Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба кызматчыларын байыркы убакта кантип куткарган?

Жахаба кызматчыларын байыркы убакта кантип куткарган?

Жахаба кызматчыларын байыркы убакта кантип куткарган?

«Кудай, мага шашыл! Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң» (ЗАБ. 69:6).

1, 2. а) Кудайдын кызматчылары ага кандай учурларда жардам сурап кайрылышат? б) Кандай суроого жооп алганыбыз маанилүү жана аны кайдан алууга болот?

ЭС АЛЫП жүргөн жубайлар 23 жаштагы кызынын жоголуп кеткенин угушат. Анын табышмактуу жок болуп кетиши кылмыш менен байланышта экенине шек жок эле. Алар суук кабарды угары менен баарын жыйыштырып, үйүнө жөнөшөт. Жолдо карай Жахабага жалбарып, жардам сурап келишет. 20 жаштагы бир Күбө бара-бара шал кылып, тил-ооздон калтыра турган ооруга чалдыкканын билет. Ал муну угар замат Жахабага кайрылат. Жалгыз бой эненин жумушсуздуктун айынан 12 жашар кызы экөөнө тамак-аш сатып алууга акчасы жок. Ал да зар-муңун Жахабага айтат. Ооба, Кудайдын кызматчыларынын чоң сыноолорго же кыйынчылыктарга кабылганда, ага жардам сурап кайрылганы табигый нерсе. Сенин да кыйын-кезең убактарда Жахабага жалбарган учурларың болду беле?

2 Жахаба ошондой өтүнүчтөрүбүзгө чындап эле жооп береби? Бул маанилүү суроого 69-забурда ынандырарлык жооп бар. Жүрөк козгорлук ал забурду башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрсө да, Жахабага ишенимдүү бойдон калган Дөөтү жазган. Ал Жахаба тууралуу: «Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң. Оо, Теңир!» — деген (Заб. 69:6). 69-забурду карап чыгуу менен жардамга муктаж болуп турганда Жахабага кайрыла аларыбызга жана ага Куткаруучубуз катары толук таяна аларыбызга ынанабыз.

«Сен менин... куткаруучумсуң»

3. а) 69-забурда Дөөтүнүн кандай өтүнүчтөрү жазылган? б) Дөөтү эмнеге бекем ишенген?

3 Алтымыш тогузунчу забурда башынан аягына чейин Дөөтүнүн Кудайдан тезирээк жардам берүүнү суранган өтүнүчтөрү жазылган (Оку: Забур 69:2—6). Ал Жахабага «кечиктирбей», «шашылыш» куткарышын жалынып-жалбарган. 2—5-аяттарда Дөөтүнүн беш өтүнүчү келтирилген. 3, 4-аяттарда аны өлтүргүсү келгендердин тийиштүү жазасын алып, уятка калтырылышын суранган. Ал эми 5-аятта Жахабаны издегендер кубанып, аны даңкташы жөнүндө тиленген. Анан забурун: «Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң»,— деген сөздөр менен аяктаган. Байкасаңар, Дөөтү Жардам берүүчүм же Куткаруучум «боло көр» деп өтүнгөн эмес. Ал ишенимдүү түрдө: «Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң»,— деп айткан. Анткени Жахабанын жардам берерине бекем ишенген.

4, 5. 69-забурдан Дөөтүнүн өзү жөнүндө эмнени биле алабыз жана эмнеге ишенсек болот?

4 Алтымыш тогузунчу забурдан Дөөтүнүн өзү жөнүндө эмнени билүүгө болот? Дөөтү, душмандары аны өлтүргүсү келгенде да, жагдайды өз алдынча чечүүгө аракеттенген эмес. Ал Жахабанын аларды өз убагы келгенде, өзү туура көргөндөй жазалаарына ишенген (1 Шем. 26:10). Ошондой эле Жахабага таянгандар жардамсыз калбаарына жана куткарыларына күмөн санаган эмес (Эвр. 11:6). Андыктан аларда шаттанууга жана башкаларга Жахабанын улуулугун жар салып, аны даңазалоого бардык негиздер бар экенин айткан (Заб. 5:12; 34:27).

