Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Актыгыңдан жазбоого чечкиндүүсүңбү?

Актыгыңдан жазбоого чечкиндүүсүңбү?

Актыгыңдан жазбоого чечкиндүүсүңбү?

«Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден [«актыгымдан», «ЖД»] танбайм» (АЮБ 27:5).

1, 2. Биз каймана мааниде эмнени курушубуз керек жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

СЕН үй курууну ойлонуштуруп, анын чиймесин карап жатасың дейли. Үйүңдүн кандай болорун: ичи-тышын, бөлмөлөрдүн жайгашуусун элестетип өзүнчө кубануудасың. Үйлүү болгонуңда, үйбүлөңө да жакшы болорун ойлоп ого бетер сүйүнөсүң. Бирок үйдү куруп, ага көчүп кирмейинче жана аны жакшы абалда күтө билмейинче жөн гана ойлонуп, куру кыялдарга батуунун көп деле пайдасы жок экенине кошулат чыгарсың.

2 Анын сыңарындай, актыкты сактоо үчүн да иш-аракет кылмайынча, ал тууралуу ойлонуп коюу эле жетишсиз. Адатта, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн көп күч-аракет жана убакыт талап кылынат (Лк. 14:28, 29). Ошо сыяктуу эле актыкты «курууга» да бир топ убакыт жана күч-аракет жумшалат. Бул — акыбети кайта турган арзырлык иш. Азыр болсо: «Канткенде актыгынан жазбагандардан боло алабыз? Канткенде актыгыбызды сактайбыз? Актыгынан жазгандар эмне кыла алат?» — деген суроолорду карап чыгабыз.

Канткенде актыгынан жазбагандардан боло аласың?

3, 4. а) Жахаба актыгыбызды сактоого кандайча жардам берет? б) Актыкка умтулууда Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?

3 Өткөн макаладан Жахабанын бизди чоң артыкчылыкка ээ кылганын — анын алдында актыгыбызды сактоого байланыштуу суроодо өз алдыбызча чечим чыгаруу эркиндигин бергенин — билгенбиз. Ошол эле учурда ал бизди жетекчиликсиз калтырган эмес. Ал, мисалы, актыгыбызды сактоо үчүн кандай иш-аракеттерди кылышыбыз керектигин үйрөтөт жана үйрөнгөндөрүбүзгө ылайык иш кылышыбыз үчүн ыйык рухун марттык менен берет (Лк. 11:13). Андан тышкары, актыгынан жазбоого умтулуп жаткандарды рухий жактан коргойт (Накыл 2:7).

4 Актыгыбызды сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек экенин Жахаба, негизинен, Уулун — Исаны — жерге жиберүү менен көрсөткөн. Иса тил алчаактыкты жеткилең түрдө чагылдырган. Ал «өлгөнгө чейин тил алчаак болгон» (Флп. 2:8). Иса эмне кылбасын, бардык учурда, атүгүл абдан оор жагдайларда да асмандагы Атасына тил алчаак бойдон калган. Ал Жахабага: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деген (Лк. 22:42). Андыктан ар кимибиз: «Мен да бардык учурда тил алчаак болууга умтуламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел. Ооба, чын ниеттен тил алчаак болуу актыгыбыздан жазбоого жардам берет. Кандай жагдайларда тил алчаактык көрсөтүү өзгөчө маанилүү?

5, 6. а) Актыкты сактоо эч ким көрбөй турганда да маанилүү экенин Дөөтү кандайча баса белгилеген? б) Исанын жолдоочулары жалгыз калган учурларда кандай азгырыктарга дуушар болушу мүмкүн?

5 Биз Жахабага жалгыз калганда да тил алчаак болушубуз керек. Забурчу Дөөтү аны эч ким көрбөгөндө да актыгын сактоо маанилүү экенин билген (Оку: Забур 100:2). Падыша болгондуктан ал дайыма элдин көз алдында болчу. Ага көп учурда жүздөгөн, атүгүл миңдеген кишилердин көз салып турганы шексиз (Салыштыр: Забур 25:12). Ошондуктан ал актыгын сактоо менен элге жакшы үлгү болушу керек эле (Мыйз. 17:18, 19). Ошол эле учурда Дөөтү жалгыз болгондо — өз үйүндө жүргөндө да — актыгынан жазбоого тийиш экенин түшүнгөн. Ал эми биз жөнүндө эмне деп айтууга болот?

