Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тынчтыкка... өбөлгө түзө турган нерселерге умтулалы»

«Тынчтыкка... өбөлгө түзө турган нерселерге умтулалы»

«Тынчтыкка... өбөлгө түзө турган нерселерге умтулалы»

ЖАҢЫ салынган жол абдан жакшы, эч качан бузулбачудай көрүнөт. Бирок убакыттын өтүшү менен анда жаракалар, ойдуңдар пайда боло башташы мүмкүн. Жолдо жүрүү коопсуз болушу үчүн, ошондой эле жолду жакшы абалда сакташ үчүн аны оңдоп туруу зарыл.

Анын сыңарындай, биздин башкалар менен болгон мамилебизде кээде кыйынчылыктар, атүгүл олуттуу келишпестиктер да болушу ыктымал. Элчи Пабыл Исанын Римдеги жолдоочуларынын арасында пикир келишпестиктер болгонун билгендиктен, аларга: «Тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө өбөлгө түзө турган нерселерге умтулалы»,— деген кеңеш берген (Рим. 14:13, 19). «Тынчтыкка... өбөлгө түзө турган нерселерге умтулуу» эмне үчүн маанилүү? Канткенде тынчтыкка умтулууда чечкиндүү боло алабыз?

Эмне үчүн тынчтыкка умтулуу керек?

Эгер жолдогу кичинекей жаракаларды оңдоп турбаса, алар бат эле чоң ойдуңдарга айланып кетет. Ошол сыяктуу эле келишпестиктер чечилбесе, чоң көйгөйлөргө айланып кетиши мүмкүн. Элчи Жакан: «Ким: „Кудайды сүйөм“,— деп, бирок биртууганын жек көрсө, ал калпычы. Себеби өзү көрүп турган биртууганын сүйбөсө, көзгө көрүнбөгөн Кудайды сүйө албайт»,— деп жазган (1 Жкн. 4:20). Ооба, чечилбеген келишпестиктер акыр-аягы биртууганын жек көрүүгө алып келиши этимал.

Иса башкалар менен тынчтыкта болбосок, сыйынуубузду Жахаба кабыл албасын айтып, шакирттерине: «Курмандык жайына курмандыгыңды алып келгениңде, ал жерден биртууганыңдын сага каршы нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды курмандык жайынын алдына калтыргын да, барып, адегенде биртууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал»,— деген көрсөтмө берген (Мт. 5:23, 24). Ырас, башкалар менен тынчтыкта болууга умтулганыбыздын негизги себеби — Жахабага жагууга болгон каалоо *.

Филипи шаарындагы жыйналышта болгон окуядан тынчтыкка умтулуу керектигинин дагы бир себебин көрүүгө болот. Ошол жыйналыштагы Эйдия менен Синтихенин ортосунда келишпестик пайда болгон. Бул жыйналыштын биримдигине коркунуч туудурса керек (Флп. 4:2, 3). Келишпестиктер убагында чечилбесе, бат эле башкаларга билинип калат. Андыктан жыйналыштагы сүйүү менен биримдикти сактоого болгон каалообуз биртуугандар менен тынчтыкта болууга түрткү берет.

Иса: «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу»,— деп айткан (Мт. 5:9). Чынында эле, тынчтыкка умтулуу бизге терең канааттануу жана кубаныч тартуулайт. Ошондой эле денсоолугубузга да пайдалуу, анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, «момун жүрөк — денеге өмүр» (Накыл 14:30). Ал эми кек сактоо денсоолугубузга зыян алып келиши этимал.

Исанын жолдоочуларынын көбү тынчтыкка умтулуу маанилүү экенине кошулушат, анткен менен: «Келишпестиктерди кантип чечсе болот?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Келгиле анда, буга байланыштуу ыйык китептик принциптерди карап көрөлү.

