Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Таза тилде» эркин сүйлөйсүңбү?

«Таза тилде» эркин сүйлөйсүңбү?

«Таза тилде» эркин сүйлөйсүңбү?

«Бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп... Мен аларга кайрадан таза ооз [«таза тил», «ЖД»] берем» (СЕП. 3:9).

1. Жахаба бизге кандай кереметтүү белек берген?

ТИЛ адам ойлоп тапкан нерсе эмес, ал — Жаратканыбыз Жахаба Кудайдын белеги (Чыг. 4:11, 12). Жахаба Адам атага сүйлөө жөндөмдүүлүгүн бергенден тышкары, жаңы сөздөрдү ойлоп таап, сөз байлыгын көбөйтө алгыдай кылып жараткан (Башт. 2:19, 20, 23). Бул кандай гана кереметтүү белек! Тил аркылуу адам баласы, атүгүл асмандагы Атасы менен сүйлөшүп, анын ыйык ысмын даңазалай алат.

2. Адамзат эмне үчүн бир тилде сүйлөбөй калган?

2 Адамзат тарыхынын башталышынан тартып адамдар 17 кылым бою «бир эле тилде» сүйлөгөн (Башт. 11:1). Бирок андан кийин Нимроттун күндөрүндө козголоң чыккан. Адамдар Жахабанын ой-ниетине каршы чыгып, бир жерде калуу максатында кийин Бабыл деп аталып калган жерге чогулушкан. Анан «атыбызды чыгаралы» деп, асман тиреген мунара кура башташкан. Ошондо Жахаба алардын тилин аралаштырып салган. Натыйжада алар бүт жер жүзүнө тарап кетишкен (Оку: Башталыш 11:4—8).

3. Жахаба Бабылдагы козголоңчулардын тилин алмаштырганда эмне болгон?

3 Айрым эсептөөлөргө ылайык, бүгүн дүйнө жүзү боюнча 6 800дөн ашуун тил бар. Ал тилдерде сүйлөгөн адамдардын дээрлик баарынын ой жүгүртүүсү бири-бириникине такыр окшошпойт. Кыязы, Жахаба козголоңчулардын тилин аралаштырганда алардын эстутумунан мурунку тилин бүт бойдон өчүрүп салган көрүнөт. Ал алардын акылына жаңы сөздөрдү эле салып койбостон, ой жүгүртүүсүн да, грамматикасын да өзгөртүп койгон. Андыктан мунара курула баштаган жердин Бабыл («аралашуу» дегенди билдирет) деп аталып калганы таң калыштуу эмес (Башт. 11:9). Белгилей кетчү нерсе, дүйнөдөгү тилдердин келип чыгышына байланыштуу Ыйык Китепте гана канааттандырарлык жооп бар.

Жаңы жана таза тил

4. Жахаба биздин күндөр тууралуу эмнени алдын ала айткан?

4 Бабылда болуп өткөн окуя кандай гана кызыктуу болбосун, биздин күндөрдө андан да кызыктуу, андан да маанилүү нерсе болуп жатат. Жахаба Сепания пайгамбар аркылуу: «Ошондо бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз [«таза тил», «ЖД»] берем»,— деген (Сеп. 3:9). «Таза тил» деген эмне жана ал тилде эркин сүйлөөгө кантип үйрөнүүгө болот?

5. «Таза тил» деген эмне жана ал тилде сүйлөө кандай натыйжа берет?

5 «Таза тил» — бул Кудай Сөзүндө, Ыйык Китепте, жазылган Жахаба Кудай жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындык. Ал «тил» Кудайдын Падышалыгы, ал аркылуу Жахабанын ысмы кантип ыйыкталары, анын эгедерлиги кандайча акталары, ошондой эле анын аркасында Кудайга ишенимдүү кызмат кылгандар ала турган түбөлүк баталар жөнүндөгү чындыкты туура түшүнүүнү да билдирет. «Таза тилде» сүйлөө кандай натыйжа берет? Жогоруда айтылгандай, адамдар Жахабанын ысмын «чакырып», «Ага бир кишидей кызмат кылышат». Бабылда болуп өткөн окуялардан айырмаланып, жаңы тил Жахабанын ысмын даңазалоого жана анын элинин арасында биримдик өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт.

Таза тилде сүйлөөгө үйрөнүү

6, 7. а) Чет тилин үйрөнүүгө эмне кирет жана анын «таза тилди» үйрөнүү менен кандай байланышы бар? б) Төмөндө эмнелер каралат?

