Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүңө талап коюуда эстүүлүк көрсөтүп, кубанычыңды сакта

Өзүңө талап коюуда эстүүлүк көрсөтүп, кубанычыңды сакта

Өзүңө талап коюуда эстүүлүк көрсөтүп, кубанычыңды сакта

«ДАГЫ болбой калды!» Алдыга койгон кайсы бир максатың же ойлогон оюң ишке ашпай калып ушу сыяктуу сөздөрдү айткан учурларың болобу? Чынында, андай учурлар көптөрдө болот. Мисалы, жаңы төрөлгөн баласына такай көңүл бурууга мажбур болгон жаш эне рухий иштерге көп катыша албай жатканына капаланышы мүмкүн. Дагы кимдир бирөөнүн ой жүгүртүүсүнө бала кезинде алган тарбиясы таасир эткендиктен, жыйналыш иштерин тийиштүү түрдө аткарбай жатам деп өзүн жемелей бериши ыктымал. Улгайган биртууганыбыз кабар айтуу ишине күүлүү-күчтүү болуп турган кезиндегидей катыша албай калганына кабатыр болушу мүмкүн. Үйүндөгү жагдай-шартынан улам Жахабага көңүлүндөгүдөй кызмат кыла албай жүргөн Кристина аттуу ишенимдешибиз: «Пионердик кызматка үндөгөн баяндамаларды укканда эле ыйлагым келип кетчү болду»,— дейт.

Андай сезимдер пайда болгондо эмне кыла алабыз? Айрым ишенимдештерибиз өз жагдай-шартына теңсалмактуу кароого кантип үйрөнүшкөн? Өзүбүзгө талап коюуда теңсалмактуу болуунун кандай пайдасы бар?

Эстүү бол

Элчи Пабыл: «Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла. Силердин момундугуңар [«эстүүлүгүңөр», «ЖД»] бардык адамдарга маалым болсун»,— деп айтуу менен кубанычты сактоонун жолун көрсөткөн (Флп. 4:4, 5). Кудайга кылган кызматыбыздан кубаныч, канааттануу алыш үчүн, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана жагдай-шартыбызды эске алуу кажет. Эгер күчүбүздүн жетер-жетпээрине ынанбай туруп, акылга сыйбас максаттарды коюп алсак, өзүбүз эле кыйналып калабыз. Бирок чектелүү мүмкүнчүлүгүбүздү шылтоо кылып, кызматка жигердүү катышпай өзүбүздү өтө аяй берсек, ал да туура эмес болуп калар эле.

Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, Жахаба ага эң жакшыбызды беришибизди — жан-дилден жана чын жүрөктөн кызмат кылышыбызды — талап кылат (Кол. 3:23, 24). Эң жакшыбызды бербесек, арналуубузга ылайык жашабай жаткан болобуз (Рим. 12:1). Ал гана эмес, жан-дилден кызмат кылуунун аркасында келүүчү терең канааттануудан, чыныгы кубанычтан жана башка мол баталардан куру калабыз (Накыл 10:22).

Ыйык Китептеги «эстүү» деп которулган сөз түзмө-түз «макул боло билүү, эпке келүү» дегенди билдирет, ошондой эле «түшүнүү менен мамиле кылуу» деген маанини да туюнтат. Бул сөздүн «катуу талап кылбоо» деген да мааниси бар. Демек, эстүү болсок, өз жагдай-шартыбызга теңсалмактуу карай билебиз. Бирок теңсалмактуулук менен кароо дайыма эле оңойбу? Айрымдарга оңой эмес: алар башкаларга түшүнүү менен мамиле кылса да, өзүлөрүнө андай мамиле кыла албайт. Мисалы, биз мойнуна көп милдет артып алып, катуу чарчап жүргөн жакын досубузга жашоосунун кайсы бир жактарын өзгөртүү туура болорун айтпай коёт белек? Ошол сыяктуу эле, өзүбүздүн да алыбыз жеткенден көп милдетти жүктөп алгандыктан чарчап жүргөнүбүздү өз убагында аныктай билишибиз керек эмеспи? (Накыл 11:17).

