Актыгыбыздан эмне үчүн жазбашыбыз керек?
Актыгыбыздан эмне үчүн жазбашыбыз керек?
«Теңирим, мага... күнөөсүздүгүм [«актыгым», «ЖД»] боюнча өкүм чыгар» (ЗАБ. 7:9).
1, 2. Кайсы жагдайларда Исанын жолдоочусуна актыгын сактоо кыйынга турушу мүмкүн?
ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ үч жагдайды мисалга алалы. Бир жаш ишенимдешибизди классташтары шылдыңга алып жатышат. Алар эптеп бир уруш чыгарыш үчүн анын ачуусуна тийишет. Ал эмне кылат? Аларга теңелеби же сабырдуулук көрсөтүп, кетип калабы? Үйбүлөлүү биртууган үйүндө Интернеттен бир нерсе издеп жатат. Бир маалда адеп-ахлаксыздык камтылган веб-сайттын жарнама кутучасы пайда болот. Ал ошол сайтка кызыгып кирип көрөбү же чечкиндүү түрдө аны жаап салабы? Бирөөлөр менен пикир алышып жаткан бир ишенимдеш эже сөздүн туура эмес багыт алып, жыйналыштагы бир эжени ушактоого айланып баратканын байкайт. Ал угуп отура береби же сөздү башка нерсеге бурабы?
2 Бири-биринен айырмаланган бул жагдайлардын бир жалпылыгы бар: андай жагдайларга туш болгон үчөө тең Исанын жолдоочусу катары актыгын сактоо үчүн күрөшүп жатышат. Кандайдыр бир тынчсыздануулар пайда болгондо, бир нерсеге муктаж болгонуңда же кайсы бир максаттарга умтулуп жатканыңда өзүңдүн актыгың жөнүндө ойлоносуңбу? Адамдар күнүгө өзүнүн сырткы көрүнүшү, денсоолугу, акча табуу маселеси тууралуу жана достор менен болгон өйдө-төмөн мамилелери же ашык болгон адамы жөнүндө ойлонушат. Мындай нерселер биздин да жүрөгүбүздө чоң орунду ээлеши мүмкүн. Бирок Жахаба биздин жүрөгүбүздөн биринчи кезекте эмнени көргүсү келет? (Заб. 138:23, 24). Актыгыбызды.
3. Жахаба бизге эмнеге байланыштуу өз алдыбызча чечим чыгаруу эркиндигин берүүдө жана бул макаладан эмнелерди талкуулайбыз?
3 Ар кандай «жакшы, жеткилең белектерди» тартуулаган Жахаба ар бирибизге ар түрдүү белектерди берип келет (Жкп. 1:17). Алсак, акыл-эсибиз, денсоолугубуз, укмуштуудай жаратылган дене түзүлүшүбүз, ошондой эле ар кандай жөндөмдүүлүктөрүбүз — баары анын белеги (1 Кор. 4:7). Ушундай белектерди берсе да, Жахаба бизди анын алдында актыгыбызды сактоого мажбурлабайт. Ал сапатты көрсөтөбүзбү, жокпу, өз эркибизге коёт (Мыйз. 30:19). Келгиле, адегенде актык деген эмне экенин карап чыгалы. Андан соң бул сапаттын эмне себептен абдан маанилүү экенинин үч себебин талкуулайбыз.
Актык деген эмне?
4. Актык өзүнө эмнелерди камтыйт жана Жахабанын курмандыктарга байланыштуу мыйзамынан эмнени билүүгө болот?
