Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аларга тезирээк кайрылып келүүгө жардам берели

Аларга тезирээк кайрылып келүүгө жардам берели

Аларга тезирээк кайрылып келүүгө жардам берели

«Биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да» (ЖКН. 6:68).

1. Исаны көп шакирттери таштап кетишкенде, Петир ага эмне деген?

БИР жолу Иса Машаяктын көптөгөн шакирттери анын айткан сөздөрүн кабыл алгысы келбей, андан баш тартып кетишет. Ошондо Иса элчилеринен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сурайт. Симон Петир ага: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да»,— деп жооп берет (Жкн. 6:51—69). Чынында эле алар кайда барышмак? Жүйүттөрдүн дининде «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр» жок болчу. Бүгүнкү күндө андай сөздөр жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабылда да жок. Кудайдын оторунан адашкан, бирок Жахабага жагууну каалагандардын баары үчүн азыр «ойгоно турган» жана оторго кайрылып келе турган убак (Рим. 13:11).

2. Укуктук маселеге же конфиденциалдуу ишке байланыштуу эмнени эстен чыгарбоо зарыл?

2 Жахаба Ысрайылдын жоголгон койлору үчүн абдан тынчсызданган (Оку: Жезекиел 34:15, 16). Ошо сыяктуу эле, жыйналыш аксакалдары отордон адашкан ишенимдешибизге жардам берүүнү каалашат жана ошентүүгө милдеттүү. Алар активдүү болбой калган, бирок жардам алгысы келген биртууган менен изилдөө өткөрүүгө бир жарчыны дайындашы мүмкүн. Эгер жарчы активдүү эмес биртууган менен изилдеп жүрүп, анын олуттуу күнөө жасаганын билсе эмне кылганы дурус? Ал аксакалдар чечиши керек болгон укуктук маселеге же купуя (конфиденциалдуу) маалыматка байланыштуу кандайдыр бир кеңештерди бергендин ордуна, аны аксакалдарга кайрылууга үндөшү керек. Эгер ал биртууган кайрылууну каалабаса, жарчы аксакалдарга өзү билдириши зарыл (Леб. 5:1; Гал. 6:1).

3. Жүз кою бар киши жоголгон коюн тапканда кандай сезимде болгон?

3 Буга чейинки макалада Исанын жүз кою бар киши жөнүндөгү мисалы айтылган. Ал бир кою жоголуп кеткенде, токсон тогузун калтырып, аны издеп жөнөгөн. Жоголгон коюн тапканда ал кандай гана кубанган! (Лк. 15:4—7). Кудайдын адашкан кою оторго кайтып келгенде, биз да ошондой кубанабыз. Балким, сүйүүсүнөн улам аксакалдар жана жыйналыштын башка мүчөлөрү активдүү болбой калган биртуугандын үйүнө баргандыр. Алар анын оторго кайтып келип, кайрадан Кудайдын колдоосуна, коргоосуна жана батасына ээ болушун каалашат (Мыйз. 33:27; Заб. 90:14; Накыл 10:22). Активдүү болбой калган биртууганга жардам берүү үчүн алар эмне кылса болот?

4. Галатиялыктар 6:2, 5тен эмнени биле алабыз?

4 Андай биртууганды кайрадан жыйналышка келүүгө үндөп, Жахабанын өзүнүн койлорун сүйөрүн жана алардан колдон келген нерсени гана талап кыларын сылыктык менен айтса болот. Колубуздан келген нерселерге Ыйык Жазманы изилдөө, жыйналыш жолугушууларына катышуу, Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтуу кирет. Балким, ага Галатиялыктар 6:2, 5-аяттарды окуп, Исанын жолдоочулары бири-бирине түйшүктөрүн көтөрүүгө жардам берерин, бирок ар ким «өз жүгүн өзү көтөрөрүн», башкача айтканда, Жахабанын алдындагы милдетин өзү аткарарын түшүндүрүп береттирсиң. Ооба, биз үчүн эч ким Кудайга кызмат кыла албайт.

«Турмуш түйшүктөрү» себеп болуп жаткан жокпу?

5, 6. а) Активдүү эмес биртууганды сезимдери менен бөлүшүп жатканда кунт коюп угуу эмне үчүн маанилүү? б) Активдүү болбой калган биртууганга Кудайдын элинен алыстоо зыяндуу экенин түшүнүүгө кантип жардам берсек болот?

5 Активдүү болбой калган ишенимдешибизге кантип жардам берүүнү билүү үчүн аксакалдар жана башка жетилген биртуугандар аны сезимдери менен бөлүшүп жатканда кунт коюп укканы маанилүү. Сен аксакал катары «турмуш түйшүктөрүнөн» улам жыйналышка келбей калган жубайларга бардың дейли (Лк. 21:34). Алар акча жагынан кыйналгандыктан же үйбүлөлүк милдеттери көбөйгөндүктөн рухий жактан алсырап кеткендир. Ал жубайлар алгач кыйынчылыктарыбызды чечип алалычы деп ойлошу мүмкүн, бирок аларга жыйналышка барбай койсо эле кыйынчылыктары чечилип калбай турганын түшүндүр (Оку: Накыл сөздөр 18:1 *). Алардан сылыктык менен: «Жыйналышка барбай калгандан бери өзүңөрдү бактылуу сезип жатасыңарбы? Үйбүлөлүк турмушуңар жакшырдыбы? Жахабага таянуунун аркасында боло турган кубанычка дагы деле ээсиңерби?» — деп сурап көрсөң болот (Нек. 8:10).

6 Ушул суроолор тууралуу ой жүгүртүү активдүү болбой калган биртуугандарга жыйналышка барбай калгандан бери рухий жактан алсырап, мурдагыдай бактылуу болбой калганын сезүүгө жардам бериши ыктымал (Мт. 5:3; Эвр. 10:24, 25). Ошондой эле аларга кабар айтуу ишине катышуу кубаныч апкелерин түшүнүүгө жардам берсе да болот (Мт. 28:19, 20). Активдүү болбой калгандардын оторго кайрылып келүү үчүн эмне кылганы акылдуулукка жатат?

7. Отордон адашкандарды эмне кылууга үндөй алабыз?

7 Иса: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын... Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн... дайыма жалындуу тиленип, сергек болгула»,— деген (Лк. 21:34—36). Отордон адашкан, бирок кайрадан мурдагыдай бактылуу болгусу келген ишенимдештерибизди Кудайдан ыйык рух, жардам сурап тиленүүгө жана тиленүүсүнө ылайык иш кылууга үндөгөнүбүз маанилүү (Лк. 11:13).

Кимдир бирөө мүдүрүлткөн жокпу?

8, 9. Мүдүрүлгөн биртууганга аксакал эмнелерди айтса болот?

8 Адамдардын баары жеткилеңсиз болгондуктан, пикир келишпестиктер болбой койбойт. Ушундан улам айрымдар мүдүрүлүшү мүмкүн. Дагы башкалары жыйналышта урмат-сыйга ээ биртуугандын ыйык китептик принциптерге каршы иш кылганын көргөндө мүдүрүлүшөт. Активдүү эмес биртууган ушундан улам жыйналышка келбей жүрсө, аксакал ага Жахабанын эч кимдин мүдүрүлүшүнө себепкер эмес экенин айтса болот. Анда анын кимдир бирөөнүн айынан Жахаба жана анын эли менен болгон мамилесин үзүп койгону туура болот беле? Тескерисинче, «бүт жер жүзүнүн Сотунун» баарын көрүп-билип турарын жана жагдайды эң жакшы жол менен чечерине ишенип, ага кызмат кыла бергени оң эмеспи? (Башт. 18:25; Кол. 3:23—25). Эгер адам чалынып жыгылып кетсе, ордунан турбай жата берет беле?

