Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба улгайган кызматчыларына назиктик менен кам көрөт

Жахаба улгайган кызматчыларына назиктик менен кам көрөт

Жахаба улгайган кызматчыларына назиктик менен кам көрөт

«Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт» (ЭВР. 6:10).

1, 2. а) Чачын бубак баскандарды көргөндө, эмнени эстешибиз мүмкүн? б) Жахаба улгайган кызматчыларына кандай карайт?

ЖЫЙНАЛЫШТАН чачтарын бубак баскан, улгайган биртуугандарды көргөндө Ыйык Жазманын Даниел китебиндеги аян эсиңерге түшпөйбү? Ошол аянда Жахаба Кудай өзүн ак чачтуу кылып көрсөткөн. Ал тууралуу Даниел: «Мен тактылар коюлганын көрдүм, ага Күндөрү Байыркы олтурду. Анын кийими кардай аппак, башындагы чачтары таза жүндөй экен»,— деп жазган (Дан. 7:9).

2 Адатта, жүндүн өңү агыш боз болот. Кудайдын ак чачтуу болуп сүрөттөлгөнү, ошондой эле «Күндөрү Байыркы» деп аталганы, анын жашынын канчалык улуу экенин жана зор акылмандыгын, терең урматтоого татыктуу экенин айгинелеп турат. «Күндөрү Байыркы», Жахаба, жашы өр тартып калган ишенимдүү кызматчыларына кандай карайт? Алар тууралуу Анын Сөзүндө: «Даңктын таажысы — чындык жолунда жүргөн ак чач»,— деп айтылат (Накыл 16:31). Ооба, Кудай тажрыйбалуу, ишенимдүү, чачтарын ак аралаган кызматчыларын абдан баалайт. Сен да аларга Жахаба карагандай карайсыңбы?

Алар эмне үчүн абдан баалуу?

3. Улгайган ишенимдештерибизди эмне үчүн баалайбыз?

3 Кудайдын кары кызматчыларынын арасында Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөлөрү, кыдыруучу көзөмөлчү болуп мурда кызмат кылгандар же азыр кызмат кылып жаткандар, жигердүү пионерлер жана Падышалыктын рухий жактан жетилген жарчылары бар. Алар жыйналыштарда ишенимдүү кызмат кылышат. Балким, жакшы кабарды ондогон жылдардан бери ынталуу айтып, жаштарга жакшы үлгү болуп жана аларга жашоодо туура жол тандоого жардам берип келаткан улгайган биртуугандарды сен да билет чыгарсың. Карылардын айрымдары болсо учурунда чоң жоопкерчиликтерди аркалап, жакшы кабарды таратканы үчүн куугунтукталышкан. Алардын Падышалыктын иши үчүн мурда кылгандарын жана азыр кылып жаткандарын Жахаба да, «ишенимдүү жана акылдуу кул» да жогору баалайт (Мт. 24:45).

4. Эмне себептен карыган биртуугандарыбызды урматтоого жана алар үчүн тиленүүгө тийишпиз?

4 Ырас, улгайган ишенимдештерибизди кадырлап-сыйлоого тийишпиз. Кудайдын Муса аркылуу берген Мыйзамында улууларды урматтоо Кудайдан коркуу менен тыгыз байланышта болгон (Леб. 19:32). Биз карыган биртуугандарыбыз үчүн жана алардын көрсөткөн сүйүүсү үчүн Кудайга ыраазычылык билдирип, ар дайым тиленип турушубуз абзел. Элчи Пабыл да жаш жана кары кызматташтары үчүн тиленген (Оку: 1 Тесалоникалыктарга 1:2, 3).

5. Улгайган биртуугандар менен пикир алышуудан кандай пайда алабыз?

5 Жахабанын улгайган ишенимдүү кызматчылары менен пикир алышуудан баарыбыз чоң пайда алабыз. Анткени алар Кудай Сөзүн изилдөө аркылуу, көргөн-билгендери, башынан өткөргөндөрү аркылуу баа жеткис тажрыйба топтошкон. Ошондой эле чыдамдуулукка, боор ооруй билүүгө үйрөнүшкөн. Алар билгендерин кийинки муундарга үйрөтүүдөн чоң кубаныч алышат (Заб. 70:18). Андыктан, жаштар, терең кудуктан суу сузгандай, ал «соолугус булактардан» билим «сузуп» ала берсеңер, акылмандык кылган болосуңар (Накыл 20:5).

6. Карыларды баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

6 Карыларды Жахаба баалагандай баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Маселен, ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жатканы үчүн аларды канчалык жакшы көрөрүбүздү жана алардын ою канчалык баалуу экенин билдирсек болот. Берген кеңештери боюнча иш кылуу менен да аларды чын жүрөктөн сыйлаарыбызды көрсөтөбүз. Бир учурда алар да өздөрүнөн улуу биртуугандардан жакшы кеңештерди алышкан жана өмүр бою ал кеңештердин пайдасын көрүшкөн *.

Карыларга назиктик менен кам көрүү

7. Карыларга кам көрүү милдети биринчи кезекте кимге тапшырылган?

7 Кудай карыларга кам көрүүнү биринчи кезекте өздөрүнүн үйбүлөсүнө тапшырган (Оку: 1 Тиметейге 5:4, 8). Улгайган ата-энесине карата болгон милдетин тийиштүү түрдө аткарган үйбүлөлөр Жахабаны кубандырат. Ошону менен бирге Жахабаны туурап жатканын далилдешет. Кудай андай үйбүлөлөргө колдоо көрсөтүп, алардын кылып жаткан аракеттери жана бардык курмандыктары үчүн батасын берет *.

8. Жыйналыштагылар улгайган ишенимдештерине эмне үчүн кам көрүшү керек?

8 Ошондой эле жыйналыштагылардын багар-көрөрү жок же үйүндөгүлөрү чындыкта эмес ишенимдүү кары биртуугандарга жардам бергени Жахабаны кубантат (1 Тим. 5:3, 5, 9, 10). Алар карыларга кайрымдуулук жана боорукердик менен мамиле кылып, биртуугандык сүйүүсүн далилдешет (1 Пет. 3:8). Алардын мындай иш-аракети: «Бир мүчө азап тартса, аны менен кошо бардык мүчөлөр азап тартышат»,— деген Пабылдын сөздөрүн эске салат (1 Кор. 12:26). Андан тышкары, карыларга назиктик менен кам көрсөк, Пабылдын: «Бири-бириңердин кыйынчылыгыңарды [«түйшүгүңөрдү», «ЖД»] көтөргүлө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыңар»,— деген кеңешиндеги принципти колдонгон болобуз (Гал. 6:2).

9. Улгайгандар кандай «түйшүктөрдү» көтөрүүгө аргасыз болушат?

9 Улгайгандарга кандай «түйшүктөрдү» көтөрүүгө туура келет? Маселен, алардын көпчүлүгү тез чарчашат. Аларга доктурга барып келүү, квитанция толтуруу, үй жыйноо жана тамак жасоо сыяктуу жөнөкөй эле нерселерди кылуу кыйынга турушу мүмкүн. Жашы өр тарткан сайын тамакка табити тартпай, тийиштүү түрдө да тамактанбай калышат. Рухий тамактануу тууралуу да ушундай дешке болот. Көзү начар көрүп, кулагы жакшы укпай калгандыктан, аларга жыйналышка даярдануу жана ал жерден көңүл коюп угуу оңойго турбашы ыктымал. Анда аларга кантип жардам бере алабыз?

Кантип жардам бере алабыз?

10. Карыларга жардам көрсөтүлүп турушу үчүн аксакалдар эмне кыла алышат?

10 Көптөгөн жыйналыштарда карыларга кам көрүү үчүн кандайдыр бир чаралар караштырылган. Мисалы, камкор биртуугандар аларга дүкөнгө баруу, тамак жасоо жана үй жыйноо сыяктуу иштерде жардам беришет. Алар улгайгандарга изилдөө жүргүзүүгө, жыйналышка даярданууга, ошондой эле кызматка үзгүлтүксүз катышууга да көмөк кылышат. Башкалары алар менен чогуу жыйналышка барып же машинеси менен жеткирип турушат. Үйүнөн чыга албаган карыларга болсо жыйналыштын программасын телефон аркылуу угууга мүмкүнчүлүк түзүп же кассетага жаздырып беришет. Аксакалдар жыйналыштагы улгайган биртуугандарга мүмкүн болушунча жардам көрсөтүлүп турушуна кам көрүүгө тийиш *.

11. Бир үйбүлө кары биртууганга кандай жардам берген?

11 Андан сырткары, кары-картаңдарга жеке ар бирибиз меймандостук жана берешендик көрсөтө алабыз. Улгайган бир ишенимдешибиздин аялы каза болуп, пенсиясы үйүнүн чыгымдарын төлөөгө жетпей калганда, бир үйбүлө аны өздөрү менен чогуу жашаганга чакырып, эки бөлмөсүн бөлүп беришкен. Мурда аялы экөө ал жубайлар жана алардын эки өспүрүм кызы менен ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн эле. Ошол үйбүлө менен ал 15 жыл бою чогуу жашаган. Бирге тамактануу, бирге эс алуу аларга чоң кубаныч тартуулаган. Биртуугандын ишенимин көргөн кыздар абдан бекемделип, андан көп нерсеге үйрөнүшкөн. Жагымдуу пикир алышуу улгайган биртууганга да күч-кубат берип турган. Ал ишенимдешибиз өмүрүнүн акырына чейин, 89 жашында каза болгонго чейин, алардыкында жашаган. Ошол үйбүлө ал биртууган менен пикирлешүүдөн көп пайда алганы үчүн азыркыга чейин Кудайга ыраазы болушат. Ооба, ишенимдешине жардам бергени үчүн алар «сыйлыксыз калган» эмес (Мт. 10:42) *.

12. Кары биртуугандарыбызга назик мамиле кыларыбызды кантип көрсөтө алабыз?

12 Албетте, кары биртуугандарга баарыбыз эле жогоруда айтылган үйбүлөдөй жардам бере албайбыз. Анткен менен аларга жыйналыш жолугушууларына барууга, кабар айтуу кызматына катышууга көмөк кыла алабыз. Конокко же чогуу эс алууга чакырсак да болот. Улгайган ишенимдештерибизге, өзгөчө, ооруп калганда же үйүнөн чыга албай жатканда, барып турганыбыз абзел. Баарынан да маанилүүсү, аларга кичинекей балдардай мамиле кылбай, алардын кадыр-баркын сыйлашыбыз керек. Кары биртуугандарга тиешелүү бардык суроолорду, туура ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготпосо, алар менен макулдашып туруп чечүү зарыл. Атүгүл карылыктан улам акылдан тайган биртуугандар да башкалардын аларга сый-урмат менен мамиле кылып жатышканын сезишет.

Жахаба эмгегиңерди унутпайт

13. Жашы өр тарткан биртуугандардын сезимин эске алуу эмне үчүн маанилүү?

13 Жашы өр тарткан биртуугандардын сезимдерин эске алуу маанилүү. Себеби жылдар оошкон сайын бойдон кубат, билектен күч кетип, көп нерсени мурдагыдай кыла албай калышканына алардын көңүлү чөгөт. Алсак, Жахабага 50 жылдай кызмат кылып, мурда жалпы пионер болуп жүргөн бир апага катуу оорунун айынан жыйналыштарга баруу кыйынга туруп калган. Ал мурдагы кызматы менен азыркысын салыштырганда, жашып кетет. Анан көзүнүн жашын кылгыртып, башын жерге салып: «Менден эми эч кандай пайда жок»,— дейт.

14. Забурлардан Жахабанын улгайган кызматчылары кандай жубатуу ала алышат?

14 Кымбаттуу кары биртуугандар, силерде да ушундай ойлор болобу? Кээде Жахаба силерди таштап салгандай сезилеби? Улгайган Дөөткө да ушундай ойлор келген көрүнөт. Ошондуктан ал Жахабага: «Картайганымда, менден баш тартпа, алдан-күчтөн тайыганымда, мени таштап салба... Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба»,— деп жалбарган (Заб. 70:9, 18). Жахаба аны таштаган эмес, силерди да таштабайт! Ошол себептүү Дөөт Кудайдын аны колдооруна бекем ишенерин: «Күн сайын түйшүгүбүздү көтөргөн Жахаба, бизди куткара турган чыныгы Кудай, даңкталсын»,— деген сөздөр менен билдирген (Забур 67:20, «ЖД»). Андыктан силер да, улгайган биртуугандар, берилгендигиңерди сактап жатсаңар, Жахабанын силер менен экенине жана күн сайын кубаттап-колдоп турарына шектенбесеңер болот.

15. Улгайган биртуугандар канткенде оң маанай сактай алышат?

15 Жахабанын улгайган кызматчыларынын аны даңкташ үчүн буга чейин кылган, азыр да кылып жаткан иштери эч качан анын көз жаздымында калбайт. Ыйык Китепте: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— делет (Эвр. 6:10). Андыктан: «Картайып, Жахабага кызмат кылууга жарабай калдым»,— деген ойлордон алыс болгула. Анын ордуна жакшы нерселер жөнүндө ойлонууга аракет кылгыла. Алган баталарыңарга жана жакында ишке аша турган үмүтүңөргө кубангыла! Чынында эле, бизде Жаратканыбыз өзү убадалаган «келечек» да, «үмүт» да бар (Жер. 29:11, 12; Элч. 17:31; 1 Тим. 6:19). Ошол үмүтүңөр тууралуу ой жүгүрткүлө, акылыңар менен жүрөгүңөрдү жаш бойдон сактагыла жана жыйналышка керек экениңерди эч качан унутпагыла! *

16. Бир кары биртууган эмне себептен аксакалдык кызматын токтотууну ойлогон жана башка аксакалдар аны кантип кайраттандырган?

16 Йохан * аттуу 80 жаштагы биртууганды мисалга алалы. Ал оорунун айынан дайыма кароого муктаж болгон жубайы Заннага кам көрөт. Йохан жыйналышка барышы жана кабарга чыга алышы үчүн, жыйналыштагы эже-карындаштар Заннаны кезектешип карап турушат. Ошондой болсо да акыркы маалдарда Йохан эмоциялык жактан чарчап, жыйналышта аксакал боло албайм деген тыянакка келген. Көзүнөн жашы тегеренип ал: «Менин аксакал болгонумдан эмне пайда? Жыйналышта кымындай да пайдам жок...» — деген. Жыйналышындагы башка аксакалдар аны тажрыйбасы абдан баалуу экенине ынандырышкан. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да, аксакал болуп кызмат кыла берүүгө үндөшкөн. Йохан кайраттанып, аксакалдык милдетин аткара берүүнү чечкен. Анын кызматы жыйналышы үчүн баалуу.

Жахаба сөзсүз кам көрөт

17. Ыйык Китепте карылар үчүн кандай жубатарлык сөздөр жазылган?

17 Ыйык Китепке ылайык, улгайгандар карылык менен коштолгон кыйынчылыктарга карабай, рухий жактан гүлдөй алышат. Забурчу: «Теңирдин үйүнө отургузулгандар... карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат»,— деген (Заб. 91:14, 16). Кандайдыр бир оорудан азап чеккен элчи Пабыл да «сырткы адамы» алдан-күчтөн тайып бара жатканына карабай, көңүлүн чөгөргөн эмес (Оку: 2 Корунттуктарга 4:16—18).

18. Карылар да, аларга кам көргөндөр да эмне үчүн башкалардын жардамына муктаж?

18 Бүгүнкү күндө жашы өр тартып калгандардын рухий жактан гүлдөй аларын тастыктаган мисалдар көп. Айтпаса болобу, оору жана карылык менен бирге келген кыйынчылыктар карылардын, алардын каралашкан бирөө жарымы болгон күндө да, көңүлүн чөктүрбөй койбойт. Улгайгандарга кам көргөндөргө да кээде оор болушу мүмкүн. Андыктан жыйналыштагылар карыгандарга да, аларга кам көрүп жаткандарга да жардам берип, сүйүүсүн иш жүзүндө көрсөтүүгө тийиш (Гал. 6:10). Ошентсек, эч кандай жардам көрсөтпөй эле «жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула» дегендерден болбойбуз (Жкп. 2:15—17).

19. Жахабанын улгайган кызматчылары эмнеден шектенбесе болот?

19 Карылык улгайган ишенимдүү биртуугандардын Жахабага болгон кызматына таасир этсе да, Жахабанын аларга болгон сүйүүсүнө таасир эте албайт. Жахаба жашы өр тартып калган бардык кызматчыларын абдан баалайт жана аларды эч качан таштабайт (Заб. 36:28; Ыш. 46:4). Жахаба аларды ар дайым колдоп, жетектейт (Заб. 47:15).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Буга айрым өлкөлөрдө карыларга мамлекет тарабынан караштырылган жардамды алууга көмөк кылуу да кирет. Бул туурасында 2006-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» «Кудай карыларга кам көрөт» деген макаласында айтылат.

^ 11-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2003-жыл, 1-сентябрь, «Жахаба бизге ар дайым кам көрөт», ор.

^ 15-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1993-жыл, 15-март, «Даңктын таажысы — ак чач», ор.

^ 16-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кары биртуугандарды эмне үчүн баалашыбыз керек?

• Улгайган ишенимдештерибизге канткенде назиктик менен кам көргөн болобуз?

• Жахабанын кары кызматчыларына оң маанай сактоого эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Кары биртуугандарды баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?