.

▪ Үй ээси кызыгып калса, адабият берип, мүмкүн болсо, Ыйык Китепти кантип изилдөөгө болорун көрсөтүп бер. Андан соң кайра качан келериңди сүйлөшүп ал.