9 Активдүү эмес биртууганга рухий жактан жардам берүү үчүн аксакал айрымдарга аларды мүдүрүлткөн нерсе убакыттын өтүшү менен анчалык олуттуу көрүнбөй калганын айтса болот. Чынында, мүдүрүлгөн нерсеге ал кийин анча деле маани бербей калышы ыктымал. Ал эми кимдир бирөө жаза алгандыктан жыйналышка келбей жүрсө, тиленүү менен ой жүгүртүүнүн аркасында өзүнүн туура эмес кылганын мойнуна алып, жазалангандыктан эле жыйналышка барбай койбошу керектигин түшүнүшү мүмкүн (Заб. 118:165; Эвр. 12:5—13).

Ыйык китептик кайсы бир окуу себеп болгонбу?

10, 11. Ыйык китептик кайсы бир окууга макул болбогон биртууганга туура ой жүгүртүүгө кантип жардам берсе болот?

10 Айрымдар ыйык китептик кайсы бир окууга макул болбогондуктан Кудайдын оторунан кетип калышы мүмкүн. Ысрайылдыктар Мисир кулчулугунан бошонгондон кийин Кудайдын алардын жыргалчылыгы үчүн жасаган «иштерин... унутуп коюшкан» жана «Анын буйруктарын күтүшкөн» эмес (Заб. 105:13). Активдүү болбой калган ишенимдешибизге «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» бизди эң жакшы рухий тамак менен камсыз кылып жатканын айта кеткен оң (Мт. 24:45). Ооба, мунун аркасында ал чындыкты таанып-билген. Анда анын кайрадан чындык жолуна түшкөнү акылдуулукка жатпайбы? (2 Жкн. 4).

11 Аксакал Кудайдын оторунан адашкандарга жардам берүүдө Исанын айткандарын четке кагып, андан баш тартып кеткен шакирттерин мисал келтире алат (Жкн. 6:53, 66). Машаякты жана анын ишенимдүү жолдоочуларын таштап кетүү менен алар рухийликти баалабай калышкан, кубанычын да жоготушкан. Жыйналыш менен байланышын үзүп койгондор рухий тамак мол берилген башка жерди табыштыбы? Жок, анткени андай жер жок!

Олуттуу күнөө жасаганбы?

12, 13. Отордон адашкан биртууган олуттуу күнөө жасаганын айтса, ага кантип жардам берүүгө болот?

12 Айрымдар олуттуу күнөө жасагандыктан кабар айтпай, жыйналышка барбай калышат. Алар аксакалдарга күнөө кетиргенин ачык айтса, жыйналыштан чыгарылып калам деп ойлошу ыктымал. Бирок алар Ыйык Китепке каршы келген ишин кайра кайталабаса жана чын жүрөктөн өкүнсө, жыйналыштан чыгарылбайт (2 Кор. 7:10, 11). Тескерисинче, жыйналыштагылар аларды жылуу тосуп алышат жана аксакалдар зарыл болгон рухий жардамды беришет.

13 Эгер сен активдүү эмес жарчыга жардам берүүгө дайындалсаң жана ал сага олуттуу күнөө жасаганын айтса, эмне кылышың керек? Жогоруда айтылгандай, ишин териштирип киргендин ордуна, аны аксакалдарга кайрылууга үндө. Эгер ал антүүнү каалабаса, буга байланыштуу Кудайдын көрсөтмөсүнө баш ийүү менен сен Жахабанын ысмы жана жыйналыштын рухий жыргалчылыгы үчүн тынчсызданарыңды көрсөтөсүң (Оку: Лебилер 5:1). Оторго кайрылып келүүнү, Кудайдын эркине ылайык жашоону каалагандарга кантип жардам берүүнү аксакалдар жакшы билишет. Андай биртууганды сүйүү менен жазалоо талап кылынышы мүмкүн (Эвр. 12:7—11). Эгер ал Кудайга каршы күнөө кылганын мойнуна алса, күнөө кылганын токтотсо, чын жүрөктөн өкүнсө, аксакалдар ага жардам беришет жана Жахаба аны кечирет (Ыш. 1:18; 55:7; Жкп. 5:13—16).

