Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба чын жүрөктөн айтылган тиленүүлөргө жооп берет

Жахаба чын жүрөктөн айтылган тиленүүлөргө жооп берет

Жахаба чын жүрөктөн айтылган тиленүүлөргө жооп берет

«Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин» (ЗАБ. 82:19).

1, 2. Кудайдын ысмын билгенде көптөр кандай сезимде болушкан жана азыр кандай суроолорду талкуулайбыз?

БИР аял бир нече жыл мурун үйүнүн жанында болгон каргашалуу окуядан улам катуу кайгырып жүргөн. Ал католик динин туткан үйбүлөдө төрөлгөндүктөн, диний жетекчиден жардам сураган. Бирок диний жетекчи ага жардам бермек турсун, аны менен сүйлөшпөй койгон. Ошондуктан ал Кудайга кайрылып: «Сенин ким экениңди билбейм, бирок мени угуп жатканыңа ишенем. Сени таанып-билишиме жардам берчи»,— деп суранган. Ошондон көп өтпөй анын үйүнө Жахабанын Күбөлөрү барып, аны жубатып, тынчсыздандырган суроолоруна жооп беришкен. Кудайдын ысмы бар экенин — анын ысмы Жахаба экенин — билгенде, ал кубанганынан: «Бала кезимден бери издеп жүргөн Кудайды таптым!» — деген.

2 Көптөр да Кудайдын ысмын укканда ушу сыяктуу сезимде болушкан. Алар анын ысмын биринчи жолу, негизинен, Забур 82:19-аяттан билишкен. Ал жерде: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин»,— делген. 82-забурдун эмне үчүн жазылганы жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле? Кайсы окуялардан улам ар бир киши Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экенин биле алмак? Ушул забурду карап чыгуудан кандай пайда алабыз? Бул макалада ушул суроолор талкууланат *.

Жахабанын элине каршы жамандык ойлоо

3, 4. 82-забурду ким жазган жана анда кайсы кырдаал тууралуу сөз кылынган?

3 Сексен экинчи забурдун биринчи аятында: «Асаптын забуру»,— деп жазылган. Кыязы, ал забурду Дөөтү падышанын маалында кызмат кылган леби Асаптын, белгилүү забурчунун, тукумунан чыккан ырчы жазган. Забурунда ал Жахабадан өз эгедерлигинин акталышы үчүн иш-аракет кылышын жана башкаларга өз ысмын билдиришин суранганын жазган. Бул забур Сулайман өлгөндөн кийин жазылган көрүнөт. Анткени Дөөтү менен Сулайман башкарган убакта Тир падышасы ысрайылдыктардын душманы болгон эмес. Ал эми 82-забур жазылган маалда Тирдин тургундары ысрайыл элине каршы чыгып, алардын душмандарынын тарабына өтүп кеткен.

4 Забурда Кудайдын элин жок кылууну көздөгөн Ысрайыл жеринин тегерегинде жайгашкан он эл тууралуу айтылган. Аларга эдомдуктар, ысмайылдыктар, мааптыктар, агрылыктар, ошондой эле Гебал, Амон, Амалык, Пелишти, Тир тургундары жана Ашур эли кирген (Заб. 82:7—9). Бул забурда кайсы тарыхый окуялар жөнүндө жазылган? Айрымдар бул жерде Жошапаттын күндөрүндө Амон, Маап жана Маон өлкөсүнүн тургундарынын биригип ысрайылдыктарга кол салганы тууралуу сөз болуп жатат деп ырасташат (2 Жылн. 20:1—26). Башкалар болсо ысрайыл элинин тегерегиндеги элдер менен болгон кастык жөнүндө айтылууда деп эсептешет.

5. 82-забурдан кандай пайда алабыз?

5 Кандай болбосун, Жахабанын бул забурду элине коркунуч туулуп жаткан маалда жаздырганы анык. Андыктан ал забурда айтылгандар Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары үчүн да бекемдээрлик. Себеби жок кылууну көздөгөн душмандардын катуу каршылыктарына алар да дуушар болуп келишет. Ошондой эле ал забурда жазылгандар бизди жакында — Магок жериндеги Гок Кудайга рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынгандардын баарын жок кылуу үчүн акыркы жолу кол салганда — бекемдээри шексиз (Оку: Жезекиел 38:2, 8, 9, 16).

Забурчуну эмне тынчсыздандырган?

6, 7. а) 82-забурдун башкы аяттарына ылайык, забурчу эмне жөнүндө тиленген? б) Забурчуну биринчи кезекте эмне тынчсыздандырган?

6 Забурчунун жалындуу тиленүүсүнө көңүл буралы. Ал мындай деген: «Кудай! Унчукпай тура бербе, сүйлөбөй тура бербе. Кудайым, тынч тура бербе! Анткени душмандарың чурулдап жатышат, Сени жек көргөндөр баштарын көтөрүштү. Сенин элиңе каршы жамандык издеп жатышат... Өз ара бир добуштан макулдашып, Сага каршы келишим түзүштү» (Заб. 82:2—4, 6).

