Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга урмат көрсөтүүдө демилгени колго аласыңбы?

Башкаларга урмат көрсөтүүдө демилгени колго аласыңбы?

Башкаларга урмат көрсөтүүдө демилгени колго аласыңбы?

«Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (РИМ. 12:10).

1. Көптөгөн өлкөлөрдө эмне боло жүргөн нерсеге айланды?

АЙРЫМ жерлерде салт боюнча, жаш балдар улуу киши менен сүйлөшкөндө, эгер ал отурган болсо, урматтоо иретинде тизе бүгүп отурушат. Муну алар улуулардан өйдөрөөк турбаш үчүн кылышат. Ошондой эле алардын салты боюнча, жаштардын улууларга далысын салганы аларды урматтабагандыкка жатат. Урмат көрсөтүүнүн жолдору ар кайсы маданиятта ар башка болсо да, андай иш-аракеттер Мусанын мыйзамында айтылгандарды эске салат. Анда: «Аксакалдын алдында ордуңдан тур [урматтоо иретинде], карыя кишини сыйла»,— деп жазылган (Леб. 19:32). Тилекке каршы, көптөгөн жерлерде урмат-сый дегенге көп деле маани берилбей, башкаларды сыйлабагандык боло жүргөн нерсеге айланды.

2. Кудайдын Сөзүндө кимдерге урмат көрсөтүү керектиги айтылат?

2 Кудайдын Сөзүндө урмат көрсөтүүгө өзгөчө маани берилет. Ыйык Китепте Жахабаны жана Исаны урматташыбыз керектиги айтылат (Жкн. 5:23). Ошондой эле үйбүлөбүздүн мүчөлөрүнө, ишенимдештерге жана ишенимдеш эместерге урмат көрсөтүүгө чакырылабыз (Рим. 12:10; Эф. 6:1, 2; 1 Пет. 2:17). Жахабаны урматтаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Ишенимдештерибизге канткенде терең урмат көрсөтөбүз? Келгиле анда, ушул жана ага байланыштуу башка суроолорду карап чыгалы.

Жахабага жана анын ысмына урмат көрсөтүү

3. Жахабага урмат көрсөтүүнүн маанилүү бир жолу кайсы?

3 Жахабага урмат көрсөтүүнүн бир жолу — анын ысмын тийиштүү түрдө урматтоо. Биз «Кудайдын өз ысмы менен аталган» эл болгондуктан, бул биз үчүн абдан маанилүү (Элч. 15:14). Чынында эле, кудурети күчтүү Кудайдын — Жахабанын — ысмын алып жүрүү чоң сыймык! Михей пайгамбар: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз»,— деген (Мих. 4:5). «Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашаганыбызды» өзүбүздү ар дайым Жахабага жана анын ысмына даңк алып келгидей алып жүрүү менен көрсөтөбүз. Ал эми өзүбүз айткан кабарга ылайык жашабасак, Пабыл Исанын Римдеги жолдоочуларына айткандай, Кудайдын ысмына «акарат келтирилет», башкача айтканда, анын ысмы караланат (Рим. 2:21—24).

4. Жахаба тууралуу күбөлөндүрүү сыймыгына кандай карайсың?

4 Жахабаны ал тууралуу күбөлөндүрүү ишине катышуу менен да урматтайбыз. Байыркы убакта Жахаба ысрайыл элин өзүнүн күбөсү кылып тандап алган, бирок алар ал жоопкерчиликти аткарбай коюшкан (Ыш. 43:1—12). Алар Жахабага кайра-кайра каршы чыгып, «Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришкен» (Заб. 77:40, 41). Акыры, анын ырайымынан биротоло айрылышкан. Алардан айырмаланып, биз Жахаба тууралуу күбөлөндүрүү жана башкаларга анын ысмы тууралуу айтуу сыймыгын жогору баалайбыз. Анткени биз аны жакшы көрөбүз жана анын ысмынын ыйыкталышын абдан каалайбыз. Ооба, асмандагы Атабыз жана анын ой-ниеттери жөнүндөгү чындыкты билип туруп, кантип айтпай коёбуз? Биз: «Бул — менин милдетим. Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!» — деген элчи Пабылдыкындай маанайдабыз (1 Кор. 9:16).

5. Жахабага таянуу менен аны урматтоонун ортосунда кандай байланыш бар?

