Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйдөн үйгө кабар айтуу эмне үчүн маанилүү?

Үйдөн үйгө кабар айтуу эмне үчүн маанилүү?

Үйдөн үйгө кабар айтуу эмне үчүн маанилүү?

«Алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан жок» (ЭЛЧ. 5:42).

1, 2. а) Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуунун кандай ыкмасы менен белгилүү? б) Бул макалада кайсы суроолор каралат?

ТЫКАН кийинген эки киши эшик алдына келип, үй ээсине Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды айтып беришет. Үй ээси кызыгып калса, Ыйык Китепке негизделген адабият берип, Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдөөнү сунуш кылышат. Андан соң кийинки үйгө бет алышат... Мындай көрүнүштү дүйнөнүн дээрлик бардык бөлүгүнөн байкоого болот. Эгер сен да кабар айтуу ишине катышкандардын бири болсоң, башкалар сенин Жахабанын Күбөсү экениңди сөз баштай элегиңде эле билип коюшары шексиз. Ооба, үйдөн үйгө кабар айтуу бизди башкаларга жазбай тааныткан белгибиз болуп калган.

2 Жахабанын Күбөлөрү Ыйсанын тапшырмасын — кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин — аткарууда ар кандай ыкмаларды колдонушат (Мт. 28:19, 20). Алар базарларда, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда күбөлөндүрүшөт (Элч. 17:17). Телефон же кат аркылуу кабар айтышат. Күнүмдүк иштер менен жүргөндө да жолуктурган кишилерине Ыйык Китептеги чындыкты айтып беришет. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий веб-сайты ачылган. Ал аркылуу Ыйык Китепке негизделген маалыматты 300дөн ашуун тилде окууга болот *. Булардын баары жакшы натыйжа берүүдө. Анткен менен көптөгөн өлкөлөрдө үймө-үй кабар айтуу жакшы кабарды таратуунун негизги жолу болуп келет. Ал ыкманы алгач кимдер колдонгон? Кудайдын азыркы эли аны кандайча кеңири колдонуп калган? Ал азыркы учурда эмне үчүн чоң мааниге ээ?

Элчилердин ыкмасы

3. Ыйса элчилерге кандай көрсөтмөлөрдү берген жана ал көрсөтмөлөргө ылайык, алар кантип кабар айтууга тийиш эле?

3 Үймө-үй кабар айтуу ыкмасы Ыйык Китепке негизделет. Ыйса элчилерин кабар айтууга жиберип жатканда: «Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып тапкыла»,— деген көрсөтмө берген. Алар «ылайыктууларды» же татыктууларды кантип таба алышмак? Ыйса: «Үйгө киргенде, саламдашып: „Бул үйгө тынчтык келсин!“ — дегиле. Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет»,— деген. Шакирттер башкалар үйүнө чакырмайынча күтүп отура бериши керек беле? Ыйсанын: «Ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула»,— деген сөзүнө көңүл бурсаңар (Мт. 10:11—14). Бул көрсөтмөлөргө ылайык, элчилер «жолго чыгып, айыл-кыштактарды аралап бардык жерде Жакшы Кабар таратуу» үчүн, демилгени колго алып, башкалардын үйлөрүнө өзүлөрү барышы керек болчу (Лк. 9:6).

4. Үйдөн үйгө кабар айтуу тууралуу Ыйык Китептин кайсы жеринде айкын айтылган?

4 Ыйык Китепте элчилердин үймө-үй кабар айтканы айкын көрсөтүлөт. Алсак, Элчилер 5:42де: «Алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан жок»,— делет. Арадан 20 жылдай өткөндө элчи Пабыл эфестик аксакалдарга: «Силерге пайдалуу боло турган нерселердин бардыгын айттым, силерди бүт эл алдында да, үймө-үй кыдырып да окуттум»,— деген. Пабыл ал аксакалдар Ыйсанын жолдоочусу боло электе алардыкына барды беле? Сыягы, барган. Себеби ал аларга, башка чындыктар менен катар, «тобо кылуу жөнүндө жана Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенүү жөнүндө» окутканын айткан (Элч. 20:20, 21). Бир эмгекте Элчилер 20:20га байланыштуу: «Белгилей кетчү нерсе, ал көрүнүктүү кабарчы үйдөн үйгө кабар айткан»,— делет («Robertson’s Word Pictures in the New Testament»).