Жылуу-жумшак сүйлөшүү тынчтыкты сактоого өбөлгө түзөт

Жолдогу кичинекей жаракалардын үстүн асфальт менен жаап, тез-тезден оңдоп тургандай эле, ишенимдештерибиздин майда-чүйдө кемчиликтерин «жаап», аларга көңүл бурбай коё алабызбы? Чынында, келишпестиктердин көбүн ушундай жол менен чечүүгө болот. Анткени элчи Петир: «Сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт»,— деп жазган (1 Пет. 4:8).

Бирок кээде көйгөй ушунчалык олуттуу сезилгендиктен, ага көңүл бурбай коюу кыйынга турушу мүмкүн. Буга байланыштуу Убадаланган жерге киргенден кийин ысрайылдыктар менен кандай окуя болгонун карап көрөлү. Рубейин, Гат жана Менашенин жарым уруусу Иордандын аркы өйүзүнө өтөрдөн мурун «алыстан караганда эле көрүнө турган, чоң курмандык чалынуучу жай курушат». Ысрайылдын калган уруулары бул курмандык жайы бурканга табынуу максатында курулду деген жыйынтыкка келишип, бул ишке көз жумуп коё алышкан эмес. Ошондуктан аларга каршы согушууга даярданышат (Жаш. 22:9—12).

Айрым ысрайылдыктар тигилердин туура эмес иш кылганына жетиштүү далилдер бар, кокусунан кол салсак, аз жоготууга учурайбыз деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок алар шашылыш иш-аракет кылбастан, пайда болгон көйгөй тууралуу алардын өздөрү менен сүйлөшүү үчүн бир нече киши жиберишет. Жиберилген өкүлдөр Рубейин, Гат жана Менашенин жарым уруусуна: «Эмне үчүн силер Ысрайылдын Кудайынын алдында ушундай күнөө кылдыңар? Эмне үчүн силер Теңирден четтеп, өзүңөргө курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге каршы чыктыңар?» — дешет. Чынында, бул үч уруунун курмандык жай курганы ишенимсиздикке жаткан эмес. Бирок мындай айыптоого алар кандай жооп кайтарышмак? Алар айыптоочуларына орой жооп беришкенби же алар менен сүйлөшүүдөн баш тартышканбы? Жок, алар биртуугандарына курмандык жайды кандай максатта курганын жылуу-жумшак, ачык-айкын түшүндүрүп беришкен. Ошентип, алар Кудай менен болгон мамилесин да, өмүрлөрүн да сактап калышкан. Бул окуядан көрүнүп тургандай, жылуу-жумшак сүйлөшүү көйгөйдү чечүүгө жана тынчтыкты сактоого жардам берген (Жаш. 22:13—34).

Ооба, олуттуу чара көрөрдүн алдында ысрайылдыктар пайда болгон көйгөй тууралуу Рубейин, Гат жана Менашенин жарым уруусу менен ачык сүйлөшүп акылмандык көрсөтүшкөн. «Ачууланганга шашпа,— делет Кудай Сөзүндө,— анткени ачуу акылсыздардын жүрөгүндө уялайт» (Нас. 7:9). Ыйык китептик мисалдардан көрүнүп тургандай, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу — достук маанайда жылуу-жумшак сүйлөшүү. Кек сактаган же аны таарынткан бирөө менен сүйлөшүүдөн баш тарткан киши Жахабадан бата ала алабы?

Эгерде ишенимдешибиз бизге жалган жалаа жаап, айыптаса эмне кылышыбыз керек? Ыйык Китепте: «Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деп жазылган (Накыл 15:1). Ысрайылдын үч уруусу иштин жайын момундук менен, ошол эле учурда так-даана түшүндүрүп бергендиктен, жагдай курчуп кеткен эмес. Келишпестикти чечиш үчүн биртууганыбызга биз барабызбы же ал келеби: «Тынчтыкты сакташ үчүн кандай сөздөрдү тандашым, кандай тон менен сүйлөшүм жана өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

Тилди акылдуулук менен колдонолу

Жахаба биздин тынчсызданууларыбызды кимдир бирөө менен бөлүшүүгө муктаж экенибизди жакшы түшүнөт. Эгер келишпестикти чечип албасак, ошол көйгөй тууралуу башкаларга айта башташыбыз мүмкүн. Анткени нааразычылыктар ошол кишини сындаганга түртүшү ыктымал. Тилди туура эмес колдонуу канчалык кесепеттүү экени Накыл сөздөр 11:11де мындайча белгиленет: «Мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат». Ошо сыяктуу эле, ишенимдешибиз жөнүндө ойлонбой айткан сөздөр шаарга салыштырылган жыйналыштын тынчтыгын бузуп коё алат.

