Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исадай болуп, «Ибилиске каршы тургула»

Исадай болуп, «Ибилиске каршы тургула»

Исадай болуп, «Ибилиске каршы тургула»

«Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат» (ЖКП. 4:7).

1. Иса эмнени билген?

ИСА МАШАЯК Ибилис тарабынан каршылыктарга дуушар болорун билген. Муну Кудайдын жыланга, тактап айтканда, каардуу рухий жаратууга айткан сөзүнөн айкын көрүүгө болот. Кудай ага мындай деген: «Аял [Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү] экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму [Иса Машаяк] сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың» (Башт. 3:14, 15; Аян 12:9). Исанын согончогу чагылары анын жерде жүргөндө өлтүрүлөрүн, убактылуу гана кыйналарын, билдирген. Себеби Жахаба аны асмандагы жашоого тирилтмек. Ал эми жыландын — Ибилистин — башы жанчылары анын биротоло жок кылынарын билдирген (Оку: Элчилер 2:31, 32; Эврейлер 2:14).

2. Жахаба Исанын Ибилиске каршы тура аларына эмне үчүн ишенген?

2 Жахаба Исанын алган тапшырмасын ийгиликтүү аткарарына жана Ибилиске каршы тура аларына толук ишенген. Ал эмнеден улам Исага ишене алган? Анткени Жахаба аны кылымдар мурун эле жаратып, аны менен көп убакыт бою чогуу болгон. Ал «сүрөтчүсүнүн» жана бардык жаратууларынын «тунгучунун» тил алчаак, ишенимдүү экенин анык билген (Накыл 8:22—31; Кол. 1:15). Ошондуктан жалгыз Уулун жерге жибергенде жана Ибилиске аны өмүрүнүн аягына чейин сыноого жол бергенде Кудай анын жеңишке жетерине шектенген эмес (Жкн. 3:16).

Жахаба кызматчыларын коргойт

3. Ибилистин бутасы кимдер?

3 Иса Ибилистин «бул дүйнөнүн башкаруучусу» экенин айтып, шакирттерине өзүндөй болуп, куугунтукталышарын эскерткен (Жкн. 12:31; 15:20). Шайтан Ибилистин бийлиги астындагы бул дүйнө Исанын жолдоочуларын Жахабага кызмат кылып, адилдикти жар салып жатышканы үчүн жек көрөт (Мт. 24:9; 1 Жкн. 5:19). Ибилистин негизги бутасы — Иса менен акыры асман Падышалыгында кошо башкара турган майлангандардын калдыгы. Шайтан, ошондой эле жер бетинде бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөн Жахабанын Күбөлөрүн да бута кылат. Кудайдын Сөзү бизди: «Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп эскертет (1 Пет. 5:8).

4. Бүгүнкү күндө Кудайдын элинин Ибилиске каршы туруштук берип жатканына кандай далилдер бар?

4 Жахаба Кудайдын колдоосуна ээ болгон уюм катары, биз Ибилиске каршы туруштук берип келебиз. Мисалы, акыркы жүз жылдыктын ичинде тарыхтагы эң катаал деп эсептелген диктаторлордун айрымдары Жахабанын Күбөлөрүн жер менен жексен кылууга умтулушкан. Ошого карабай учурда дүйнө жүзү боюнча жыйналыштардын саны 100 000ден ашып, Күбөлөрдүн саны 7 000 000го чукулдап калды. Ал эми Жахабанын элин ырайымсыздык менен куугунтуктаган диктаторлор өздөрү ойрон болушкан.

5. Ышайа 54:17деги сөздөрдүн калетсиздиги эмнеден көрүнүп турат?

5 Байыркы Ысрайылга Кудай мындай убада берген: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың. Бул — Теңирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик» (Ыш. 54:17). Бул сөздөр Жахабанын азыркы «акыркы күндөрдө» жашап жаткан бүткүл дүйнө жүзүндөгү элинин үстүнөн да аткарылууда (2 Тим. 3:1—5, 13). Биз Ибилиске мындан ары да туруштук берүүгө чечкиндүүбүз. Жахаба биз тарапта болгондуктан, Ибилистин колдонгон бир да куралы ийгиликтүү болбойт (Заб. 117:6, 7).

6. Даниелдин пайгамбарлыгына ылайык, Ибилистин башкаруусу жакында эмне болот?

