Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр алуу үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?

Өмүр алуу үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?

Өмүр алуу үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?

«Адам... өз жанынын ордуна... эмне бере алат?» (МТ. 16:26).

1. Иса Петирдин айткандарына эмне себептен каршы болгон?

ЭЛЧИ Петир уккан кулагына ишене албайт. Себеби анын сүйүктүү Устаты, Иса Машаяк, жакында өзүнүн азап чегип, өлтүрүлөрүн ачык эле айтат. Петир жаман ою жок эле ага каршы болуп: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— дейт. Ошондо Иса андан жүзүн буруп, шакирттерин карайт. Кыязы, алар да Петирдикиндей туура эмес ойдо болушкан. Анан Иса Петирди: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес, адамдыкы»,— деп айыптайт (Мр. 8:32, 33; Мт. 16:21—23).

2. Иса айткандай, анын чыныгы жолдоочусу эмнеге даяр болууга тийиш?

2 Петир Исанын минтип каршы болгонунун себебин анын кийинки сөздөрүнөн түшүнгөн көрүнөт. Иса «элди жана шакирттерин чакырып» мындай деген: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун. Анткени ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат» (Мр. 8:34, 35). Иса бул аятта колдонгон «жан» деген сөз «өмүр» дегенди билдирет. Демек, Иса аны жолдогондор Кудайга кызмат кылуу үчүн, ага окшоп, өз өмүрүнөн айрылууга даяр болушу керектигин айткан. Ошенткендер мол баталарды алышмак (Оку: Матай 16:27).

3. а) Иса угуучуларына кандай эки суроо берген? б) Исанын экинчи суроосу угуучуларынын эсине эмнени салышы мүмкүн эле?

3 Жогорудагы сөздөрдү айткандан кийин Иса ойлондурарлык эки суроо берген. Ал: «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда? Өз жанынын ордуна ал эмне бере алат?» — деген (Мр. 8:36, 37). Адамдык көзкараш менен караганда, биринчи суроонун жообу айтпаса да түшүнүктүү болгон. Чынында эле, адам бүт дүйнөгө ээ болуп, өмүрүнөн — жанынан — ажыраса, анын ага эч кандай пайдасы тийбейт, себеби киши мал-мүлкүнүн пайдасын тирүү кезинде гана көрөт. Ал эми Исанын: «Өз жанынын ордуна ал эмне бере алат?» — деген экинчи суроосу аны угуп жаткандардын Аюбдун күндөрүндө Шайтандын: «Адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деген курулай ырастоосун эсине салса керек (Аюб 2:4). Жахабага сыйынбаган айрым адамдарга Шайтандын сөздөрү туура сезилиши мүмкүн. Анткени көптөр өмүрүн сактап калыш үчүн баарынан, атүгүл адеп-ахлактык принциптерден да кечүүгө даяр. Бирок Исанын жолдоочуларынын буга карата көзкарашы кыйла айырмаланат.

4. Исанын суроолору анын жолдоочулары үчүн эмне себептен терең мааниге ээ?

4 Биз Исанын бизди бул дүйнөдө чың денсоолукка, байлыкка, узун өмүргө ээ кылыш үчүн эмес, жаңы заманда түбөлүк өмүр сүрүшүбүзгө жол ачуу үчүн келгенин билебиз. Ал үмүтүбүздү биз абдан баалайбыз (Жкн. 3:16). Демек, Исанын биринчи суроосун анын жолдоочусу мындайча түшүнөт: «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок түбөлүк өмүргө болгон үмүтүнөн ажырап калса, анда ага эмне пайда?» Жообу: андан эч кандай пайда жок (1 Жкн. 2:15—17). Ал эми Исанын экинчи суроосуна жооп алгыбыз келсе: «Жаңы заманда жашоого болгон үмүтүмдү бек сакташ үчүн, азыр канчалык деңгээлде курмандыктарга барууга даярмын?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел. Бул суроого кандай жооп кайтарганыбыздан жана кандай жашоо өткөрүп жатканыбыздан жүрөгүбүздөгү үмүттүн канчалык бекем экени билинет (Салыштыр: Жакан 12:25).

5. Түбөлүк өмүр белегине канткенде ээ боло алабыз?