7 Забурчуну биринчи кезекте эмне тынчсыздандырган? Албетте, ал өзүнүн жана үйбүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, сарсанаа болсо керек. Анткен менен аны, негизинен, Кудайдын ысмына сөз тийиши жана анын ысмын алып жүргөн элге коркунуч туулушу тынчсыздандырган. Келгиле, биз да Шайтандын дүйнөсүнүн акыркы оор күндөрүндө, забурчунукундай теңсалмактуу көзкараш сактайлы (Оку: Матай 6:9, 10).

8. Байыркы ысрайылдыктардын душмандары эмнени самашкан?

8 Забурчу тиленүүсүндө ысрайыл элинин душмандарынын: «Барып, аларды кырып салалы. Ысрайыл деген ысым мындан кийин эске алынгыс болсун»,— деген сөздөрүн айтат (Заб. 82:5). Алар Кудайдын тандалган элин аябай жек көрүшкөн. Бирок алардын жек көрүүсүнүн себеби башкада эле. Алар Ысрайыл жерин тартып алууну самашкан жана: «Кудайдын элин [«ыйык жайларын», «ЖД»] басып алабыз»,— деп мактанышкан (Заб. 82:13). Биздин күндөрдөгү душмандардын да ою ушундайбы? Ооба.

Сенин «ыйык жайың»

9, 10. а) Кудайдын байыркы убактагы «ыйык жайына» эмне кирген? б) Бүгүнкү күндө майланган калдык менен «башка койлор» кандай баталарды алып жатышат?

9 Байыркы убакта Убадаланган жер Кудайдын «ыйык жайы» катары эсептелген. Ысрайылдыктардын Мисирден чыккандан кийинки жеңиш ырын эстесеңер. Алар: «Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа Өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың»,— деп ырдашкан (Чыг. 15:13). Кийинчерээк ал «ыйык жайга» ибадаткана жана андагы ыйык кызмат кылуучулар, ошондой эле Ысрайылдын борбор шаары Иерусалим жана Жахабанын тагында бийлик кылган Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар кирген (1 Жылн. 29:23). Иса да Иерусалимди «улуу Падышанын шаары» деп бекеринен атаган эмес (Мт. 5:35).

10 Биздин убак тууралуу эмне дешке болот? Б.з. 33-жылы жаңы эл — «Кудайдын Ысрайылы» — пайда болгон (Гал. 6:16). Ал элди Исанын майланган биртуугандары түзгөн. Аларга ысрайыл эли татыксыз болуп калган сыймык — Кудайдын ысмын алып жүрүү сыймыгы — тапшырылган (Ыш. 43:10; 1 Пет. 2:9). Жахаба аларга да байыркы ысрайыл элине убадалагандай: «[Мен] алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат»,— деп убадалаган (2 Кор. 6:16; Леб. 26:12). 1919-жылы Жахаба майлангандардын калдыгына ырайым көрсөтүп, аларга мурас катары «өлкө» берген. Башкача айтканда, рухий бейиштен ырахат алып, рухий иштерди аткара алышы үчүн, аларды рухий жактан эркиндикке чыгарган (Ыш. 66:8). 1930-жылдардан тартып майлангандарга миллиондогон «башка койлор» кошула баштаган (Жкн. 10:16). Ооба, Исанын азыркы учурдагы жолдоочуларынын рухий жактан гүлдөп, кубаныч алып жатканы Жахабанын туура бийлик жүргүзөрүнүн айкын далили (Оку: Забур 90:1, 2). Буга Шайтан кандай гана каарданууда!

11. Кудайдын душмандары байыртадан эле эмнени максат кылып келүүдө?

11 Акыркы күндөр башталгандан тартып Шайтан жердеги таламдаштарын майланган калдыкка жана башка койлорго каршы тукуруп келет. Майлангандар жана алардын шериктери андай каршылыктарга Батыш Европада нацисттик режим өкүм сүргөн маалда жана Чыгыш Европада коммунисттик тартип жакталган Советтер Союзунда дуушар болушкан. Мындай жагдай башка өлкөлөрдө да болгон, жакында, өзгөчө, Магок жериндеги Гок Кудайдын элине акыркы жолу кол салганда да болот. Ошондо душмандар, байыркы убактагыдай эле, Жахабанын элинин мүлкүн ачкөздүк менен тартып алууга аракеттениши ыктымал. Бирок Шайтандын башкы максаты Жахабанын элин кырып жок кылып, Жахабанын ысмын өчүрүү болуп келет. Бул Жахабанын башкарууга болгон укугуна кол салуу болгондуктан, Жахаба ага кандай жооп кайтарат? Келгиле, кайрадан забурчунун сөздөрүнө кайрылалы.

Жахабанын жеңгенин көрсөткөн тарыхый мисалдар

12—14. Забурчу Мегидо шаарынын жанында болуп өткөн кайсы эки салгылаш тууралуу жазган?

12 Забурчунун Жахабага бекем ишенгенине көңүл буралы. Ал Жахабанын душмандардын ойлорун ойрон кыла аларына шектенген эмес. Забурчу байыркы Мегидо шаарынан төмөнүрөөк жайгашкан Мегидо өрөөнүндө ысрайылдыктар жеңишке ээ болгон маанилүү эки салгылаш тууралуу жазган. Ал өрөөн аркылуу Кишон дарыясы ийри-буйру нук боюнча агып өтөт. Нукту жайында, Кишон дарыясы соолуп калганда, көрүүгө болот. Кышкы жаан-чачындан улам дарыя кээде жээгинен ашып-ташып, өрөөндү каптайт. Балким, дарыянын «Мегидо суулары» деп да аталганынын себеби ушунда (Башк. 4:13; 5:19).

13 Мегидо өрөөнүнөн 15 километр алыстыктагы Аморе деген адырга байыркы убакта — Ысрайылдын башкаруучусу Гидондун учурунда — мидиандыктар, амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери ысрайылдыктарга каршы аскерлерин чогултушкан (Башк. 7:1, 12). Гидондун аскери 300 эле кишиден турса да, Жахабанын жардамы менен өздөрүнөн алда канча күчтүү душмандарын жеңип алышкан. Кандайча? Кудайдын көрсөтмөсүнө ылайык, алар түн ичинде шамдарын кумураларга салып алып, душмандарынын кошуунун курчашкан. Анан Гидондун белгиси боюнча, аскерлер кумураларды талкалаганда шамдар жаркырап айлана жарык болуп калган. Андан кийин аскерлердин баары мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» — деп кыйкырганда, үрөйү учкан душмандар дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирин кылычтап өлтүрүшкөн. Аман калгандары болсо Иордан дарыясын көздөй качып жөнөшкөн, бирок ысрайылдыктар аларды аркасынан кууп барып, жеңип алышкан. Ал салгылашта бардыгы болуп 120 000 душман өлтүрүлгөн (Башк. 7:19—25; 8:10).

14 Мегидо өрөөнүнүн карама-каршысындагы Аморе адырынан ары карай 6 километрдей аралыкта Табор тоосу жайгашкан. Ошол жерге, Гидондон мурунураак, Барак аттуу башкаруучу 10 000 ысрайылдыкты чогултуп, Хатсордо бийлик кылган Канаан падышасы Жабинге каршы согушка чыккан. Жабиндин аскерин Сисра жетектеген. Канаандыктардын 900 аскер арабасынын дөңгөлөктөрү узун чалгылар менен жабдылган эле. Ысрайылдыктардын начар куралданган аскери Табор тоосуна чогулганда, Сисра, тузакка түшөрүн билбей, аскерин өрөөнгө алып барган. «Ошондо Теңир... Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен аскерлерин дүрбөлөңгө түшүргөн». Сыягы, күтүлбөгөн жерден төккөн жамгырдан улам Кишон дарыясы ташкындап, өрөөндү каптаганда, канаандыктардын аскер арабалары баткакка тыгылып калган. Ошентип, алар ысрайылдыктардын колуна түшүп, бири да калбай өлтүрүлгөн (Башк. 4:13—16; 5:19—21).

15. а) Забурчу Жахабанын эмне кылышын сурап тиленген? б) Кудайдын акыркы согушунун аталышы эмнени эсибизге салат?

15 Забурчу Жахабадан ошол душмандарга кандай кылса, анын күндөрүндө ысрайылдыктарга коркунуч туудурган элдерге да ошондой кылышын суранган. Тиленүүсүндө ал: «Мидианга, Сисрага жана Кишон суусунун жээгинде Жабинге кандай кылсаң, аларга да ошондой кыл. Алар Эйен-Дордо кырылып, жерге төгүлгөн кык болуп калышкан»,— деген (Заб. 82:10, 11). Кызыктуусу, Кудайдын Шайтандын дүйнөсүнө каршы жүргүзө турган согушу да Хар-Магедон («Мегидо тоосу» дегенди билдирет) же Армагедон деп аталат. Бул Мегидонун жанында болуп өткөн маанилүү согуштарды эсибизге салат. Байыркы убакта болгон ал согуштарда Жахабанын душмандарды жеңгени бизди келечекте боло турган Армагедон согушунда да анын жеңерине ынандырат (Аян 16:13—16).

Жахабанын эгедерлигинин акталышы жөнүндө тиленүү

16. Каршы чыккандар кандайча «уятка калышууда»?