Уул кайтып келгендеги чоң кубаныч

14. Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалын өз сөзүңөр менен айтып бергиле.

14 Отордон адашкан ишенимдешибизге жардам берүү үчүн дайындалган жарчы Исанын Лука 15:11—24-аяттарда жазылган мисалын келтире алат. Ал мисалдагы жаш жигит адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп, мурасын ыгы жок ысырап кылат. Акыры андай бузуку жашоодон тажайт. Андан сырткары, жокчулуктун азабын тартат, үйүн сагынат. Анан кайрадан үйүнө барууну чечет. Аны алыстан эле көргөн атасы чуркап барып, аны мойнунан кучактап, өпкүлөп, кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Бул мисал тууралуу ой жүгүртүү жыйналыштан алыстап кеткен биртууганга кайрылып келүүгө түрткү бериши ыктымал. Азыркы түзүлүш жакында жок боло тургандыктан, ал «үйгө» тезирээк кайрылып келиши керек.

15. Айрымдар эмнеден улам жыйналыштан алыстап кетишет?

15 Жыйналыштан алыстап кеткендердин баары эле бузулган уулга окшош эмес. Айрымдар, жээктен акырындык менен узаган кайыкка окшоп, билинбей эле жыйналыштан алыстап кетишет. Ал эми башкалар турмуш түйшүктөрүнө малынып, рухий иштерге көңүл бурбай калышат. Дагы бирөөлөр жыйналыштагы кимдир бирөөнүн айынан мүдүрүлгөндүктөн же ыйык китептик кайсы бир окууга макул болбогондуктан жыйналыш менен болгон мамилесин үзүп коюшат. Кээ бирөөлөр болсо Ыйык Китепке каршы келген иш жасагандыктан, жыйналышка келбей калышат. Бирок биз жогорудагы кеңештерди колдонуп, ушул же башка себептерден улам отордон адашкандарга өтө кеч болуп кала электе кайрылып келүүгө жардам бере алабыз.

«Үйгө келишиң менен, уулум!»

16—18. а) Бир аксакал көп жылдан бери активдүү болбой калган биртууганга кантип жардам берген? б) Ал биртууган эмне үчүн активдүү болбой калган, ага кандайча жардам көрсөтүлгөн жана жыйналыштагылар аны кандай тосуп алышкан?

16 Бир аксакал мындай дейт: «Биздин жыйналыштагы аксакалдар кеңеши активдүү болбой калгандардын үйүнө баруу үчүн өзгөчө күч-аракет жумшоону чечтик. Мен мени менен Ыйык Китепти изилдеп, чындыкты тааныган бир биртууганды эстедим. Анын активдүү болбой калганына 25 жылдай болуп калган эле. Ал оор кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан. Ошондуктан ага Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу кандайча жардам бере аларын түшүндүрүп бердим. Көп өтпөй ал жыйналышка келе баштады. Ошондой эле рухий жактан бутуна туруп, оторго кайрылып келиши үчүн аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлүшүнө макул болду».

17 Ал биртууган эмне үчүн активдүү болбой калган? Ал мындай дейт: «Мен рухий иштерге караганда дүйнөлүк иштерге көбүрөөк маани бере баштагам. Бара-бара Ыйык Китепти изилдебей, кабарга чыкпай, жыйналыш жолугушууларына да барбай калдым. Ошентип, жыйналыштан алыстап кеткенимди өзүм да байкабай калыптырмын. Бирок бир аксакалдын жекече көңүл буруп, чын жүрөктөн жардам бергенинин аркасында жыйналышка кайрадан келе баштадым». Аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштагандан тартып, кыйынчылыктары азая баштаган. «Көрсө, жашоомдо Жахабанын сүйүүсү, жетекчилиги жана уюму жетишпей жаткан экен»,— деп кошумчалайт ал.

