Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын «каректери» баарын сынайт

Жахабанын «каректери» баарын сынайт

Жахабанын «каректери» баарын сынайт

«Анын... [Жахабанын] каректери аларды [адамдарды] сынап турат» (ЗАБ. 10:4).

1. Кандай кишилер менен жакын мамиледе болгубуз келет?

СЕН, адатта, чын жүрөктөн кызыгуу көрсөткөн кишилерге карата кандай сезимде болосуң? Алардын оюн билгиң келсе, алар ичиндегисин жашырбай, чын ниеттен айтып беришет. Жардам сурасаң, даярдуулук менен жардам беришет. Кеңешке муктаж болсоң, сүйүү менен акылын айтышат (Заб. 140:5; Гал. 6:1). Андай кишилер менен жакын мамиледе болгуң келбейби? Ошол сыяктуу эле, Жахаба менен анын Уулу сага чын ниеттен кызыкдар. Чынында, бул жагынан аларга эч ким тең келе албайт, себеби алар эч качан өз кызыкчылыгын көздөшпөйт. Кайра, бизге «чыныгы жашоого бекем карманууга» көмөктөшүүнү каалашат (1 Тим. 6:19; Аян 3:19).

2. Жахаба кызматчыларына канчалык деңгээлде кызыгуу көрсөтөт?

2 Дөөтү: «Теңир Өзүнүн ыйык ийбадатканасында, Теңир асмандагы тактысында. Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат»,— деген (Заб. 10:4). Анын бул сөздөрүнөн Жахабанын бизге канчалык терең кызыгуу көрсөтөрүн байкоого болот. Көңүл бурсаң, Кудай бизди жөн эле карап турбайт, сынап турат. Дөөтү: «Сен менин жүрөгүмдү сынадың, мага түн ичинде келдиң, мени сынадың, бирок эч нерсе тапкан жоксуң»,— деп да жазган (Заб. 16:3). Ал Жахабанын ага чын ниеттен кызыгарын билген. Ошондой эле туура эмес ойлорду өрчүтүп, караниеттик кылса, Жахабаны капалантып, анын жүрөгүн оорутарын түшүнгөн. Жахаба сен үчүн да тирүү Кудайбы?

Жахаба жүрөгүбүздү көрүп турат

3. Биздин жеткилеңсиздигибизге Жахабанын теңсалмактуу караарын кайсы мисалдар айгинелейт?

3 Жахаба, баарынан мурда, жүрөгүбүзгө — ички дүйнөбүзгө — карайт (Заб. 18:15; 25:2). Ал бизге болгон сүйүүсүнөн улам майда-чүйдө каталарыбызга көңүл бура бербейт. Мисалы, Ыбрайымдын аялы Саара адам кейпин кийип келген периштеге чынын айтпай койгондо, периште анын коркконунан жана уялганынан улам калп айтып жибергенин байкаган көрүнөт. Ошондуктан ал Саараны жумшактык менен тууралап койгон (Башт. 18:12—15). Ошондой эле Аюбдун «өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептеген» учуру болсо да, Жахаба ага батасын бербей койгон эмес. Себеби анын Шайтандын колунан катуу запкы жегендиктен ошентип жатканын билген (Аюб 32:2; 42:12). Жахаба сарепаттык жесир аялдын Элиша пайгамбарга оюн ачык айтканын да айып көргөн эмес. Анткени анын, жалгыз уулунан айрылып, күйүткө баткандыктан, ошондой сөздөрдү айтканын түшүнгөн (1 Пад. 17:8—24).

4, 5. Жахаба Абы-Мелекке кандайча ырайым көрсөткөн?

4 Жахаба адамдын жүрөгүн «сынап» тургандыктан, өзүнө кызмат кылбагандарга да түшүнүү менен мамиле жасайт. Мисалга пелиштиликтердин Герар шаарынын падышасы Абы-Мелек менен болгон окуяны алалы. Абы-Мелек Ыбрайым менен Сааранын аялы-күйөөсү экенин билбегендиктен, Саараны аялдыкка алууну чечип, өз үйүнө алдырткан. Бирок ал Саарага жакындай электе, Жахаба ага түш аркылуу мындай дейт: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым. Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал — пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың» (Башт. 20:1—7).

5 Албетте, жалган кудайларга сыйынып жүргөн Абы-Мелекти Жахаба катуу жазага тартып коё алмак. Бирок Кудай анын Саараны таза ниет менен алдырганын эске алган. Ошондуктан ага канткенде кечирилип, «тирүү каларын» айткан. Сенин ушундай Кудайга сыйынгың келбейби?

6. Иса Атасынан кандай үлгү алган?

