Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеңер «үч катталган жиптей» болсун

Никеңер «үч катталган жиптей» болсун

Никеңер «үч катталган жиптей» болсун

«Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт» (НАС. 4:12).

1. Алгачкы эркек менен аялдын никесин ким кыйган?

ЖАХАБА өсүмдүктөр менен жаныбарларды жараткан соң, биринчи эркекти — Адам атаны — жараткан. Анан аны катуу уктатып, кабыргасынан жеткилең жардамчы жаратып берген. Адам аны көргөндө: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт»,— деген (Башт. 1:27; 2:18, 21—23). Жахаба аялды — Обо энени — жаратканын туура деп тапкан. Анан экөөнүн башын бириктирип, никесин өзү кыйган соң, аларга батасын берген (Башт. 1:28; 2:24).

2. Шайтан Адам ата менен Обо эненин ортосуна кантип от койгон?

2 Тилекке каршы, арадан көп өтпөй алардын никесине кол салынган. Кандайча? Кийин Шайтан деп аталып калган каардуу рухий жаратуу Обо энени тыюу салынган дарактын жемишинен жегенге азгырган. Адам да аялына кошулуп, ал жемиштен жеген. Бул Кудайдын адил башкаруусуна жана жетекчилигине каршы чыгууга жаткан (Башт. 3:1—7). Жахаба алардан эмне кылышканын сураганда, экөөнүн ортосундагы мамиленин бузулуп калгандыгы байкалган. Адам ошондо: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим» — деп, күнөөнү өз аялына жүктөгөн (Башт. 3:11—13).

3. Айрым жүйүттөр никеге карата кандай көзкарашта болушкан?

3 Ошондон тартып Шайтан, нике түйүнүн бузуу үчүн, кылымдар бою ар кандай ыкмаларды колдонуп келген. Алсак, айрым учурларда никеге карата Ыйык Китепке негизделбеген, туура эмес көзкарашты жайылтуу үчүн диний жетекчилерди колдонгон. Кээ бир жүйүт диний жетекчилери майда-чүйдө себептерден улам, мисалы, тамактын тузу өткүл болуп калгандыгы үчүн эле ажырашууга жол беришкен. Муну менен алар Кудайдын мыйзамынын баркын кетиришкен. Бирок Иса: «Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн адам ойноштук кылган болот»,— деп баса белгилеген (Мт. 19:9).

4. Бүгүнкү күндө никенин баркталбай калганын эмнелер көрсөтүп турат?

4 Шайтан нике түйүнүн ыдыратууга дагы деле болсо күч жумшоодо. Анын бул жагынан ийигиликке жетип жатканына гомосексуализм, никеге турбаган адамдардын чогуу жашап алышы жана жубайлардын болбогон себептерден улам ажырашып кетиши далил (Оку: Эврейлер 13:4). Биз, Исанын жолдоочулары, никеге байланыштуу кеңири таралган, бурмаланган көзкараштын таасирине алдыруудан канткенде кача алабыз? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, жубайларга бактылуу болууга жана никесин бекемдөөгө эмнелер жардам берерин карап көрөлү.

Жахаба жана сенин никең

5. «Үч катталган жип» деген сөздөр никеге байланыштуу эмнени билдирет?

5 Никеде бакытка жетүү үчүн, жубайлардын Жахаба менен болгон мамилеси бекем болушу керек. Анын Сөзүндө: «Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт»,— делет (Нас. 4:12). Бул аяттагы «үч катталган жип» деген сөздөрдүн каймана мааниси бар. Ал никеге карата колдонулганда, андагы эки жип — аялы менен күйөөсүн, ал эми ошол эки жипке кошулуп эшилген үчүнчү жип Жахаба Кудайды билдирет. Кудай менен биримдикте болуу жубайларга көйгөйлөрдү көтөрүп кетүүгө зарыл болгон күч берип, никеде чыныгы бакытка жетүүгө жол ачат.

6, 7. а) Жубайлар никеси «үч катталган жиптей» болушу үчүн эмне кыла алышат? б) Бир ишенимдешибиз күйөөсүн эмне себептен баалайт?

6 Жубайлар никеси «үч катталган жиптей» болушу үчүн эмне кылса болот? Забурчу Дөөтү мындай деп ырдаган: «Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө» (Заб. 39:9). Бизге да Кудайга болгон сүйүүбүз ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууга түрткү берет. Ошондуктан жубайлар экөө тең Жахаба менен өз ара тыгыз мамиле өрчүтүп, анын эркин кубаныч менен аткарууга тийиш. Ошондой эле бири-бирине Кудайга болгон сүйүүсүн бекемдөөгө жардам бериши керек (Накыл 27:17).