5 Иса түбөлүк өмүргө өзүбүз татыктуу боло аларыбызды айткан эмес. Өмүр — атүгүл азыркы дүйнө түзүлүшүндөгү кыска өмүрүбүз да — Кудайдын белеги. Ага өз күчүбүз менен жете албайбыз жана кандайдыр бир ишти аткаруу менен да татыктуу боло албайбыз. Түбөлүк өмүргө ээ болуунун жалгыз жолу — «Машаяк Исага ишенүү» жана Жахабага, «аны тырышчаактык менен издегендерге сыйлык» бере турган Кудайга, ишеним артуу (Гал. 2:16; Эвр. 11:6). Бирок ишеним иштер менен коштолушу керек, себеби «ишсиз ишеним... өлүк» (Жкп. 2:26). Андыктан Исанын жогорудагы суроосу жөнүндө тереңирээк ой жүгүртүп: «Бул дүйнө түзүлүшүндө канчалык деңгээлде курмандыктарга барууга даярмын? Ишенимимдин чынында эле «тирүү» экенин далилдеш үчүн, Жахабага кызмат кылууда кандай иштерди аткарууга даярмын?» — деп өзүбүздү текшерип көргөнүбүз дурус.

«Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»

6. Иса эң алды эмнеге умтулган?

6 Иса көңүлүн дүйнө сунуштаган нерселерге эмес, маанилүү нерселерге топтогон жана ыңгайлуу жашоо азгырыгын четке каккан. Ал курмандыктарга барууга жана Кудайга тил алууга ар дайым даяр болгон. Иса эч качан өзүнө жакканды кылган эмес, ал: «Мен ар дайым ага [Кудайга] жакканды жасайм»,— деген (Жкн. 8:29). Кудайга жагыш үчүн ал эмнелерге даяр болгон?

7, 8. а) Иса кандай курмандыктарга барган жана кандай сыйлык алган? б) Өзүбүзгө кандай суроо берип көрүшүбүз керек?

7 Бир жолу Иса шакирттерине: «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары берүү үчүн келген»,— деген (Мт. 20:28). Андан мурунураак ал жакында өзүнүн өлтүрүлүп, «жанын... берерин» айтканда, Петир: «Мырзам, өзүңдү ая»,— деген. Бул Исанын чечкиндүүлүгүн солгундаткан эмес. Ал өзүнүн «жанын» — жеткилең өмүрүн — адамзат үчүн даярдуулук менен берген. Мындай жанаябастык көрсөткөнү үчүн Иса чоң сыйлык алган: кайрадан тирилтилип, «Кудайдын оң жагына отурган» (Элч. 2:32, 33). Чынында эле, ал бизге кандай гана мыкты үлгү калтырган.

8 Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине: «Өзүбүзгө гана жакканды кылбайлы»,— деп кеңеш берген. Ошондой эле «Машаяк да өзүнө гана жакканды кылбаганын» айткан (Рим. 15:1—3). Элчинин бул кеңешин биз канчалык деңгээлде колдонобуз жана Машаякты тууроодо кандай курмандыктарга барууга даярбыз?

Жахаба эң жакшысын беришибизди каалайт

9. Исанын жолдоочусу өзүн Кудайга арнаганда эмнени көрсөтөт?

9 Байыркы Ысрайылда, Мусанын мыйзамы боюнча, өзүн кулчулукка саткан эврей жети жылдан кийин же юбилей жылында эркиндикке чыгарылышы керек болчу. Бирок ал, кааласа, эркиндигинен баш тарта алган. Ал кожоюнун жакшы көргөндүктөн, кул бойдон калып, ага өмүр бою кызмат кылууну чече алмак (Оку: Мыйзам 15:12, 16, 17). Кудайга арналганыбызда биз да ушул сыяктуу чечим чыгарабыз. Биз өз ыктыярыбыз менен өзүбүздүн эмес, Кудайдын эркин аткарууга даяр экенибизди билдиребиз. Ошентүү менен Жахабага болгон терең сүйүүбүздү жана ага түбөлүккө кызмат кылууну каалаарыбызды көрсөтөбүз.

10. Биз кандайча Кудайдын энчиси болобуз жана бул ой жүгүртүүбүзгө, кылган иштерибизге кандай таасир этиши керек?

10 Эгер сен учурда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, башкаларга жакшы кабар айтып, жыйналыш жолугушууларына катышып жатсаң, мактоого татыктуусуң. Биз сенин өзүңдү Жахабага арноого түрткү аларыңа жана Филиптен: «Чөмүлтүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» — деп сураган эфиопиялык кишидей болуп чечкиндүү иш-аракет кыларыңа ишенебиз (Элч. 8:35, 36). Чөмүлтүлгөндөн кийин адамдын Кудайдын энчиси болорун көрсөтүп, Пабыл ишенимдештерине: «Силер өзүңөргө таандык эмессиңер, анткени кымбат баага сатылып алынгансыңар»,— деп жазган (1 Кор. 6:19, 20). Ооба, үмүтүбүз мейли асмандагы, мейли жердеги жашоого болсун, өзүбүздү Жахабага арнаганыбызда, ал биздин Кожоюнубуз болуп калат. Андыктан жеке каалоолорубузду башкарып, «мындан ары адамдарга кул болбошубуз» керек (1 Кор. 7:23). Жахабанын өзү каалагандай колдоно турган ишенимдүү кызматчысы болуу кандай гана чоң сыймык!