6 Забур 100:3тө Дөөтүнүн: «Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Бүгүнкү күндө көз алдыбызга койбошубуз керек болгон «кереги жок буюмдар» көп. Андай «буюмдар», өзгөчө, жалгыз калганда, маселен, Интернетти колдонуп жатканда азгырык болушу мүмкүн. Андайда орунсуз каалоолорду ойготкон адепсиз сүрөттөрдү, порнографияны көрүүгө оңой эле азгырылып кетишибиз ыктымал. Эгер ошентсек, Дөөтүгө жогорудагы сөздөрдү жаздырган Кудайдын тилин алган болобузбу? Порнография аябай зыяндуу: ал туура эмес каалоолорду ойготуп, кумарданууга алып келет, абийирди булгайт, нике түйүнүнө доо кетирет, деги эле аны көргөндөрдүн баарын бузат (Накыл 4:23; 2 Кор. 7:1; 1 Тес. 4:3—5).

7. Бизди эч ким көрбөгөндө да актыгыбызды сактоого кайсы принцип жардам берет?

7 Бирок Жахабанын ар бир кызматчысы, чын-чынында, сөздүн түз маанисинде жалгыз калбаарын билет. Анткени асмандагы Атабыз бизге мээримдүүлүгү менен көз салып турат (Оку: Забур 32:13). Жахаба биздин азгырыктарга туруштук берип жатканыбызды көргөндө кандай гана кубанат! Азгырыктарга туруштук берүү менен Исанын Матай 5:28деги эскертүүсүнө кулак кагып жатканыбызды көрсөтөбүз. Андыктан жаман иштерге алып барган сүрөттөрдү көрбөөгө чечкиндүү бололу. Жахаба абдан баалуу деп эсептеген актыгыбызды порнография көрүү же андай материалдарды окуу сыяктуу уятсыз ишке алмаштырбайлы!

8, 9. а) Даниел менен анын үч жолдошу актыгын сактоодо кандай кыйынчылыкка дуушар болушкан? б) Чындык жолундагы жаштар Жахабаны жана ишенимдештерин кантип кубанта алышат?

8 Биз Жахабага сыйынбагандардын арасында жүргөндө да тил алчаак болуу менен актыгынан жазбагандардан боло алабыз. Өспүрүм кезинде эле Бабылга туткундалып кетишкен Даниел менен анын үч жолдошун эстесеңер. Алар Жахаба Кудай тууралуу азыноолок билген же таптакыр билбеген кишилердин арасында жашашкан. Ошондон улам аларга Кудайдын мыйзамында тыюу салынган тамак-аштан жегенге кысым көрсөтүлгөн. Өспүрүмдөр ал тамактардан жеген күндө деле, эмне себептен андай кылышканын айтып актана алышмак. Анын үстүнө, ал төртөөнүн эмне кылып жатканын ата-энелери да, аксакалдар да, динкызматчылар да көрүшмөк эмес. Бирок аларды ким көрүп турган? Ооба, Жахаба. Ошол себептүү алар кысымга да, коркунучка да алдырбай, бекем болуп, Кудайга тил алчаак бойдон калышкан (Дан. 1:3—9).

9 Азыркы күндө да дүйнө жүзү боюнча Жахабанын жаш кызматчылары Ыйык Китептеги принциптерге бекем карманып, теңтуштарынын кысымына туруштук көрсөтүүдө. Силер, жаштар, баңгизат колдонуудан, зордук-зомбулукка катышуудан, сөгүнүп-сагынуудан, адеп-ахлаксыз жана башка жаман иштерге аралашуудан баш тартуу менен Жахабанын тилин алып, актыгыңарды сактап жатканыңарды көрсөтөсүңөр. Бул өзүңөргө пайда алып келгенден тышкары, Жахабаны жана ишенимдештериңерди кубантат (Заб. 109:3).

10. а) Айрым жаштар бузуктукка байланыштуу кандай туура эмес көзкарашынан улам актыгынан жазышууда? б) Бузуктуктун торуна түшпөөгө актык кандайча жардам берет?