4 Актык деген эмне экени тууралуу көптөрдө бүдөмүк ойлор тараган. Маселен, кээ бир саясатчылар акмын деп мактанганда көп учурда бул сапатты чынчылдык деп түшүнүшөт. Албетте, чынчылдык — жакшы сапат, бирок ал актыктын бир бөлүгү гана. Ыйык Китепке ылайык, актык өзүнө адеп-ахлак жактан бекем болууну, аны толук түрдө чагылдырууну камтыйт. «Актыкка» тиешелүү эврей сөздөрү бекем, бардык жагынан төп келишкен, кемтиксиз деген маанини камтыган уңгудан келип чыгат. Бул сөздөрдүн бири Жахабага тартууланган курмандыктарга карата колдонулган. Курмандык алып келген киши Жахабанын жактыруусуна ээ болушу үчүн ага бир да кемтиги жок мал тартуулашы керек эле (Оку: Лебилер 22:19, 20). Буга байланыштуу көрсөтмөлөрдү баркка албай, аксак, оорулуу же сокур малды курмандыкка чалгандарды Жахаба катуу айыптаган (Мал. 1:6—8).
5, 6. а) Кемтиги жок, бүтүн нерселерди баалаарыбыз кайсы мисалдардан көрүнүп турат? б) Актыкты сактоо жеткилең болууну билдиреби? Түшүндүр.
5 Адатта, адамдар кемтиги жок, бүтүн нерселерди баалашат. Мисалга китеп чогулткан бир кишини алалы. Ал көп убакыттан бери издеп жүргөн баалуу бир китепти таап алат. Бирок китепти барактап көрүп, эң керектүү бир нече 2 Жылн. 16:9).
беттеринин жок экенин байкайт. Көңүлү сууй түшүп, китепти кайра текчеге коюп коёт. Дагы бир мисалга токтололу. Бир аял деңиз жээгинде толкундар менен агып келген деңиз үлүлдөрүн чогултуп жүрөт. Ал алардын ар түрдүүлүгүнө жана кооздугуна таңыркап, ар бирөөсүн көзүн албай тиктейт. Ал өзүнө кандайларын алып калат? Албетте, сыныгы жогун, бүтүнүн. Анын сыңарындай, Кудай өзүнө толугу менен берилген, актыгын сактоого умтулган адамдарды издейт (6 Бирок айрымдар актыкты сактоо үчүн жеткилең болуш керек деп ойлошу мүмкүн. Себеби күнөөлүү, жеткилеңсиз адамдар өздөрүн жогорудагы мисалдардагы барактары түгөл эмес китептей же сыныгы бар үлүлдөй эсептеши мүмкүн. Кээде сенде да ушу сыяктуу ойлор пайда болобу? Болсо, Жахаба бизден жеткилең болушубузду жана колубуздан келбеген нерселерди эч качан талап кылбаарын эсиңден чыгарба * (Заб. 102:14; Жкп. 3:2). Анткен менен Жахаба бизден анын алдында актыгыбызды сакташыбызды күтөт. Жеткилеңдик менен актыктын айырмасы барбы? Ооба. Мисалы, бир жигиттин сүйлөшкөн кызы бар дейли. Ал экөө жакында үйлөнөт. Жигит болочок жубайынан жеткилеңдикти талап кылабы? Албетте, жок. Ал, болгону, сүйлөшкөн кызынан жалгыз аны гана чын жүрөктөн сүйүшүн күтөт. Ошо сыяктуу эле, Жахаба бизден толук берилгендикти талап кылат (Чыг. 20:5). Ал жеткилең болушубузду эмес, аны чын жүрөктөн сүйүшүбүздү, ага гана сыйынышыбызды каалайт.
7, 8. а) Иса актыкты сактоого байланыштуу кандай үлгү калтырган? б) Жазмага ылайык, актыкты сактоо деген эмнени билдирет?
7 Исадан кайсы осуят эң маанилүү экенин сурашканда, анын эмне деп жооп бергенин эстесеңер (Оку: Марк 12:28—30). Исанын жообу жөн гана курулай айтылган сөздөр эмес эле, ал өзү да айтканы боюнча жашачу. Ал Жахабаны бүт акылы, бүт жүрөгү, бүт жаны менен жана бүт күчү менен сүйүп, бизге мыкты үлгү калтырган. Анын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, адам актыгын сөздөр менен гана эмес, чын ниеттен чыккан жакшы иштер менен чагылдырышы керек. Андыктан актыгыбызды сактоо үчүн Исанын изи менен басышыбыз абзел (1 Пет. 2:21).