5 Биз да, Дөөтүгө окшоп, Жахабанын Жардам берүүчүбүз жана Куткаруучубуз экенине толук ишенсек болот. Андыктан башыбызга кыйынчылык түшкөндө же эмне кыларыбызды билбей жатканыбызда Жахабадан тез жардам беришин сурап тиленгенибиз орундуу (Заб. 70:12). Жахаба ошондой тиленүүлөрүбүзгө кандайча жооп бериши мүмкүн? Бул суроону талкуулаардан мурун, келгиле, Жахабанын Дөөтүнү абдан кыйналып турган үч жагдайда кандайча куткарганын карап көрөлү.

Душмандардан куткарган

6. Дөөтү Жахабанын адил кишилерди куткарарын кайдан билген?

6 Дөөтү ошол учурда болгон Ыйык Жазуулардан Жахабанын адил кишилерге жардам берип келгенин билген. Алсак, Жахаба кудайсыз дүйнөгө Топон суу каптатканда, Нухту үйбүлөсү менен аман алып калган (Башт. 7:23). Ошондой эле Содом жана Амор шаарларынын бузулган тургундарын асмандан күкүрт менен от жаадырып жок кылганда, адил Лотту эки кызы менен куткарып калган (Башт. 19:12—26). Ал эми текебер фараонду жана анын аскерин Кызыл деңизге чөктүргөндө, өз элин каргашалуу өлүмдөн сактап калган (Чыг. 14:19—28). Ошондуктан Дөөтүнүн дагы бир забурунда Жахабаны куткаруу күчү үчүн даңазалаганы таң калыштуу эмес (Заб. 67:21).

7—9. а) Дөөтү Кудайдын куткарарына эмнеден улам ишенген? б) Дөөтү аман калганы үчүн кимди даңктаган?

7 Андан тышкары, Дөөтү Жахабанын өз кызматчыларын «түбөлүктүү колдору» менен коргооруна, аларды сактаарына өз тажрыйбасынан улам ынанган (Мыйз. 33:27). Себеби Кудай аны душмандардын колунан далай жолу куткарган (Заб. 17:18—20, 49). Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү.

8 Дөөтүнү согушта көрсөткөн эрдиги үчүн ысрайылдык аялдар мактап ырдаганда, Шабул падыша ага ушунчалык ичи тарыгандыктан, аны найза менен сайып салууга эки ирет аракет кылган (1 Шем. 18:6—9). Дөөтү эки жолу тең буйтап кеткен. Ал дасыккан, шамдагай жоокер болгону үчүн эле аман калганбы? Жок, аны Жахаба сактап калган. Анткени Ыйык Китепте: «Теңир аны менен эле»,— деп айтылган (Оку: 1 Шемуел 18:11—14). Кийинчерээк Шабул Дөөтүнү пелиштиликтер аркылуу өлтүрүүнү ойлонуштурган. Бирок ойлогону оңунан чыкпай калганда, «Теңирдин Дөөт менен экенине» ынанган (1 Шем. 18:17—28).

9 Дөөтү дагы бир ажалдан аман калганы үчүн кимди даңктаган? Забур 17:1де: «Теңир... Шабулдун колунан куткарып алганда... Дөөттүн Теңирге ырдаган ыры»,— деп айтылат. Ооба, ал: «Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам»,— деп Жахабаны даңктаган (Заб. 17:3). Жахабанын өз элин куткара аларын билүү биздин да ишенимибизди бекемдебейби? (Заб. 34:10).

Ооруганда күч берген

10, 11. 40-забурда жазылгандар Дөөтүнүн качан ооруганын аныктоого кандайча жардам берет?

10 Кыркынчы забурда Дөөтүнүн бир жолу катуу ооруганы тууралуу айтылат. Ал ооруп төшөктө жатканда, душмандары аны айыкпас дартка чалдыкты деп ойлошкон көрүнөт (8, 9-аяттар). Дөөтү мындай катуу ооруга качан чалдыккан? Бул забурда жазылгандар уулу Абышаломдун мыйзамсыз түрдө такка отурууга аракет кылганынан улам Дөөтүнүн катуу кайгыга баткан учуруна тиешелүү болушу мүмкүн (2 Шем. 15:6, 13, 14).