Бала кезинен ата-энеси чоң талаптарды коюп тарбиялагандардын көбү үчүн чоңойгондо өз мүмкүнчүлүктөрүнө туура көзкарашта болуу кыйынга турушу мүмкүн. Алардын акылына кандай иш болбосун майын чыгара жасашым керек, бардык жагынан мыкты болушум керек, ошондо гана ата-энеме жагам деген түшүнүк сиңип калган. Биз да ошондой тарбия көргөн болсок, Жахабанын бизге болгон көзкарашы жөнүндө туура эмес ойдо болушубуз ыктымал. Чын-чынында, Жахаба бизди өзүнө чын жүрөктөн кызмат кылганыбыз үчүн жакшы көрөт. Ал өз Сөзү аркылуу «биздин түзүлүшүбүздү... топурак экенибизди билерине» ынандырат (Заб. 102:14). Жахаба баарыбызды мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенине карабай ага тырышчаактык менен кызмат кылганыбыз үчүн баалайт. Жахабанын талапты катуу койгон башкармадай эмес экенин унутпасак, биз да өзүбүздөн көптү талап кылбайбыз (Мих. 6:8).

Анткен менен көптөргө теңсалмактуу көзкараш өрчүтүү оңойго турбайт. Сен үчүн да оңой эмес болсо, өзүңдү жакшы билген тажрыйбалуу бир ишенимдешиңден кеңеш сурап көрсөң болот (Накыл 27:9). Мисалы, сенин жалпы пионер болуп кызмат кылгың келип жүрөт дейли. Бул — эң сонун максат! Бирок аны ишке ашыруу кыйын болуп жатсачы? Анда жашооңду жөнөкөйлөтүү зарылдыр. Жакын досуң сага үйбүлөлүк милдеттериңди эске алганда, азыркы тапта жалпы пионердик кызматты баштоонун жөнү барбы, жокпу, ойлонуп көрүүгө жардам бериши мүмкүн. Ал кызматыңды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүң жол береби же кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасашың керекпи, аныктоого жардам бере алат. Күйөөсү да аялына пионер болууга алы жетер-жетпесин таразалап көрүүгө жардамдаша алат. Же аялы келерки айда кызматын баштай турган болсо, ага чейин бир аз эс алып алууну сунуштаса болот. Бул ага күч топтоп, кызматын кубаныч менен уланта берүүгө шарт түзөт.

Жагдайыңа ылайыкташа бил

Жахабага кызмат кылууда карылыктын айынан же денсоолуктун начарлыгынан көптү кыла албашың мүмкүн. Эгер кичинекей балдарың бар болсо, аларга көп убактың жана күчүң кеткендиктен, өздүк изилдөөдөн же жыйналыштардан көп пайда ала албай жатам деп ойлойттурсуң. Бирок чектелүү мүмкүнчүлүктөргө өтө эле көңүл бура берүү колдон келчү нерселерди байкабай калууга алып келиши ыктымал.

Миңдеген жылдар мурун жашаган, Кудайдын ийбадатканасында жылына эки жума кызмат кылуу сыймыгына ээ болгон бир лебинин көксөгөн каалоосу бар эле. Ал курмандык чалынуучу жайдын жанында ар дайым болгусу келген. Бул жакшы каалоо эле (Заб. 83:1—4). Бирок ага өз артыкчылыгына каниет кылууга эмне жардам берген? Ал ийбадаткананын короосунда бир күн болсо да кызмат кылуу өзгөчө артыкчылык экендигин түшүнгөн (Заб. 83:5, 6, 11). Ошол сыяктуу эле, биз да чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүзгө эле токтоло берүүнүн ордуна, колубуздан келе турган иштерди көрө билип, аларды баалашыбыз керек.

Мисалга Нерланда аттуу канадалык ишенимдешибизди алалы. Ал майып болгондуктан, кызматта көптү кыла албайм деп ойлочу. Бирок оюн өзгөртүп, үйүнүн жанындагы соода борборуна келгендерге кабар айтып турууну чечкен. Ал мындай дейт: «Мен майыптар арабам менен соода борборундагы эс алуу үчүн караштырылган орундуктардын жанына барып, ал жерде эс алып отургандарга кабар айтуудан кубаныч алам». Ооба, башкалар менен жакшы кабарды ушундай жол менен бөлүшүү ага чыныгы канааттануу алып келүүдө.

Зарыл болсо, өзгөрүүлөрдү жаса

Парустуу кемени мисалга алалы. Адатта, ал шамалга жараша керектүү багытта ылдамдык алат. Бирок катуу бороон-чапкын башталса, кеменин айдоочусу парустарды түрөт же керектүү жакка бурат. Ал бороон-чапкынды токтото албаса да, парустарды эпке келтирип, кеменин жүрүшүн жөнгө сала алат. Анын сыңарындай эле, биз да жашоодогу бороон-чапкын сымал кыйынчылыктарды болтурбай коё албайбыз. Бирок өз ой-сезимдерибизди башкара билип, ал-күчүбүзгө жараша иш кылуу менен жашообузду жөнгө сала алабыз. Күтүлбөгөн жерден пайда болгон жагдайларга ылайыкташа билгенде гана Кудайга кылган кызматыбыздагы кубанычыбызды сактап, канааттануу алабыз (Накыл 11:2).