Биздин убактагы «чегирткелер кошууну»

5. Жоелдин пайгамбарлыгында кабар айтуу иши кандайча сүрөттөлгөн?

5 Биринчи кылымда жүргүзүлгөн кабар айтуу иши келечекте боло турган алда канча чоң иштин башталышы эле болгон. Жоел пайгамбар Ыйсанын майланган жолдоочуларынын кабар айтуу ишин курт-кумурскалардын, анын ичинде чегирткелердин каптоосу менен салыштырган (Жоел 1:4). Адатта, чегирткелер аскер сыяктуу жабыла каптап келип, алдындагы тоскоолдуктардын баарынан өтүп, үйлөргө киришет, жолундагы өсүмдүк аттуунун баарын жеп жок кылышат (Оку: Жоел 2:2, 7—9). Бул Кудайдын элинин азыркы убакта жакшы кабарды тайманбастык менен, кылдат таратып жатканын кандай гана көркөм сүрөттөйт! Жоелдин пайгамбарлыгын аткарууда Ыйсанын майланган жолдоочулары жана алардын шериктери башка койлор, негизинен, үйдөн үйгө кабар айтуу ыкмасын колдонушат (Жкн. 10:16). Биз, Жахабанын Күбөлөрү, элчилердин үймө-үй кабар айтуу ыкмасын кандайча колдонуп калганбыз?

6. 1922-жылы жарчылар эмнеге үндөлгөн, бирок көптөр ага кандай көзкарашта болгон?

6 Кабар айтуу ишине Ыйсанын ар бир жолдоочусу катышууга тийиш экени 1919-жылдан бери баса белгиленип келет. «Күзөт мунарасынын» 1922-жылдын 15-августундагы (англ.) санына чыккан «Биздин милдет — кызматка катышуу» аттуу макалада «башкаларга адабият жеткирип туруунун жана жакындап келаткан асман падышалыгы тууралуу айтуу үчүн алардын үйүнө баруунун» маанилүү экени майлангандардын эсине салынган. Ошондой эле «Бюллетенде» (азыр «Падышалык кызматыбыз») атайын сунуштоолор даярдалып берилип турган. Бирок үйдөн үйгө кабар айтуу кызматына алгач саналуу гана жарчы катышчу. Айрымдар ар кандай себептерди айтып, үймө-үй кабар айтууга катышкысы келчү эмес. Чын-чынында, кеп башкада эле: алар өз кадыр-баркыбызды түшүрүп алабыз деген ойдо болушкан. Талаа кызматына көп көңүл бурула баштаганда андай көзкарашка кармангандардын көбү Жахабанын уюмунан кетип калышкан.

7. 1950-жылдары эмне айкын болгон?

7 Кийинки он жылдыктарда кабар айтуу иши мурдагыдан да кеңири кулач жайган. Ошентсе да жарчылардын ар бирин үймө-үй кабар айтууга үйрөтүү керектиги айкын эле. Мисалга ошол кездеги Кошмо Штаттардагы жарчыларды алалы. Ал өлкөдө 1950-жылдардын башында Күбөлөрдүн 28 пайызы тек гана маалымат баракчаларын таратып же журналдарды кармап көчөлөрдө турушчу. Ал эми 40тан ашуун пайызы айына бир да саат кабар айтпаган активдүү эмес жарчылардан эле. Жахабанын Күбөлөрүнүн баарына үйдөн үйгө кабар айтууга жардам берүү үчүн кандай чаралар көрүлгөн?

8, 9. 1953-жылы кандай окутуу программасы киргизилген жана ал кандай натыйжа берген?

8 Нью-Йорк шаарында 1953-жылы болуп өткөн эларалык жыйында үйдөн үйгө кабар айтуу кызматына өзгөчө басым коюлган. Ошол кезде бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин жетектеп турган Нейтан Норр жыйналыштагы бардык көзөмөлчүлөрдү ар бир жарчыга үймө-үй кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу жагынан көмөк көрсөтүүгө чакырган. Ал: «Жахабанын ар бир кызматчысы жакшы кабарды үймө-үй айта алгыдай болушу керек»,— деген. Бул максатты ишке ашыруу үчүн бүткүл дүйнөлүк окутуу программасы киргизилген. Ошондон тартып үйдөн үйгө кабар айтуу ишине катыша электер үй ээлери менен эшик алдында Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берүүгө үйрөтүлө баштаган.