6 Иса Атасынан үлгү алып, шакирттеринин жакшы жактарына көңүл бурган жана алардын каталарын чын ниеттен кечирген (Мр. 10:35—45; 14:66—72; Лк. 22:31, 32; Жкн. 15:15). Анын маанайын Жакан 3:17деги: «Кудай өз Уулун дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн жиберген»,— деген сөздөрүнөн байкоого болот. Ооба, Жахабанын жана Исанын бизге карата болгон сүйүүсү ары терең, ары туруктуу. Бул алардын бизге түбөлүк өмүр берүүнү каалаганынан көрүнүп турат (Аюб 14:15). Ошол сүйүүсүн эске алганда, Жахабанын бизди эмне себептен сынаары, бизге кандай көзкарашта экени жана сынаганда байкагандарынын негизинде кандай иш-аракет кылары түшүнүктүү болот (Оку: 1 Жакан 4:8, 19).

Сүйүүнүн негизинде «сынап турат»

7. Жахаба бизди кандай ниет менен «сынап турат»?

7 Жахабаны качан болсун аңдып турган, күнөө жасап жаткан жерибизден кармап калгысы келген бирөөдөй элестетүү кандай гана жаңылыштык болор эле! Чынында, ал эмес, Шайтан кынтык издеп, аңдып турат (Аян 12:10). Ал жок жерден эле жалаа жабууга маш (Аюб 1:9—11; 2:4, 5). Ал эми Кудай жөнүндө забурчу мындай деген: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» (Заб. 129:3). Албетте, эч ким (Нас. 7:20). Жахаба бизди, балдарын ар кандай жамандыктан коргогусу келген камкор атадай болуп, мээримдүүлүк жана боорукердик менен карап турат. Өзүбүзгө зыян келтирип албашыбыз үчүн, ал бизге жеткилеңсиз экенибизди жана алсыздыкка алдырып коюшубуз мүмкүн экенин эскертип, коргоп турат (Заб. 102:10—14; Мт. 26:41).

8. Жахаба кызматчыларын кандай жолдор менен окутуп-үйрөтөт жана тарбиялайт?

8 Кудай бизди Ыйык Китеп аркылуу, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» даярдап берип жаткан адабияттар аркылуу окутуп-үйрөтүү жана тарбиялоо менен сүйүүсүн көрсөтүүдө (Мт. 24:45; Эвр. 12:5, 6). Андан тышкары, жыйналыштар менен «адам түрүндөгү белектер» аркылуу да жардам берүүдө (Эф. 4:8). Ошондой эле ал аталык насаатына биздин кандай жооп кайтарып жатканыбызга көз салып, андан ары да жардам берүүнүн жолдорун издейт. Забур 31:8де: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм. Менин көзүм сенин үстүңдө»,— делет. Ошол себептүү Жахабанын айткандарына ар дайым кулак кагуу маанилүү. Биз Кудайдын Окутуучубуз жана Атабыз экенин түшүнүп, анын алдында момун болушубуз керек (Оку: Матай 18:4).

9. Биз эмнелерден качышыбыз керек жана эмне үчүн?

9 Биз текебердиктен, ишенимдин жоктугунан жана «күнөөгө азгырылуудан» улам жүрөгүбүздүн таш болуп калышына жол бербейли (Эвр. 3:13; Жкп. 4:6). Мунун баарына көбүнесе терс ойлор, ыпылас каалоолор себеп болот. Андай ойлорду жана каалоолорду өрчүткөндөр Ыйык Китептеги ачык-айкын кеңештерди четке какканга чейин барышы мүмкүн. Андан да жаманы, өзүнүн терс маанайынан жана жаман иштеринен кайтпагандыктан, Кудайдын да душманы болуп калышы ыктымал. Бул өтө коркунучтуу! (Накыл 1:22—31). Келгиле анда, Адам ата менен Обо эненин тун уулу Кабыл менен болгон окуяны карап көрөлү.

Жахаба баарын көрүп турат жана ошого жараша иш кылат

10. Жахаба Кабылдын тартуусун эмне үчүн кабыл алган эмес жана Кабылга бул кандай таасир эткен?

10 Кабыл менен Абыл тартуу алып келгенде, Жахаба алардын тартуусуна эле эмес, ниеттерине да көңүл бурган. Натыйжада Кудай Абылдын ишеним менен алып келген тартуусун кабыл алган. Ал эми Кабылдын чала ишеним менен алып келген тартуусун кабыл алган эмес (Башт. 4:4, 5; Эвр. 11:4). Мындан сабак алып, маанайын өзгөрткөндүн ордуна, Кабыл биртууганына болгон жек көрүүсүн барган сайын күчөтө берген (Башт. 4:6).

11. Кабылдын жүрөгүнүн бузук экени эмнеден көрүнгөн жана андан биз кандай сабак алабыз?