Бир нече мисалга токтололу. Жыйналыш кечинде боло турган болсо, бейкаруу биртуугандарыбыз жыйналышка чейин чарчап калбаш үчүн, күндүзү көп жумуш кылуудан качканы оң болоттур. Бул аларга жыйналыштагы биртуугандар менен көбүрөөк пикирлешүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми баласы сыркоолоп жаткан ишенимдеш эже же карындашыбыз үймө-үй кабар айта албаса, жыйналыштагы эже-карындаштардын бирин үйүнө чакырып, баласы уктап жаткан маалда телефон аркылуу кабар айтса болот.

Жыйналыштын программасына алдын ала кылдат даярданууга жагдай-шартың жол бербей жатса, эмне кылсаң болот? Программанын канчасына даярдана аларыңды аныктап алып, ошолорго болушунча жакшы даярдан. Жагдай-шартка ылайыкташа билүү кубанычты жоготпой, рухий жактан сергек калууга өбөлгө түзөт.

Андан тышкары, жагдай-шартка жараша максаттарды өзгөртүүгө да чечкиндүүлүк жана күч-аракет талап кылынат. Мисалы, франциялык жубайларга, Серж менен Агнеске, умтулуп жүргөн максаттарын кескин өзгөртүүгө туура келген. «Агнестин боюнда бар экенин билгенибизде, миссионер болобуз деген максатыбызды унутушубуз керек экенин түшүндүк»,— дейт азыр эки татынакай секелектин атасы болгон Серж. Анан ал жубайы экөөнүн ошондон кийин кандай максат койгонун мындай деп айтып берет: «Башка өлкөгө бара албаган соң, биз өз өлкөбүздө эле „миссионер“ болууну чечип, чет тилиндеги топко которулдук». Анын натыйжасы кандай болгон? «Биз өзүбүздү жыйналышка абдан керектүү сезебиз»,— дейт Серж.

Жашы 70тен ашкан франциялык Одайл аттуу ишенимдешибиз остеоартриттен улам тизеси ооругандыктан, көпкө басып жүрө албайт. Ал алгач оорусунун айынан үйдөн үйгө кабар айтуу кызматына катыша албай жатканына капаланчу. Бирок оорусуна моюн сунуп бербей, телефон аркылуу кабар айта баштаган. «Мындай ыкма мен ойлогондон да жеңил, кызыктуу экен»,— дейт Одайл. Кабар айтуу ыкмасын өзгөртүү ага кызматка кайрадан жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Эстүүлүк көрсөтүүнүн баталары

Өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө туура баа бере билүү көңүл кайттыктан коргойт. Максат коюуда теңсалмактуу болсок, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенине карабай, аз болсо да, колубуздан келгенди жасап, Кудайга кылган кызматыбыздан канааттануу жана кубаныч алабыз (Гал. 6:4).

Өзүбүзгө талап коюуда теңсалмактуу болсок, ишенимдештерибизден да көптү талап кылбайбыз. Алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин эске алсак, биз үчүн кылып жаткан иштерин байкабай койбойбуз. Башкалардын жардамын баалай билсек, арабызда кызматташуу рухунун өрчүшүнө салым кошобуз. Ошондой эле бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз (1 Пет. 3:8). Жахаба — мээримдүү Ата, ошондуктан ал эч качан колубуздан келбегенди талап кылбайт. Өзүбүзгө талап коюуда теңсалмактуу болуп, ишке ашыра ала турган максаттарга умтулсак, Кудайга кылган кызматыбыздан көбүрөөк канааттануу алабыз жана кубанычыбызды сактайбыз.

[29-беттеги сүрөт]

Кызматыбыздан кубаныч, канааттануу алыш үчүн, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү, жагдай-шартыбызды эске алып, акылга сыярлык максаттарды коюу абзел

[30-беттеги сүрөт]

Нерланда кызматта колунан келгенди жасоодон кубаныч алууда

[31-беттеги сүрөт]

«Парустарды эпке келтирүүгө» үйрөн

[31-беттеги сүрөт]

© Wave Royalty Free/age fotostock

[32-беттеги сүрөт]

Серж менен Агнес максаттарын өзгөртүүнүн аркасында көп баталарды алышууда