Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба бизге кам көргөндүктөн, карап турат

Жахаба бизге кам көргөндүктөн, карап турат

Жахаба бизге кам көргөндүктөн, карап турат

«Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 ЖЫЛН. 16:9).

1. Жахаба бизди кандай максат менен сынайт?

ЖАХАБА — жеткилең Ата. Ошон үчүн ал бизди абдан жакшы билет. Ага атүгүл «эмне ойлогонубуз» да маалым (1 Жылн. 28:9). Бирок ички дүйнөбүздү көрүп турса да, ал бизден кандайдыр бир кемчилик издебейт (Заб. 10:4; 129:3). Тескерисинче, бизди сүйгөндүктөн, аны менен болгон мамилебизге зыян келтире турган же түбөлүк өмүр алышыбызга тоскоолдук кыла турган ар кандай жаман ой-ниеттерден коргойт (Заб. 24:8—10, 12, 13).

2. Жахаба күчүн кандай адамдардын пайдасы үчүн колдонот?

2 Жахаба чексиз кудуреттүү жана баарын көрүп турат. Ошол себептүү, берилген кызматчылары жардам сураганда, ал аларга ар дайым жардамга келип, жөлөк-таяк болот. «Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат»,— делет 2 Жылнаама 16:9да. Көңүл бурсаң, Жахаба өзүнүн күчүн ага «жүрөгүн толугу менен бергендердин», башкача айтканда, жүрөгү таза, ниети ак адамдардын пайдасы үчүн колдонот. Ал эми митаам, арамза адамдарга колдоо көрсөтпөйт (Жаш. 7:1, 20, 21, 25; Накыл 1:23—33).

Кудай менен бирге жүр

3, 4. Кудай менен бирге жүрүү деген эмнени билдирет жана Ыйык Китептен буга карата эмнени биле алабыз?

3 Көптөр кең ааламды жараткан Кудай менен бирге жүрүү мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок Жахаба биздин аны менен бирге жүрүшүбүздү каалайт. Мисалы, байыркы замандарда Энох менен Нух Кудай менен бирге жүрүшкөн (Башт. 5:24; 6:9). Муса да «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай бекем болгон» (Эвр. 11:27). Ошондой эле Дөөтү падыша момун болуп, асмандагы Атасы менен бирге жүргөн. Ал: «[Жахаба] менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм»,— деген (Заб. 15:8).

4 Албетте, түз мааниде Жахаба менен кол кармашып жүрө албайбыз. Бирок каймана мааниде жүрө алабыз. Кандайча? Забурчу Асап: «Бирок мен ар дайым Сени мененмин. Сен мени оң колумдан кармап турасың. Сен мени Өз кеңешиң менен жетектеп турасың»,— деп жазган (Заб. 72:23, 24). Бир сөз менен айтканда, биз Жахабанын Ыйык Китеп, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берип жаткан кеңештерине бекем кармануу менен Аны менен бирге жүрө алабыз (Мт. 24:45; 2 Тим. 3:16).

5. Жахаба аталык мээрими менен бизге кандайча көз салып турат жана биз ага карата кандай сезимде болушубуз керек?

5 Жахаба өзү менен бирге жүргөндөрдү сүйгөндүктөн, аларды коргоп, окутуп-үйрөтүп, аларга кам көрүп, аталык мээрими менен көз салып турат. Ал өз Сөзүндө: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм. Менин көзүм сенин үстүңдө»,— дейт (Заб. 31:8). Ошондуктан: «Мен Жахабанын акыл-насаатына кулак кагып, анын мени мээримдүүлүк менен карап турарын билип, өзүмдү аны менен чогуу жүргөндөй сеземби? Анын жанымда дайыма жүрөрүн билүү ойлорума, сөздөрүмө, иштериме таасир этеби? Ал эми жаңылып алганымда, Жахабаны жумшак, катаал эмес, өкүнгөндөргө кайра кайтып келүүгө жардам берүүнү каалаган, кучагын кенен жайып тосуп ала турган мээримдүү Ата катары көрөмбү?» — деп ойлонуп көр (Заб. 50:19).

6. Кайсы жагынан бир да ата-эне Жахабага тең келе албайт?

6 Жахаба айрым учурларда бизге жаман жолго түшүп кете элегибизде эле жардамга келет. Ал биздин жүрөгүбүздөгү туура эмес ойлорду жаңыдан пайда боло баштаганда эле көрөт (Жер. 17:9). Анын «каректери аларды [бизди] сынап тургандыктан», ал жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү жашыруун ойлордон өйдө көрө билет. Бул жагынан ага бир да ата-эне тең келе албайт (Заб. 10:4; 138:4; Жер. 17:10). Келгиле, Жеремия пайгамбардын жеке катчысы жана жакын досу болгон Барухтун сезимдерине Жахабанын кандай караганына көңүл буралы.

Жахабанын Барухка көрсөткөн аталык мээрими

7, 8. а) Барух ким болгон жана анын жүрөгүндө кандай каалоолор өрчүй баштаган? б) Жахаба Барухка аталык тынчсыздануусун кандайча билдирген?

7 Барух ишенимдүү, өз ишин жакшы билген китепчи болгон. Ал Жеремия менен бирге Жахабанын өкүмдөрүн жүйүт элине жарыялаган. Бул оор тапшырма эле (Жер. 1:18, 19). Кыязы, бардар үйбүлөдө чоңойгон Барух жашоосунун бир учурунда өзүнө «чоң нерсе» сурай баштаган. Балким, ал көрүнүктүү абалга же байлыкка жетүүнү кааласа керек. Кандай болбосун, Жахаба анын жүрөгүндө ошондой кооптуу ойлор жарала баштаганын көргөн. Ошондуктан ишке дароо кийлигишип, Жеремия аркылуу Барухка: «Сен: „Мага кайгы! Анткени Теңир менин дартымдын үстүнө кайгы кошту. Мен онтогондон чарчадым, бирок жаным жай таппай жатат“,— дейсиң»,— дейт. Анан ага: «Сен... өзүңө чоң нерсени сурап жатасың, сурабагын»,— деп айтат (Жер. 45:1—5).

8 Жахаба Барухка ачуулангандыктан эмес, ата катары тынчсыздангандыктан түз кеңеш берген. Барухтун каалоосу туура эмес болсо да, Кудай анын ниети бузук эмес экенин, жүрөгү таза экенин көргөнү шексиз. Анын үстүнө, Жахаба Иерусалим менен Жүйүт жеринин талкаланарына аз калганын билген. Ошон үчүн Барухтун ошол оор маалда туура эмес максатты көздөп кетишин каалаган эмес. Барухтун ой жүгүртүүсүн оңдоо үчүн ал «ар бир адамдын башына мүшкүл түшүрөрүн» эскертип, акылдуулук менен иш кылса, аман алып каларын айткан (Жер. 45:5). Сөз төркүнүн айтканда, Жахаба Барухка: «Эсиңе кел, Барух. Күнөөгө баткан Жүйүт менен Иерусалимдин жакында эмне болорун унутпа. Ишенимдүүлүгүңөн жазба, өмүрүңдү сактап кал. Мен жаныңда болом»,— деген. Жахабанын сөзү Барухтун жүрөгүнө жеткен. Ошондуктан ал Кудайдын кеңешин туура кабыл алып, 17 жылдан кийин Иерусалим талкаланганда, аман калган.

9. Абзацта берилген суроолорго эмне деп жооп берет элең?

9 Барухтун мисалы жөнүндө ой жүгүртүп жатканда төмөнкү суроолор менен аяттар тууралуу ойлонуп көр: Жахабанын Барухка жасаган мамилесинен Анын сапаттары жана өз кызматчыларына көрсөткөн сезимдери жөнүндө эмнени билдим? (Оку: Эврейлер 12:9). Акыркы оор күндөрдө жашап жатканыбызды эске алганда, мен Кудайдын Барухка берген кеңешинен жана Барухтун аны кабыл алганынан эмнени үйрөнө алам? (Оку: Лука 21:34—36). Ал эми жыйналыш аксакалдары: «Мен, Жеремиядан үлгү алып, Жахабанын кызматчылары үчүн тынчсызданарын кандайча чагылдырсам болот?» — деп ойлонуп көрүшсө болот (Оку: Галатиялыктар 6:1).

Уулу Атасынын сүйүүсүн чагылдырган

10. Жыйналышты башкарышы үчүн Исага эмне берилген?

10 Жахаба сүйүүсүн байыркы убактарда пайгамбарлары жана ишенимдүү кызматчылары аркылуу көрсөтүп келген. Ал эми азыркы убакта, биринчи кезекте, жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаяк аркылуу көрсөтөт (Эф. 1:22, 23). Иса болсо Аян китебинде «жети көзү» бар козуга салыштырылган. Анын жети көзү «Кудайдын бүт жер жүзүнө жиберилген жети рухун билдирет» (Аян 5:6). Ооба, Кудайдын рухуна толгон Иса бардык нерсени алаканга салгандай ачык көрүп турат. Ал биздин ички дүйнөбүздү билет. Анткени ал үчүн жашыруун эч нерсе жок.

11. Машаяктын кандай наамдары бар жана ал бизге сүйүү көрсөтүүдө Атасынын сүйүүсүн кандайча чагылдырат?

11 Жахабадан үлгү алгандыктан Иса да бизди жамандык кылып жаткан жерибизден кармап калуу үчүн аңдып турбайт. Ал бизди сүйүүсүнөн улам сынайт. Иса «Түбөлүктүн Атасы» деген наамга ээ. Бул наам Исанын ага ишенгендерге түбөлүк өмүр берүүдө кандай орун ээлээрин көрсөтөт (Ыш. 9:6). Андан тышкары, ал — жыйналыштын башчысы. Ал муктаж болгондорду жубатуу жана аларга насаат айтуу үчүн, жардам берүүгө даяр, рухий жактан жетилген жолдоочуларын, айрыкча, аксакалдарды колдонот (1 Тес. 5:14; 2 Тим. 4:1, 2).

12. а) Кичи Азиядагы жети жыйналышка жолдонгон каттардан Иса тууралуу эмнени билүүгө болот? б) Аксакалдар Исанын Кудайдын оторуна болгон сүйүүсүн кантип чагылдыра алышат?

12 Исанын оторго болгон терең кызыгуусун анын Кичи Азиядагы жети жыйналыштын аксакалдарына жолдогон каттарынан айкын көрүүгө болот (Аян 2:1—3:22). Ал каттар Исанын ар бир жыйналышта эмне болуп жатканын жакшы билерин жана жолдоочулары үчүн абдан тынчсызданарын көрсөтүп турат. Аян китебиндеги көрүнүштөр «Мырзабыздын күнүндө» аткарылып жаткандыктан, Иса азыркы учурдагы жыйналыштарды андан бетер жакшы билет жана алар үчүн тынчсызданат * (Аян 1:10). Машаяктын сүйүүсү жыйналышта рухий кайтаруучулар катары кызмат кылып жаткан аксакалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ал ошол «адам түрүндөгү белектерди» жардамга муктаж болгондорду жубатуу, бекемдөө жана аларга насаат айтуу үчүн колдонот (Эф. 4:8; Элч. 20:28; оку: Ышайа 32:1, 2). Аксакалдардын жумшап жаткан күч-аракетин Машаяктын жеке сага кызыгуу көрсөтүшү деп эсептейсиңби?

Өз учурунда көрсөтүлгөн жардам

13—15. Кудай тиленүүлөрүбүзгө кандай жол менен жооп берүүнү чечиши мүмкүн? Мисалдар менен түшүндүр.

13 Сенин жардам сурап жалындуу тиленгениңде, рухий жактан жетилген биртуугандардан керектүү кеңеш алган учурларың болду беле? (Жкп. 5:14—16). Же жыйналышта окулган баяндамадан сергитерлик ойлорду угуп, же биздин адабияттардагы макалалардан жубатарлык ойлорду таап, тиленүүңө жооп алгандырсың. Жахаба биздин тиленүүлөрүбүзгө көп учурда ушундай жолдор менен жооп берет. Мисалы, бир жыйналышта баяндама окулгандан кийин, баяндамачыга бир биртууган келген. Ал бир жума мурун кимдир бирөө тарабынан жасалган адилетсиз мамиледен жапа тартыптыр. Бирок ал көйгөйүн айтып арызданган эмес, Ыйык Китептин негизинде айтылган баяндамадагы ойлор үчүн ыраазычылыгын билдирген. Баяндамадагы ойлор жагдайына ылайык келгендиктен, аны абдан соороткон. Ошол күнү жыйналышка барганы үчүн ал кандай гана кубанган!

14 Түрмөдө отурганда Ыйык Китептеги чындык менен таанышкан, чөмүлтүлбөгөн үч жарчы менен болгон окуяны да карап көрөлү. Ал окуя Кудайдын тиленүүлөргө жооп берерин далилдейт. Түрмөдө жаткандар тарабынан тартип бузулгандыктан, катуу чаралар көрүлүп, түрмөдөгүлөргө бир катар чектөөлөр коюлган. Түрмөдөгүлөр буга каршы чыкканын билдириш үчүн, эртең мененки тамактан кийин идиш-аягын бербей коюуну чечишкен. Чөмүлтүлбөгөн үч жарчы ошондо эмне кыларын билбей бушайман болушкан: эгер алар козголоңго кошулса, Жахабанын Римдиктер 13:1деги көрсөтмөсүн бузушмак. Кошулушпаса, түрмөдөгүлөр тарабынан жазаланышмак.

15 Үчөө бири-бири менен байланыша алышкан эмес. Бирок ар бири өз алдынча Кудайдан акылмандык сурап тиленген. Кызыгы, алардын чечими бирдей болуп чыккан — үчөө тең эртең мененки тамакты албай коюуну чечкен. Көзөмөлчү идиш-аякты чогултканы келгенде, үчөөнүн кайрып берер эч нерсеси жок болчу. Тиленүүсүнө жооп алганы үчүн алардын абдан сүйүнүшкөнү шексиз (Заб. 64:3).

Келечекке ишеним менен кара

16. Жахабанын кой мүнөздүү адамдарга кам көрөрү кабар айтуу ишинен кандайча көрүнөт?

16 Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу иши — Жахабанын жүрөгү таза адамдарга көрсөткөн камкордугунун далили (Башт. 18:25). Жахаба көп учурда периштелерди колдонуп, кызматчыларына кабар али жете элек жактарда жашаган кой мүнөздүү адамдарды да табууга жардам берет (Аян 14:6, 7). Алсак, Кудай биринчи кылымдагы Филип аттуу кабарчыны периште аркылуу жетектеп, эфиопиялык бир төрөгө Жазманы түшүндүрүп берүүгө жиберген. Натыйжада ал төрө жакшы кабарды кабыл алып, Исанын жолдоочусу катары чөмүлтүлгөн * (Жкн. 10:14; Элч. 8:26—39).

17. Эмне үчүн бизге келечекти ойлоп ашыкча тынчсыздануунун зарылдыгы жок?

17 Азыркы түзүлүш акырына чыгып бараткандыктан, алдын ала айтылган «азап-кайгы» мындан ары да күчөгөндөн күчөй берет (Мт. 24:8). Маселен, азык-түлүктүн баасы абарайынын кескин өзгөрүшүнөн, экономикалык туруксуздуктан жана сурамдын өсүшүнөн улам жогорулашы ыктымал. Жумуш табуу барган сайын кыйындап, көптөргө таң-эртеден караңгы түнгө чейин иштөөгө туура келиши мүмкүн. Бирок, кандай болбосун, рухий иштерди биринчи орунга коюп, «көзүн бир эле нерсеге багыттагандар» ашыкча тынчсызданышпайт. Анткени алар Кудайдын көз алдында баалуу экенин жана ал алар үчүн кам көрөрүн билишет (Мт. 6:22—34). Келгиле, б.з.ч. 607-жылы Иерусалим кыйраар алдында Жахабанын Жеремияга кантип кам көргөнүн карап көрөлү.

18. Иерусалим курчоого алынган маалда Жахаба Жеремияга болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

18 Иерусалим бабылдыктар тарабынан курчоого алынган маал аяктап баратканда, Жеремия күзөтчүлөрдүн короосунда камакта жаткан. Ал кантип күн көрмөк? Эгер эркиндикте жүрсө, өз жанын эптеп бакмактыр. Бирок ошол учурда анын жашоосу башкалардан, болгондо да, аны жек көргөн адамдардан көзкаранды болгон. Ошентсе да Жеремия адамдарга эмес, ага кам көрүүнү убадалаган Кудайга таянган. Жахаба убадасына турду беле? Албетте. «Шаардагы бүт нан түгөнүп бүткөнчө», Жахаба Жеремияга «күнүнө бир кесим нан берилип» турушуна кам көрүп койгон (Жер. 37:21). Иерусалимдин тургундары ачарчылыкка, ооруга жана өлүмгө дуушар болуп жаткан ошол оор убакта Жахаба Жеремияны, Барухту, Эбет-Мелекти жана башкаларды сактап калган (Жер. 38:2; 39:15—18).

19. Эртеңки күнүбүз кандай болбосун, эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Ооба, «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угат» (1 Пет. 3:12). Андыктан асмандагы Атабыздын дайыма көз салып турганы сени кубантпайбы? Анын сенин жыргалчылыгыңды ойлогондуктан карап турганын билүү өзүңдү коопсуз сезүүгө жардам бербейби? Эртеңки күндүн кандай болорун билбесең да, Кудай менен мындан ары да бирге жүрүүгө чечкиндүү бол. Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын жанында болоруна жана аларды дайыма аталык мээрими менен карап турарына шектенбе (Заб. 31:8; оку: Ышайа 41:13).

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Ал каттардагы айтылгандар, негизинен, Исанын майланган жолдоочуларына тиешелүү болсо да, аларда камтылган принциптерди Кудайдын бардык кызматчылары колдоно алышат.

^ 16-абз. Жахабанын дагы кандай жол менен жетекчилик берери Элчилер 16:6—10-аяттарда баяндалат. Ал жерде Пабылга жана анын шериктештерине Азия менен Битинияга кабар айтууга «рух аркылуу... жол берилбегени» айтылган. Алар ал жактарга эмес, Македонияга барып кабар айтууга чакырылган. Анткени Македонияда жакшы кабарды кабыл ала турган, жүрөгү таза адамдар көп эле.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Биз Кудай менен бирге жүргөнүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

• Жахаба Барухка болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

• Жыйналыштын башчысы Иса Атасынын сапаттарын кандайча чагылдырат?

• Ушул оор күндөрдө Кудайга таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Аксакалдар, Жеремияга окшоп, Жахабанын тынчсыздануусун чагылдырышат

[10-беттеги сүрөт]

Жахаба кандай жолдор менен өз учурунда жардам бериши мүмкүн?