Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Так билимиңди ынтызарлык менен арбыта бер

Так билимиңди ынтызарлык менен арбыта бер

Так билимиңди ынтызарлык менен арбыта бер

БИЗ, Исанын жолдоочулары, Жахабага жагууну каалайбыз. Ошондуктан ишенимибизди бекемдөөгө жана ыйык кызматыбызды жигердүүлүк менен аткарууга ынтызарбыз. Бирок Пабыл биз сак болушубуз керек болгон бир нерсени баса белгилеген. Ал тууралуу анын биринчи кылымдагы жүйүттөр жөнүндөгү айткандарынан билебиз. Пабыл: «Кудайга кызмат кылууда ынталуу болушканы менен, [алардын] ынталуулугу так билимге ылайык келбейт»,— деген (Рим. 10:2). Мындан көрүнүп тургандай, биздин ишенимибиз жана Жахабага болгон сыйынуубуз тек гана сезимдерге эмес, Жаратканыбыз жана анын эрки жөнүндөгү так билимге негизделиши керек.

Пабыл Кудайга жаккан жүрүм-турумдун билим алуудагы ынтызарлык менен тыгыз байланышта экенин көрсөткөн. Ал ишенимдештеринин «Жахабанын ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жагышы» үчүн жана «ар бир жакшы иште жемиш берип», Кудайды жана анын эркин «так таанып-биле бериши» үчүн тиленген (Кол. 1:9, 10). «Так билим» алуу эмне үчүн зарыл жана аны эмне себептен тереңдетишибиз керек?

Ишенимди бекемдөөнүн жолу

Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, ишеним Кудай жана анын эрки жөнүндөгү так билимге негизделет. Андай так билимсиз Жахабага болгон ишенимибиз ойнолуучу картадан курулган, үйлөп койсо кулап калчу үйгө окшошуп калмак. Пабыл ыйык кызматыбызды аткарууда «акыл жөндөмүбүздү» колдонуп, акылыбызды «жаңылантып» турууга үндөгөн (Рим. 12:1, 2). Антүүгө Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө жакшы жардам берет.

Польшада жашаган Ева аттуу жалпы пионер мындай деп ой бөлүшөт: «Мен Кудай Сөзүн дайыма окубасам, Жахаба жөнүндөгү так билимим чектелүү гана болмок. Ошондой эле мурунку жаман сапаттарым үстөмдүк кыла баштамак жана Кудайга болгон ишенимим солгундап, рухий жактан алсырап калмакмын». Биз мындайга эч качан жол бербейли! Келгиле анда, Жахаба жөнүндөгү билимин арттыруунун аркасында анын ырайымына ээ болгон бир кишинин мисалын карап чыгалы.

«Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!»

Ыйык Китептин ыр түрүндө жазылган 118-забурунда бир забурчунун Жахабанын мыйзамдарына, эскертүүлөрүнө, буйруктарына, осуяттарына жана өкүмдөрүнө карата кандай сезимде болгону сүрөттөлөт. Ал: «Сенин көрсөтмөлөрүң менен соороном... Сенин осуяттарың менин сооронучум»,— деп жазган. Ошондой эле: «Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном»,— деген (Заб. 118:16, 24, 47, 48, 77, 97).

«Соороном», «ойлоном» деген сөздөр Кудай Сөзү жөнүндө ой жүгүртүү же ал тууралуу ой жүгүртүүдөн ырахат алуу деген ойду берет. Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, забурчу Кудайдын мыйзамын изилдөөнү абдан жакшы көргөн. Ал тек гана сезимдерге жетектелген эмес, Жахабанын сөздөрү тууралуу ой жүгүртүп, анын мыйзамдарын түшүнүүнү абдан каалаган. Забурчунун сөздөрүнөн Кудай жөнүндө жана анын эрки жөнүндө мүмкүн болушунча так билим алгысы келгени көрүнүп турат.

Ооба, забурчунун Кудайдын Сөзүнө болгон сүйүүсү жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан. Биз: «Мен тууралуу да ушинтип айтууга болобу? Ыйык Китепти күнүгө окуудан жана изилдөөдөн ырахат аламбы? Кудай Сөзүн ынталуулук менен изилдеймби жана аны окуурдун алдында тиленемби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Бул суроолорго «ооба» деп жооп бергенибиз «Кудайды так таанып-билип» жатканыбызды көрсөтөт.

Ева мындай дейт: «Өздүк изилдөөмдүн сапатын жакшыртууга ар дайым аракет кылам. „“Жер соорусун” карагылачы“ (ор.) деген китепчени алгандан бери, аны Ыйык Китепти изилдөөдө колдонуп жатам. Зарыл болгондо „Жазманы түшүнүү“ эмгегине жана башка адабияттарга кайрылам».