7 Кудайдын мыйзамы, чынында эле, жүрөгүбүздө болсо, ишеним, үмүт жана сүйүү өрчүтө алабыз. Бул болсо нике түйүнүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт (1 Кор. 13:13). Күйөөсү экөө баш кошконуна 50 жыл болгон Сандра аттуу ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен күйөөмдүн Ыйык Китептин негизинде берген жетекчилигин, кеңештерин жана менден да Жахабаны көбүрөөк сүйөрүн баалайм». Күйөөлөр, силер жөнүндө да жубайыңар ушинтип айта алабы?

8. Никеде «жакшы сыйлыкка» жетүү үчүн эмне кылуу керек?

8 Силер, жубайлар, Падышалыктын кызыкчылыктарын жана рухий иштерди биринчи орунга коюп жатасыңарбы? Ошондой эле өмүрлүк жарыңарды Жахабага бирге кызмат кылган шеригиңер катары көрөсүңөрбү? (Башт. 2:24). Акылман Сулайман падыша: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат»,— деп жазган (Нас. 4:9). Ооба, «жакшы сыйлыкка» жетүү үчүн, башкача айтканда, Кудайдын батасы болуп эсептелген бекем сүйүүгө ээ болуп, өмүр бою чогуу жашоо үчүн, аялы-күйөөсү бардык күч-аракетин жумшоого тийиш.

9. а) Күйөөлөрдүн кандай милдети бар? б) Колосалыктар 3:19га ылайык, күйөөлөр аялына кандай мамиле кылышы керек?

9 Кудайдын талаптарын аткарууга аялы-күйөөсү экөө тең аракеттенсе, Жахаба алар менен бирге болот. Күйөөлөрдүн башкы милдети — үйбүлөсүн тыйын-тыпыр менен камсыз кылуу жана алардын рухий муктаждыгына кам көрүү (1 Тим. 5:8). Ошондой эле күйөөлөр жубайынын сезимдерине да көңүл бурууга чакырылат. Колосалыктар 3:19да: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла»,— деп айтылган. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу «каарданбагыла» деген сөздү «сөз менен кордоо, кол көтөрүү жана кам көрүүдөн, коргоодон, сүйүү көрсөтүүдөн жана жөлөк-таяк болуудан баш тартуу» деп түшүндүрөт. Демек, мындай жүрүм-турум Исанын жолун жолдогон жубайларга ылайыксыз экени айтпаса да түшүнүктүү. Күйөөсү башчылыгын сүйүү менен көрсөтсө, аялы ага даярдуулук менен баш иет.

10. Исаны жолдогон зайып кандай маанайга ээ болууга тийиш?

10 Никесинин «үч катталган жиптей» болушун каалаган зайып да Кудайдын талаптарын аткарышы керек. Элчи Пабыл: «Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга баш ийгендей баш ийишсин, анткени Машаяк жыйналыштын... башчысы болгондой эле, күйөө — аялынын башчысы»,— деп жазган (Эф. 5:22, 23). Шайтан Обону Кудайдан көзкарандысыз болуу түбөлүк бак-таалайга жеткирет деп алдаган. Ал көзкарандысыздык руху азыр да көптөгөн үйбүлөлөрдө байкалат. Бирок Кудайдан корккон зайып жолдошуна баш ийүүнү жагымсыз деп эсептебейт. Ал Жахабанын Обону күйөөсүнүн «жардамчысы» кылып жаратканын, андыктан күйөөсүнө жардамчы болуу Кудай алдында ардактуу милдет болуп эсептелерин унутпайт (Башт. 2:18). Кудайдын бул тартибине даярдуулук менен баш ийген зайып, чынында эле, күйөөсүнүн «таажысы» (Накыл 12:4).

11. Бир ишенимдешибиздин айтуусу боюнча, никенин бактылуу болушуна эмнелер шарт түзөт?

11 Нике «үч катталган жиптей» болушу үчүн, жубайлардан дагы бир нерсе — Кудайдын Сөзүн чогуу изилдөө — талап кылынат. Жубайы менен 55 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан Геральд мындай дейт: «Үйбүлөнүн бактылуу болушунда Ыйык Китепти чогуу окуп-изилдөө чоң мааниге ээ... Ошондой эле башка иштерди, айрыкча рухий иштерди, чогуу жасоо жубайларды бири-бирине жана Жахабага жакындатат». Ооба, Ыйык Китепти чогуу изилдөө үйбүлөгө Жахабанын талаптарын бек тутууга, аны менен болгон мамилесин бекемдөөгө жана рухий жактан өсүүгө жардам берет.

12, 13. а) Жубайлардын Жахабага чогуу тилениши эмне үчүн маанилүү? б) Дагы кайсы рухий иштер никенин бекем болушун шарттайт?

