Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба бүгүнкү күндө кызматчыларын кантип куткарат?

Жахаба бүгүнкү күндө кызматчыларын кантип куткарат?

Жахаба бүгүнкү күндө кызматчыларын кантип куткарат?

«Теңир аларга жардам берет, аларды куткарат» (ЗАБ. 36:40).

1, 2. Жахабанын бизди сооротуп, кайраттандырарына эмне үчүн ишене алабыз?

КӨЛӨКӨ бир жерде тура бербейт. Жер айланып тургандыктан, ал дайыма өзгөрүлүп, жылып турат. Ал эми жер менен күндү жараткан Кудай эч качан өзгөрбөйт (Мал. 3:6). Ыйык Китепте да Кудайдын «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербээри» айтылат (Жкп. 1:17). Жахаба жөнүндөгү бул талашсыз чындыкты билүү чоң сыноолорго, кыйынчылыктарга кабылганыбызда бизди сооротуп, кайраттандырат. Кандайча?

2 Өткөн макаладан көргөнүбүздөй, Жахаба байыркы убакта кызматчыларын куткарып келген (Заб. 69:6). Ал — өзгөрүлбөс Кудай жана айткандарын сөзсүз аткарат. Андыктан бизде анын жардам берерине жана куткарарына ишенүүгө толук негиздер бар (Заб. 36:40). Ал бүгүнкү күндөгү кызматчыларын кандайча куткарат? Жеке ар бирибизди кандайча куткарышы мүмкүн?

Душмандардан куткарат

3. Душмандар Жахабанын кызматчыларынын кабар айтуу ишин токтото албасына эмне үчүн шектенбейбиз?

3 Шайтан, кандай аракет кылбасын, Жахабанын Күбөлөрүнүн Жахабага кызмат кылуусун эч качан токтото албайт. Кудай Сөзү бизди: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың»,— деп ынандырат (Ыш. 54:17). Ооба, душмандардын кабар айтуу ишин токтотуу максатында кылган аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес. Буга байланыштуу эки мисал карап көрөлү.

4, 5. Жахабанын эли 1918-жылы кандай каршылыкка дуушар болгон жана анын аягы эмне болуп бүткөн?

4 1918-жылы Жахабанын эли христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилеринин шыкагы менен катуу куугунтукка дуушар болгон. Куугунтуктоочулардын максаты кабар айтуу ишин токтотуу эле. Ошол себептүү 7-майда АКШнын федералдык башкармалыгы ошол маалда кабар айтуу ишин жетектеген Ж. Ф. Рутерфордду жана бир нече биртууганды камоого буйрук берген. Эки айга жетип-жетпей алар, бийликке каршы жашыруун иш-аракет кылып жатышат деген жалган жалаа менен, узак мөөнөткө камакка алынышкан. Душмандар сот органдары аркылуу кабар айтуу ишин биротоло токтотуп салышканбы? Албетте, жок!

5 Жахабанын: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт»,— деген убадасын эстесеңер. 1919-жылдын 26-мартында жагдай күтүлбөгөн жерден өзгөрүлүп, камалганына тогуз ай болгон Рутерфорд биртууган жана анын шериктери күрөөгө бошотулушкан. Ал эми кийинки жылдын 5-майында алар толугу менен акталышып, кайрадан Падышалыктын ишин улантууга киришишкен. Бул кандай натыйжа берген? Ошол учурдан баштап кабар айтуу иши болуп көрбөгөндөй кулач жайган! Ооба, бул үчүн Куткаруучубуз Жахаба гана даңкталууга татыктуу (1 Кор. 3:7).

6, 7. а) Нацисттик Германияда Жахабанын Күбөлөрүнө кандай каршылыктар көрсөтүлгөн жана анын натыйжасы кандай болгон? б) Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы эмнени тастыктап турат?

6 Эми экинчи мисалга токтололу. 1934-жылы Гитлер Жахабанын Германиядагы Күбөлөрүн кырып жок кыларын убадалаган. Бул курулай коркутуу эмес эле. Көп өтпөй улам бир жерде Күбөлөр камакка алынып, миңдегендери катуу запкы жеп, жүздөгөндөрү концлагерлерде өлтүрүлгөн. Гитлер көздөгөн максатына жеткенби? Германиядагы кабар айтуу ишин таптакыр токтотуп салганбы? Түк да! Куугунтуктоо учурунда да Күбөлөр кабарды жашыруун түрдө айта беришкен. Алар нацисттик режим жоюлуп, эркиндикке чыккандан кийин да ал ишти улантышкан. Бүгүн Германияда Падышалыктын 165 000ден ашуун жарчысы бар. Ошентип, Куткаруучубуздун: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт»,— деген убадасы дагы бир ирет аткарылган.

7 Ооба, Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы Кудайдын өз элинин бүтүндөй жок кылынышына эч качан жол бербей турганын тастыктап турат (Заб. 115:6). Ал эми жеке ар бир кызматчысы жөнүндө эмне дешке болот? Жахаба ар бирибизди кандайча куткарат?

Жахаба денелик жактан коргойбу?

8, 9. а) Жахаба бизди денелик жактан коргоорун убадалабаганын кайдан билебиз? б) Жахабанын коргооруна байланыштуу кандай теңсалмактуу көзкарашта болушубуз керек?

8 Жахабанын бүгүнкү күндө жеке ар бир кызматчысын денелик жактан дайыма коргоп жүрөрүнө убада бербегени бизге маалым. Биз байыркы убактагы Небухаданасар падыша жасаткан алтын бурканга табынуудан баш тарткан ишенимдүү үч эврейдикиндей көзкараштабыз. Алар Жахабанын керемет көрсөтөрүн күткөн эмес (Оку: Даниел 3:17, 18). Ошентсе да Кудай аларды алоолонгон оттон сактап калган (Дан. 3:21—27). Бирок Жахаба байыркы убактагы кызматчыларын керемет жолу менен дайыма эле куткара берген эмес. Анын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары душмандардын колунан өлгөн (Эвр. 11:35—37).

9 Ал эми биздин күндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Куткаруучу Кудайыбыз Жахаба, зарыл көрсө, жеке ар бир кызматчысын коркунучтуу жагдайлардан куткарат. Анда Жахаба кайсы бир жагдайга кийлигишкен же кийлигишкен эмес деп ишенимдүү түрдө айта алабызбы? Жок. Анткен менен айрымдар Жахабанын алардын жагдайына кийлигишкенин сезиши ыктымал. Алардын айткандарын четке кагып болбойт. Бирок ошол эле учурда Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын куугунтуктоо маалында, маселен, нацисттик режим учурунда өмүрүнөн айрылганын же бөөдө кырсыктын айынан каза болгонун да эстен чыгарбашыбыз керек (Нас. 9:11). Анда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан ишенимдүү Күбөлөрүн Жахаба куткара албай калганбы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес.

10, 11. Адам баласы эмне үчүн ажалдын алдында алсыз, бирок Жахаба эмне кыла алат?

10 Бул жөнүндө ойлонуп көрөлү. Адам баласы ажалдын алдында алсыз. Себеби бир да киши «өз жанын өлгөндөр жаткан жайдан» куткара албайт (Заб. 88:49). Ал эми Жахаба Кудайчы? Нацисттик режимди башынан өткөрүп, биртуугандардын концлагерлерде каза болгонун көргөн бир ишенимдешибизди апасы сооротуп: «Эгер адам баласы өлүмдүн чеңгелинде түбөлүккө кала турган болсо, анда өлүм Жахабадан да күчтүү болуп калмак да, туурабы?» — деген. Чынында эле, өлүм өмүрдүн Булагынан, кудуреттүү Кудайдан, эч качан күчтүү боло албайт! (Заб. 35:10). Мүрзөдө жаткандардын баары Жахабанын эстутумунда. Ал алардын баарын тең — бирин да калтырбай — өлүмдүн бийлигинен куткарат (Лк. 20:37, 38; Аян 20:11—14).

11 Бирок Жахаба бүгүн деле өзүнүн ишенимдүү кызматчылары үчүн оор сыноолордо Куткаруучу болуп келет. Келгиле анда, анын кандай үч жол менен куткарарын карап көрөлү.

Рухий жактан коргойт

12, 13. Жахабанын бизди рухий жактан коргогону эмне үчүн абдан маанилүү жана ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Жахаба бизди рухий жактан коргойт; бул абдан маанилүү. Биз, Исанын чыныгы жолдоочулары, Жахаба менен болгон мамилебизди өмүрүбүздөн да артык деп эсептейбиз (Заб. 24:14; 62:4). Андай мамилебиз болбосо, келечегибиз тургай, азыркы жашообуздун маңызы болмок эмес.

13 Жахаба аны менен болгон мамилебизди сакташыбыз үчүн бизди бардык нерселер менен камсыз кылат. Ал бизге өзүнүн Сөзүн берген, ошондой эле ыйык руху жана жыйналыштар аркылуу бекемдейт. Анын бул чараларынан канткенде толук пайда ала алабыз? Ан үчүн Кудай Сөзүн үзгүлтүксүз жана дилгирлик менен изилдешибиз зарыл. Бул ишенимибизди бекемдеп, үмүтүбүздү арттырат (Рим. 15:4). Андан сырткары, ыйык рух сурап, чын жүрөктөн тиленгенибиз абзел. Бул азгырыктарга каршы турууга жардам берет (Лк. 11:13). Ал эми кул тобунун жыйналыштар, жыйындар жана Ыйык Китепке негизделген адабияттар аркылуу берген жетекчилигине баш ийүү менен рухий тамакты ар дайым «өз убагында» алып турабыз (Мт. 24:45). Булардын баары бизди рухий жактан коргоп, Жахабага жакындай беришибизге өбөлгө түзөт (Жкп. 4:8).

14. Рухий жактан коргоого ээ болуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн мисал айтып бергиле.

14 Рухий жактан коргоого ээ болуунун маанилүүлүгүн мындан мурунку макаланын башында айтылган жубайлар менен болгон окуядан көрүүгө болот. Алар Терезанын жок болуп кеткенинен бир нече күн өтпөй, анын киши колдуу болуп өлгөнүн угушат *. Атасы мындай деп эскерет: «Жахабадан кызымды коргоп-колдошун сурангам. Бирок анын өлүгү табылганда, чынын айтсам, тиленүүлөрүмдүн эмне үчүн жоопсуз калганын адегенде түшүнгөн жокмун. Албетте, Жахаба өзүнүн кызматчыларынын ар бирин коргош үчүн керемет көрсөтүп турууга убада берген эмес экенин билем. Ошондуктан Жахабадан бардыгын туура түшүнүүгө жардам беришин сурап тиленип жаттым. Кудайдын өз элин рухий жактан коргоорун — биздин аны менен болгон мамилебизди сакташ үчүн керектүү чараларды көрөрүн — түшүнгөндүктөн соороно баштадым. Коргоонун ошол түрү баарынан маанилүү, анткени Кудай менен болгон мамилебизден келечегибиз көзкаранды. Жахаба Терезаны дал ушул жактан коргогон. Ал мезгилсиз кайтыш болгон маалда Жахабанын ишенимдүү кызматчысы болчу. Терезанын келечеги Жахабанын мээримдүү колунда экенин билгендиктен соороном».

Ооруп жатканда күч берет

15. Ооруп жатканда, Жахаба бизге кандайча жардам бериши мүмкүн?

15 Жахаба Дөөтүгө күч бергендей эле, «ооруп жатканда» бизге да күч берет (Заб. 40:4). Ал бизди керемет жолу менен айыктырбаса да, анын жардам берерине шектенбесек болот. Жахаба бизге кандайча жардам берет? Мисалы, анын Сөзүндөгү принциптер дарыланууга байланыштуу туура чечим чыгарууга көмөк кылат (Накыл 2:6). «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынан да оорубузга байланыштуу керектүү маалыматтарды жана пайдалуу кеңештерди таба алабыз. Ошондой эле, абалыбыз кандай болбосун, туура иш кылышыбыз үчүн жана актыгыбызды сактай алышыбыз үчүн, ал ыйык рух аркылуу «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7). Мунун аркасында ашыкча тынчсызданбай, рухий жактан теңсалмактуу бойдон кала алабыз.

16. Бир ишенимдешибиз ооруу менен кантип күрөшүүдө?

16 Өткөн макаланын башында кеп кылынган жаш биртууган менен эмне болгонун карап көрөлү. 1998-жылы ага амиотрофиялык каптал склерозу деген диагноз коюлган *. Убакыттын өтүшү менен ал кыймылдабай да, сүйлөй албай да калган. Ага бул оору менен күрөшүүгө эмне жардам берүүдө? Ал мындай дейт: «Кээде ооруман катуу кыйналганда көңүлүм чөгүп, жашагым да келбей кетет. Ошондой учурларда Жахабадан жүрөгүмө тынчтык беришин, чыдамкай жана туруктуу болушум үчүн күч беришин сурап тиленем. Жахабанын тиленүүлөрүмө жооп берип жатканын сезем. Жүрөгүмдөгү тынчтык жакшы нерселер жөнүндө — жаңы заманда кайрадан басып, даамдуу тамактан ырахат алып, үйбүлөм менен пикирлешип жатканым жөнүндө — ой жүгүртүүгө жардам берет. Чыдамкайлык оорумдун айынан болгон ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч берет. Ал эми туруктуулук ишенимдүү бойдон калууга жана рухий жактан сергек болууга көмөк кылат. Мен да, забурчу Дөөтүдөй болуп, Жахабанын күч-кубат берип, колдоо көрсөтүп жатканын сезем» (Ыш. 35:5, 6).

Тамак-аш менен камсыз кылат

17. Жахаба бизге эмнени убадалаган жана ал эмнени билдирет?

17 Жахаба бизге материалдык жактан колдоо көрсөтөрүн убадалаган (Оку: Матай 6:33, 34 жана Эврейлер 13:5, 6). Бирок бул «алма быш, оозума түш» деп, иштебей отура берүүнү билдирбейт (2 Тес. 3:10). Анда эмнени билдирет? Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга койсок жана жашоого каражат табуу үчүн эмгектенсек, Жахабанын бизди зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кыларына ишенсек болот (1 Тес. 4:11, 12; 1 Тим. 5:8). Ал муктаждыктарыбызды биз күтпөгөндөй жол менен канааттандырып коюшу мүмкүн. Алсак, ишенимдешибиз бизге материалдык жактан жардам бериши же жумуш сунушташы ыктымал.

18. Муктаж болуп турганда Жахабанын кантип кам көргөнүн көрсөткөн мисал айтып бергиле.

18 Өткөн макаланын башында айтылган жалгыз бой энени эстесеңер. Ал өспүрүм кызы менен башка жерге көчүп барганда, жумуш таба албай кыйналган. Ал мындай дейт: «Күнүгө эртең менен кабарга чыгып, түштөн кийин жумуш издечүмүн. Бир жолу дүкөнгө сүт алганы кирдим. Жер-жемиш да алгым келди, бирок акчам жетпейт болчу. Ошондо аябай ыза болгонум эсимде. Кайтып келгенимде, үйүмдүн эшигинин алдында ар кандай жер-жемишке толгон баштыктар туруптур. Аларда бир нече айга жетерлик жер-жемиш бар экен. Сүйүнгөнүмдөн көзүмөн жаш чыгып кетти. Жахабага ушунчалык ыраазы болдум». Көрсө, ал баштыктарды жер-жемиш өстүргөн ишенимдеши таштап кетиптир. Анан ал эже ага ыраазычылыгын билдирип: «Сага чоң ырахмат. Баарынан да сенин кайрымдуулугуң аркылуу мени жакшы көрөрүн эсиме салган Жахабага абдан ыраазымын»,— деп жазган (Накыл 19:17).

19. Улуу алааматта эмнеден шектенбесек болот жана азыртадан эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Чынында эле, Жахабанын байыркы убактан биздин күндөргө чейин кылып келген иштери анын жардам берерине шектенбөөгө негиз берет. Жакында, улуу алааматта, Шайтандын дүйнөсү жок кылынганда, Жахабанын жардамына болуп көрбөгөндөй муктаж болобуз. Ошондо анын жардам берерине кымындай да шектенбесек болот. Куткарылуу күнүнө аз калганын билгендиктен, башыбызды өйдө көтөрүп, кубанабыз (Лк. 21:28). Ал убак келгенге чейин, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, өзгөрүлгүс Куткаруучу Кудайыбыз Жахабага таянууга чечкиндүү бололу.

[Шилтемелер]

Эсиңердеби?

Мезгилсиз кайтыш болгондорду Жахаба кандайча куткарат?

Рухий жактан коргоого ээ болуу эмне себептен абдан маанилүү?

Жахабанын материалдык жактан кам көрүү жөнүндөгү убадасы эмнени билдирет?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

1918-жылы камакка алынган Рутерфорд биртууган менен анын шериктери кийинчерээк бошотулуп, толугу менен акталышкан

[10-беттеги сүрөт]

«Ооруп жатканда», Жахаба бизге күч берет