Үйбүлөсүндө көп милдеттери бар Войтьех менен Малгожатаны да мисалга алалы. Алар өздүк изилдөөгө кантип убакыт табышат? «Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө ар бирибиз шартыбызга жараша убакыт табууга аракет кылабыз. Анан өздүк изилдөө маалында тапкан кызыктуу, түрткү берерлик ойлорду үйбүлөлүк изилдөө учурунда же сүйлөшүп отуруп калганда, бири-бирибизге айтып беребиз»,— дейт алар. Терең изилдөө жүргүзүү аларга көп кубаныч тартуулап, «Кудайды так таанып-билүүгө» жардам берүүдө.

Ынтызарлык менен изилде

Бизге, Исанын жолдоочуларына, Кудайдын «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаары» маалым (1 Тим. 2:3, 4). Мындан Ыйык Китепти окуунун жана окугандарыбыздын «маанисин түшүнүүгө» аракет кылуунун зарыл экени көрүнүп турат (Мт. 15:10). Ан үчүн Жазманы ынтызарлык менен изилдешибиз керек. Байыркы бероялыктар Пабылдын кабарын укканда так ушундай кылышкан. «Алар уккандарынын чын-төгүнүн текшерүү үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп, сөздү өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан» (Элч. 17:11).

Сен Ыйык Китепти кунт коюп окуу жана ынтызарлык менен изилдөө жагынан бероялыктардан үлгү алып жатасыңбы? Исанын жолдоочусу мурун окуганды жакшы көрбөсө да, бероялыктардан үлгү ала алат. Кээде жаш өткөн сайын окууга жана изилдөөгө көп көңүл бурбай калгандар да болот. Бирок Исанын чыныгы жолдоочусуна антүүгө болбойт. Жашпызбы, карыбызбы, баарыбыз андай тоскоолдуктарды жеңе алабыз. Ал эми окуп жатканда, башкалар үчүн да пайдалуу боло турган ойлорду тапканга аракет кылсак болот. Мисалы, изилдөө учурунда билген жаңы ойлорду жубайыңа же жыйналыштагы досторуңа айтып берүүнү максат кылып коюуга эмне үчүн болбосун? Ооба, изилдөөнүн аркасында башкаларга күч-кайрат берерлик ойлорду таба аласың. Ошол эле учурда өзүң да окугандарыңды жүрөгүңө сиңирип, жакшы эстеп каласың.

Изилдөө жүргүзүп жатканда «өзүнүн жүрөгүн Теңирдин мыйзамын изилдөөгө... бурган» Эзрадан да үлгү ал (Эзра 7:10). Ан үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, изилдегенге ыңгайлуу шарт түзүп ал. Андан соң жетекчилик жана акыл сурап Жахабага тилен (Жкп. 1:5). Ошондой эле: «Бүгүнкү изилдөөдөн эмнелерди билет болдум экен?» — деп ойлонуп көр. Окуп жатканда негизги ойлорго көңүл бур. Эстеп калгың келген кызыктуу ойлорду белгилеп же жазып алсаң болот. Ал маалыматты кабар айтууда, чечим чыгарууда же ишенимдештериңди бекемдөөдө кантип колдоно аларың тууралуу ойлон. Изилдөөнүн аягында окугандарыңды кыскача кайталап чык. Бул билгендериңди эстеп калууга жардам берет.

Ева: «Ыйык Китепти окуп жатканда маанилеш аяттарга көңүл бурам, ошондой эле „Күзөт Мунарасы Коомунун адабияттар индексин“ жана „Күзөт Мунарасы Коомунун электрондук китепканасын“ пайдаланам. Анан кызматта колдоно турган ойлорду жазып алам»,— дейт.

Айрымдар бир топ жылдан бери Ыйык Китепти терең изилдеп, Жахаба жөнүндөгү билимин арттырып келишет (Накыл 2:1—5). Айта кетчү нерсе, алардын деле көп жоопкерчиликтери бар. Ошондуктан изилдөөгө убакыт табуу алар үчүн оңой эмес. Убакыт табуу сага да кыйын болсо, эмне кылсаң болот?

Кантип убакыт табууга болот?

Жакшы көргөн кандайдыр бир ишти жасоого убакыт табуу оңой экенине кошулат чыгарсың. Өздүк изилдөөнү да жакшы көргөн ишке айландырыш үчүн, колдон келерлик максаттарды коюу кажет. Мисалы, Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну максат кылсаң болот. Ооба, андагы бүгүнкү жашоого эч байланышы жоктой сезилген узун санжыралар, байыркы ибадаткананын майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлүшү же татаал пайгамбарлыктар жөнүндө окуу кыйындай көрүнүшү мүмкүн. Андайда максатыңа жетүүгө жардам берерлик кадамдарды жаса. Маселен, Ыйык Китептин сага түшүнүүгө оор көрүнгөн кайсы бир бөлүгүн окуурдан мурун кошумча адабияттарга кайрылып, баяндалган окуянын кайсы жерде болгонун же иш жүзүндө колдонорлук жактарын окуп чыксаң болот. Андай маалыматтар «Бардык Жазма ишенүүгө татыктуу жана пайдалуу» деген китепчеде берилген.

Ыйык Китепти окуп жатканда өзүңдү окуя болуп жаткан жерде жүргөндөй сезүүгө аракет кыл. Ошондо каармандарды жана окуяларды жакшы элестетесиң. Ушул кеңештерди колдонуу менен изилдөөңдү кызыктуу жана пайдалуу кыла аласың. Натыйжада өздүк изилдөөгө убакыт табууга болгон каалооң өсөт. Бул Ыйык Китепти такай окууга көмөк кылат.

Жалгыз бой болсоң, бул кеңештерди колдонуу оңойдур. Ал эми үйбүлөлүү болсоңчу? Анда үйбүлөң менен чогуу отуруп, үйбүлөлүк изилдөөнүн пайдалуу жактарын талкуулап чыгууга эмне үчүн болбосун? Талкуу учурунда иш жүзүндө колдонорлук жакшы ойлор чыгышы мүмкүн. Мисалы, Ыйык Китепти окуу үчүн, күн сайын же кээ бир күндөрү бир нече мүнөткө эртерээк туруп жүрүү сунуш кылынаттыр. Же күнтартибиңерге кандайдыр бир өзгөртүүнү киргизүүнү чечеттирсиңер. Алсак, кээ бир үйбүлөлөр күндөлүк аятты талкуулоого же Ыйык Китепти окууга чогуу тамак ичкенден кийин убакыт бөлүү ыңгайлуу экенин байкашкан. Алар дасторконду жыйнаштырар же башка иштерге киришер алдында Ыйык Китепти окуп-талкуулоого 10—15 мүнөттөн убакыт бөлүшөт. Бул башында оңой эмес болушу мүмкүн. Бирок бара-бара үйбүлө мүчөлөрү ага көнүп, андан кубаныч ала башташат.

Войтьех менен Малгожата мындай дейт: «Мурун убактыбыз анча маанилүү эмес, майда-барат иштерге кетчү. Ошондуктан ойлонуп көрүп, электрондук почта аркылуу кат жазууга азыраак убакыт кетирүүнү чечтик. Ошондой эле кээ бир башка иштерибизге кеткен убактыбызды кыскартып, терең изилдөө жүргүзүүгө атайын бир күндү, белгилүү бир убакытты белгилеп койдук». Ал үйбүлө мындай чара көргөнүнө эч өкүнбөйт. Сен да үйбүлөң менен ошондой чараларды көрсөң болот.

Билимиңди арбытуунун акыбети кайтат

Кудайдын Сөзүн терең изилдөө «ар бир жакшы иште жемиш берет» (Кол. 1:10). Эгер ал сенин жашооңо да таасир тийгизсе, ийгилигиң баарына айкын болот. Ошондо Ыйык Китептеги чындык жөнүндө кеңири түшүнүккө ээ, рухий адам болосуң. Натыйжада чыгарган чечимдериң теңсалмактуу болуп, башкаларга тийиштүү түрдө жардам бере аласың. Рухий билими тайкы адамдарга мүнөздүү жаңылыштыктардан да оолак болосуң. Эң негизгиси, Жахаба менен болгон мамилең бекемделет. Ошондой эле анын касиет-сапаттарын ого бетер баалай баштайсың. Бул башкаларга ал тууралуу айтып бергениңде байкалбай койбойт (1 Тим. 4:15; Жкп. 4:8).

Жашың канчада болбосун жана канчалык тажрыйбалуу адам болбо, Кудайдын Сөзүн терең, ынтызарлык менен изилдөөдөн кубаныч алууга колуңдан келишинче аракет кыл. Жахаба сенин жасап жаткан ошол аракеттериңдин бирин да унутпайт (Эвр. 6:10). Андыктан батасын мол берет.

[13-беттеги сүрөт]

Билимибизди арбытсак...

Кудайга болгон ишенимибиз бекемделип, өзүбүздү анын ысмына татыктуу алып жүрөбүз (Кол. 1:9, 10).

Терең түшүнүккө ээ болуп, ойлонуп иш кылууга жана акылдуулук менен чечим чыгарууга үйрөнөбүз (Заб. 118:99).

Башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берүүдөн кубаныч алабыз (Мт. 28:19, 20).

[14-беттеги сүрөт]

Изилдөөгө ылайыктуу шарт түзүп алуу абзел

[15-беттеги сүрөт]

Айрым үйбүлөлөр Ыйык Китепти тамактануудан кийин окушат