8 Ошентип, Жазмага ылайык, актыкты сактоо деген бир гана Жахаба Кудайга, анын эркине жана ой-ниетине бүт жүрөгүбүз менен берилгендик көрсөтүүнү билдирет. Ошондой эле актыкты сактоо күнүмдүк жашообузда баарынан мурда Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ болууга умтулууну камтыйт. Андыктан Жахаба эмнелерди баарынан маанилүү деп эсептесе, биз да ошол нерселерди баарынан маанилүү деп эсептейбиз. Келгиле анда, актыкты сактоонун эмне себептен маанилүү экенинин үч себебин карап чыгалы.
1. Актыгыбызды сактоо менен Жахабанын эгедерлигин жактайбыз
9. Актыгыбызды сактоонун эгедерликке байланышкан маселеге кандай тиешеси бар?
9 Жахабанын эгедерлиги — башкарууга болгон укугу — биздин актыгыбызды сактаар-сактабасыбыздан көзкаранды эмес. Анын башкаруусу адилеттүү, түбөлүктүү жана теңдешсиз. Анын башкаруусунун дайыма ушундай болушуна жаратууларынын кайсы бир сөзү же иши тоскоол боло албайт. Ошентсе да Жахабанын башкарууга болгон укугуна асманда да, жерде да шек келтирилип келет. Андыктан башкарууга Жахаба гана укуктуу экени жана анын башкаруусу туура, сүйүүгө негизделгени бардык аң-сезимдүү жаратууларынын алдында далилдениши керек. Биз Жахабанын Күбөлөрү катары ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кулак каккандарга Кудайдын эгедерлиги тууралуу айтып берүүгө дилгирбиз. Анткен менен кайсы тарапты ээлегенибизди жеке ар бирибиз кантип көрсөтөбүз? Жахабаны Эгедер катары кабыл алганыбызды кантип далилдейбиз? Актыгыбызды сактоо менен.
10. Шайтан адамдарга карата кандай шек туудурат жана сен буга кандай жооп кайтарасың?
10 Эгедерликке байланышкан маселеге актыгыбызды сактоонун кандай байланышы бар экенин карап чыгалы. Шайтан бир да адам Кудайдын эгедерлигин жактабаарын, бири да ага чын ниеттен кызмат кылбаарын айткан. Көп сандаган периштелердин алдында ал Жахабага: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне Аюб 2:4). Анын бул сөздөрдү адил Аюбга эле эмес, жалпы адамзатка тиешелүү кылып айтканына көңүл бурсаңар. Андыктан Ыйык Китепте Шайтандын «биртуугандарыбызды... айыптаган айыптоочу» деп аталганы да бекеринен эмес (Аян 12:10). Шайтан Исанын жолдоочуларынын баарын Жахабанын алдында каралоого аракет кылгандай эле, сени да ишенимдүүлүгүңдү сактабайт деп каралоого аракеттенет. Ал сенин Жахабага болгон берилгендигиңе караганда өз жаныңды артык көрөрүңдү айтып, сага айып тагат. Сага каршы айтылган ушундай жалган жалаалар сенде кандай сезимдерди туудурат? Ушундан улам сен Шайтандын жалганчы экенин далилдегиң келбейби? Актыгыңды сактоо менен анын жалганчы экенин далилдей аласың.
болсо, ошонун бардыгын берет»,— деген (11, 12. а) Күнүмдүк иштерде чыгарган чечимдерибиздин актыгыбызды сактоо менен байланышы бар экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат? б) Актыкты сактоону эмне себептен сыймык деп айтууга болот?