6 Азыркы бузулган дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келатат. Жакында Шайтандын башкаруусу түп-тамыры менен жок кылынат. Даниел пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен мындай деген: «Ошол падышачылыктардын [азыр башкарып жаткан өкмөттөрдүн] убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты [асманда] орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал [учурдагы] бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Дан. 2:44). Мындан Шайтандын да, жеткилеңсиз адамдардын да башкаруусунун кыйратылары көрүнүп турат. Ооба, Ибилистин дүйнөсү орду түбү менен жок болуп, Кудайдын Падышалыгы жалгыз өзү бүткүл жер үстүнөн бийлик жүргүзөт (Оку: 2 Петир 3:7, 13).

7. Жахабанын ар бир кызматчысы Ибилиске каршы тура аларын кайдан билебиз?

7 Жахабанын уюмунун сакталарына жана рухий жактан гүлдөй берерине шек жок (Оку: Забур 124:1, 2). Ал эми жеке ар бирибиз жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китеп бизди, Исадай болуп, Ибилиске каршы тура аларыбызга ынандырат. Машаяктын элчи Жакан аркылуу айткан пайгамбарлыгына ылайык, жерде жашоого үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдар», Шайтандын каршылыгына карабай, бул дүйнө жок кылынганда аман калат. Жазмада айтылгандай, алар үнүн бийик чыгарып: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз жана Козу [Иса Машаяк] куткарды»,— деп айтышат (Аян 7:9—14). Ыйык Китепте майлангандардын да Шайтанды жеңери айтылган. Алардын шериктери да, «башка койлор», Шайтанга туруштук бере алышат (Жкн. 10:16; Аян 12:10, 11). Бирок ан үчүн көп күч-аракет жумшап, Кудайдан «Карөзгөйдөн сакташын» сурап жалындуу тиленүү керек (Мт. 6:13).

Ибилиске каршы туруунун эң мыкты үлгүсү

8. Ибилис Исаны чөлдө жүргөндө биринчи жолу кантип азгырган жана Иса кандай жооп кайтарган?

8 Ибилис Исаны актыгынан тайдырууга бир нече ирет аракет кылган. Ал аны чөлдө жүргөндө ар кандай жолдор менен азгырып, Жахабага каршы иш кылдырууну көздөгөн. Бирок Иса Шайтанга каршы туруп, бизге мыкты үлгү калтырган. Кырк күн, кырк түн орозо кармагандан кийин Иса аябай ачка болгон. Ошондо Шайтан ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйручу»,— деп айткан. Бирок Иса Кудайдан алган күчүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуудан баш тарткан. Ал Шайтанга: «Ыйык Жазмада: „Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашашы керек“,— деп жазылган»,— деп жооп берген (Мт. 4:1—4; Мыйз. 8:3).

9. Ибилистин табигый каалоолорубузду туура эмес колдонууга түртүшүнө эмне себептен каршы турушубуз керек?

9 Бүгүнкү күндө да Ибилис Жахабанын кызматчыларын табигый каалоолорун туура эмес колдонууга азгырат. Ошондуктан биз азыркы бузулган дүйнөдө боло жүргөн нерсеге айланган жыныстык адеп-ахлаксыздыкка каршы турууга чечкиндүү болушубуз керек. Кудай Сөзүндө: «Же, эмне, адил эмес адамдардын Кудайдын падышалыгын мурастабай турганын билбейсиңерби? Алданбагыла. Бузуктук кылуучулар да, бурканга табынуучулар да, ойноштук кылуучулар да, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да... Кудайдын падышалыгын мурастабайт»,— деп ачык эле айтылат (1 Кор. 6:9, 10). Арийне, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп, өзгөргүсү келбегендерге Кудай убадалаган жаңы заманда орун жок.

10. Матай 4:5, 6-аяттарга ылайык, Шайтан Исаны актыгынан тайдырыш үчүн дагы кантип сынаган?