10 Жахабага тил алчаак экенибизди башка жыныстагылар менен мамилешүүдө да көрсөтүүгө тийишпиз. Биз Кудайдын Сөзүндө бузуктук кылууга тыюу салынганын билебиз. Бирок сак болбосок, тил алчаак болуп жүрүп эле жаман иштерге көз жумуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, айрым жаштар оралдык же аналдык сексти жана бири-биринин жыныстык мүчөлөрүн кармап-сылоону анча деле одоно иш катары көрүшпөйт. Себеби алар андай иштерди, чын-чынында, жыныстык катнашка жатпайт деп эсептешет. Бирок ал жаштар Ыйык Китептеги «бузуктук» деген сөзгө андай иштердин баары кирерин жана андай жүрүм-турум жыйналыштан чыгарылып калууга алып келерин эске алышпайт, же ошонун баарын билип турушса да, терең маани бергиси келишпейт *. Андан да өкүнүчтүүсү, алар Жахабанын алдында актыгын сактоо керектигин этибарга алышпайт. Анткени актыгын сактоого умтулгандар жаман жүрүм-турумун актоо үчүн амал издешпейт. Отко күйбөй канчалык жакын барууга болорун текшерүү акылсыздык болгондой эле, канчалык деңгээлде жаман иштерди жазаланбай кыла аларыбызды текшергенибиз туура эмес болуп калар эле. Биз жаман иштерди жазадан корккондуктан эмес, Жахабанын жүрөгүн ооруткубуз келбегендиктен, анын жактыруусунан айрылууну каалабагандыктан жасабайбыз. Ошондуктан зыянга учурабай, канчалык деңгээлде күнөө кыла аларыбызды текшергенден көрө, андан алыс болуп, «бузуктуктан качабыз» (1 Кор. 6:18). Ошентүү менен чын ниеттен актыгын сактагандардан экенибизди көрсөтөбүз.

Канткенде актыгыңды сактайсың?

11. Ар бир иште тил алчаак болуу эмне үчүн маанилүү? Мисал менен түшүндүргүлө.

11 Тил алчаактык көрсөтүү менен актыгыбызды «курабыз», ал эми «курулган» актыгыбызды сакташ үчүн тил алчаактык көрсөтүүдө туруктуу болушубуз керек. Балким, бир жолу көрсөтүлгөн тил алчаактык анча деле чоң мааниге ээ эместей сезилеттир. Бирок тил алуу ар дайым көрсөтүлө берсе, убакыттын өтүшү менен чоң мааниге ээ болот. Мисалы, ар бир кыштын өз-өзүнчө турганда, пайдасы аз. Бирок аларды ирет-ирети менен кылдат коюп, жакшынакай үй тургузса болот. Ошол сыяктуу эле, ар бир ишибизде тил алчаак болуу менен актыгыбызды «кура» алабыз (Лк. 16:10).

12. Дөөтү жаман мамилеге жана адилетсиздикке дуушар болгондо да актыгын сактоо менен кандай үлгү калтырган?

12 Актыгыбызды сактоого чечкиндүү экенибиз, өзгөчө, кыйынчылыктарда, жаман мамилеге же адилетсиздикке дуушар болгондо туруктуулук көрсөткөнүбүздөн айкын болот. Дөөтүнүн үлгүсүнө токтололу. Жаш кезинде ал Шабул падыша тарабынан куугунтук көргөн. Башында Жахабанын бийлигинин өкүлү эсептелип жүргөн ал падыша кийин Жахабанын ырайымынан айрылып калган. Ошондон тартып ал Жахабанын жактыруусуна ээ болгон Дөөтүгө көрө албастык кыла баштаган. Шабул ысрайыл элине бир канча убакыт бою падышалык кылгандыктан, колундагы аскерин колдонуп, Дөөтүнүн көзүн тазалоого аракет кылган. Жахаба мындай адилетсиздиктин бир нече жыл бою өкүм сүрүшүнө жол берген. Ошондон улам Дөөтү Жахабага ачууланганбы? Жагдайды өз алдынча чечүүгө аракеттенгенби? Жок, тескерисинче, Дөөтү Шабулду Кудайдын майланганы катары терең урматтай берген. Бир жолу ал, атүгүл Шабулдан өч алууга ыңгайлуу учур түзүлгөндө да, аны өлтүрүүдөн баш тарткан (1 Шем. 24:2—7).

13. Башкалар бизге жаман мамиле кылганда кантип актыгыбызды сактай алабыз?

