Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга бүт жүрөгүң менен берил

Кудайга бүт жүрөгүң менен берил

Кудайга бүт жүрөгүң менен берил

«Сенин чындык жолуңда жүрүшүм үчүн... Сенин ысымыңдан коркуп турушум үчүн, жүрөгүмдү бекемде» (ЗАБ. 85:11).

1, 2. а) Забур 85:2, 11ге ылайык, сыноолорго жана азгырыктарга кабылганда Жахабага ишенимдүү бойдон калууга эмне жардам берет? б) Жахабага чын жүрөктөн берилгендик көрсөтүүгө качан үйрөнүшүбүз керек?

ЭМНЕ үчүн Ыйсанын айрым жолдоочулары камакка жана куугунтукка алынганына карабай көп жылдан бери ишенимдүүлүгүн сактап келип, кийин дүнүйөкордукка азгырылып кетишет? Бул биздин жүрөгүбүздөн — ички дүйнөбүздөн — көзкаранды. 85-забурда берилгендиктин олку-солку болбогон жүрөк менен байланыштуу экени айтылат. Забурчу Дөөт Кудайга мындай деп тиленген: «Жанымды сактап кал, анткени мен Сенин алдыңда коркуп турам. Кудайым, Сага таянган кулуңду куткар... Сенин чындык жолуңда жүрүшүм үчүн, мени Өз жолуңа сал, Теңирим. Сенин ысымыңдан коркуп турушум үчүн, жүрөгүмдү бекемде» (Заб. 85:2, 11).

2 Эгер Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянбасак, кандайдыр бир каалоолорубуз чыныгы Кудайга болгон берилгендигибизге таасир этет. Өзүмчүл каалоолорду басып бараткан жолдо жашырылган миналарга салыштырууга болот. Биз Жахабага атүгүл оор жагдайларга карабай ишенимдүү кызмат кылып келатсак да, Шайтандын торуна же тузагына түшүп калышыбыз ыктымал. Андыктан сыноолорго жана азгырыктарга кабылганга чейин эле Жахабага чын жүрөктөн берилгендик көрсөтүүгө үйрөнүшүбүз кандай гана маанилүү! Ыйык Китепте: «Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта»,— делет (Накыл 4:23). Буга байланыштуу Жахаба тарабынан Ысрайыл падышасы Жаробамга жиберилген Жүйүт жеринен чыккан пайгамбардан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

«Мен сага белек берем»

3. Кудайдын пайгамбарынын суук кабарына Жаробам кандай жооп кайтарган?

3 Ысрайылдын он уруудан турган түндүк падышалыгында букачарга сыйынууну негиздеген Жаробам падышага Кудайдын кишиси суук кабар жарыялайт. Падыша ага аябай каарданып, өзүнүн кишилерине аны кармоого буйрук берет. Бирок Жахаба өзүнүн кызматчысына жардам берет. Ошондо падышанын сунган колу сенейип катып калат да, жалган сыйынууга арналган курмандык чалынуучу жай талкаланат. Ошол замат Жаробам өзгөрүп, Кудайдын кишисине: «Колу калыбына келсин деп, Кудай-Теңириңе жалынып сыйын»,— деп жалбарат. Пайгамбар тиленгенде, падышанын колу калыбына келет (1 Пад. 13:1—6).

4. а) Падышанын сунушу аркылуу пайгамбардын берилгендиги сыналган деп эмне үчүн айтууга болот? б) Падышанын сунушуна пайгамбар кандай жооп кайтарган?

4 Анан Жаробам Кудайдын кишисине: «Мени менен үйгө кирип, тамак ичип, кубаттанып ал, мен сага белек берем»,— дейт (1 Пад. 13:7). Ошондо пайгамбар эмне кылат? Ал падышага Кудайдын сот өкүмүн жарыялагандан кийин анын сунушун кабыл алышы керекпи? (Заб. 118:113). Же падыша өкүнгөндөй көрүнсө да, анын сунушун четке кагышы керекпи? Жаробам досторуна кымбат баалуу белектерди берүүдөн эч аянчу эмес. Эгерде Кудайдын пайгамбарынын жүрөгүндө байлыкка болгон сүйүү болсо, падышанын сунушу ал үчүн абдан чоң азгырык болмок. Бирок Жахаба пайгамбарга: «Ал жерден нан да жебе, суу да ичпе, өзүң барган жол менен кайтып келбе»,— деп буйрук кылган. Ошондуктан ал ойлонбостон: «Мага үйүңдүн жарымын берсең да, сени менен барбайм, бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм»,— деп жооп берет. Ошентип, пайгамбар Бейтелден башка жол менен кетет (1 Пад. 13:8—10). Пайгамбардын чечкиндүүлүгүнөн чын жүрөктөн берилгендик көрсөтүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз? (Рим. 15:4).