10 Исанын чөлдө жүргөндө кабылган дагы бир сыноосу тууралуу Ыйык Жазмада мындай делет: «Ибилис аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарды да: „Эгерде Кудайдын уулу болсоң, боюңду төмөн таштачы, анткени Ыйык Жазмада: “Ал өзүнүн периштелерине сен тууралуу буйрук берет жана бутуң ташка урунбашы үчүн, алар сени колдоруна көтөрүп кетишет”,— деп жазылган эмеспи“»,— деген (Мт. 4:5, 6). Бир караганда, Шайтандын бул сунушун аткаруу менен Иса өзүнүн Машаяк экенин далилдемек. Бирок, чын-чынына келгенде, бул текебердикке жаткан орунсуз иш болуп калмак. Кудай мындай ишти жактырбайт да, колдобойт да болчу. Бул учурда да Иса Жахабанын алдында дагы бир ирет актыгын сактап, Жазманын негизинде: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабаны сынаба“,— деп да жазылган»,— деген (Мт. 4:7; Мыйз. 6:16).

11. Шайтан бизди кантип азгырышы мүмкүн жана азгырылып кетсек, анын натыйжасы кандай болот?

11 Шайтан бизди да ар кандай жолдор менен Жахабаны «сыноого» түртүшү мүмкүн. Кандайча? Маселен, ал кийимибиз жана сырткы көрүнүшүбүз менен бизди бул дүйнөнүн рухун чагылдырууга түртүшү ыктымал. Андан тышкары, ал көңүл ачуунун шектүү түрлөрүн тандоого азгырышы мүмкүн. Эгер Ыйык Китептеги кеңештерди баркка албай, дүйнөнү туурасак, периштелер бизди кылган иштерибиздин кесепеттеринен коргойт деп күткөнүбүз акылга сыярлыкпы? Алсак, Дөөтү падыша Бат-Шеба менен кылган күнөөсү үчүн өкүнсө да, жаман иштеринин кесепетин тартпай койгон эмес (2 Шем. 12:9—12). Андыктан, келгиле, туура эмес жолдор менен, мисалы, бул дүйнө менен достошуу аркылуу Жахабаны сынабайлы (Оку: Жакып 4:4; 1 Жакан 2:15—17).

12. Шайтан Исаны дагы кантип азгырган жана Иса ага кандайча туруштук берген?

12 Ибилис Исаны дагы азгырып, ага бийлик сунуш кылган. Ал ага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөтүп: «Эгер алдыма жыгылып, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деген (Мт. 4:8, 9). Шайтандын Жахабага гана таандык сыйынууну өзүнө ыйгарып алууга аракеттенип, Исаны ага каршы иш кылууга түрткөнү кандай гана уятсыздык болгон! Бир кездерде ал ишенимдүү периште болчу. Бирок кийин өзүнө сыйынууну көксөй бергенинин айынан күнөөкөр, ачкөз, каардуу Шайтан Ибилис болуп калган (Жкп. 1:14, 15). Андан айырмаланып, Иса асмандагы Атасына ишенимдүүлүгүн сактоого чечкиндүү болгон. Ошондуктан ал: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деп жооп берген. Бул жолу да Иса так-таасын сөздөр менен Ибилиске каршы турган. Кудайдын Уулу Шайтандын дүйнөсүнүн мүчөсү болууну жана Карөзгөйгө сыйынууну эч качан каалаган эмес (Мт. 4:10; Мыйз. 6:13; 10:20).

«Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»

13, 14. а) Исага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды көрсөтүү менен Ибилис эмнени сунуштаган? б) Шайтан жүрөгүбүздү бузууга кантип аракет кылат?

13 Исага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды көрсөтүү менен Ибилис ага буга чейин бир да адам баласы ээ болуп көрбөгөн бийликти сунуш кылган. Ал Исанын падышалыктарды көргөндө дүйнөнүн эң күчтүү башкаруучусу болгусу келет деп ойлогон. Албетте, бүгүн Ибилис бизге падышалыктарды сунуш кылбайт. Бирок ал көргөнүбүз, укканыбыз же ой-жүгүртүүбүз аркылуу жүрөгүбүздү бузууга умтулат.

14 Бул дүйнө Ибилистин бийлиги астында. Демек, массалык маалымат каражаттарын да ал көзөмөлдөйт. Ошондуктан көрүүгө, угууга, окууга арналган материалдардын баары адеп-ахлаксыздык менен зордук-зомбулукка жык толгону таң калыштуу эмес. Андан тышкары, Шайтан жарнамалар аркылуу бизге анча деле зарылчылыгы жок нерселерди сатып алууну таңуулайт. Ал көзүбүз, кулагыбыз жана акыл-эсибиз аркылуу бизди материалдык нерселерге кызыктырууга тынымсыз аракет кылып келет. Андыктан Жазмага ылайык келбеген нерселерди көрүүдөн, угуудан, окуудан баш тартуу менен: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп айткан болобуз. Ошентүү менен Шайтандын кир дүйнөсүн четке кагууда бекем жана чечкиндүү болгон Исаны туурайбыз. Жумуштагыларга, мектептегилерге, кошуналарга жана туугандарга өзүбүздүн Жахабанын Күбөсү жана Исанын жолдоочусу экенибизди тайманбай айтуу менен да Шайтандын дүйнөсүнүн бөлүгү эмес экенибизди көрсөтөбүз (Оку: Марк 8:38).

15. Шайтанга каршы турууда эмне үчүн дайыма сергек болгонубуз маанилүү?

15 Исаны актыгынан тайдыруу максатында үчүнчү жолу кылган аракеттеринен эч кандай майнап чыкпагандыктан, «Ибилис анын жанынан кеткен» (Мт. 4:11). Бирок Шайтан Исаны ошол бойдон жайына койгон эмес. Ыйык Китепте: «Ибилис аны [чөлдө] ушундай жолдор менен азгырууга аракет кылгандан кийин анын жанынан кетип, башка ыңгайлуу учурду күтө баштады»,— делет (Лк. 4:13). Биз Ибилистин азгырыктарына ийгиликтүү туруштук бергенде Жахабага ыраазычылык билдиришибиз керек. Ошондой эле андан ары да Жахабадан жардам издешибиз зарыл. Анткени Шайтан өзүнө ыңгайлуу башка учурда, биз сыноону күтпөгөн убакта кол салышы мүмкүн. Ошондуктан дайыма сергек болуп, ар кандай сыноолорго карабай, Жахабанын алдында ыйык кызматыбызды аткара берүүгө чечкиндүү бололу.

16. Жахаба бизге кандай күч берет жана эмне себептен аны сурап тиленишибиз керек?

16 Ибилиске каршы тура алышыбыз үчүн Кудайдан ыйык рухун — ааламдагы эң кубаттуу күчтү — сурап тиленишибиз керек. Ыйык рух бизге өзүбүз кыла албай турган иштерди кылууга жардам берет. Иса: «Силер күнөөкөр [жеткилеңсиз] болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда ого бетер асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун бербейби?» — деп айтуу менен ыйык рухка ээ болуу мүмкүн экенин көрсөткөн (Лк. 11:13). Ошондуктан, келгиле, мындан ары да Жахабадан ыйык рух сурап тиленели. Бул эң кубаттуу күч Ибилиске каршы турууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт да, жеңишке жетүүгө жардам берет. Үзгүлтүксүз, жалындуу тиленүүдөн тышкары, Ибилистин айла-амалдарына каршы тура алышыбыз үчүн, «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралданышыбыз» керек (Эф. 6:11—18).

17. Ибилиске каршы турууга Исага дагы эмне жардам берген?

17 Ибилиске каршы турууга Исага дагы бир нерсе жардам берген; ошол нерсе бизге да жардам берет. Буга байланыштуу Ыйык Китепте: «Ал [Иса] алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн жана Кудайдын тактысынын оң жагына отурган»,— делет (Эвр. 12:2). Биз да Жахабанын эгедерлигин жактоо менен, анын ыйык ысмын урматтоо менен ошондой кубанычка ээ боло алабыз жана алдыдагы түбөлүк өмүр сүрүү сыйлыгын бек сактайбыз. Шайтан жана анын бардык иштери түбөлүккө жок болуп, «момундар жерди мураска алышып», «тынч турмушка ыракаттанышканда» кандай гана кубанычка бөлөнөбүз! (Заб. 36:11). Андыктан, келгиле, ал убакыт келгиче мындан ары да Ибилиске Исадай болуп каршы тура берели (Оку: Жакып 4:7, 8).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын өз элин коргооруна кандай далилдер бар?

• Шайтанга каршы турууда Иса кандай мыкты үлгү көрсөткөн?

• Ибилиске канткенде каршы тура алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Дүйнө менен достошкондор Кудайга душман болуп калат

[31-беттеги сүрөт]

Иса Шайтандын сунушун четке каккан

[31-беттеги кутуча]