11. Биз кандай курмандык алып келүүгө чакырылабыз жана Мусанын мыйзамынан көрүнүп тургандай, ал курмандык кандай болушу талап?

11 Пабыл ишенимдештерин: «Денеңерди тирүү, ыйык жана Кудайга жага турган курмандыкка бергиле. Ошентип, ыйык кызматыңарды акыл жөндөмүңөрдү колдонуп аткаргыла»,— деп үндөгөн (Рим. 12:1). Исанын жүйүт элинен чыккан жолдоочулары ал сөздөрдү укканда, Исаны жолдогонго чейин сыйынуусунун ажырагыс бөлүгү болуп келген курмандык чалуу каадасын эстесе керек. Алар, Мусанын мыйзамы боюнча, Жахабага курмандыкка чалына турган малдын эң жакшы, кемтиксиз болушу талап кылынганын билишкен. Талапка ылайык келбеген мал кабыл алынчу эмес (Мал. 1:8, 13). Денебизди «тирүү... курмандык» катары берүү жөнүндө ушуну эле айтууга болот. Биз Жахабага өзүбүздүн каалоолорубузду канааттандыргандан «артканын» эмес, эң жакшыбызды беребиз. Жахабага арналганыбызда «жаныбызды» — өмүрүбүздү — ошондой эле күчүбүздү, мүлкүбүздү жана шык-жөндөмдүүлүгүбүздү толугу менен ага арнайбыз (Кол. 3:23). Бул эмнени билдирет?

Убактыңды акылмандык менен колдон

12, 13. Жахабага эң жакшысын берүүнүн бир жолу кайсы?

12 Жахабага эң жакшыны берүүнүн бир жолу — убактыбызды акылмандык менен колдонуу (Оку: Эфестиктер 5:15, 16). Бул өзүн өзү башкара билүүнү талап кылат. Шайтандын дүйнөсү жана тукум кууп өткөн жеткилеңсиздик убактыбызды керт башыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана колдонууга түртөт. Албетте, «бардык нерсенин өз убагы бар», мындайча айтканда, Исанын жолдоочусу катары милдеттерибизди аткара алышыбыз үчүн эс алуунун да, иштөөнүн да убактысы болушу керек (Нас. 3:1). Ошентсе да Кудайдын арналган кызматчысы теңсалмактуулук сактап, убактысын акылмандык менен колдонушу зарыл.

13 Пабыл Афин шаарына барганда «бардык афиндиктер менен алардын арасында жашаган бөтөн жерликтер бош убактысын жаңы бир нерсе жөнүндө сүйлөшүү же угуу менен гана өткөрүшөрүн» байкаган (Элч. 17:21). Бүгүнкү күндө да көптөр убактысын ушундай нерселерге коротот. Анын үстүнө, азыр убакытты алган, алаксыта турган, мисалы, телевизор көрүү, видеооюндарын ойноо жана Интернетте «саякаттоо» сыяктуу көңүл ачуулар абдан көп. Сак болбосок, алардын айынан рухий муктаждыктарыбызга көңүл бурбай калышыбыз мүмкүн. Атүгүл «маанилүүрөөк» нерселерге — Жахабага кызмат кылууга байланышкан иштерге — убактыбыз жок деп эсептей башташыбыз ыктымал (Флп. 1:9, 10).

14. Кандай суроолор тууралуу жакшылап ойлонуп көргөнүбүз дурус?

14 Ошондуктан Жахабанын арналган кызматчысы катары өзүңө төмөнкүдөй суроолорду берип көр: Ыйык Китепти окууга, ой жүгүртүүгө жана тиленүүгө күн сайын убакыт бөлүп жатамбы? (Заб. 76:13; 118:97; 1 Тес. 5:17). Жыйналышка даярдануу үчүн атайын убакыт бөлөмбү? Жыйналышта берген жоопторум менен башкаларды бекемдейминби? (Заб. 121:1; Эвр. 2:12). Кудайдын Сөзүндө Пабыл менен Барнабанын «Жахабанын берген бийлиги менен тайманбай кабар айтууга» бир топ убакыт жумшаганы айтылат (Элч. 14:3). Сен да, аларга окшоп, кабар айтуу ишине көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн, балким, пионер болуп кызмат кылуу үчүн, жагдай-шартыңды өзгөртө аласыңбы? (Оку: Эврейлер 13:15).

15. Аксакалдар убактысын канткенде акылмандык менен пайдаланышат?

15 Элчи Пабыл менен Барнаба Антиохиядагы жыйналышка барганда, ал жактагыларды кубаттап-кайраттандырыш үчүн, алар менен «бир топ убакыт болушкан» (Элч. 14:28). Ошо сыяктуу эле, камкор аксакалдар башкаларды бекемдөө үчүн убактысын аябайт. Алар кабар айтуу кызматына катышуудан тышкары, оторду кайтаруу үчүн көп күч-аракет жумшашат, маселен, жоголгон койлорду издеп, оорулууларга көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле жыйналыштагы көптөгөн башка жоопкерчиликтерди аркалашат. Эгер чөмүлтүлгөн эркек биртууган болсоң, жагдайың ушундай сыймыктуу жоопкерчиликти аркалоого мүмкүнчүлүк береби?

16. «Ишенимдештерибизге жакшылык кылуунун» айрым жолдору кайсылар?

16 Көптөгөн биртуугандар адамдар себепкер болгон же табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүүдөн кубаныч алышат. Мисалы, Бейтелде кызмат кылган 65 жаштардагы бир апа, алыс жол жүрүүгө туура келсе да, кырсык болгон жактарга барып, бир нече жолу ыктыярдуу жардамчы катары кызмат кылган. Өзүнүн эс алуу күндөрүн ушундайча колдонууга ага эмне түрткү берген? Ал мындай дейт: «Жардам берүү жагынан атайы адис болбосом да, жардам берүүнүн өзү эле чоң кубаныч тартуулады. Мүлкүнүн көбүнөн кол жууган биртуугандарымдын бекем ишенимин көрүп, өзүм да кадимкидей бекемделдим». Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча миңдеген ишенимдештерибиз Падышалык жана Жыйындар залдарын курууга көмөктөшөт. Ырас, кызматтын ушундай түрлөрүнө катышуу менен «ишенимдештерибизге жакшылык кылабыз» (Гал. 6:10).

«Мен ар күнү силер менен болом»

17. Түбөлүк өмүр алуу үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?

17 Кудайдан алыстаган дүйнөнүн жок кылынар күнү жакындап келатат. Биз ал күндүн качан келерин так билбейбиз. Бир билгенибиз, «убакыт аз калды» жана «дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда» (Оку: 1 Корунттуктар 7:29—31). «Убакыттын аз калганы» Исанын: «Чынында, адам... өз жанынын ордуна... эмне бере алат?» — деген суроосунун канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Биз «чыныгы жашоого» жетүү үчүн, Жахаба талап кылган бардык курмандыктарга барууга даярбыз (1 Тим. 6:19). Ооба, Исанын жолун дайыма жолдоп, «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издей» беришибиз абдан маанилүү (Мт. 6:31—33; 24:13).

18. Эмнеден шектенбесек болот жана эмне үчүн?

18 Албетте, Исанын жолун жолдоо дайыма эле оңой боло бербейт, атүгүл айрымдар аны жолдогону үчүн азыркы «дүйнө түзүлүшүндө» өмүрүнөн айрылышы ыктымал. Ошентсе да, Исадай болуп, өзүбүздү аёо азгырыгын четке кагабыз. Биз анын биринчи кылымдагы майланган жолдоочуларына берген: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деген убадасына бекем ишенебиз (Мт. 28:20). Келгиле анда, ыйык кызмат кылууга убактыбызды жана шык-жөндөмдүүлүгүбүздү колубуздан келишинче колдоно берели. Ошондой кылуу менен Жахабанын бизди улуу алааматтан аман алып каларына, өмүрүбүздөн айрыла турган болсок, жаңы заманда тирилтерине шектенбээрибизди айгинелейбиз (Эвр. 6:10). Ошентип, өмүр белегин канчалык жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Иса Кудайга жана адамдарга кызмат кылуу үчүн кандай курмандыктарга барган?

• Адам эмне үчүн өзүнөн «баш тартышы» керек жана кантип?

• Байыркы Ысрайылда Жахаба кандай курмандыктарды кабыл алчу, ал эми бүгүнчү?

• Убактыбызды кантип акылмандык менен колдоно алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Иса ар дайым Кудайга жакканды кылган

[28-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктар чыныгы сыйынууну колдоорун эң жакшысын алып келүү менен көрсөтүшкөн

[29-беттеги сүрөт]

Кудайга жагуу үчүн убактыбызды туура колдонууга тийишпиз

[29-беттеги сүрөт]