5 Забурчу Дөөтү: «Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир»,— деп жазган (Заб. 9:11). Жахабанын кандай Кудай экенин чындап билсек жана анын терең мааниге ээ ысмына урмат көрсөтсөк, байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларындай болуп, ага таянабыз. Жахабага таянуу жана ага ишеним артуу — аны урматтаарыбызды билдирүүнүн дагы бир жолу. Кудай Сөзүндө Жахабага таянуу менен аны урматтоонун ортосунда тыгыз байланыш бар экени көрсөтүлгөн. Маселен, байыркы ысрайыл эли Жахабага таянбай калганда, ал Мусага: «Бул эл Мени качанкыга чейин каардантат урматтабайт», «ЖД»]? Мен аларга кереметтерди көрсөткөндөн кийин да, Мага ишенбей жүрө беришеби?» — деген (Сан. 14:11). Ушул эле айтылгандарды оң мааниде карай турган болсок, мындай жыйынтыкка келүүгө болот: оор убакта Жахабанын бизди колдоп-коргооруна бекем ишенүү менен аны урматтаарыбызды көрсөтөбүз.

6. Жахабага терең урмат көрсөтүүгө бизге эмне түрткү берет?

6 Иса Жахабага болгон урматтоо сезими адамдын жүрөгүнөн чыгышы керектигин белгилеген. Ал Кудайга чын жүрөктөн сыйынбагандар тууралуу сөз кылып, Жахабанын: «Мени оозу менен урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс»,— деген сөздөрүн келтирген (Мт. 15:8). Ырас, Жахабаны терең урматтоого ага болгон сүйүү түрткү берет (1 Жкн. 5:3). Ошондой эле биз Жахабанын: «Мага урмат көрсөткөндөргө мен да урмат көрсөтөм»,— деген убадасын билебиз (1 Шем. 2:30, «ЖД»).

Аксакалдар башкаларга урмат көрсөтүшөт

7. а) Жоопкерчиликтерге ээ биртуугандар жыйналыштагыларга эмне үчүн урмат көрсөтүшү керек? б) Пабыл ишенимдештерин урматтаарын кантип көрсөткөн?

7 Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп үндөгөн (Рим. 12:10). Жоопкерчиликтерге ээ биртуугандар жыйналыштагыларга урмат көрсөтүүдө «демилгени колго алуу» жагынан үлгү болушу зарыл. Бул жагынан алар Пабылдын үлгүсүнө карманышы керек (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8). Пабыл барган жыйналыштагы биртуугандар анын башкалардан өзү кылгысы келбеген нерселерди кылууну эч качан суранбаарын билишкен. Ал ишенимдештерин урматтагандыктан, алар да аны урматташкан. Бул жагынан Пабыл эң сонун үлгү көрсөткөндүктөн, анын: «Силерден көптөн-көп өтүнөм: менден үлгү алгыла»,— деген чакырыгын көптөрдүн даярдуулук менен кабыл алганы шексиз (1 Кор. 4:16).

8. а) Иса шакирттерин урматтаарын кандайча көрсөткөн? б) Көзөмөлчүлөр Исаны кантип туурай алышат?

8 Жоопкерчиликтерге ээ биртууган берген көрсөтмөлөрүнүн же кеңештеринин себебин түшүндүрүү менен да башкаларга урмат көрсөтөт. Ушундай кылуу менен ал Исаны туураган болот. Алсак, Иса шакирттерин Кудайдан оруп-жыюу ишине көп жумушчуларды жиберишин сурап тиленүүгө чакырганда, анын себебин түшүндүрүп берген. Ал: «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деп айткан (Мт. 9:37, 38). Ошондой эле аларга «сергек болуу» керектигин айтканда, анын себебин түшүндүрүп: «Анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер»,— деген (Мт. 24:42). Адатта, Иса шакирттерине эмне кылуу керектигин эле эмес, аны эмне себептен кылуу керектигин да айтчу. Ошентүү менен ал шакирттерин урматтаарын, алардын кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн. Жыйналыштын көзөмөлчүлөрү үчүн ал кандай сонун үлгү калтырган!

Жыйналышты урматтап, берилген жетекчиликти кабыл алуу

9. Бүткүл дүйнөлүк жыйналыштарга жана анын өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү менен кимди урматтаган болобуз? Түшүндүр.

