Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Ыйсанын айрым жолдоочулары үйлөнгөндөн кийин кандай кыйынчылыкка кабылышат жана алар андайда эмне кылышы керек?

Айрым жубайлар үйлөнгөндөн кийин экөөнүн жалпылыгы аз экенин түшүнүшөт. Ыйык китептик негизсиз ажырашуу туура эмес экенин билгендиктен, никесин сактоо үчүн экөө тең колунан келгендин баарын жасашы керек (15.4. 17-б.).

• Ыйсанын карылар үйүндөгү жолдоочусу кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

Ал карылар үйү жайгашкан жердеги жыйналыштагы биртуугандарды тааныбашы мүмкүн. Ошондой эле карылар үйүндөгүлөрдүн көбү башка ишенимде болгондуктан, алар биртууганыбызды кандайдыр бир диний каадаларга катыштырууга аракет кылышы ыктымал. Анын туугандары жана ошол жердеги жыйналыштын мүчөлөрү ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн бар экенин билип, ага жардам бериши жана кам көрүшү абзел (15.4. 25—27-бб.).

• Жубайлар кайсы төрт кадамдын жардамы менен өз ара келишпестиктерин чече алышат?

Көйгөйдү талкуулоого убакыт бөлгүлө (Нас. 3:1, 7). Ички сезимдериңерди бири-бириңерге сый-урмат менен, ачык айткыла (Эф. 4:25). Кунт коюп угуп, жарыңардын сезимин түшүнө билгиле (Мт. 7:12). Бир чечимге келген соң, көйгөйдү жоюу үчүн чогуу иш-аракет кылгыла (Нас. 4:9, 10) (июль—сентябрь, 28—30-бб.).

• Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү кайсы комитеттерде кызмат кылышат?

Координаторлор комитетинде, Кадрлар комитетинде, Басма комитетинде, Кызмат комитетинде, Окутуу комитетинде жана Жазуу комитетинде (15.5. 29-б.).

• Нухтун убагындагы Топон суу бүткүл дүйнө жүзү боюнча болгон деп айтууга кандай негиз бар?

Ыйса Топон суунун бүткүл дүйнө жүзүндө болгонуна ишенген. Аны Ыйык Китептеги бир катар эскертүүлөр да айгинелейт (июль—сентябрь, 8-б.).

Римдиктерге 1:24—32-аяттарда айтылган бузуктукка баткандар кимдер: жүйүттөрбү же бутпарастарбы?

Мындай сүрөттөө эки топко тең ылайыктуу болсо да, Пабыл бул жерде Мыйзамдан баш тарткан байыркы ысрайыл эли жөнүндө айткан. Алар Кудайдын адил нормаларын билишкени менен, аларга ылайык жашашкан эмес (15.6. 29-б.).

• Тель-Арад каякта жайгашкан жана анын биз үчүн кандай мааниси бар?

Израилдеги бул байыркы шаар Жансыз деңиздин батышында жайгашкан. Ал шаарды казып жатканда бетине жазуу түшүрүлгөн карапа такталар табылган. Алардын айрымдарында Ыйык Китепте айтылган ысымдар кездешет. Ошондой эле ал такталар Кудайдын ысмынын байыркы убактарда дүйнөлүк документтерде колдонулганын көрсөтүп турат (1.7. 23, 24-б., ор.).

• Өзүбүзгө талап коюуда эстүү болуу кубанычыбызды сактоого кандайча жардам берет?

Эгер биз өтө эле бийик максаттарды көздөй берсек, өзүбүздү эле кыйнап коёбуз. Ошол эле учурда өзүбүздү өтө эле аяй берсек, чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү шылтоо кылып, Кудайга кылган кызматыбызды жигердүүлүк менен аткарбай калабыз (15.7. 29-б.).

• Ата-энелерге өспүрүм балдары менен пикир алмашууга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн?

Өспүрүмдүн тартынчаактыгы, көзкарандысыз болууга умтулуусу жана башкалардан обочолоно башташы тоскоол болушу мүмкүн. Ата-энелер баласы менен ылайыктуу учурлардан пайдаланып пикир алышууга жана анын айткандарынын аркасында эмне жатканын аңдай билүүгө умтулушу зарыл (1.8. 10, 11-б., ор.).