11 Жахаба жагдайдын курчуп баратканын көрүп, Кабылга, эгер ал туура иш кылса, маанайы жарык болмок экенин жумшактык менен айткан. Тилекке каршы, Кабыл Жараткандын айтканына кулак какпай, биртууганын өлтүрүүгө барган. Кабылдын жүрөгүнүн канчалык бузук экени көп өтпөй анын жообунан да байкалган. Кудай андан: «Бир тууганың Абыл кайда?» — деп сураганда, ал: «Билбейм, мен эмне, бир тууганыма кароолчу белем?» — деп орой жооп берген (Башт. 4:7—9). Мындан адамдын жүрөгү Кудайдын ачык-айкын кеңештерин барк албай калганчалык бузук, анткор болушу мүмкүн экени көрүнүп турат (Жер. 17:9). Келгиле анда, мындай окуялардан сабак алып, жаман ойлорду, ыпылас каалоолорду дароо четке кагалы (Оку: Жакып 1:14, 15). Ыйык Китептеги кеңештерди Жахабанын бизге сүйүүсүнөн улам бергенин унутпайлы жана аларды баалап-барктайлы.

Күнөөнү Кудайдан жашыра албайбыз

12. Жахаба күнөөгө кандай карайт?

12 Айрымдар: «Күнөө кылганымды эч ким көрбөсө, ал ошол бойдон билинбей калат»,— деп ойлошу мүмкүн (Заб. 18:13). Бирок кыңыр иш кырк жылда билинет. Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын «көз алдында баары ачык-айкын. Биз анын алдында жооп беребиз» (Эвр. 4:13). Жахаба — жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жаткан ой-ниеттерибизди сынаган Сот. Кудай биздин күнөөлөрүбүздү чыныгы адилеттүүлүк менен таразалайт. Ал «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү». Бирок өкүнбөгөндөрдү, «атайлап күнөө кыла берген» митаам, арамза адамдарды «жазасыз калтырбайт» (Чыг. 34:6, 7; Эвр. 10:26). Муну Ахан, Анания жана Сафира менен болгон окуядан көрүүгө болот.

13. Туура эмес ой жүгүртүүнүн аркасында Ахан кандай күнөө жасаган?

13 Ахан Кудайдын буйругуна билип туруп баш ийбей, Жериходон чаап алынган олжодон уурдап, чатырына катып коёт. Муну ал үйбүлөсү менен чогуу кылса керек. Чынында, ал жасаган ишинин олуттуу күнөө экенин билген. Ошондуктан айыбы ачыкка чыкканда: «Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында күнөөгө баттым»,— деген (Жаш. 7:20). Ахандын жүрөгү да, Кабылдыкындай болуп, бара-бара бузулган. Анын уурулук кылышынын негизги себеби ачкөздүк болгон. Ошондон улам ал кылган ишин да жаап-жашырып, анткорлонгон. Жериходон чабылган олжо Жахабага таандык болгондуктан, Ахан, чын-чынында, Жахабаныкын уурдап алган. Натыйжада ал үйбүлөсү менен өлүм жазасына тартылган (Жаш. 7:25).

14, 15. Анания менен Сафира эмне үчүн Кудайдын каарына калган жана андан биз кандай сабак алабыз?

14 Ал эми Анания менен Сафира Исанын Иерусалимдеги алгачкы жолдоочуларынан болушкан. Иерусалимге алыстан келип, ал жерде убактылуу жүрүшкөн, ишенимди жаңы кабыл алган адамдарды зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин жыйналыш тарабынан жалпы казына уюштурулат. Казынага ыктыярдуу тартуулар түшчү. Анания менчик жерин сатып, түшкөн акчанын бир бөлүгүн казынага алып келет. Бирок ал, аялы менен кеңешкен соң, акчанын баарын алып келдим деп калп айтат. Муну менен алардын жыйналышта кадыр-баркка ээ болгусу келгени шексиз. Бул анткорлукка жаткан. Андыктан Жахаба Петирге керемет жолу менен алардын калпын ачып берген. Ошондо Петир Ананияга кайрылып, анын калпын бетине айтканда, ал мүрт кетет. Анын аркасынан аялы да өлөт (Элч. 5:1—11).

15 Анания менен Сафира адамдык алсыздыкка алдырып, күтүлбөгөн жерден эле күнөө жасап жиберишкен эмес. Алар бардыгын алдын ала ойлонуштуруп жасашкан. Эң коркунучтуусу, экөө элчилерге эле эмес, Кудайга жана «ыйык рухка калп айтышкан». Жахабанын буга кандай жооп кайтарганынан анын жыйналышты эки жүздүүлүктөн коргоого даяр экенин айкын көрүүгө болот. Ооба, «тирүү Кудайдын колуна түшүү коркунучтуу»! (Эвр. 10:31).

