Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «менин күчүм»

Жахаба «менин күчүм»

Жахаба «менин күчүм»

АЙТЫП БЕРГЕН: ЖОАН КОВИЛЛ

Мен 1925-жылдын июлунда Англиянын Хаддерсфилд деген шаарында төрөлгөм. Үйдүн жалгыз кызы болчумун. Көп ооругандыктан, атам: «Жел үйлөп койсо эле ооруп каласың да, кызым»,— деп калар эле. Чынында эле ошондой болчу.

БАЛА кезимде чиркөө кызматкерлеринин дүйнөдө тынчтык болсун деп тиленип жүрүшкөнүн көп укчумун. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, ошол эле диний кызматкерлер Кудайдан жеңиш сурап тиленип калышты. Буга мен абдан таң калып жүрдүм. Ошондон улам ар кандай шектенүүлөр пайда боло баштады. Мына ошол убакта үйгө Энни Ратклифф келип калды. Биз жакта Жахабанын Күбөлөрүнөн ошол Энни эле жашачу.

Чындыкты таануу

Энни бизге «Куткарылуу» деген китепти таштап, апамды өзүнүн үйүндө өткөрүлгөн ыйык китептик талкууга чакырды *. Апам ал жакка мени ээрчитип алды. Биринчи барганыбызда эмнени талкуулаганыбыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биз ошондо кун тууралуу талкуу жүргүзгөнбүз. Мен ал талкууну ошончолук кызыктуу болот деп күткөн эмес элем. Ал күнү көптөгөн суроолорума жооп алдым. Кийинки жумада ал жакка дагы бардык. Ал ирет Исанын акыркы күндөргө байланыштуу пайгамбарлыгы чечмеленди. Дүйнөдөгү оор абал жөнүндө ойлонуп, апам экөөбүз бул чындык экен деген жыйынтыкка келдик. Ошол күнү бизди биринчи жолу Падышалык залына да чакырышты.

Падышалык залына барганда мен жаш пионерлер менен тааныштым. Алардын арасында Жойс Барбер (азыр Эллис) аттуу пионер да бар эле. Ал азыркы учурда күйөөсү Питер менен Лондондогу Бейтелде кызмат кылат. Мен башында жыйналыштагылардын баарын эле пионер деп ойлоптурмун. Ошондуктан, мектепте окуп жүргөнүмө карабай, айына 60 сааттан кабар айта баштадым.

Андан беш ай өткөндө — 1940-жылы 11-февралда — апам экөөбүз Брэдфорддо болгон зоналык жыйында (азыр райондук жыйын делет) чөмүлтүлдүк. Атам жаңы кабыл алган динибизге каршы болбогону менен, өзү чындык жолуна түшкөн жок. Биз чөмүлтүлгөн жылдары көчөдө туруп кабар айтуу ыкмасы киргизилди. Мен журнал салынган сумкамды алып, мойнума көрнөк илчүмүн да, кабар айтууга жөнөчүмүн. Бир жолу ишемби күнү эл көп барган дүкөндөрдүн жанында туруп кабар айтууга дайындалып калдым. Башкалардан тартынуу сезими али күчтүү болгондуктан, мага классташтарымдын баары ошол жерден өтчүдөй сезилди!

1940-жылы биз барган шериктик (азыр жыйналыш делет) экиге бөлүнүп, мен курактуу жаштардын көбү башка шериктикке карап калды. Ага капа болуп, шериктик кызматчысы (азыр төрагалык кылуучу көзөмөлчү делет) менен сүйлөшсөм, ал: «Жаштар менен достошкуң келсе, жаштарга кабар айтып, аларды жыйналышка алып кел да»,— деди. Анан мен чын эле ошенттим. Көп өтпөй Элси Ноблду жолуктурдум. Ал чындыкты кабыл алып, экөөбүз өмүр бою дос болуп калдык.