Бирок тынчтыкка умтулуу деген ишенимдештерибиз жөнүндө таптакыр сүйлөшпөш керек дегенди билдирбейт. Элчи Пабыл: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын»,— деген кеңеш берген. Анан мындай деп кошумчалаган: «Тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн... бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө... Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эф. 4:29—32). Мисалы, сен сөзүң менен же жүрүм-турумуң менен таарынтып алган биртууган сүйлөшүү үчүн сага келди деп коёлу. Мындайда, эгер ал буга чейин сени башкаларга жамандабаса, сага андан кечирим сурап, тынчтыкты сактап калуу алда канча оңой болот. Ооба, эгер ишенимдештерибиз тууралуу дайыма оң маанайда сүйлөп көнгөн болсок, келишпестик пайда болгондо бизге тынчтыкты сактап калуу кыйынга турбайт (Лк. 6:31).

Кудайга «бир кишидей кызмат кылалы»

Жеткилең эмес адамдар таарынткан кишиден алыстап, обочолонууга жакын келет. Бирок мындай кылуу акылмандыкка жатпайт (Накыл 18:1). Биз Жахабанын ысмын биримдикте чакырган эл катары «Ага бир кишидей кызмат кылууга» чечкиндүүбүз (Сеп. 3:9).

Биз башкалардын туура эмес жүрүм-турумунун же көңүл ооруткан сөздөрүнүн таза сыйынууга болгон ынтабызды басаңдатып коюшуна эч качан жол бербешибиз керек. Иса ибадатканага алынып келинүүчү курмандыктарды өзүнүн курмандыгы менен алмаштырардан бир нече күн мурун жана мыйзам окутуучуларды айыптагандан көп өтпөй эле жесир аялдын ибадаткананын казына идиштерине «колунда болгондун баарын» тартуу кылганын байкаган. Ошондо Иса аны токтотууга аракет кылды беле? Жок, тескерисинче, ошол учурда Жахабанын жыйналышын ишенимдүүлүк менен колдогону үчүн аны мактаган (Лк. 21:1—4). Ал жесир аял башкалардын адилетсиз иштеринен улам чыныгы сыйынууну колдоого байланыштуу өзүнүн милдетинен баш тарткан эмес.

Ишенимдешибиз туура эмес, атүгүл адилетсиз иш кылгандай сезилсе, эмне кылат элек? Мунун Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылышыбызга таасир этишине жол берет белек? Же бүгүнкү күндө Кудайдын жыйналышындагы баа жеткис тынчтыкты сактап калуу үчүн, ар кандай келишпестиктерди чечүүгө токтоосуз түрдө киришет белек?

Ыйык Китепте: «Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга колуңардан келишинче аракеттенгиле»,— деген кеңеш камтылат (Рим. 12:18). Анда эмесе, келгиле, бул кеңешти колдонууга чечкиндүү бололу. Ошондо биз өмүргө алып бара турган жолдо коопсуз жүрө алабыз.

[Шилтеме]

^ 6-абз. Исанын Матай 18:15—17-аяттардагы кеңешине байланыштуу маалыматты 1999-жылдын 1-ноябрындагы «Күзөт мунарасынын» 14—19-беттеринен кара.

[17-беттеги сүрөт]

Эйдия менен Синтихеге тынчтыкка умтулуу керек болгон

[18-беттеги сүрөт]

Тынчтыкты сакташ үчүн кандай сөздөрдү тандашым, кандай тон менен сүйлөшүм жана өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек?