Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмуну

Мазмуну

Мазмуну

15-август, 2008

Изилдөөгө арналган саны

ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАЛАРЫ:

29-сентябрь—5-октябрь

Жахаба берилген кызматчыларын таштабайт

3-БЕТ

ЫРЛАР: 17 (187), 6 (45)

6—12-октябрь

Кудайга бүт жүрөгүң менен берил

7-БЕТ

ЫРЛАР: 23 (200), 22 (130)

13—19-октябрь

Өзүңдү татыктуу алып жүрүү менен Жахабаны даңкта

12-БЕТ

ЫРЛАР: 25 (204), 26 (212)

20—26-октябрь

Жахаба улгайган кызматчыларына назиктик менен кам көрөт

17-БЕТ

ЫРЛАР: 28 (224), 29 (222)

27-октябрь—2-ноябрь

«Таза тилде» эркин сүйлөйсүңбү?

21-БЕТ

ЫРЛАР: 21 (191), 4 (43)

Изилдөө макалаларынын максаты

1, 2-изилдөө макалалары 3—11-БЕТТЕР

Бул макалаларда Ысрайылдын түндүк жана түштүк падышалыкка бөлүнүп кеткени каралып, Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын таштабаары талкууланат. Ошондой эле дүнүйөкордукту же менменсинүүнү четке кагуу үчүн Жахабага бүт жүрөгүбүз менен берилгендик көрсөтүүгө үйрөнүү зарыл экени баса белгиленет.

3-изилдөө макаласы 12—16-БЕТТЕР

Бул макалада Кудайдын улуулугун түшүнүү бизге кандай таасир этиши керектиги каралат. Ошондой эле Ыйсанын башкаларга жасаган мамилесинен адамдын инсандык кадыр-баркын сыйлоого байланыштуу эмнеге үйрөнө аларыбыз да талкууланат. Андан сырткары, Кудайдын даңкын кандайча чагылдырууга болорун билебиз.

4-изилдөө макаласы 17—21-БЕТТЕР

Жахаба улгайган кызматчыларына кандай караса, сен да ошондой караганга үйрөн. Алардын билимин, тажрыйбасын сыйлоого, сезимдерин эске алууга жана аларга рухий жактан жигердүү бойдон калууга Ыйык Китептин жардамы менен канткенде көмөктөшүүгө болоруна көңүл бур.

5-изилдөө макаласы 21—25-БЕТТЕР

Жахаба Сепания пайгамбар аркылуу: «Мен элдерге кайрадан таза тил берем»,— деген (Сеп. 3:9, «ЖД»). Ал эмне болгон «таза тил» экенин карап чык. Ал тилди үйрөнүү үчүн кандай кадамдарды жасаш керек экенин жана Жахабаны даңкташ үчүн ошол өзгөчө тилде кантип сүйлөсө болору жөнүндө оку.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ БУЛ САНДА:

Жахабанын Сөзү тирүү. Галатиялыктарга, эфестиктерге, филипиликтерге жана колосалыктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

26-БЕТ

Эсиңердеби?

29-БЕТ

Жахабанын каймана чегирткелери менен бирге алгалаган миссионерлер

30-БЕТ