13 Дөөтүдөн эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү. Биз бүткүл дүйнөлүк жыйналыштын мүчөсүбүз. Бирок жыйналыш жеткилеңсиз адамдардан турат. Андыктан жыйналыштагы биртуугандар бизге туура эмес мамиле кылышы мүмкүн же айрымдары чындыктан кетип калышы ыктымал. Албетте, биз жакында Жахабанын бүтүндөй эли бейкуттукта өмүр сүрөрүн билебиз (Ыш. 54:17). Бирок ал учур келгиче көңүлүбүздү калтырган же таарынткан ишенимдешибизге кандай мамиле кылышыбыз керек? Эгерде бизди таарынткан биртууганга кек сактай берсек, Кудайдын алдында актыгыбыз солгундап калат. Башкалардын жаман жүрүм-туруму Кудайга нааразы болушубузга же чындык жолун таштап кетишибизге эч качан себеп болбошу керек (Заб. 118:165). Сыноолорго туш болгондо туруктуулук көрсөтүү Кудайдын алдында актыгыбыздан жазбоого жардам берет.

14. Актыгын сактоого умтулгандар уюмга же кайсы бир окууларга байланыштуу өзгөртүүлөргө кандай карашат?

14 Андан тышкары, кыйкымчыл болуудан же сын көзкараштан оолак болуу менен Кудайдын алдында актыгыбызды сактайбыз жана ага болгон берилгендигибизди көрсөтөбүз. Жахаба азыр өз элине батасын болуп көрбөгөндөй төгүүдө. Таза сыйынуу адамзат тарыхында мынчалык деңгээлде эч качан өркүндөгөн эмес (Ыш. 2:2—4). Мунун аркасында ыйык китептик аяттардын түшүндүрмөлөрүнө жана башка нерселерге байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Биз аларды кабыл алууга дилгирбиз. Рухий жарыктын уламдан-улам жаркырап жатканын көрүү абдан кубанычтуу (Накыл 4:18). Бирок кээде киргизилген кайсы бир өзгөртүүнү түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Андайда аны түшүнүүгө Жахабадан жардам сурасак болот. Кандай болбосун, тил алчаактык көрсөтүүдө туруктуу болсок, актыгыбыздан жазбайбыз.

Актыгынан жазгандар эмне кыла алат?

15. Актыгыбызды сактаар-сактабасыбыз кимден көзкаранды?

15 Бул чынында эле ойлондурарлык суроо. Буга чейинки макаладан билгенибиздей, актыкты сактоо абдан маанилүү. Себеби ансыз Жахаба менен мамиле түзүү жана чыныгы үмүткө ээ болуу мүмкүн эмес. Белгилей кетчү нерсе, актыкты сактаар-сактабасыбыз ар бирибиздин өзүбүздөн көзкаранды. Бул тууралуу Аюб да жакшы билген. Ал: «Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден [«актыгымдан», «ЖД»] танбайм»,— деген (Аюб 27:5). Сенде да ушундай чечкиндүүлүк бар болсо жана Жахаба менен жакын мамиледе болсоң, актыгыңдан эч качан жазбайсың (Жкп. 4:8).

16, 17. а) Олуттуу күнөө кетирип алганда эмне кылуу туура эмес? б) Эмне кылуу туура?

16 Тилекке каршы, кээ бирөөлөр актыгынан жазып калууда. Элчилердин убагындагыдай эле, Исанын бүгүнкү күндөгү айрым жолдоочулары да олуттуу күнөө кетирип алышат. Эгер сен да күнөө кетирип алсаң, үмүтүңдү үзбө. Андайда эмне кылса болорун ойлонуп көр. Бирок, кел, адегенде эмне кылуу туура эмес экенин карап көрөлү. Күнөө кетирип алгандар, адатта, кылганын ата-энелеринен, ишенимдештеринен же аксакалдардан жашырууга жакын келишет. Бирок Ыйык Китепте: «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат»,— делет (Накыл 28:13). Күнөөлөрүн жашырууга аракет кылгандар аябай чоң жаңылыштык кетиришет, себеби Кудайдан эч нерсе жашырууга мүмкүн эмес (Оку: Эврейлер 4:13). Кээ бирөөлөр эки жүздүү жашоо өткөрүшөт. Алар өздөрүн Жахабага кызмат кылып жаткандай көрсөтүп, ошол эле учурда күнөө кылып жүрө беришет. Андай жашоо өткөргөндөрдү актыгын сакташууда деп таптакыр айтууга болбойт. Олуттуу күнөөлөрүн жаап-жашыргандардын сыйынуусу Жахабага жагымсыз, андай эки жүздүүлүк атүгүл аны каардантат (Накыл 21:27; Ыш. 1:11—16).