«Ыраазы бол»

5. Дүнүйөкордук Кудайга болгон берилгендигибизге кандай таасир этет?

5 Дүнүйөкордук Кудайга болгон берилгендигибизге эч кандай деле таасир тийгизбечүдөй сезилиши мүмкүн, бирок, чынында, андай эмес. Жахабанын бизди муктаж болгон нерселерибиз менен камсыз кылам деген убадасына ишенебизби? (Мт. 6:33; Эвр. 13:5). Сатып алууга азырынча чач-кирпигибиз чак келбеген кымбат нерселерге кандай жол менен болбосун жетүүгө умтулгандын ордуна, аларсыз деле жашай алабызбы? (Оку: Филипиликтерге 4:11—13). Каалаган нерселерибизге азыр жетүү үчүн теократиялык артыкчылыктардан баш тартууну ойлогон учурларыбыз болобу? Жахабага берилгендикте кызмат кылуу жашообузда биринчи орунда турабы? Бул суроолорго кандай жооп бере турганыбыз Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылып жатабызбы, жокпу, ошондон көзкаранды. Элчи Пабыл: «Такыбаа болуу жана ыраазы болуу — улуу байлык. Себеби биз бул дүйнөгө эч нерсе алып келген жокпуз, эч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү. Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазган (1 Тим. 6:6—8).

6. Бизге кандай мүмкүнчүлүктөр сунуш кылынышы ыктымал жана андайда туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

6 Жумуш берүүчүбүз айлыгыбызды көбөйтүп, жумушубуздан жогорулатууну сунуш кылышы мүмкүн. Же, балким: «Башка өлкөгө көчүп барып, ошол жактан иштесем, акча жагынан кыйналмак эмесмин»,— деп ойлошубуз ыктымал. Башында ал мүмкүнчүлүктөр Жахабанын батасындай сезилеттир. Бирок чечим чыгарардан мурун ниеттерибизди текшерип көрүү зарыл. Башкача айтканда: «Чыгарган чечимим Жахаба менен болгон мамилеме кандай таасир этет?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

7. Байлыкка жетүүгө болгон каалоодон эмне үчүн арылышыбыз керек?

7 Шайтандын дүйнөсү дайыма дүнүйөкордукка үндөйт (Оку: 1 Жакан 2:15, 16). Ибилистин максаты — биздин жүрөгүбүздү бузуу. Ошондуктан жүрөгүбүздө байлыкка жетүүгө болгон каалоонун бар-жогун аныктап билип, андан арылышыбыз керек (Аян 3:15—17). Шайтан дүйнөдөгү падышалыктардын баарын сунуш кылганда, Ыйса анын сунушун чечкиндүү түрдө четке каккан (Мт. 4:8—10). Ыйса шакирттерине: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес»,— деп эскерткен (Лк. 12:15). Берилгендик өзүбүзгө эмес, Жахабага таянууга жардам берет.

Кары пайгамбар «калп айтып койгон»

8. Кудайдын пайгамбарынын берилгендиги кандайча сыналган?

8 Эгер Кудайдын пайгамбары түз эле үйүнө бара берсе, эч кандай жамандыкка кабылмак эмес. Ал жолдон дагы бир сыноого туш болгон. Ал окуя Ыйык Китепте мындайча баяндалат: «Бейтелде бир кары пайгамбар жашачу. Баласы келип, ага Кудайдын кишисинин Бейтелде кылган иштерин айтып берет». Ошондо ал кары пайгамбар балдарына эшегин токутуп, анын артынан жөнөйт. Көп өтпөй ал Кудайдын кишисин чоң бактын түбүндө эс алып отурган жеринен табат да, ага: «Менин үйүмө кирип, нан же»,— дейт. Кудайдын пайгамбары анын сунушун четке какканда, кары киши: «Мен деле сендей пайгамбармын» — деп, периште аркылуу: «Аны үйүңө кайрып кел. Нан жеп, суу ичип алсын»,— деген көрсөтмө алганын айтат. Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, ал «калп айтып койгон» (1 Пад. 13:11—18).

9. Ыйык Китепте жалган сүйлөгөн кишилер жөнүндө эмне делет жана алар кимге зыян келтирет?

9 Биз кары пайгамбардын Кудайдын кишисин кандай ниет менен үйүнө чакырганын билбейбиз, бирок ал ага калп айткан. Кыязы, кары пайгамбар бир кезде Жахабанын ишенимдүү пайгамбары болсо керек. Бирок бул ирет ал калп айткан эле. Ыйык Китепте андай иш таптакыр туура эмес деп эсептелет (Оку: Накыл сөздөр 6:16, 17). Жалган сүйлөгөн кишилер өздөрүнө эле эмес, көп учурда башкаларга да рухий жактан зыян келтирет.

Кудайдын кишиси «аны менен кайрылып келген»

10. Кудайдын кишиси кары пайгамбардын сунушун кандай кабыл алган жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

10 Жүйүт жеринен келген пайгамбар кары пайгамбардын калп айтып жатканын баамдашы керек эле. Ал: «Жахаба мага жаңы көрсөтмөлөрдү бергиси келсе, анда эмне себептен периштесин башка бирөөгө жиберди?» — деп ойлонуп көрө алмак. Же Жахабага кайрылып, иштин чоо-жайын тактап көрсө деле болмок. Бирок Ыйык Китепте анын анткени айтылбайт. Тескерисинче, ал кары пайгамбар менен «кайрылып келип», «анын үйүнөн нан жеп, суу ичкен». Анын бул иши Жахабага жаккан эмес. Андыктан ал үйүн көздөй кайтып баратканда, алдынан арстан чыгып, аны жара тартып салган. Ал пайгамбардын кызматы кандай гана кайгылуу аяктаган! (1 Пад. 13:19—25) *.

11. Акия кандай үлгү калтырган?

11 Ал эми Жаробамды падышалыкка майлоо үчүн жиберилген Акия пайгамбар карыганга чейин Жахабага болгон берилгендигин сактаган. Ал карып, көзү көрбөй калганда, ага Жаробам ооруп жаткан баласынын эмне болорун билүү үчүн аялын жиберет. Ошондо Акия эч коркпостон Жаробамдын уулунун өлөрүн ачык айтат (1 Пад. 14:1—18). Кудайдан көп бата алган Акия пайгамбар Кудай Сөзүнө салым кошуу сыймыгына да ээ болгон. Кандайча? Анын жазгандарын кийинчерээк ыйык кызмат кылуучу Эзра колдонгон (2 Жылн. 9:29).

12—14. а) Кудайдын кишиси менен болгон окуядан биз эмнеге үйрөнө алабыз? б) Аксакалдардын Ыйык Китепке негизделген кеңешине олуттуу мамиле кылып, тиленүү менен ойлонуп көрүүнүн зарылдыгын мисал менен түшүндүргүлө.

12 Ыйык Китепте Кудайдын кишиси кары пайгамбар менен нан жеп, суу ичиш үчүн чогуу барардан мурун Жахабага эмне себептен кеңеш сурап кайрылбаганы тууралуу эч нерсе айтылбайт. Балким, кары пайгамбар ал уккусу келген нерсени айткандыр. Мындан биз эмнеге үйрөнсөк болот? Биз Жахабанын талаптарынын тууралыгына эч шектенбешибиз кажет. Ошондой эле, кандай болбосун, аларга баш ийүүгө чечкиндүү болушубуз керек.

13 Айрымдар кеңеш сурап кайрылышканда, өздөрү уккулары келген нерсеге эле кулак төшөшү мүмкүн. Мисалы, жарчыга үйбүлөсүнө жана теократиялык иштерге жумшай турган убактысын алган жумуш сунуш кылынганда, ал кеңеш сурап аксакалга кайрылышы ыктымал. Кеңеш берип жатканда аксакал алгач ага үйбүлөсүн кантип багууну өзү чечиши керектигин айтат. Анан аксакал ал биртууган менен сунуш кылынган жумуштун рухий жактан зыян алып келе турган жактарын талкуулайт. Ал биртууган аксакалдын кеңешинин алгачкы сөздөрүнө эле көңүл бурабы же кийинки айткандарына олуттуу карайбы? Албетте, биртууган чечим чыгарууда, биринчи кезекте, рухий сак-саламаттыгын ойлошу зарыл.

14 Дагы бир жагдайды карап көрөлү. Бир ишенимдешибиз Күбө эмес күйөөсүнөн бөлөк жашоого байланыштуу кеңеш сурап аксакалга кайрылат дейли. Аксакал ага күйөөсүнөн бөлөк жашоо керекпи, жокпу, өзү чечерин түшүндүрөрү бышык. Анан алар ошол маселеге карата Ыйык Китепте эмне делерин карап чыгышат (1 Кор. 7:10—16). Ал биртууган аксакалдын айткандарына олуттуу карайбы? Же аксакалга кайрыла электе эле күйөөмдү таштайм деп чечип алганбы? Чынында, андай чечим чыгарардан мурун аксакалдын Ыйык Китепке негизделген кеңеши тууралуу тиленүү менен ойлонуп көрүү акылдуулукка жатат.

Момун бол

15. Кудайдын пайгамбарынын катасынан эмнеге үйрөнөбүз?

15 Жүйүт жеринен келген пайгамбардын кетирген катасынан дагы эмнеге үйрөнсөк болот? Накыл сөздөр 3:5те: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба»,— деп айтылат. Жахабага баштагыдай таянбай, ал пайгамбар ошол жолкусунда өзүнүн акылына таянган. Натыйжада өмүрүнөн жана Кудайдын алдындагы жакшы ысмынан айрылып калган. Аны менен болгон окуядан Жахабага момундук жана берилгендик менен кызмат кылуу канчалык маанилүү экени көрүнүп турат.

16, 17. Жахабага берилген бойдон калууга эмне жардам берет?

16 Биздин жүрөгүбүз өзүмчүлдүккө жакын болгондуктан, көп жаңылыштык кетиребиз. Анткени «адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган» (Жер. 17:9). Андыктан Жахабага берилген бойдон калыш үчүн биз мындан ары да менменсинүүгө жана өзүнө таянууга жакын келген «эски табиятты чечүүгө» бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз кажет. Анан «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийишибиз» керек (Оку: Эфестиктерге 4:22—24).

17 Накыл сөздөр 11:2де: «Момундарда акылмандык»,— деп айтылат. Жахабага момундук менен таянуу олуттуу каталарды жасоодон коргойт. Алсак, биз көңүл чөгөттүктөн улам туура эмес ой жүгүртүүгө оңой эле алдырып коюшубуз мүмкүн (Накыл 24:10). Кызматтын кайсы бир түрүнөн чарчаганда: «Мен көп жылдан бери кызмат кылып келатам, эми бул ишти башкалар деле аткарсын»,— деп ойлошубуз мүмкүн. Же «эл катары» эле жашоону каалай башташыбыз ыктымал. Бирок «тар эшиктен кирүүгө аракеттенүү» жана «Теңирдин ишин ар дайым жан-дилибиз» менен аткарып, көп эмгектенүү жүрөгүбүздү сактаарын унутпайлы (Лк. 13:24; 1 Кор. 15:58).

18. Кандай чечим чыгарышты билбей жатканда эмне кылсак болот?

18 Кээде олуттуу чечим чыгарууга туура келип, эмне кыларыбызды билбей калган учурлар да болот. Андайда жагдайды өзүбүз туура көргөндөй чечкибиз келеби? Бирок Жахабага жардам сурап кайрылуу акылмандыкка жатат. «Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен... берген Кудайдан сурасын»,— делет Жакып 1:5те. Ошондо асмандагы Атабыз, туура чечим чыгара алышыбыз үчүн, бизге ыйык рухун берет (Оку: Лука 11:9, 13).

Берилген бойдон калууга чечкиндүү бол

19, 20. Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Сулаймандын чыныгы сыйынуудан четтеп кеткенинен кийинки оор жылдары Кудайдын кызматчыларынын берилгендиги катуу сыналган. Ошол маалда элдин көбү Кудайдын мыйзамдарын бузган. Анткен менен айрымдар Жахабага берилген бойдон калышкан.

20 Чечим чыгарууда жана тандоо жасоодо биздин да берилгендигибиз күн сайын сыналат. Андыктан биз да, Кудайдын байыркы ишенимдүү кызматчыларына окшоп, Ага болгон берилгендигибизди далилдей алабыз. Эмесе келгиле, Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларына мындан ары да батасын бере турганына толук ишенип, ага бүт жүрөгүбүз менен берилген бойдон калалы (2 Шем. 22:26).

[Шилтеме]

^ 10-абз. Ыйык Китепте Жахабанын кары пайгамбарды өлүм жазасына тартканы же тартпаганы жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Байлыкка жетүүгө болгон каалоодон эмне үчүн арылышыбыз керек?

• Жахабага берилген бойдон калууга бизге эмне жардам берет?

• Кудайга болгон берилгендигибизди сактоого момундук кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Сен үчүн азгырыктарга каршы туруу кыйынбы?

[10-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепке негизделген кеңеш тууралуу тиленүү менен ой жүгүртөсүңбү?