Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Каргышка калган анжыр дарагы

Каргышка калган анжыр дарагы

Каргышка калган анжыр дарагы

Биз үчүн кандай эки сабак камтылган?

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ жемишсиз анжыр дарагы жөнүндөгү билдирүү ар кандай суроолорду пайда кылып келет. Марк 11:12—14, 20—24-аяттарда Исанын жемишсиз анжыр дарагын каргаганы жана анын куурап калганы жазылган. Бирок Марк ал учурдун анжыр бышчу маал эмес экенин ачык эле айткан. Анда Иса ал анжыр дарагын эмне себептен каргаган? Кудай Маркка бул окуяны эмне үчүн жаздырткан? Христиан дининин изилдөөчүлөрүнүн айрымдары ал окуяны толук түшүнө бербейт. Бирок далилдер көрсөтүп тургандай, Исанын иш-аракетин айыптоого негиз жок. Анын үстүнө, Иса ошол окуя аркылуу өзүнүн жолдоочуларын ишенимге байланыштуу эки нерсеге үйрөткүсү келген.

Адатта, анжыр июнь айында бышат, ал эми февралда бүчүр байлап калат. Жалбырактары болсо апрелдин аягында же майдын башында чыга баштайт. Ошондуктан анжыр дарагынын жалбырактары чыккан кезде мөмөсү да болушу керек. Бул Исанын анжыр дарагын эмне үчүн каргаганын түшүнүүгө жардам берет: Иса аны марттын аягында көргөн. Адатта, ал маалда анжыр быша элек болот жана анын жалбырагы да болбойт.

Иса көргөн анжыр дарагынын, али эрте болсо да, жалбырактары бар эле. Андыктан Исанын ал дарактын эрте бышкан мөмөсү да бар болушу керек деп күткөнү таң калыштуу эмес. Бирок ал дарак жемишсиз болгон. Ооба, Марк жазгандай, анда «жалбырактарынан башка эчтеке», башкача айтканда, мөмө жок болчу. Ал жалбырактары болгондуктан эле мөмөсү бардай көрүнгөн.

Иса ал жемишсиз даракты эмне үчүн каргаган? Бул суроого жооп алуу үчүн Исанын Марк 11:22—25-аяттарда жазылган сөздөрүнө көңүл буралы. Иса өзү түшүндүргөндөй, шакирттерине «Кудайга ишенүүнүн» маанилүүлүгүн көрсөткүсү келген. Бирок соолуп калган анжыр дарагынын ишеним менен кандай байланышы бар? Баарынан мурда, ал дарак Иса ишеним менен айткандыктан соолуп калган. Ооба, Исанын муну менен ишенимдин күчүн көрсөткүсү келгени шексиз. Ал: «Кудайга эмне жөнүндө тиленип, сурабагыла, сураганыңар аткарылгандай ишенгиле. Ошондо силерге сөзсүз берилет»,— деген (Мр. 11:24).

Кыязы, соолуп калган анжыр дарагы менен ишенимдин ортосунда дагы бир байланыш бар. Ошол окуя болгонго чейин үч ай мурун Иса кыйып салыш керек болгон, жемиш бербеген анжыр дарагын мисал келтирген (Лк. 13:6—9). Ал мисалдагы жемиш бербеген анжыр дарагы кимди билдирген? Байыркы жүйүт элин (Салыштыр: Матай 21:43).

Демек, Иса каргаганда соолуп калган анжыр дарагы жемиш бербеген байыркы жүйүт элин билдирген деп айтууга толук негиз бар. Анткени Жахаба менен келишимде турганы эле болбосо, алар жакшы жемиш беришкен эмес, атүгүл Кудайдын Уулун четке кагышкан. Алардын жемиш бербей калышына эмне себеп болгон? Иса анжыр дарагы жөнүндөгү окуяда баса белгилеген сапаттын — ишенимдин — жетишсиздиги себеп болгон (Рим. 9:31, 32). Анжыр дарагын соолутуу менен Иса жемиш бербеген, ишенимсиз ал элдин акыры эмне болорун даана көрсөткөн.

Ботаника илимин эске алганда да, Исанын анжыр дарагын каргаганын айыптоого негиз жок. Анын үстүнө, контексттен көрүнүп тургандай, Иса ошол иш-аракети аркылуу бизди ишенимге байланыштуу эки нерсеге үйрөткөн. Эгерде бизде ишеним жок болсо, жемиш бербей, натыйжада Кудайдын ырайымынан айрылып калышыбыз мүмкүн. Ал эми ишенимибиз күчтүү болсо, «тоону» да ордунан жылдыра алабыз, анткени Жахаба биздин тиленүүлөрүбүзгө сөзсүз жооп берет (Мт. 17:20).