11 Мисалы, Дөөтү ишенип жүргөн досунун, бир дасторкондон даам татып жүргөн кишисинин, ага чыккынчылык кылганын айткан (10-аят). Бул анын жашоосундагы бир окуяны эске салат. Абышалом козголоң чыгарганда, Дөөтүнүн ишенимдүү кеңешчиси Акитопел ага каршы чыгып, Абышалом тарапка өтүп кеткен (2 Шем. 15:31; 16:15). Чынында эле, кайгыдан улам мүңкүрөп, төшөккө жатып калган падышага тегерегиндегилердин арам ойлорун, анын өлүмүн тилеп жатканын билүү кандай гана кыйын болгон (6-аят).

12, 13. а) Дөөтү эмнеден шектенген эмес? б) Кудай Дөөтүгө кантип күч берген көрүнөт?

12 Ошентсе да Дөөтүнүн Куткаруучусуна болгон ишеними солгундаган эмес. Ал Кудайдын оорууга чалдыккан адил кызматчысын таштабаарына ишенгендиктен: «Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат... Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың»,— деген (Заб. 40:2, 4). Бул жерде да Дөөтүнүн: «Теңир ага күч берет»,— деп ишенимдүү түрдө айтканына көңүл бурсаңар. Ооба, ал Жахабанын куткарарына кымындай да шектенген эмес. Бирок ал кандай жардам күткөн?

13 Дөөтү Жахабанын аны керемет жолу менен айыктырарын күткөн эмес. Ал анын «күч берип», кайраттандырарына ишенген. Дөөтү дал ушундай жардамга муктаж болгон. Өзү ооруп араң жатканда, душмандарынын жанга баткан сөздөрү анын абалын ого бетер оордоткон (6, 7-аяттар). Ошондо Жахаба Дөөтүгө соороторлук, бекемдээрлик ойлорду эсине салуу менен күч берген көрүнөт. Андыктан Дөөтү: «Мени болсо аман сактайсың [«актыгым үчүн колдойсуң», «ЖД»]»,— деген (13-аят). Дөөтүгө, сыягы, Жахабанын аны алдан тайып турганына, душмандарынын табалаганына карабай адил деп эсептээри жөнүндө ой жүгүртүү да күч-кубат берсе керек. Бир нече убакыттан кийин ал оорусунан айыккан. Жахабанын ооруп жаткандарга күч берерин билүү бизди да сооротпойбу? (2 Кор. 1:3).

Муктаждыктарына кам көргөн

14, 15. Эмнеден улам Дөөтү кишилери менен тамак-ашсыз калган жана аларга кандай жардам көрсөтүлгөн?

14 Ысрайылга падыша болгондо Дөөтү тамак-аштын эң жакшысынан даам татып, көптөрдү өзү менен бирге тамактанууга да чакыра турган (2 Шем. 9:10). Анткен менен анын өзөгү карарып, ичерге эч нерсеси калбай калган күндөрү да болгон. Абышалом бийликти тартып алууга аракет кылганда, Дөөтү өзүнүн кишилери менен Иерусалимден кетүүгө аргасыз болот. Алар Иордандын чыгыш тарабында жайгашкан Гилатка качып кетишет (2 Шем. 17:22, 24). Көп өтпөй качкында жүргөн Дөөтүнүн жана анын жанындагыларынын жегенге тамагы, ичкенге суусу түгөнүп, эс алууга да жай жок кыйналышат. Эми алар тамак-ашты кайдан алышмак?

15 Алар жүрүп отуруп Маханайим деген шаарга келишет. Ал жерден Шоби, Махир жана Барзелай аттуу эржүрөк кишилерге жолугат. Ал кишилер Абышаломдун катуу жазалаарын билишсе да, Кудай дайындаган падышага жардам берүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салышкан. Дөөтүнүн жана анын жанындагыларынын кейиштүү абалын көрүп, алар жууркан-төшөк, буудай, арпа, буурчак, кызыл жасмык, куурулган дан, бал, май жана кой алып келип беришкен (Оку: 2 Шемуел 17:27—29). Алардын берилгендик менен колдоо көрсөткөнүнө жана меймандостугуна Дөөтүнүн абдан ыраазы болгону шексиз. Дөөтү алардын жакшылыгын унутуп коё алат беле?

16. Дөөтүгө жана анын кишилерине чынында ким жардам берген?

16 Дөөтүгө жана анын жанындагыларына чынында ким жардам берген? Дөөтү Жахабанын өз элин калтырбаарына бекем ишенген. Арийне, Жахаба муктаж болуп турган кызматчысына жардам берүү үчүн башка кызматчыларын колдонуп коё алат. Андыктан Дөөтү Гилат жеринде ага жардам берген үч кишинин жакшылыгын Жахабанын көрсөткөн сүйүүсү деп кабыл алган. Өмүрүнүн аягында ал: «Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деп жазган (Заб. 36:25). Жахабанын өз кызматчыларын эч качан таштабаарын билүү бизди да бекемдебейби? (Накыл 10:3).

«Жахаба Өзүнө берилген адамдарды... кантип куткарууну... билет»

17. Жахаба кайра-кайра эмнени көрсөтүп келген?

17 Дөөтү Жахабанын байыркы убакта куткарган кызматчыларынын бири болгон. Кудай Дөөтүнүн күндөрүнөн бери «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну... билерин» кайра-кайра көрсөтүп келген (2 Пет. 2:9). Буга байланыштуу дагы эки мисалга токтололу.

18. Хискиянын күндөрүндө Жахаба элин кантип куткарган?

18 Биздин заманга чейин 8-кылымда ашурлуктардын күчтүү аскерлери Жүйүткө кол салып, Иерусалимге коркунуч туудурганда, Хиския падыша Жахабага: «Кудай-Теңирибиз, эми бизди... сактай көр, ошондо, Теңир, Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык падышачылыктар билишет»,— деп тиленген (Ыш. 37:20). Хискияны, биринчи кезекте, ашурлуктардын Жахабанын ысмына шек келтиргени тынчсыздандырган. Жахаба анын жалындуу тиленүүсүнө жооп берип, периштесин жиберген. Ошондо периште бир түндүн ичинде ашурлуктардын 185 000 жоокерин өлтүрүп, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын куткарган (Ыш. 37:32, 36).

19. Исанын алгачкы жолдоочулары кайсы эскертүүгө кулак кагып, аман калышкан?

19 Өлөрүнө бир нече күн калганда Иса Жүйүт аймагында жашаган шакирттерине алдыда боло турган окуялар тууралуу айткан (Оку: Лука 21:20—22). Арадан ондогон жылдар өткөн кийин, б.з. 66-жылы, жүйүттөр Римге каршы көтөрүлүш чыгарып, Рим аскерлери Иерусалимди курчоого алат. Анан Цестий Галл жетектеген аскерлер ибадаткананын дубалынын түбүн каза башташат. Бирок капысынан артка чегинип кетишет. Исанын ишенимдүү жолдоочулары муну алдын ала айтылган кыйроодон аман калуунун мүмкүнчүлүгү катары көрүп, тоого качышат. Б.з. 70-жылы Рим аскерлери кайра кайтып келишет да, Иерусалимдин таш-талканын чыгарышат. Ошентип, Исанын айткандарына кулак каккандар үрөй учурган кыйроодон аман калышат (Лк. 19:41—44).

20. Жахабанын куткарарына эмне себептен ишене алабыз?

20 Ооба, Жахабанын өз элине жардам бергени тууралуу ой жүгүртүү ишенимибизди бекемдеп, ага таянууга негиз берет. Андыктан азыр же келечекте кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, Жахабага Куткаруучубуз катары толугу менен таяна алабыз. Ал бизди кандайча куткарат? Макаланын башында сөз кылынган кишилер тууралуу эмне дешке болот? Алар жөнүндө кийинки макаладан билебиз.

Эсиңердеби?

69-забурда Жахабага ишенүүгө кандай себептер келтирилген?

Дөөтү ооруп жатканда кандайча бекемделген?

Жахабанын өз элин куткарарын кайсы мисалдардан көрүүгө болот?

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Жахаба Хискиянын тиленүүсүнө жооп берген