Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга бир ой-тилек менен кызмат кылуу

Кудайга бир ой-тилек менен кызмат кылуу

Кудайга бир ой-тилек менен кызмат кылуу

ЖҮЙҮТТӨР менен алардын динин кабыл алгандар Иса Машаяктын жолдоочуларынын жанына чогулушат. Алар батыштагы Римден тартып чыгыштагы Парфиядан бери Иерусалимге Элүүнчү күн майрамына келишкен эле. Ошол жерден алар Исанын жолдоочуларынын ар кандай тилдерде сүйлөп жатканын угушат. Бирок Исанын жолдоочулары Галилеядан болчу. Ошондуктан Иерусалимге келгендердин айрымдары: «[Алар] кантип ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?» — деп таң калышат (Элч. 2:8).

Ошондо элчи Петир ал кереметтин эмне үчүн болгонун түшүндүрүп берет. Анын айткандары аларга күчтүү таасир эткен. Натыйжада үч миңдей киши чөмүлтүлгөн (Элч. 2:41). Жыйналыш күндөн-күнгө сан жагынан өссө да, алардын арасында биримдик сакталган. Ыйык Китептин жазуучусу Лука: «Ишенип калган көп сандаган адамдардын баарынын ой-тилеги бир болду»,— деп жазган (Элч. 4:32).

Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында миңдеген чөмүлтүлгөн кишилер өздөрүнүн жаңы кабыл алган ишеними тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Иерусалимде бир аз убакытка калууну чечишет. Бирок алар ал жерде калууга даярданып келишкен эмес эле. Ошондуктан аларга жардам берүү үчүн убактылуу фонд уюштурулат. Иерусалимдеги шакирттердин кээ бирөөлөрү өз ыктыяры менен мүлкүн сатып, түшкөн акчасын элчилерге алып келип беришет (Элч. 2:42—47). Алар сүйүү жана марттык көрсөтүү жагынан кандай сонун үлгү калтырышкан!

Исанын чыныгы жолдоочулары дайыма ушундай сүйүү, марттык көрсөтүп келишет. Бүгүнкү күндө да алар Жахабага бир ой-тилек менен кызмат кылышууда. Исанын ар бир жолдоочусу жакшы кабарды таратуу, Падышалыктын иштерин алга жылдыруу үчүн чын көңүлдөн күчүн, убактысын, акча-каражатын жумшоодо. («Ыктыярдуу тартуу кылуунун жолдору» деген кутучаны кара.)

[6-беттеги кутуча]

ЫКТЫЯРДУУ ТАРТУУ КЫЛУУНУН ЖОЛДОРУ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИШ ҮЧҮН АКЧАЛАЙ ТАРТУУ

Көптөр өздөрүнүн бюджетинен белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Падышалыктын бүткүл дүйнөлүк иши үчүн тартуулар (Матай 24:14)» деген кутучага салышат.

Жыйналыштар ал кутучага түшкөн ыктыярдуу тартууларды ай сайын жергиликтүү офиске жөнөтүп турушат. Акчалай тартуу кылгысы келгендер тартуусун түздөн-түз эле ошол өлкөнү тейлеген офиске жибере алышат. Андайда тартуу менен бирге анын ыктыярдуу тартуу экенин билдирген кыскача кат жиберишиңерди өтүнөбүз.

ТАРТУУ КЫЛУУНУН БАШКА ЖОЛДОРУ

Акчалай тартуу кылуудан тышкары, бүткүл дүйнөлүк ишти колдоо үчүн көп өлкөлөрдө башка да мүмкүнчүлүктөр бар. Төмөндө алардын айрымдары көрсөтүлгөн.

Кыймылсыз мүлк. Сатууга жарактуу кыймылсыз мүлктү офиске тартуу катары берсе болот, же көзү тирүү кезинде мүлкүн колдонууга болгон укугу сакталып, көзү өткөндөн кийин офиске өтө тургандай кылып да тартуу кылса болот. Менчик мүлктү тартуу катары берүү үчүн документтерди каттатардан мурун офис менен байланышышыңарды өтүнөбүз.

Керээзкат. Офиске мүлктү же акча-каражатты мыйзамдуу түрдө бекитилген керээзкат аркылуу мурас катары калтырса да болот. Мындай учурда керээзкаттын көчүрмөсүн офиске жөнөтүшүңөрдү суранабыз.