11 Актыгыбызды сактоого чечкиндүү экенибизди күндөлүк жүрүм-турумубуз жана чыгарган чечимдерибиз менен көрсөтө алабыз. Макаланын башында сөз кылынган ишенимдештерибизди эске салалы. Алар актыгынан жазбоого чечкиндүү экенин кантип көрсөтүшөт? Жаш ишенимдешибиз классташтарынын шылдыңына ачуусу келип, алар менен уруша кеткиси келет. Бирок ал: «Эч кимден өч албагыла, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазмада: „Өч меники, тиешесин мен берем, дейт Жахаба“»,— деген аятты эстейт (Рим. 12:19). Ал аларга теңелбей басып кетип калат. Үйбүлөлүү биртууган Интернеттен капысынан чыга калган адеп-ахлаксыз сүрөттөрдү көрөбү-көрбөйбү өзү эрки болчу. Бирок ал Аюбдун: «Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм»,— деген сөздөрүндөгү принципти эстейт (Аюб 31:1). Ошондуктан ал ыпылас сүрөттөрдү көрбөш үчүн, уу заттан качкандай, буйдалбастан иш-аракет кылат. Ал эми биртуугандардын пикир алышуусу ушакка айланып баратканын байкаган ишенимдеш эже: «Ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдөө үчүн анын пайдасын көздөйлү»,— деген кеңешти эстейт (Рим. 15:2). Эгер ал алар менен ушак айтышып тура берсе, бул эч кимге бекемдөө алып келмек эмес. Анын үстүнө, андай сөздү баштаган биртууганга да кесепеттүү болмок, асмандагы Атасына да жакмак эмес. Ошондуктан ал биртууган ушакка аралашпай, маекти башка сөзгө бурат.
12 Жогоруда айтылган биртуугандар чыгарган чечимдери менен: «Жахаба менин Башкаруучум, мен бул жагдайда ага жакканды кылууга аракет кылам»,— деген маанайда экенин көрсөтүштү. Кайсы бир нерсени тандоодо же чечим чыгарууда сен да Жахабага жагууга умтуласыңбы? Эгер ошондой болсо, Накыл сөздөр 27:11деги: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деген жүрөк жылытарлык сөздөргө ылайык иш кылуудасың. Ар бирибизде Кудайдын жүрөгүн кубантууга мүмкүнчүлүк бар экени кандай гана чоң сыймык! Муну билүү актыгыбызды сактоо үчүн бүт күч-аракетибизди жумшоого түрткү бербейби?!
2. Кудай бизди актыгыбызга жараша соттойт
13. Жахабанын бизди актыгыбыз боюнча соттоору Аюб менен Дөөтүнүн сөздөрүнөн кандайча көрүнүүдө?
13 Актыгыбызды сактоонун дагы бир маанилүү себеби: Кудай бизди актыгыбыз боюнча соттой алат. Аюб да муну жакшы түшүнгөн (Оку: Аюб 31:6). Ал Кудайдын өзүнүн жеткилең адил нормалары аркылуу адамдардын актыгын өлчөш үчүн, аларды «таразага» тартарын билген. Дөөтү да ушул сыяктуу сөздөрдү айткан. Ал: «Теңир элдерди соттойт. Теңирим, мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм [«актыгым», «ЖД»] боюнча өкүм чыгар... анткени Сен жүрөктөрдү, ички ойлорду сынайсың, адилеттүү Кудай!» — деген (Заб. 7:9, 10). Ооба, биз Кудайдын адамдын ички дүйнөсүн, жүрөктүн түпкүрүндө жаткан ой-сезимдерди көрө аларын билебиз. Ошондуктан аны баарынан мурда эмне кызыктырарын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени, Дөөтү айткандай, ал бизди актыгыбыз боюнча соттойт.
14. Эмне себептен жеткилеңсиз болсок эле актыгыбызды сактай албайбыз деп ойлобошубуз керек?
14 Ойлоп көрсөң, Жахаба Кудай миллиарддаган адамдардын жүрөгүн сынайт (1 Жылн. 28:9). Ошончо адамдардын арасынан анын алдында актыгын сактагандар көп кездешеби? Чанда гана. Бирок ошондон улам биз да жеткилеңсиздиктин айынан актыгыбызды сактоого кудуретибиз жетпейт деп ойлобошубуз керек. Тескерисинче, Дөөтү менен Аюбга окшоп, Жахаба бизди жеткилеңсиздигибизге карабай, актыгыбызды сактап жаткан адам катары эсептээрине ишенсек болот. Анын үстүнө, жеткилең адам гана актыгын сактай алат деп ойлоо — жаңылыштык. Жер бетинде болгону үч жеткилең адам жашаган. Алардын экөөсү, Адам ата менен Обо эне, актыгын сактаган эмес. Ал эми бүгүнкү күндө миллиондогон адамдар, жеткилеңсиз болушса да, актыгын сактап жашоодо. Демек, сен да актыгыңды сактай аласың.