12 Бактылуу болгусу келген жубайлар Кудайга чогуу тиленет. Күйөөсү үйбүлөсүнүн жагдайын же муктаждыктарын эске алып, жүрөгүндөгүсүн Кудайдын «алдына төксө», нике түйүнү бекемделет (Заб. 61:9). Кудуреттүү Кудайга жетекчилик сурап кайрылган соң, жубайлардын өз ара келишпестиктерин унутушканы акылдуулукка жатат (Мт. 6:14, 15). Айтылган тиленүүгө жараша жубайлардын ар бири бири-бирине жөлөк-таяк болууга жана «көтөрүмдүү болуп», бири-бирин «айкөлдүк менен кечирүүгө» даяр болушу кандай гана орундуу (Кол. 3:13). Жубайлар тиленүү менен Кудайга таянышарын көрсөтүшөт. Дөөтү падыша: «Бардыгы Сени карап, күтүп турушат»,— деген (Заб. 144:15). Кудайга тиленип, ага үмүтүбүздү артканыбызда, тынчсыздануубуз кыйла басаңдайт, анткени анын биз үчүн «кам көрөрүн» билебиз (1 Пет. 5:7).

13 Никенин «үч катталган жиптей» бекем болушуна жыйналышка катышуу жана чогуу кабар айтуу да шарт түзөт. Жыйналыштан жубайлар Шайтандын үйбүлөлөрдү бөлүп-жаруу үчүн колдонуучу «айла-амалдарына» каршы турууга үйрөтүлөт (Эф. 6:11). Ошондой эле кабар айтуу кызматына чогуу, үзгүлтүксүз катышуу менен алар «бекем, туруктуу болууга» үйрөнүшөт (1 Кор. 15:58).

Кыйынчылыктар пайда болгондо...

14. Никеде эмнеден улам кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн?

14 Албетте, жогорудагы кеңештерди угуп эле жүргөндүрсүң. Бирок аларды жубайың менен ачык талкуулап көрсөң кандай болот? Балким, никеңердин кайсы бир жактарына өзгөчө көңүл буруу керектир? Ыйык Китепте белгиленгендей, Жахаба менен өз ара тыгыз мамиледе болгон жубайлар да «дене жагынан азап тартышат» (1 Кор. 7:28, шилтеме). Жеткилеңсиздиктен, бузулган дүйнөнүн таасиринен жана Шайтандын тузактарынан улам Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да никеде чоң кыйынчылыктарды баштан кечириши ыктымал (2 Кор. 2:11). Бирок Жахаба жубайларга туруштук берүүгө жардам берет. Ооба, анын жардамы менен биз кыйынчылык-көйгөйлөрдү жеңе алабыз. Ишенимдүү Аюб мал-мүлкүнөн, кулдарынан, атүгүл бала-бакырасынан айрылса да, Ыйык Китепте: «Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок»,— делет (Аюб 1:13—22).

15. Оор жагдайларга кабылганда жубайлардын бири эмне кылышы мүмкүн жана андайда экинчисинин эмне кылганы дурус?

15 Ошол эле учурда Аюбдун аялы ага: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл»,— деген (Аюб 2:9). Чынында, башка мүшкүл түшкөндө же кандайдыр бир оор жагдайларга кабылганда, күйүткө же тынчсызданууга алдыруу акылсыз иш жасоого түртүшү ыктымал. Муну байкаган бир акылман: «Эзүү акылманды да акылсыз иш жасоого түртүшү мүмкүн»,— деп айткан (Нас. 7:7, «ЖД»). Сенин жарың да кайсы бир — «эзүүдөн» — оор жагдайдан улам сага катуу сөз айтып алса, өзүңдү кармай билгениң дурус. Болбосо, бири-бириңерге жагдайды ого бетер кыйындата турган сөздөрдү айтып жиберишиңер мүмкүн (Оку: Забур 36:8). Ошон үчүн көңүл чөгөттүктөн же ачууга алдыргандыктан айтылган, «токтолбостон куюлган», сөздөргө маани бербе (Аюб 6:3).

16. а) Исанын Матай 7:1—5-аяттардагы сөздөрүн никеде кандайча колдонууга болот? б) Никеде теңсалмактуу болуу эмне үчүн абдан маанилүү?

16 Жубайлар бири-бирине акылга сыярлык талап коюшу абзел. Алардын бири экинчисинин кайсы бир кемчилигин байкаганда: «Мунусун калтыртпасам болбойт»,— деп ойлойттур. Албетте, сүйүү жана чыдамдуулук көрсөтсөң, жарыңа акырындык менен өзгөрүүгө жардам беришиң ыктымал. Бирок Иса башка бирөөнүн болор-болбос кемчиликтерине көңүл бура берген кишини өзүнүн көзүндөгү «дөңгөчтү» көрбөй, биртууганынын көзүндөгү «кыпынды» көргөн кишиге салыштырган. Ошон үчүн ал «мындан ары эч кимди айыптабоого» чакырган (Оку: Матай 7:1—5). Анткен менен бул олуттуу кемчиликтерге көз жумуш керек дегенди билдирбейт. Үйлөнгөнүнө 40 жылдай болуп калган Роберт: «Өзгөрүш үчүн үйбүлөдө жубайлардын бири-бири менен ачык, ичиндегисин жашырбай сүйлөшүп, жары туурасын айтса, аны кабыл алууга даяр болушу талап кылынат»,— дейт. Ошондуктан теңсалмактуу бол. Жарыңа жетишпегендей сезилген сапаттар жөнүндө ойлоно берүүнүн ордуна, анын азыр кандай жакшы сапаттары бар экенин байкап, ошолорду баалоого үйрөн (Нас. 9:9).