Пионердик кызмат жана алган баталарым

Мектепти бүткөндөн кийин бухгалтер болуп иштеп жүрдүм. Бирок Кудайга толук убакытта кызмат кылып жүргөндөрдүн кубаныч алып жатканын көргөндө менин да пионер болгум келе баштады. Ошентип, 1945-жылдын май айынан тартып атайын пионердик кызматтын кубанычын тата баштадым. Пионердик кызматымды баштаган биринчи күнү жаан төгүп туруп алды. Бирок сүйүнгөнүмөн, ошого да карабай, кабар айтып жүрө бердим. Чынында, күн сайын эшикте жүрүп, велосипед тээп кабар айтканым денсоолугумду бир топ эле чыңдады. Өзүм 42 килограмм болсом да, пионердик кызматымды токтотуу оюма да келчү эмес. Чынында, Жахаба мага көптөгөн жылдар бою күч берип келди (Заб. 27:7).

Атайын пионер болгондуктан, мен, жаңы жыйналыштарды уюштуруу максатында, али кабар айтыла элек шаарларга жиберилдим. Алгач Англияда үч жыл, андан соң Ирландияда үч жыл кызмат кылдым. Ирландиянын Лисбурн деген шаарында кызмат кылып жүргөндө протестант чиркөөсүнүн диний кызматчысынын жардамчысы менен изилдөө өткөрүп калдым. Ал Ыйык Китептин негизги окуулары менен таанышкандан тартып, билгендерин өзүнүн чиркөөсүнө баргандарга айтып бере баштады. Чиркөөгө баргандардын айрымдары чиркөө жетекчилерине арызданышкандыктан, алар андан эмне үчүн антип окутуп жатканын сурашкан экен. Ал мурун окутуп жүргөн окууларынын жалган экенин элге билдирүүнү Кудай алдындагы милдети деп эсептээрин айтыптыр. Үйбүлөсү катуу каршылык көрсөтсө да, ал өзүн Жахабага арнап, өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү кызмат кылды.

Атайын пионер болуп дайындалган экинчи жерим Ирландиянын Ларн деген шаары эле. Шеригим 1950-жылы Нью-Йоркто болуп өткөн «Теократиянын өсүшү» деген жыйынга кетип, тилекке каршы, мен бара албай калгам. Ошондо бир жарым айдай жалгыз кызмат кылгандыктан, бир топ эле кыйналдым. Бирок кабар айтып жүргөндө көп кызыктуу окуялар болду. Мисалы, улгайган бир кишини жолуктурдум. Ал 20 жыл мурун биздин адабиятты алган экен. Ошондон бери аны кайра-кайра окуй берип, жатка билип алыптыр. Кийин ал өзү да, уул-кызы да чындыкты кабыл алды.

Гилат мектебинде окуу

1951-жылы англиялык он пионер менен Нью-Йорк штатынын Саут-Лансинг шаарында жайгашкан Гилат мектебинин 17-классына чакырылдым. Ал мектептен окуп, Ыйык Китептен билим алган ошол айларым жашоомдун эң бир сонун учуру болуп кала берди. Ошол жылдары жыйналыштарда эже-карындаштарга Теократиялык кызмат мектебинен тапшырма берилчү эмес. Ал эми Гилатта болсо тапшырма берилгендиктен, эл алдына чыгып сүйлөш керек болду. Ошондо толкунданганыбызды айтпа! Биринчи тапшырмамды айтып бүткүчө, кагаз кармаган колум тимеле калтырайт. Нускоочу Максвелл Френд биртууган: «„Мен-мен“ деген баяндамачылар башында эле толкунданышса, сен, алардан ашып түшүп, башынан аягына чейин толкундандың, азаматсың»,— деп тамашалады. Окуу маалында баарыбыз эл алдына чыгып сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү жакшырттык. Анан көз ачып-жумганча эле окуубуз аяктап, чет өлкөлөргө дайындалып, туш-тушка чачырап кеттик. Мен Таиландга дайындалдым.

«Жүзүнөн жылмаюу кетпеген эл»

Таиландга мени менен Астрид Андерсондун дайындалганын Жахабанын белеги деп эсептейм. Экөөбүз ал жакка жүк ташуучу кеме менен жети жума дегенде жеттик. Таиланддын борбору Бангкок «эл кайнаган» базарлары жана жол катары колдонулган суу каналдары көп шаар экен. 1952-жылы ал жерде 150гө жетпеген жарчы бар эле.

Тай тилиндеги «Күзөт мунарасын» биринчи жолу көргөндө: «Мындай тилди кантип үйрөнөт болдук экен»,— деп чочуладык. Өзгөчө, ал тилде сөздөрдү туура үн менен айтуу кыйын болду. Мисалы, «каоу» деген сөздү үнүңдү бийик баштап келип, аягында бир аз басаңдатсаң, «күрүч» дегенди билдирет. Ал эми ошол эле сөздү үнүңдү ичке чыгарып айтсаң, «кабар» дегенди билдирет. Ошондуктан кабарда жүргөндө «биз силерге жакшы кабар алып келдик» дегендин ордуна, «биз силерге жакшы күрүч алып келдик» деп айтып алчубуз. Ошентип, элге күлкү болуп жүрүп, акыры, ал тилди да үйрөндүк.

Тай эли абдан кеңпейил келет. Аларды «жүзүнөн жылмаюу кетпеген эл» деп бекеринен айтышпаптыр. Таиландга барганда биз алгач Корат (азыркы Накхонратчасима) шаарына дайындалдык. Ал жерде эки жыл кызмат кылган соң, кийинчерээк Чиангмай шаарына жиберилдик. Тайлардын көбү буддизмди тутушкандыктан, Ыйык Китеп менен тааныштыгы жок экен. Кораттан бир почтанын башчысы менен изилдөө өткөрчүмүн. Бир жолу биз Ыбрайым пайгамбар жөнүндө сүйлөшүп жаткан элек. Ал Ибрайымды жакшы билгенсип, башын улам ийкеп отурган. Бир убакта анын мен айтып жаткан Ыбрайымды башка бирөө деп түшүнүп алганын байкадым. Көрсө, ал мени Кошмо Штаттардын мурунку президенти Авраам Линкольн жөнүндө айтып жатат деп ойлоп алыптыр!

Биз жүрөгү таза тайларды Ыйык Китептеги чындыкка окутсак, алар бизге жөнөкөй жашоо өткөрүүнү үйрөтүштү. Мунун бизге кийин абдан кереги тийди: Кораттагы миссионерлер үйүндө электр энергиясы да, суу да жок болчу. Биз ошол жакта кызмат кылып жүрүп барга да, жокко да көндүк. Ошондой эле элчи Пабылдын: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине көп жолу ынандык (Флп. 4:12, 13).

Жаңы шерик, жаңы дайындоо

1945-жылы Лондонго барган элем. Ошондо бир топ пионерлер менен бейтелдиктер болуп Британия музейине барганбыз. Арабызда Аллан Ковилл аттуу жигит да бар эле. Ал ошондон көп өтпөй Гилат мектебинин 11-классын бүтүрүп, адегенде Францияда, андан кийин Бельгияда кызмат кылган *. Аллан кийин, Таиландда миссионер болуп кызмат кылып жүргөнүмдө, баш кошууну сунуш кылды. Мен макул болдум.

Биз 1955-жылдын 9-июлунда Бельгиянын борбор шаары Брюссельден баш коштук. Мен турмушка чыккандан кийин Парижге барып эс алып келсем деп кыялданар элем. Кубанычтуусу, Аллан кийинки жумада Парижге жыйынга барарыбызды айтып калды. Бирок ал жакка барганыбызда, Алландан жыйын бүткүчө котормочу болуп берүүнү суранышты. Ал күнүгө эртең менен эрте үйдөн чыгып кетип жүрдү. Анан экөөбүз түнөгөн үйүбүзгө кайра түн бир оокумда келибаттык. Ошентип, Парижге барып эс алып келсем деген кыялым аткарылды, болгону эле, Алланды көбүнесе тээ алыстан — сахнадан — көрүп жаттым. Ошентсе да жолдошумдун биртуугандарга кызмат кылып жатканын көрүп, кубандым. Анткени Жахаба биздин үйбүлөлүк турмушубузда биринчи орунда турса, биз чындап бактылуу болорубузга эч шектенген эмесмин.

Турмушка чыккандан кийин жолдошум менен Бельгияда кызмат кыла баштадым. Бельгия жөнүндө бир билгеним, анын аймагында ар кыл согуштар жүргүзүлүп келген. Бирок Бельгияга барганда ал өлкөдөгүлөрдүн тынчтыкты сүйгөн эл экенин көрдүм. Ал жакта кызмат кылуу үчүн, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жашагандар сүйлөгөн француз тилин үйрөнүүгө туура келди.

1955-жылы Бельгияда 4 500гө чукул жарчы бар эле. Аллан экөөбүз Бейтелде жана кыдыруучулук кызматта баш-аягы 50 жылдай кызмат кылдык. Толук убакыттагы кызматыбыздын алгачкы эки жарым жылында, күн ачык болсо да, бүркөк болсо да, өйдө-ылдый жолдор менен велосипедибизди тээп, кабар айтып жүрдүк. Бир канча жылдар ичинде 2 000ден ашуун үйдө, ишенимдештерибиздикинде, түнөдүк! Мен начар денсоолугуна карабай, Жахабага болгон күчү менен кызмат кылган биртуугандарды көп көрдүм. Алардын үлгүсү мага кызматымды уланта берүүгө жардам берди. Ар бир жуманын аягында жыйналыштан кийин жолдошум экөөбүз абдан бекемделип калар элек (Рим. 1:11, 12). Аллан мага, чынында эле, эң сонун шерик болуп берди. Насаатчы 4:9, 10-аяттардагы: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат»,— деген сөздөр кандай гана калетсиз!

Жахабанын күчү менен кызмат кылууда алган баталарым

Аллан экөөбүз башкаларга Жахабага кызмат кылууга жардам берүүдө көптөгөн кызыктуу окуяларды баштан өткөрдүк. Мисалы, 1983-жылы биз Антверпендеги француз тилиндеги жыйналышка барганбыз. Ал жерден бир ишенимдешибиздин үйүндө Заирден (азыркы Конго Демократиялык Республикасы) келген жаш биртууган Бенжамен Бандивила менен чогуу туруп калдык. Бенжамен Бельгияга жогорку билим алайын деп келиптир. Ал: «Мен силерге абдан суктанам. Силердин жашооңор толугу менен Жахабага кызмат кылууга арналган»,— деди. Ошондо Аллан: «Сен бизге суктанам дегениң менен, бул дүйнөдөн мансап издеп жүрөсүң. Иштериң сөздөрүңө карама-каршы келип жаткан жокпу?» — деп койду. Алландын ошол ачык айткан сөздөрү Бенжаменге жашоосу тууралуу терең ойлонууга түрткү берген экен. Бенжамен кийинчерээк Заирге барып, пионер болуп кызмат кыла баштаптыр. Азыр ал филиалдын комитетинин мүчөсү.

1999-жылы кызыл өңгөчүмдөгү жараны алдыруу үчүн операция болдум. Ошондон кийин салмагым 30 килограммга түшүп кетти. Мен, чынында, «чопо идиштей» мортмун. Бирок мага «адаттан тышкаркы күч» берген Жахаба Кудайга ыраазымын. Кудай мага күч бергендиктен, операциядан кийин да кыдыруучулук кызматта Алланды коштоп жүрдүм (2 Кор. 4:7). 2004-жылы мартта Аллан уктап жатып, ошо бойдон турган жок. Мен аны азыр абдан сагынам, бирок анын Жахабанын эсинде экенин ойлогондо кадимкидей соороном.

Азыр 83төмүн. Толук убакытта кызмат кылганыма 63 жылдын жүзү болду. Азыр деле кызматта жигердүүмүн: үйдөн ыйык китептик изилдөө өткөрөм, башкаларга Жахабанын кереметтүү ой-ниеттери тууралуу айтып берүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдоном. Кээде: «Эгер мен 1945-жылы пионердик кызматты баштабасам, жашоом кандай болот эле?» — деп ойлонуп калам. Ошондо начар денсоолугумду ойлоп, толук убакыттагы кызматты баштабай деле койсом болмоктур. Бирок жаш кезимде пионердик кызматты баштаганым үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын! Ошондой эле Жахабаны биринчи орунга койсок, ал бизге күч берерине өз тажрыйбамдан ынандым.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. «Куткарылуу» деген китеп 1939-жылы чыгарылган. Учурда басылбайт.

^ 22-абз. Ковилл биртуугандын өмүр баяны «Күзөт мунарасынын» (англ.) 1961-жыл, 15-марттагы санына чыккан.

[18-беттеги сүрөт]

Миссионердик шеригим Астрид Андерсон менен (оңдо)

[18-беттеги сүрөт]

Жолдошум менен кыдыруучулук кызматта, 1956-жыл

[20-беттеги сүрөт]

Аллан менен, 2000-жыл