6 Чет тилин үйрөнгүсү келгендер жаңы сөздөрдү жаттоодон тышкары, жаңы тилде ой жүгүртүүгө да үйрөнүшү керек. Анткени бир тилде логикалуу жана күлкүлүү эсептелген нерселер, башка тилде андай болбошу мүмкүн. Ошондой эле башка тилде сүйлөө үчүн сүйлөө органдарын, алсак, тилди жаңыча колдонууга туура келиши ыктымал. Ыйык китептик чындыктын «таза тилин» өздөштүрүү тууралуу да ушуну айтууга болот. Таза тилди үйрөнүш үчүн Ыйык Китептеги негизги окууларды эле билип коюу жетишсиз. Ан үчүн ошол тилге ылайык ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүгө тийишпиз (Оку: Римдиктерге 12:2; Эфестиктерге 4:23).

7 Таза тилди түшүнүүгө жана ал тилде эркин сүйлөөгө эмне жардам берет? Чет тили сыяктуу эле, ыйык китептик чындык «тилинде» эркин сүйлөөгө үйрөнүү үчүн белгилүү бир ыкмаларды колдонуу зарыл. Келгиле анда, адатта, тил үйрөнүүдө колдонулган негизги ыкмалардын айрымдарын жана алар «таза тилди» үйрөнүүгө кандайча жардам берерин карап чыгалы.

Таза тилде эркин сүйлөө

8, 9. Таза тилди үйрөнүү үчүн эмне кылышыбыз керек жана бул эмне себептен маанилүү?

8 Кунт коюп ук. Башка тил адегенде кулакка жат угулат (Ыш. 33:19). Бирок тил үйрөнүп жаткан киши маани берип уга берсе, бара-бара өзүнчө сөздөрдү жана көп кездешкен сөз айкаштарын түшүнө баштайт. Ошол сыяктуу эле биз «ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек» (Эвр. 2:1). Ыйса да жолдоочуларына: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» — деп көп жолу айткан (Мт. 11:15; 13:43; Мр. 4:23; Лк. 14:35). Ооба, таза тилди өздөштүрүшүбүз үчүн «жакшылап угуп», уккандарыбыздын маанисин «түшүнүүгө» аракет кылууга тийишпиз (Мт. 15:10; Мр. 7:14).

9 Кунт коюп угуу дайыма эле оңойго турбаса да, жумшалган аракет ошого арзыйт (Лк. 8:18). Өзгөчө жыйналышта көңүл коюп угуу маанилүү. Жыйналышта айтылып жаткандарды кунт коюп угуп отурабызбы же ар кайсы нерселерге алаксый беребизби? Кантип угуп жатканыбызга маани бербесек, акыры «угууга жөндөмсүз болуп» калабыз (Эвр. 5:11).

10, 11. а) Кунт коюп угуудан тышкары, эмне кылышыбыз керек? б) Таза тилде сүйлөөгө эмнелер кирет?

10 Тил билгендерди туура. Тил үйрөнүп жаткандар кунт коюп уккандан сырткары, тил билгендердин кантип сүйлөп жаткандарын тууроого аракет кылышы керек. Бул аларга сөздөрдү башынан туура айтууга жана кийин ошол тилде сүйлөгөндөр менен оңой пикир алышууга шарт түзөт. Анын сыңарындай, биз да жаңы тилди үйрөнүп, «окутуу чеберчилигине» ээ болгондордон үлгү алганыбыз абзел (2 Тим. 4:2, «ЖД»). Андыктан алардан жардам сура. Туураласа — оңолууга даяр бол (Оку: Эврейлерге 12:5, 6, 11).

11 Таза тилде сүйлөө Ыйык Китептеги чындыкка ишенип, аны башкаларга үйрөтүүнү эле билдирбейт. Буга Кудайдын мыйзамдары менен принциптерине ылайык жашоо да кирет. Бул жагынан башкалардан үлгү алуу жардам берет. Биз Ыйсаны туураганыбыздай эле, башкалардын ишениминен, кызматка ынталуу катышканынан үлгү ала алабыз (1 Кор. 11:1; Эвр. 12:2; 13:7). Баарыбыздын таза тилде сүйлөгөнүбүз, арабызда биримдик болушуна өбөлгө түзөт (1 Кор. 4:16, 17).

12. Тил үйрөнүүдө жаттоо кандай роль ойнойт?

12 Жатта. Тил үйрөнүүдө көп нерселерди, мисалы, жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарды жаттоого туура келет. «Таза тилде» сүйлөөгө үйрөнүүдө да жаттоо абдан пайдалуу. Алсак, Ыйык Жазмадагы китептерди ирети боюнча жаттап алуу дурус. Айрымдар кээ бир аяттарды жаттап алууну максат кылышат. Башкалар Падышалык ырларын, Ысрайылдын 12 уруусун, Ыйсанын 12 шакиртинин ысмын, рухтун жемишине кирген сапаттарды жатташат. Байыркы убакта ысрайылдыктардын көбү забурларды жатка билишкен. Биздин күндөрдө болсо бир бала алты жашында 80ден ашуун аят жаттап алган. Бул кереметтүү жөндөмдүүлүгүңдү сен кандай колдоносуң?

13. Кайталоо эмне үчүн маанилүү?

13 Кайталоо эстеп калууга көмөк кылат. Ал рухий билим алууда да зор мааниге ээ. Элчи Петир: «Силер муну билсеңер да, чыныгы чындык менен бекемделсеңер да, бул жөнүндө силердин эсиңерге салып турууну эч качан токтотпойм»,— деген (2 Пет. 1:12). Эске салып туруу эмне үчүн маанилүү? Анын аркасында билимибиз тереңдеп, түшүнүгүбүз кеңейет жана чындык жолунда туруктуу бойдон кала алабыз (Заб. 118:129). Кудайдын мыйзамдары менен принциптерин кайталап туруу менен өзүбүздү кылдат текшере алабыз жана «унутчаак угуучулардан» болбойбуз (Жкп. 1:22—25). Кудай Сөзүндөгү чындыктарды эсибизге салып турбасак, жүрөгүбүздү башка нерселер ээлеп, «таза тилде» эркин сүйлөй албай калышыбыз мүмкүн.

14. Таза тилди үйрөнүүгө дагы эмне жардам берет?

14 Үн чыгарып оку. Башка тил үйрөнүп жатканда ичтен окуганга караганда, үн чыгарып окуу көбүрөөк натыйжа берет. Таза тилди үйрөнүүдө да кээде үн чыгарып окуган жакшы. Бул көңүл топтоого эле эмес, эстеп калууга да көмөк кылат. Буга байланыштуу забурчу мындай деген: «Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот [«анын мыйзамын үн чыгарып күнү-түнү окуйт», «ЖД»]» (Заб. 1:1, 2). Эврей тилиндеги «үн чыгарып окуу» деген сөз айкашы ойлонуу деген маанини да берет. Ичкен тамагыбыз сиңгенде гана пайда алып келгендей эле, окугандарыбыздан пайда алыш үчүн алар тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек. Ой жүгүртүүгө жетиштүү убакыт бөлүп жатабызбы? Ыйык Китепти окугандан кийин терең ой жүгүртөбүзбү?

15. Таза тилдин «грамматикасын» канткенде үйрөнө алабыз?

15 Грамматикасын изилде. Тил үйрөнүүдө анын грамматикасын, сүйлөмдөрдүн кандайча түзүлөрүн жана эрежелерди жакшы билүү зарыл. Бул тилдин өзгөчөлүгүн түшүнүп, туура сүйлөөгө өбөлгө түзөт. Ар бир тил белгилүү бир эрежелерге негизделгендей эле, таза тил да Ыйык Жазмадагы «туура сөздүн үлгүсүнө» негизделет (2 Тим. 1:13). Андыктан ошол «үлгүгө» карманганыбыз абзел.

16. Эмнеден качуу керек жана ан үчүн эмне кылуу зарыл?

16 Алдыга кадам шилтей бер. Кээ бирлер тилди бир аз үйрөнгөндөн кийин андан ары ийгилик кылбай, токтоп калышат. Таза тилде сүйлөгөндү үйрөнө баштагандар менен да ушундай болушу ыктымал (Оку: Эврейлерге 5:11—14). Андан качууга эмне жардам берет? Ан үчүн каймана маанидеги сөз байлыкты көбөйтө берүү маанилүү. Ыйык Китепте мындай кеңеш берилет: «Машайак жөнүндөгү окутуунун алгачкы негиздерине токтоло бербей, өлүк иштер үчүн тобо кылуу, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүүлөр, кол коюу, өлгөндөрдүн тирилиши жана түбөлүк сот жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөргө кайра-кайра кайрыла бербей, жеткилең болууга умтул» (Эвр. 6:1, 2).

17. Үзгүлтүксүз окуп-изилдөө эмне себептен маанилүү? Мисал менен түшүндүргүлө.

17 График түзүп ал. Анда-санда көп маалымат окугандан көрө, үзгүлтүккө учуратпай, аз-аздан окуп турган пайдалуу. Ошондой эле сергек болуп турганда жана эч нерсе алаксытпаган убакта окуган жакшы. Жаңы тилди үйрөнүүнү калың токой аркылуу жол салып өтүүгө салыштырууга болот. Салынган жол менен кайра-кайра баскан сайын, жол таптала берет да, аны менен өтүү оңой болуп калат. Ал эми бир топко чейин баспай койсо, жолду кайра чөп-чар басып кетет. Мындан көрүнүп тургандай, ыйык китептик чындыктын таза тили менен эркин сүйлөш үчүн, тырышчаак болуу жана ар дайым күч-аракет жумшоо талап кылынат (Дан. 6:16, 20). Андан тышкары, туруктуулук менен тиленүү кажет (Эф. 6:18).

18. Эмне себептен ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып таза тилде сүйлөшүбүз керек?

18 Сүйлө. Тил үйрөнүп жаткандардын айрымдары ката сүйлөп алам деп же уялып, жаңы тилде сүйлөөдөн тартынышат. Бул тил үйрөнүүгө тоскоолдук кылат. «Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот» дегендей, башкалар менен пикирлешпей эркин сүйлөөгө үйрөнүү мүмкүн эмес. Жаңы тилде канчалык көп сүйлөгөн сайын, оюңду ошончолук эркинирээк билдире баштайсың. Анын сыңары, таза тилде ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын сүйлөй беришибиз керек. «Себеби адам чын жүрөктөн ишенүү аркылуу адилдикке жетет, ал эми ишенимин эл алдында оозу менен жарыялоо аркылуу куткарылат» (Рим. 10:10, «ЖД»). Ишенимибизди «эл алдында» жарыялаганыбызды чөмүлтүлгөндө эле эмес, башкаларга Жахаба жөнүндө айткан сайын көрсөтөбүз (Мт. 28:19, 20; Эвр. 13:15). Таза тилде так-даана сүйлөөгө жыйналыш жолугушууларынан да үйрөнө алабыз (Оку: Эврейлерге 10:23—25).

Жахабанын эли биримдикте таза тилде сүйлөп, аны даңктайт

19, 20. а) Жахабанын Күбөлөрү бүгүн таң калыштуу кандай ишти аткарууда? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

19 Биздин замандын 33-жылы, 6-сибанда, жекшемби күнү, Иерусалимде таң калыштуу окуя болгон. Ошол күнү, эртең мененки 9дарда, үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулган шакирттер керемет жолу менен «ар кандай тилдерде сүйлөй башташкан» (Элч. 2:4). Андай жөндөмдүүлүк Кудайдын азыркы кызматчыларына берилбейт (1 Кор. 13:8). Ошентсе да Жахабанын Күбөлөрү бүгүн Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды 430дан ашуун тилде жарыялашууда.

20 Ыйык китептик чындыктын таза тили баарыбызды, кайсы тилде сүйлөбөйлү, бириктирип жатканына кандай гана кубанычтабыз! Биз азыр байыркы Бабылда болгон окуядан таптакыр айырмаланган окуяга — Жахабанын ар башка тилде сүйлөгөн эли анын ысмын бир тилде даңазалап жатканына — күбөбүз (1 Кор. 1:10). Келгиле анда, мындан ары да таза тилде эркин сүйлөөгө үйрөнүп, дүйнө жүзүндөгү биртуугандарыбыз менен «бир кишидей» кызмат кылып, асмандагы Атабыз Жахабаны даңктай берели! (Оку: Забур 150:1—6).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Таза тил деген эмне?

• Таза тилде сүйлөөгө эмнелер кирет?

• Таза тилде эркин сүйлөөгө эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги кутуча]

Таза тилде эркин сүйлөө үчүн...

Кунт коюп ук. (Лк. 8:18; Эвр. 2:1)

Тил билгендерди туура. (1 Кор. 11:1; Эвр. 13:7)

Жатта, кайтала. (Жкп. 1:22—25; 2 Пет. 1:12)

Үн чыгарып оку. (Заб. 1:1, 2, «ЖД»)

«Грамматикасын» изилде. (2 Тим. 1:13)

Алдыга кадам шилтей бер. (Эвр. 5:11—14; 6:1, 2)

График түзүп ал. (Дан. 6:16, 20; Эф. 6:18)

Сүйлө. (Рим. 10:10; Эвр. 10:23—25)

[24-беттеги сүрөт]

Жахабанын эли биримдикте таза тилде сүйлөйт