16 Жахаба «акыркы күндөрдө» өзүнүн элин жок кылууга жасалган аракеттердин баарына бөгөт коюп келген (2 Тим. 3:1). Натыйжада каршы чыккандар уятка калышкан. Бул тууралуу Забур 82:17де алдын ала: «Аларды уятка калтыр, алар Сенин ысымыңды издешсин, Теңирим!» — деп айтылган. Кайсы өлкөдө болбосун, Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуусун токтотууга умтулгандардын аракеттеринен эч майнап чыккан эмес. Андай өлкөлөрдө жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгандардын туруктуу жана чыдамдуу бойдон калганы жүрөгү таза адамдарга күбөлөндүрүү болуп, көптөргө Кудайдын «ысмын издөөгө» түрткү берген. Мурда Жахабанын Күбөлөрү ырайымсыздык менен куугунтукталган көптөгөн өлкөлөрдө учурда он миңдеген, атүгүл жүз миңдеген жарчылар Жахабаны кубаныч менен даңктап-даңазалап жатышат. Ооба, Жахаба жеңишке ээ болгон, ал эми душмандар уят болушкан (Оку: Жеремия 1:19).

17. Адамзатка кандай мүмкүнчүлүк берилүүдө жана биз жакында кайсы сөздөрдү эстейбиз?

17 Каршылыктардын дагы деле боло берери айтпаса да түшүнүктүү. Бирок биз башкаларга, атүгүл каршы болгондорго да жакшы кабарды айтууну уланта беребиз (Мт. 24:14, 21). Анткен менен каршы чыккандардын өкүнүп, аман калышы үчүн берилген убакыт жакында соңуна чыгат. Себеби адамдардын куткарылышынан да Жахабанын ысмынын ыйыкталышы алда канча маанилүү (Оку: Жезекиел 38:23). Жакында, алдын ала айтылгандай, бүт жер жүзүндөгү элдер Кудайдын элин жок кылуу максатында чогулганда, биз забурчунун: «Түбөлүккө уятка калышсын, коркуп калышсын, шылдың болушсун, кырылышсын»,— деген сөздөрүн эстейбиз (Заб. 82:18).

18, 19. а) Жахабанын эгедерлигине каршы чыккандар эмне болот? б) Жахабанын эгедерлигинин жакында акталары сага кандай таасир этет?

18 Ошентип, Жахабанын эгедерлигине каршы чыккандар акыры шылдың болушат. Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, «жакшы кабарга баш ийбегендер» Армагедондо «түбөлүккө жок болуу жазасына тартылышат» (2 Тес. 1:7—9). Алар жок кылынып, ал эми Жахабага чындыкка ылайык сыйынгандар аман калганда, Жахабанын жападан-жалгыз чыныгы Кудай экени биротоло далилденет. Ал улуу жеңиш эч качан унутулбайт. Жахабанын ал улуу иши тууралуу тирилтилген «адил жана адил эмес адамдардын» баары угушат (Элч. 24:15). Жаңы дүйнөдө аларга Жахабанын эгедерлигине баш ийип жашоо акылмандыкка жатарына ынанууга мүмкүнчүлүк берилет. Тирилтилген момун кишилер Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экенин дароо эле аңдашат.

19 Чынында эле, асмандагы сүйүктүү Атабыз өзүнүн ишенимдүү кызматчылары үчүн кандай гана кереметтүү келечек даярдап койгон! Забурчу Жахабага: «[Душмандарың] түбөлүккө уятка калышсын, коркуп калышсын, шылдың болушсун, кырылышсын. Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин»,— деп тиленген. Бул бизге да Жахабанын ушул тиленүүгө толугу менен жооп беришин сурап тиленүүгө түрткү бербейби? (Заб. 82:18, 19).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул макаланы талкуулоодон мурун 82-забурду өз алдынча окуп чыгуу пайдалуу.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• 82-забур жазылган учурда Ысрайылда кандай жагдай өкүм сүрүп турган?

• 82-забурду жазган забурчуну биринчи кезекте эмне тынчсыздандырган?

• Кимдер бүгүнкү күндө Шайтандын негизги бутасы болуп келет?

• Жахаба Забур 82:19да жазылган тиленүүгө толугу менен кандайча жооп берет?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Забурчуга жүрөк козгоорлук тиленүүсүн жазууга эмне түрткү берген?

[15-беттеги сүрөт]

Мегидо өрөөнүндө болгон согуштардын келечектеги окуялар менен кандай байланышы бар?

Кишон дарыясы

[15-беттеги сүрөт]

Харошет-Агойим

Кармел т.

Изрейел өрөөнү

Мегидо

Таанах

Гилбоя т.

Эйин-Харот булагы

Аморе

Эйен-Дор

Табор т.

Галилея деңизи

Иордан дарыясы

[14-беттеги сүрөт]