Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул — чынында эле, Кудайдын эң ыйык жана улуу ысмы»

«Бул — чынында эле, Кудайдын эң ыйык жана улуу ысмы»

«Бул — чынында эле, Кудайдын эң ыйык жана улуу ысмы»

Бул сөздөрдү Куса Николас 1430-жылы үгүт сөзүндө айткан *. Николас көп нерсеге кызыгып, грек, эврей тилдерин жана философия, теология, математика, астрономия илимдерин изилдеген. 22 жашында ал Рим-католик чиркөө мыйзамынын доктору деген наамга ээ болгон. Ал эми 1448-жылы кардинал болуп дайындалган.

Мындан 550 жылдай мурун Куса Николас Куес (азыркы Бернкател-Куес) шаарында карылар үйүн ачкан. Ал шаар Германиянын Бонн деген шаарынан 130 километр түштүк тарапта жайгашкан. Ал имаратта учурда Куса китепканасы орун алган. Анда 310дон ашуун колжазма сакталуу. Ал колжазмалардын биринде — Кузанский кодексинде (220) — Николастын 1430-жылы айткан үгүт сөзү бар. Ошол In principio erat verbum («Башында Сөз болгон») деген үгүт сөзүндө ал Кудайдын ысмынын Иехоуа деген латынча айтылышын колдонгон *. Кодекстин 56-бетинде Кудайдын ысмына байланыштуу: «Ал ысымды Кудай өзү айткан. Ал тетраграмматондон, б.а. төрт тамгадан турат... Бул — чынында эле, Кудайдын эң ыйык жана улуу ысмы»,— деп жазылган. Куса Николастын бул айткандары Кудайдын ысмынын Эврей Жазмаларынын түпнускасында кездешкенин дагы бир ирет ырастайт (Чыг. 6:3).

Кудайдын ысмынын тетраграмматону «Иехоуа» деп чечмеленген, 15-кылымдын башына таандык ал кодекс биздин күндөргө чейин сакталып калган эң эски иш кагаздардын бири болуп эсептелет. Жазуу түрүндөгү бул далил Кудайдын ысмынын «Жахаба» дегенге жакын түрлөрү кылымдар бою колдонулуп келгенин көрсөтөт.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Куса Николас Николай Кребс, Николай Кузанский деген аттар менен да таанылып калган. Германиядагы Куес деген шаарда төрөлгөндүктөн, ал Николас фон Куес деген да атка конгон.

^ 3-абз. Бул үгүт сөз Троицаны — үчилтикти — жактоо максатында айтылган.

[16-беттеги сүрөт]

Куса китепканасы