9 Ал окутуу программасы жакшы натыйжа берген. Он жылдын ичинде эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча жарчылардын саны 100 пайызга, кайра жолугуулардын саны 126 пайызга, ыйык китептик изилдөөлөрдүн саны 150 пайызга өскөн. Ал эми бүгүн болсо жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча 7 миллионго жакын жарчы таратууда. Мындай зор өсүш Жахабанын өз элинин үйдөн үйгө кабар айтууда жасаган аракетине бата берип жатканын далилдейт (Ыш. 60:22).

Куткарыла тургандарга белги коюу

10, 11. а) Жезекиел китебинин 9-бөлүмүндө кандай аян айтылган? б) Ал аян биздин күндөрдө кандайча аткарылып жатат?

10 Үйдөн үйгө кабар айтуунун маанилүүлүгүн Жезекиел пайгамбардын көргөн аяны тастыктайт. Ал аянда Жезекиел куралчан алты кишини жана зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар жетинчи кишини көрөт. Жетинчи кишиге «шаарды аралап», «анын ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер үчүн кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги коюу» буйрулат. Белги коюлуп бүткөндөн кийин, кыйратуучу куралы бар алты кишиге чекесинде белги жоктордун баарын кырып жок кылуу буйрук кылынат (Оку: Жезекиел 9:1—6).

11 Ал пайгамбарлыктагы зыгыр кездемеден кийим кийген киши Ыйсанын майланган жолдоочуларынын калдыгын билдирери маалым. Майлангандардын тобу Ыйсанын башка койлорун түзгөн жолдоочуларынын чекесине кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши аркылуу каймана белги коюуда (Жкн. 10:16). Ал эмне болгон белги? Ал белги адамдын Ыйса Машайактын арналган, чөмүлтүлгөн жана Ыйса сымал жаңы адамга кийинген шакирти экенин айтып турат (Эф. 4:20—24). Ал кой мүнөздүү кишилер майлангандар менен бир оторду түзүп, алар менен бирге башкаларга белги коюу ишине катышып жатышат (Аян 22:17).

12. Кой мүнөздүү адамдарды издөөнүн маанилүү экени Жезекиелдин аянында кандайча белгиленет?

12 Жезекиелдин аянында «кайгырган, үшкүргөн адамдарды» издөө ишинин азыркы учурда шашылыш түрдө аткарылышы керек экени баса белгиленет. Ал иштен адамдардын өмүрү көзкаранды. Жакында кыйратуучу куралы бар алты киши — Жахабанын өкүмүн ишке ашыра турган периштелер — каймана белги коюлбагандарды кырып жок кылат. Буга байланыштуу элчи Пабыл да Ыйса Машайак «күчтүү периштелери» менен келгенде «Кудайды тааныбагандарды жана... Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалаарын» айткан (2 Тес. 1:7, 8). Бул айтылгандардан ар бир адамдын жакшы кабарга жасаган мамилесине жараша соттолорун байкоого болот. Демек, Кудайдын кабары дүйнөнүн акырына чейин басаңдабай жарыялана берүүгө тийиш (Аян 14:6, 7). Бул Жахабанын арналган кызматчыларынын баарына олуттуу жоопкерчилик артат (Оку: Жезекиел 3:17—19).

13. а) Пабыл өзүн эмне кылууга милдеттүү сезген жана эмне үчүн? б) Аймагыңдагыларга сен кандай көзкараштасың?

13 Элчи Пабыл өзүн башкаларга жакшы кабарды айтууга милдеттүү сезген. Ал: «Мен эллиндерге да, варварларга да, акылдууларга да, акылсыздарга да кызмат кылууга милдеттүүмүн. Ошондуктан мен колумдан келишинче Римде турган силерге да Жакшы Кабар таратууга даярмын»,— деп жазган (Рим. 1:14, 15). Пабыл Кудайдын көрсөткөн ырайымы үчүн ыраазы болгондуктан, башкаларга да Кудайдын ырайымына ээ болууга жардам бергиси келген (1 Тим. 1:12—16). Пабыл жолуктурган ар бир адамга өзүн карыздар эсептеген; ал карызынан алар менен жакшы кабарды бөлүшкөндө гана кутула алмак. Сен да өзүңдү аймагыңдагыларга кабар айтууга милдеттүү сезесиңби? (Оку: Элчилер 20:26, 27).

14. Эл алдында жана үйдөн үйгө кабар айтуубуздун эң негизги себеби эмнеде?

14 Бирөөнү өлүмдөн куткаруу, албетте, маанилүү. Бирок үйдөн үйгө кабар айтуунун андан да орчундуу себеби бар. Малахия 1:11де жазылган пайгамбарлыкта Жахаба: «Чыгыштан батышка чейин Менин ысымым элдер арасында улуу болот, бардык жерде Менин ысымыма... таза курмандык чалышат. Анткени Менин ысымым элдер арасында улуу болот»,— деп жарыялаган. Бул пайгамбарлыкка ылайык, Жахабанын кызматчылары момундук менен аткарып жаткан кызматы аркылуу анын ысмын бардык элдер арасында даңктап-даңазалоодо (Заб. 108:30; Мт. 24:14). Ооба, эл алдында жана үйдөн үйгө кабар айтуубуздун эң негизги себеби — Жахабага «мактоо курмандыгын» алып келүү (Эвр. 13:15).

Алдыдагы мааниси зор окуялар

15. а) Ысрайылдыктардын Жерихону жетинчи жолку айланышы эмнеси менен өзгөчө болгон? б) Ал окуя кабар айтууга байланыштуу эмнени көрсөтүүдө?

15 Кабар айтуу ишине байланыштуу алдыда кандай окуялар күтүлүүдө? Бул суроого жооп алуу үчүн Жашыя китебинде баяндалган Жерихо шаарынын курчоого алынышы жөнүндөгү окуяны карап чыгалы. Кудай Жерихону талкалаар алдында ысрайылдыктарга шаарды алты күн бою күнүнө бир жолу айланып чыгууну буйруган. Ал эми жетинчи күнү алар шаарды бир нече жолу айланып чыгышы керек эле. Жахаба Жашыяга: «Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айлангыла, ыйык кызмат кылуучулар сурнай тартышсын. Кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнай тартылганда... бүткүл эл жер жаңырта кыйкырык салсын. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт»,— деген (Жаш. 6:1—4). Биздин кабар айтуу ишибиз да келечекте ушундайча күчөтүлүшү мүмкүн. Азыркы дүйнө жок болор алдында Кудайдын ысмы жана Падышалыгы жөнүндөгү кабар тарыхта болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңырары шексиз.

16, 17. а) Улуу кайгы аяктаар алдында кандай иш аткарылып бүтөт? б) Кийинки макалада эмнелер каралат?

16 Алдыда биз жарыялап жаткан кабар «жер жаңырткан» кыйкырыктай угула турган маал келиши ыктымал. Аян китебинде Жахабанын сот өкүмү жөнүндөгү кабар «салмагы бир талант болгон мөндүргө» салыштырылган *. Аян 16:21де ал «мөндүр алааматы аябай оор» болору айтылат. Кудайдын өкүмдөрүн жарыялоо маалынын акыркы бөлүгүндө үйдөн үйгө кабар айтуу иши кандай орун ээлерин убакыт көрсөтөт. Бирок «улуу кайгы» аяктаганга чейин Жахабанын ысмы адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй тааныларына шек санабасак болот (Аян 7:14; Жез. 38:23).

17 Алдыда боло турган мааниси зор окуяларды күтүп жаткан маалда, келгиле, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялай берели. Үйдөн үйгө кабар айтууда, адатта, кандай кыйынчылыктарга туш болобуз? Аларды кантип жеңе алабыз? Бул суроолор кийинки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Веб-сайттын дареги: www.watchtower.org.

^ 16-абз. Эгер бул жерде грек таланты жөнүндө сөз жүрүп жатса, ар бир мөндүр болжол менен 20 килограммга барабар.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Үйдөн үйгө кабар айтууга ыйык китептик кандай негиз бар?

• Акыркы жүз жылдыкта үйдөн үйгө кабар айтуу кызматына кандай басым коюлган?

• Жахабанын кызматчылары эмне үчүн кабар айтууга милдеттүү?

• Алдыда мааниси зор кандай окуялар күтүлүүдө?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Сен, элчи Пабылдай болуп, өзүңдү кабар айтууга милдеттүү сезесиңби?

[5-беттеги сүрөт]

Норр биртууган, 1953-жыл