9 Жахабаны урматтоо Исанын жолдоочуларынын бүткүл дүйнөлүк жыйналышын жана анын өкүлдөрүн урматтоону да билдирет. Алсак, ишенимдүү жана акылдуу кул тобунун Жазманын негизинде берген кеңештерине кулак кагуу менен Жахабанын уюмуна урмат көрсөткөн болобуз. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышында айрымдар дайындалган биртуугандарга урмат-сый көрсөтпөгөндүктөн, элчи Жакан аларга катуу эскертүү берүү керектигин айткан (Оку: 3 Жакан 9—11). Жакандын сөзүнөн көрүнүп тургандай, алар көзөмөлчүлөрдүн өздөрүнө эле эмес, алардын окутканына да, көрсөтмөлөрүнө да каршы чыгышкан. Бирок баары эле анткен эмес: элчилердин көзү тирүү кезинде көпчүлүгү жетекчиликти колго алгандарды терең урматташкан (Флп. 2:12).

10, 11. Жыйналышта айрымдарга башчылык кылууга жол берилерин Жазманын негизинде түшүндүр.

10 Кээ бирөөлөр Исанын: «Силер болсо биртуугансыңар»,— деген сөздөрүнө таянып, жыйналышта башчылык кылуу деген болбошу керек деп ырасташат (Мт. 23:8). Бирок Эврей жана Грек Жазмаларында Кудайдын айрым эркектерди жетекчилик кылууга дайындаганын көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Жахабанын өз элине жердеги өкүлдөрү аркылуу жетекчилик бергенин байыркы ысрайыл элиндеги уруу башчылардын, башкаруучулардын жана падышалардын тарыхы тастыктап турат. Жахаба андай өкүлдөргө тийиштүү түрдө урмат көрсөтпөгөндөрдү жоопко тартчу (2 Пад. 1:2—17; 2:19, 23, 24).

11 Ошо сыяктуу эле, Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары да элчилерге баш ийишкен (Элч. 2:42). Мисалы, Пабыл ишенимдештерине көрсөтмөлөрдү берген (1 Кор. 16:1; 1 Тес. 4:2). Анткен менен ал өзү да баш ийиши керек болгон биртуугандардын жетекчилигин даярдуулук менен кабыл алган (Элч. 15:22; Гал. 2:9, 10). Ооба, ал жыйналыштагы башчылыкка карата туура көзкарашта болгон.

12. Жазмадагы мисалдардан жыйналыштагы башчылыкка байланыштуу кайсы эки нерсени биле алабыз?

12 Жогорудагы мисалдардан эки нерсени билүүгө болот. Биринчиден, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» өзүнүн өкүлү, Жетектөөчү Кеңеши, аркылуу айрым биртуугандарды кандайдыр бир жоопкерчиликтерге дайындаганы жана андай биртуугандардын дайындалган башка биртуугандарга көзөмөлдүк кылганы Жазмага негизделет (Мт. 24:45—47; 1 Пет. 5:1—3). Экинчиден, баарыбыз, анын ичинде дайындалган биртуугандар да көзөмөлдүк кылгандарды урматтоого тийишпиз. Анда бүткүл дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда көзөмөлдүк кылган биртуугандарды урматтаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

Кыдыруучу көзөмөлчүлөргө урмат көрсөтүү

13. Жыйналыштын өкүлдөрүн урматтаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

13 Пабыл: «Биртуугандар, силерден суранарыбыз, араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды, Мырзабыздын ишинде силерди жетектеп, насааттап жаткандарды сыйлагыла. Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө урматтагыла, сүйгүлө. Бири-бириңер менен тынчтыкта болгула»,— деп айткан (1 Тес. 5:12, 13). «Талыкпай эмгектенип жаткандарга» кыдыруучу көзөмөлчүлөр да кирет. Андыктан, келгиле, аларга «өзгөчө урмат» көрсөтөлү. Мунун бир жолу — алардын кеңешин чын жүрөктөн кабыл алуу. Кыдыруучу көзөмөлчү ишенимдүү жана акылдуу кулдун көрсөтмөлөрүн айтканда, «жогорудан келген акылмандык» бизге ал көрсөтмөлөргө даярдуулук менен «баш ийүүгө» түрткү берет (Жкп. 3:17).

14. Кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз жана анын натыйжасы кандай болот?

14 Бирок кыдыруучу көзөмөлчү кайсы бир нерсени биз көнгөндөн башкача жасоого байланыштуу көрсөтмө берсечи? Андайда ага урмат көрсөтсөк, «биз мындай кылчу эмеспиз» же «башка жактарда ошондой болушу мүмкүн, бирок бул биздин жыйналышка ылайык келбейт» деген сыяктуу ой-пикирден качабыз. Тескерисинче, анын айткандарын аткарууга умтулабыз. Жыйналыш Жахабаныкы экенин жана жыйналыштын Башчысы Иса экенин эстен чыгарбоо да берилген көрсөтмөгө ылайык иш кылууга түрткү берет. Жыйналыштагылар кыдыруучу көзөмөлчүнүн кеңешин кубаныч менен кабыл алып, колдонушса, аны чын жүрөктөн урматтаарын далилдешет. Исанын Корунттагы жолдоочулары жыйналышына барган Тит аттуу аксакалды урмат-сый менен кабыл алып, анын кеңештерине кулак кагышкан жана тил алчаактык көрсөтүшкөн жана бул үчүн элчи Пабыл аларды мактаган (2 Кор. 7:13—16). Ошо сыяктуу эле, биз да кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн даярдуулук менен кабыл алсак, кабар айтуу кызматыбыздан кубаныч алабыз (Оку: 2 Корунттуктар 13:11).

«Бардык адамдарды урматтагыла»

15. Ишенимдештерибизге кандайча урмат көрсөтсөк болот?

15 Пабыл: «Улуу кишини катуу жемелебе. Аны атаңдай, жаштарды биртуугандарыңдай, улуураак аялдарды энеңдей, кыз-келиндерди эже-карындаштарыңдай көрүп, бийик адеп-ахлактуулук менен насаатта. Багар-көрөрү жок жесирлерди сыйла»,— деген (1 Тим. 5:1—3). Ооба, Кудай Сөзү бизди жыйналыштын ар бир мүчөсүнө урмат-сый менен мамиле кылууга үндөйт. Бирок ишенимдешибиздин кайсы бир жактары жакпасачы? Аны бизге жакпаган жагы үчүн эле сыйлабай коёбузбу? Же анын жакшы сапаттарына көңүл буруп, көзкарашыбызды өзгөртүүгө умтулабызбы? Бул, өзгөчө, аксакалдар үчүн маанилүү. Алар оторго «үстөмдүк кылбай», башкаларга ар дайым урмат-сый менен мамиле кылышы керек (1 Пет. 5:3). Ырас, чыныгы сүйүүсү менен айырмаланган Исанын жолдоочуларынын жыйналышында бири-бирине урмат көрсөтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар (Оку: Жакан 13:34, 35).

16, 17. а) Кабар айткандарга эле эмес, каршы чыккандарга да урмат көрсөтүү эмне үчүн маанилүү? б) «Бардык адамдарды» кандайча урматтайбыз?

16 Албетте, биз жыйналыштагыларга урмат көрсөтүү менен эле чектелбейбиз. Биз Пабылдын: «Мүмкүнчүлүк барда, баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы»,— деген чакырыгына ылайык иш кылууга аракеттенебиз (Гал. 6:10). Бирок чогуу иштегендер же чогуу окугандар бизге жаман мамиле кылганда, бул принципти колдонуу оңойго турбашы мүмкүн. Андайда: «Зулумдарга ачууланба, мыйзамсыз иш кылгандарга суктанба»,— деген сөздөрдү эстегенибиз оң (Заб. 36:1). Бул кеңеш каршы чыккандарга да урмат көрсөтүүгө жардам берет. Андыктан момун болсок, кызматта жолуктургандардын баарына «жумшактык жана терең урмат-сый менен» мамиле кылабыз (1 Пет. 3:15). Ошондой эле сырткы көрүнүшүбүз менен, кийген кийимибиз менен да кабар айткан адамдарды сыйлаарыбызды көрсөтө алабыз.

17 Ооба, ишенимдештер же ишенимдеш эместер менен мамилелешкенде: «Бардык адамдарды урматтагыла, биртуугандарыңардын баарын сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышага урмат көрсөткүлө»,— деген кеңешти колдонууга умтулабыз (1 Пет. 2:17).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага...

• аксакалдарга жана кыдыруучу көзөмөлчүлөргө...

• жыйналыштын ар бир мүчөсүнө...

• кызматта жолуктурган адамдарга...

кантип урмат көрсөтөбүз?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары жетектөөчү кеңеш дайындаган көзөмөлчүлөрдү урматташкан

[24-беттеги сүрөт]

Аксакалдар Жетектөөчү Кеңеш тарабынан дайындалган кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү урматташат

[24-беттеги сүрөт]