3. Актыгыбыздан жазбасак, үмүтүбүздү сактайбыз
15. Актыкты сактоо келечекке болгон үмүт менен тыгыз байланышта экенин Дөөтү кандайча көрсөткөн?
15 Андан тышкары, актыгыбызды сактаар-сактабасыбыздан келечекке болгон үмүтүбүз көзкаранды. Дөөтү да муну жакшы билген (Оку: Забур 40:13 *). Ал Кудайдын жактыруусуна түбөлүккө ээ болоруна үмүттөнгөн. Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларындай эле, Дөөтү түбөлүк өмүр сүрүүнү, Жахаба Кудайга кызмат кылып, ага дайым жакындай берүүнү самаган. Ал актыгын сактаганда гана үмүтү ишке ашарын түшүнгөн. Андыктан биз да Жахабанын алдында актыгыбыздан жазбасак, ал бизди колдойт, окутуп-үйрөтөт, жетектейт жана батасын мол берет.
16, 17. а) Актыгыңдан жазбоого эмне үчүн чечкиндүүсүң? б) Кийинки макалада кайсы суроолор талкууланат?
16 Үмүт азыртадан эле бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт. Ал бизге оор жагдайларда кубанычыбызды жоготпоого жардам берет. Үмүт 1 Тес. 5:8). Туулга согуш учурунда жоокердин башын коргогондой эле, үмүт да биздин акылыбызды көңүл чөгөттүктөн жана Шайтандын өзүнүн жок боло турган дүйнөсү аркылуу таңуулаган терс ойлорунан коргойт. Үмүтүбүз жок болсо, жашообуздун маңызы да болмок эмес. Ошол себептүү канчалык деңгээлде актыгыбызды жана үмүтүбүздү сактап жатканыбызды чынчылдык менен текшерип көргөнбүз абзел. Актыгыңды сактоо менен Жахабанын эгедерлигин жактаарыңды жана баа жеткис үмүтүңдү баалаарыңды көрсөтөсүң. Андыктан бардык учурда актыгыңды сактоого чечкиндүү бол!
ой жүгүртүүбүздү да коргойт. Ыйык Китепте үмүттүн туулгага салыштырылганын эстесеңер (17 Жахабанын алдында актыгыбызды сактоо абдан маанилүү болгондуктан, дагы бир нече суроолорго жооп алышыбыз керек. Канткенде актыгынан жазбагандардан боло алабыз? Актыгыбызды канткенде сактай алабыз? Актыгынан жазып калгандар эмне кылса болот? Кийинки макалада ушул суроолор талкууланат.
[Шилтемелер]
^ 6-абз. Иса: «Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула»,— деген (Мт. 5:48). Сыягы, ал жеткилеңсиз адамдардын да салыштырмалуу деңгээлде кемчиликсиз, жеткилең боло аларын түшүнгөн. Биз башкаларды сүйүү тууралуу буйрукту толугураак деңгээлде аткаруу менен Жахабанын жактыруусуна ээ боло алабыз. Бирок, бизден айырмаланып, Жахаба толук мааниде жеткилең.
^ 15-абз. Забур 40:13 («ЖД» [41:12]): «Сен мени актыгымды сактаганым үчүн колдодуң, Сен мени өзүңдүн алдыңда түбөлүк тургузасың».
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Актык деген эмне?
• Актыгыбызды сактоо менен эгедерликке байланыштуу маселенин кандай байланышы бар?
• Актыгыбызды сактоодон үмүтүбүз кандайча көзкаранды?
[Изилдөө суроолору]
[5-беттеги сүрөт]
Актыгыңды бардык учурда сактоого чечкиндүүсүңбү?