18 Жыйналыштагылар ал биртууганды кандай тосуп алышкан? «Мен өзүмдү Иса Машаяктын мисалындагы адашкан уулдай сезем,— дейт ал.— 30 жылдан бери Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келаткан жыйналышыбыздагы бир апанын: „Үйгө келишиң менен, уулум!“ — деген сөздөрү жүрөгүмдү ушунчалык козгоду. Мен, чынында эле, өз үйүмө келгендей болдум. Көрсөткөн сүйүүсү, жылуу мамилеси, чыдамкайлыгы жана чын дилден көңүл бурганы үчүн мага жардам берген аксакалга жана бүт жыйналышка чын жүрөктөн ыраазымын. Алардын Жахабага жана жакынына болгон сүйүүсү мага оторго кайрылып келүүгө түрткү берди».

Аларды азыр иш-аракет кылууга үндө!

19, 20. Активдүү болбой калгандарды оторго тезинен кайрылып келүүгө кантип үндөй аласың жана Кудайдын колубуздан келбегенди талап кылбай турганын кантип көрсөтүп берсең болот?

19 Биз акыркы күндөрдө жашап жатабыз. Бул түзүлүштүн жок болоруна абдан аз калды. Ошондуктан активдүү болбой калгандарды жыйналышка создуктурбай келүүгө үндө. Шайтандын Кудай менен болгон мамилебизди бузууга аракет кылып жатканын жана чыныгы сыйынууну таштасак, турмуш түйшүктөрүнөн арылабыз деген ойлорду берерин айт. Аны Исанын ишенимдүү жолдоочусу болуу менен гана чындап сергий турганыбызга ынандыр (Оку: Матай 11:28—30).

20 Андан тышкары, Кудайдын колубуздан келбеген нерсени талап кылбай турганын айтсаң болот. Исанын өлүмүнө аз калганда Лазардын биртууганы Мариям аны кымбат баалуу май менен майлайт. Ошондо элчилер Мариямды сынга алганда, Иса аларга: «Бул аялды жайына койгула... [ал] колунан келгенди кылды»,— деген (Мр. 14:6—8). Дагы бир жолу Иса ибадатканага аябай эле аз тартуу кылган жарды жесир аялды мактаган. Себеби ал да колунан келгенди кылган (Лк. 21:1—4). Көбүбүз жыйналыш жолугушууларына бара да, Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катыша да алабыз. Активдүү болбой калгандардын көбү да Жахабанын жардамы менен ушул иштерди кыла алышат.

21, 22. Жахабага кайрылып келгендерди эмнеге ынандырсаң болот?

21 Эгер отордон адашкан биртууган жыйналышка келүүдөн коркуп жатса, ага адашкан уул үйүнө кайтып келгенде үйүндөгүлөрүнүн чоң кубанычка бөлөнгөнүн айтсаң болот. Активдүү болбой калгандар кайрылып келгенде да жыйналыштагылар чоң кубанычка батышат. Аларды Ибилиске каршы туруп, Жахабага жакындоо үчүн азыр иш-аракет кылууга үндө! (Жкп. 4:7, 8).

22 Жахабага кайрылып келгендерди жыйналыштагылар кубаныч менен тосуп алышат (Жер. ый. 3:40). Алардын мурун Кудайга кызмат кылып жүргөндө чоң кубанычка ээ болушканы шексиз. Оторго тезирээк кайрылып келгендерди келечекте сөз менен айтып жеткире алгыс баталар күтүп турат!

[Шилтеме]

^ 5-абз. Накыл сөздөр 18:1 («ЖД»): «Обочолонгон адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат».

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Мүдүрүлгөндүктөн активдүү болбой калган биртууганга кантип жардам берсең болот?

• Ыйык китептик кайсы бир окууга макул болбогондуктан Кудайдын оторунан кетип калган биртууганга эмнелерди айткан оң?

• Жыйналышка келүүдөн коркуп жаткан биртууганга кантип жардам берүүгө болот?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Активдүү болбой калган ишенимдешибиз сезимдери менен бөлүшүп жатканда, кунт коюп ук

[15-беттеги сүрөт]

Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалы айрымдарга оторго кайтып келүүгө түрткү берет

[16-беттеги кутуча]