Актыгыңды бардык учурда сакта

16. а) Кудайдын элин бузуу үчүн Шайтан эмне кылууда? б) Сен жашаган жакта, элди бузуу үчүн, Шайтан кандай ыкмаларды колдонот?

16 Шайтан бизди бузуу үчүн жана Жахабанын ырайымынан айрылтуу үчүн, колунан келгендин баарын жасоодо (Аян 12:12, 17). Шайтандын бузуку ой-ниеттерин адеп-ахлаксыздыкка жана зордук-зомбулукка толгон азыркы дүйнө чагылдырат. Бүгүнкү күндө компьютер же дагы башка техникалык шаймандар порнографияга оңой эле жол ачат. Бирок биз Шайтандын андай азгырыктарына эч качан алдырбайлы. Тескерисинче: «Күнөөсүз жол жөнүндө ой жүгүртөм... Мен өз үйүмдө жүрөгүмдүн тазалыгы менен жүрөм»,— деген Дөөтүдөй бололу (Заб. 100:2).

17. а) Жахаба жашыруун күнөөлөрдү эмне себептен ачыкка чыгарат? б) Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

17 Жахаба биздин учурда олуттуу күнөөнү жана эки жүздүү жүрүм-турумду, байыркы замандагыдай, керемет жолу менен ачыкка чыгарбайт. Бирок ал баарын көрүп турат. Ошондуктан өз учуру келгенде, өзү каалагандай жол менен бардык кылмыштын бетин ачат. Пабыл: «Кээ бирөөлөрдүн күнөөлөрү баарына белгилүү жана алар дароо эле айыпталат, ал эми башкалардын күнөөлөрү кийинчерээк билинет»,— деген (1 Тим. 5:24). Жахаба сүйүүсүнөн улам жаман иштерди ачыкка чыгарат. Ал жыйналышты жакшы көргөндүктөн, аны таза сактоого кызыкдар. Андан тышкары, адам күнөө жасап алып, бирок чын дилден өкүнсө, Кудай ага ырайым көрсөтөт (Накыл 28:13). Андыктан Кудайга бүт жүрөгүбүз менен берилгендигибизди сактап, бардык терс таасирлерди четке кагалы.

Бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

18. Дөөтү уулунун эмнени баалашын каалаган?

18 Дөөтү падыша өз уулу Сулайманга: «Атаңдын Кудайын бил, ага чын жүрөгүңдөн, жан-дилиңден кызмат кыл, анткени Теңир бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат»,— деп насаат айткан (1 Жылн. 28:9). Бул аяттан көрүнүп тургандай, Дөөтү уулунун Кудайга жөн гана ишенип эле коюшун эмес, Кудайдын өз кызматчыларына көрсөткөн терең кызыгуусун баалай билишин каалаган. Аны сен да баалайсыңбы?

19, 20. Забур 18:8—12-аяттарга ылайык, Дөөтүгө Жахабага жакындоого эмне жардам берген жана биз андан кандай үлгү ала алабыз?

19 Ниети таза адамдар Жахабанын касиет-сапаттарын билгенде, ага тартылып, аны менен жакын мамиле өрчүткүсү келет. Муну Жахаба жакшы билет. Демек, ал биздин өзү жөнүндө билим алышыбызды жана анын кереметтүү сапаттарын билишибизди каалайт. Ан үчүн эмне кылышыбыз зарыл? Кудайдын Сөзүн изилдеп, анын батасын алууга умтулушубуз керек (Накыл 10:22; Жкн. 14:9).

20 Сен Ыйык Китепти баалап, күн сайын окуйсуңбу? Андан билгендериңди жашоодо колдонуу үчүн Жахабага жардам сурап тиленесиңби? Ыйык Китептин талаптарына ылайык жашоонун пайда алып келерин көрүп жатасыңбы? (Оку: Забур 18:8—12). Бул суроолорго «ооба» деп жооп берсең, анда Жахабага болгон ишенимиң менен сүйүүңдүн мындан ары да өсөрү шексиз. Ал эми Жахаба сага абдан жакындап, «сени колуңдан кармап жүрөт» (Ыш. 42:6; Жкп. 4:8). Ооба, Жахаба сага батасын берип, сүйүүсүн көрсөтөт жана өмүргө алып баруучу жолдон чыкпашың үчүн, рухий жактан коргойт (Заб. 90:1, 2; Мт. 7:13, 14).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахаба бизди кандай максатта сынайт?

• Айрымдар эмне себептен Кудайдын душманы болуп калышкан?

• Жахабанын баарын көрүп турганына ишенерибиз эмнеден көрүнөт?

• Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Жахаба бизди кимге окшоп карап турат?

[5-беттеги сүрөт]

Анания менен болгон окуядан кандай сабак алабыз?

[6-беттеги сүрөт]

Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууга эмне жардам берет?