17 Эми күнөө кетирип алганда эмне кылуу туура болорун карап көрөлү. Андайда жыйналыштагы аксакалдарга кайрылуу керек. Жахаба рухий жактан ооруп жаткандарга жардам көрсөтүлүшү үчүн атайын чара караштырган (Оку: Жакып 5:14). Тартипке салуу же оңдоо чарасынан коркуунун айынан рухий денсоолугуңа ого бетер зыян келтирип алба. Мисалы, ийне сайдыруудан же операция жасатуудан коркконубуз үчүн өмүрүбүзгө коркунуч туудурган оорудан дарыланбай коёт белек? (Эвр. 12:11).

18, 19. а) Актыкка кайра ээ болуу мүмкүн экени Дөөтүнүн мисалынан кандайча көрүнүп турат? б) Актыгыңдан жазбаш үчүн эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Олуттуу күнөө кетирип алганда рухий жактан кайрадан толугу менен бутка туруу мүмкүнбү? Андайда актыкка кайрадан ээ болууга үмүт барбы? Дөөтүнүн жашоосунда болгон дагы бир окуяга кайрылалы. Бир жолу ал олуттуу күнөө кетирген. Ал башка бирөөнүн аялына кумардануу менен карап, аны менен ойноштук кылган, анан ал аялдын бейкүнөө жарынын өлтүрүлүшүнө чара көргөн. Ошол учурда аны актыгын сактаган адам деп айтууга болот беле? Жок. Бул анын абалынын үмүтсүз экенин билдиргенби? Дөөтү жазасын алууга тийиш эле. Бирок ал чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба ага ырайым көрсөткөн. Дөөтү тартип чараларын туура кабыл алып, Кудайдын тилин алуу менен жана андан ары да тил алчаак бойдон калуу менен анын алдында кайрадан актыкка ээ болгон. Дөөтүнүн жашоосу Накыл сөздөр 24:16дагы: «Адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктайт. Дөөтүнүн көзү өткөндөн кийин Жахаба Сулайманга ал тууралуу эмне деп айтканына көңүл бурсаңар (Оку: 1 Падышалар 9:4). Кудай Дөөтүнү «таза жүрөк менен» кызмат кылган, башкача айтканда, актыгын сактап жашаган адам катары сыпаттаган. Чынында эле, Жахаба чын жүрөктөн өкүнгөндөрдүн олуттуу күнөөлөрүн кечирет (Ыш. 1:18).

19 Ооба, Кудайга тил алчаактык көрсөтүү жана туруктуу болуу актыгыбыздан жазбоого жардам берет. Эгер олуттуу күнөө кетирип алсак, чын жүрөктөн өкүнүшүбүз керек. Актыгыбыз Жахабанын алдында абдан баалуу! Андыктан, келгиле, биз да Дөөтүнүн: «Мен болсо өзүмдүн тазалыгым менен жашап жүрөм»,— деп айткан сөздөрү боюнча жашоого умтулалы (Заб. 25:11, «ҮН»).

[Шилтеме]

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Канткенде актыгынан жазбагандардан боло алабыз?

• Кайсы жактардан актыгыбызды сактоого тийишпиз?

• Канткенде кайрадан актыкка ээ болуу мүмкүн?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги кутуча]

«ЭҢ ЖАКШЫ ИШ!»

Бул сөздөрдү боюнда бар бир аял адамгерчиликтүү, чынчыл бейтааныш бирөө тууралуу айткан. Бир жолу ал кафеге кирип чыккандан көп өтпөй 2 000 доллар жоготуп алганын байкайт. Адатта, ал анча акчаны жанына салып жүрчү эмес. Жергиликтүү гезитте анын: «Эмне кыларымды билбей, туталанып аябай жаман болдум»,— деп айткан сөздөрү жазылган. Ал ортодо анын акчасын бир жаш кыз таап алат да, дароо эле ээсин издей баштайт. Ээсин таба албагандыктан ал кыз акчаны полиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Алар болсо акчанын ээси ошол боюнда бар аял экенин аныкташып, акчасын ага беришкен. Ал аял аябай сүйүнүп: «Бул адамгерчиликке жаткан эң жакшы иш!» — деп ал кызды мактаган. Жаш кыз акчаны кайтарып берүүгө эмне себептен ынтызар болгон? Гезитте айтылгандай, Жахабанын Күбөсү болгондуктан, «аны актыгын сактап жашоого өзүнүн туткан дини тарбиялаган».