17, 18. Кыйынчылыктар көбөйгөндө жардам сурап кимге кайрылсак болот?

17 Жашоодо жагдай-шарттар өзгөрбөй койбойт. Маселен, балалуу болгондо, жарың же балаң катуу ооруп калганда, кары ата-энең багууга муктаж болгондо, бой жеткен балдарың үйдөн кеткенде ар кандай кыйынчылыктарга туш болушуңар мүмкүн. Же теократиялык жаңы артыкчылыктарың менен милдеттериң көп убакыт алышы ыктымал. Ушул өңдүү өзгөрүүлөр ортодогу мамилеңерге таасир этип, ар кандай тынчсызданууларды жаратышы мүмкүн.

18 Никедеги кыйынчылыктар чечилбечүдөй сезилсе, эмне кылсаңар болот? (Накыл 24:10). Багынып бербегиле! Шайтан үчүн Кудайдын кызматчысын чыныгы сыйынууну таштатуудан өтөр сүйүнүч жок. Ал эми чындыкты эки жар бирдей таштап кетсе, ал андан бетер кубанат. Андыктан никеңер үч катталган жиптей бекем болушу үчүн бардык күч аракетиңерди аябагыла. Ыйык Китепте чоң сыноолорго карабай ишенимдүү бойдон калган кишилер жөнүндө айтылган. Мисалы, Дөөтү бир жолу жүрөгүндөгүсүн Жахабага төгүп, мындай деген: «Ырайым кыл мага, Кудайым! Анткени мени жуткусу келген адам... кысымга алып жатат» (Заб. 55:2). Силер да кимдир бирөө тарабынан кысымга алындыңар беле? Андай кысым ким тарабынан келбесин, Дөөтүгө окшоп, туруштук бере аласыңар. Ал: «Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды»,— деген (Заб. 33:5).

Көптөгөн баталар

19. Канткенде Шайтандын таасирине алдырбайбыз?

19 Бул дүйнө соңуна чыгып калган азыркы убакта жубайлар мындан ары да бири-бирин «сооротуп, бекемдей берүүгө» тийиш (1 Тес. 5:11). Шайтан бизди керт башыбыз үчүн эле Жахабага берилгендик көрсөтөт деп ырастаарын эсиңерден чыгарбагыла. Ал Кудайга болгон актыгыбыздан тайдыруу үчүн колунан келгендин баарын жасайт, никени да бузууга далалат кылат. Шайтандын соккусуна туруштук берүү үчүн Жахабага толук таянышыбыз керек (Накыл 3:5, 6). Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган (Флп. 4:13).

20. Никеси «үч катталган жиптей» болсо, жубайлар кандай баталарды алышат?

20 Жубайлар Жахаба менен тыгыз мамиледе болуп, никеси «үч катталган жиптей» болсо, көптөгөн баталарды алышат. Муну жубайы менен 51 жылдан бери жашап жаткан Жоелдин айткандары тастыктайт. Ал: «Мен аялым үчүн жана экөөбүздүн бактылуу жашап жатканыбыз үчүн ар дайым Жахабага ыраазычылык билдирем. Аялым мен үчүн — мыкты жар»,— дейт. Алардын никеси эмнеден улам бекем болуп келет? «Биз бири-бирибизге боорукердик, чыдамдуулук жана сүйүү менен мамиле кылууга аракет кылабыз»,— дейт ал. Азыркы дүйнөдө эч кимибиз мындай сапаттарды жеткилең түрдө чагылдыра албасыбыз чын. Ошондуктан ыйык китептик принциптерди колдонууга жана Жахаба менен тыгыз мамиледе болууга тырышчаактык менен аракет кылалы. Ошондо никебиз оңой менен үзүлбөгөн, «үч катталган жиптей», бекем болот (Нас. 4:12).

Эсиңердеби?

Нике «үч катталган жиптей» болуш үчүн эмне кылуу зарыл?

Кыйынчылыктар пайда болгондо жубайлар эмне кылышы керек?

Никебиздин «үч катталган жиптей» экенин эмнелер көрсөтөт?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Чогуу тиленүү жубайларга кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет